4.1 C
Бишкек
Пятница, 12 декабря, 2025
ДомойАналитикаАбанын ысышы – ааламдык көйгөйгө айланууда 

Абанын ысышы – ааламдык көйгөйгө айланууда 

Жакында Азербайжандын Ханкенди шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюумунун (ЭКУ) 17- саммити климаттын кескин өзгөрүшүнүн дүйнө экономикасына тийгизген таасири тууралуу маселени карады. Кыргызстан чейрек кылымдан бери глобалдык климаттын өзгөрүү  маселелерин БУУнун сессияларында, ар түрдүү саммиттердин жыйындарында көтөрүп келет.

     Жер планетасынын температурасынын тездик менен кескин ысышынан абанын булгануусу токтобой өсүп, адамзатка олуттуу көйгөйлөрдү алып келүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ханкенди саммитинде өлкөдө аталган маселени жеӊилдетүүгө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

   «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, тоолордун экосистемасын сактап калуу максатында регионалдык жана глобалдык деӊгээлде жигердүү кызматташууга даяр, — деп билдирди мамлекет башчы.  —  Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында республикабыз климаттын өзгөрүшү, тоолор, мөӊгүлөр боюнча декларацияны алдыга жылдырып келе жатат. Ошону менен бирге биз «Тоолуу жаштар жана климат» аттуу эл аралык платформаны демилгеледик. 2023-2027-жылдарды камтыган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Анын ичинде 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» II глобалдык тоо саммитин да белгилеп кетким келет», — деп С.Жапаров экономиканы өнүктүрүү менен глобалдык жылуулуктун ажырагыс байланышын белгиледи.

        Өлкөнү таза энергия менен камсыздап, атмосферага зыяндуу заттардын чыгуусун азайткан ондогон чакан ГЭСтер курулуп жатат. Камбар-Ата 1 ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу иштери башталды. Кыргызстанда «Жашыл мурас» улуттук программасынын аркасында жыл сайын 8 млн. чейин бак-дарактардын көчөттөрү отугузулуп жатат. Алар жакынкы келечекте көмүр кычкыл газын өзүнө сиӊирген чоӊ-чоӊ токой аянттарын түзөт.

      Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» аталыштагы эл аралык конференциясы өткөрүлүп, ага 50дөн ашык мамлекеттин өкүлдөрү менен эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты. Анткени, ондогон жылдар бою Кыргызстан өзүнүн мөӊгүлөрүнүн 20 пайызга жакынын жоготуп койгон. Баарыбыз «түбөлүктүү турат» деп эсептеген мөӊгүлөр ушул нукта эрип кете берсе, 2040-жылга чейин өлкө суу ресурстарынын 40 пайызын, ал эми кылымдын аягында 80 пайызга жакынын жоготуу коркунучунда турат. Ушул процессти мындан ары кризис эмес, катастрофа катары кароого убакыт жетти. Көрүнүп тургандай, Бишкек дүйнө коомчулугун климаттык коркунучтардын кесепеттерине каршы турууга бекер жеринен чакырып жаткан жок.

           Климаттык өзгөрүүлөрдүн Борбор Азияга таасири

       Борбор Азия регионунда суу көйгөйү мурдагыдан кыйла тереӊдей баштады. 80 млн. ашык калк жашаган регионго климаттын ысышы катуу таасир тийгизип эле жөн болбой, ал кайра жангыс процесске айланууда. Эксперттердин билдиргенине караганда, 2040-жылга карата региондун айрым аймактарында сууга болгон таӊкыстык 3 эсе өсөт. Бүгүнкү күндө суунун тартыштыгынан жана суу ресурстарын натыйжасыз колдонуудан регион жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык жоготууга учурап жатат. Ал эми жакынкы келечекте суунун көйгөйүнөн улам жалпы региондун ИДПсында 11 пайыз тартыштык жаралышы ыктымал. Кыргызстан Борбор Азия регионундагы суу ресурсунун 40 пайызын, Тажикстан 60 пайызын түзүп жатканы үчүн бул эки өлкө «суу мунарасы» деп аталып калган. Ал эми башаты бизде болгон Нарын дарыясынын суусунан Өзбекстанга 50,5, Казакстанга 42, Тажикстанга 7 жана Кыргызстанга 0,5 пайызы бөлүнүп агат.

       Кыргызстан суунун башында туруп, бирок суу тартыштыгына туш болуусунун себеби бар. Анын бири – ирригациялык инфраструктуранын начардыгы. Бүткүл дүйнөлүк банктын (БДБ) маалыматына таянсак, өлкөдө суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен жана суу колонкаларын орнотуу токтоп калган 600гө жакын айыл таза сууга муктаж. Андан тышкары, 300гө жакын чоӊ-кичине айылдарга эч качан суу тартылып барган эмес. Башкача айтканда, 7 млн. калктын 1 млн. ичүүчү суу менен камсыздала элек. Азыркы учурда калктын 40 пайызы арыктар, каналдар жана булак сууларын ташып колдонууга аргасыз. Акыркы жылдардагы Кыргызстандагы тез кайталанган кургакчылык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн азайышына өз таасирин тийгизүүдө.

      БДБнын болжолдоосу боюнча, 2050-жылга карата Борбор Азия менен Чыгыш Европа калкынын табигый шарты ыӊгайлуу аймактарына жер которгондор көбөйүп, 5,1 млн. жакын «климаттык» мигранттар пайда болот.

          Табигый суулардын тартылышы — чоӊ көйгөй

   Убагында Ысык-Көлгө 110дон ашык чоӊ жана майда суулар куюп турган. Бирок, акыркы эле 10 жылда алардын саны 30га чейин кыскарып кеткен. Экологдордун айтымында, сугат учурунда суу тартылып, суунун көбү кышкысын агып келет. Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолор илимий борборунун кызматкери Кымбат Осмонбаева: «Ысык-Көлдүн суусу кээде көбөйүп, кээ бир жылдары азайып турат. Бирок, көлгө агып жаткан суулар ирригациялык багытка аёосуз алына берсе, 2050-жылга карата көл 9-10 метрге кыскарып кетиши мүмкүн. Климаттын өзгөрүшү Борбор Азия республикаларына чоӊ таасирин тийгизип, экономикалык жагдайы оор болуп жатат. Анткени, советтик мезгилден бери Кыргызстандын мөӊгүлөрү 16 пайызга азайды», — дейт.

      Борбор Азия боюнча жерди прикладдык изилдөө институту Кыргызстандын мөӊгүлөрүнө иликтөө жүргүзгөндө Талас тоолорундагы мөӊгүлөрдүн 15 пайызы эрип кеткени аныкталган. Климат тез өзгөрүлүп жатат. Мисалы, үч жылдын ичинде Ысык-Көлдүн суусу 43 см тайыздаган. Талас тоолору жапыз болгондуктан жыл өткөн сайын мөӊгүлөрдүн көлөмү азайууда. Мындан ары мөӊгүлөргө ишениш кыйын. Алдыдагы жылдары суунун запасы жамгырга жана карга байланыштуу болуп калуусун божомолдоп жатабыз», — дейт аталган институттун илимий кызматкери, гляциолог жана эколог Рыскул Усубалиев.

      Мисал келтирсек, 2023-жылдын сугат маалында Таластагы Киров суу сактагычында суу акыркы 30 жыл ичинде эӊ аз топтолуп, суунун катуу тартыштыгын пайда кылды. Айталы, 2016-жылдын жай мезгилинде анда 500 млн. кубометр суу топтолгон болсо, ал эми эки жыл мурда резервуардагы суунун көлөмү абдан кыскарып, 10-14 млн. кубометрге чейин түшүп кетти. Мунун кесепетинен Казакстандын 13 районуна өзгөчө кырдаал жарыяланып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнө кедергисин тийгизди. Анткени, Киров суу сактагычындагы суунун 80 пайызы Казакстандын аймагына агып барат.

       Бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрү 90-жылдардагы түзүлгөн келишимдерди колдонуп жатышат. Андан бери дүйнө да, климат да өзгөрүп кетти. Азыркы учурда жаӊы мыйзамдарды чогуу иштеп чыгып, келишимдерди кайрадан түзүүнү жолго коюу керек. Ал үчүн мамлекеттер Сырдарыя менен Амударыя агып өткөн чек ара сууларын чогуу пайдалануунун жаӊы стратегиясын биргелешип иштеп чыгуулары зарыл. Андан тышкары, Казакстан, Өзбекстан сугат сууларды колдонуунун заманбап технологияларын жайылтууга өтүшкөн. Ал эми Кыргызстанда тамчылатып сугаруу технологиясында азын-оолак жылыштар болгону менен кеӊири колдонулбай жатканы байкалууда, — дейт эксперт И. Имангазы уулу.

     «Жашыл энергетика» коомдук фондунун төрайымы, белгилүү эколог Анара Султангазиева: «Кытай Эл Республикасы, Европа өлкөлөрү энергиянын кайра жаралуу булактарын өркүндөтүүгө небак эле жетишкен. Кыргызстан болсо жашыл энергетика технологиясы тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну жакынкы жылдары эле колго ала баштады. Ошондуктан, ушул тармакка сырттан инвестиция тартуу жетишсиз болгондуктан, мамлекет өзү да мындан каражат аябашы керек.

      Дүйнө өлкөлөрүн бирде ири масштабдуу өрт каптап, бирде деӊиз сууларынын деӊгээли мурда болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, бирде кургакчылык кендирди кесип, табигый кырсыктар адамзатты алсыратып жатат. Албетте, бул маселелер азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Биздин уюм эки жыл мурда Нарын, Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарында мониторинг өткөргөнбүз. Ошол сурамжылоодо калктын ден соолугуна аба ырайынын өзгөрүшү терс таасирин тийгизип жатканы байкалды. Климаттын өзгөрүшү жер бетиндеги бүтүндөй тиричиликти чынжырдай чырмап алып, бири-бирине байланыштырып турат. Адамзат буга карата комплекстүү чараларды көрүүсү абзел. Ал эми 2026-жылы Нью-Йоркто, 2027-жылы Бишкекте өтө турган Тоо саммиттери мына ушул көйгөйлөрдү биргелешип кароого маанилүү фактор боло алат деп ойлойм», — дейт.

       Климаттын өзгөрүлүү тенденциясы планетанын эч бир аймагын кыйгап өткөн жок. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Жер ортолук деӊизинин адаттан тышкары катуу ысышы окумуштууларды убайымга салып жатат. Мындагы суунун температурасынын жылдагы сезондук өлчөмдөн 5 градуска көтөрүлгөнү байкалган. Бул тууралуу Der Spiegel журналынын жазганына караганда, 1-июлда деӊиз суусу 29,85 градусту көрсөтүп, эӊ жогорку чекке жеткен. Ошол эле учурда Жер ортолук деӊизинин Испания тарабындагы Балеарск аралдары жана Франциянын түштүк жээгиндеги суулары катуу ысыды. Мындай экстремалдык абал жалпы регионго терс таасирин тийгизип, деӊиз сууларынын экосистемасын стресске салууга өтүп жатканы маалым болдууда. Деӊиз флорасы менен фауна дүйнөсү жоголуп, кырылып калуу кооптуулугу жаралды. Мындай кырдаал балык чарбачылыгына дагы кедергисин тийгизүүсү турган иш. Табият кубулуштары өз ара тыгыз байланышта экенин эске алсак, адаттан тышкары ысыган суулар атмосферага көтөрүлүп, катуу шамалдар менен сел ташкындарды пайда кылып жатканы айтылууда.

       Аталган басылма адистердин пикирине таянып, бул сыяктуу табигый кубулуштар дүйнөнүн баардык деӊиз сууларында кайталанып, Жер шарынын энергетикалык теӊ салмактуулугу барган сайын жоголуп баратканын белгилеген.

Нарынкүл Назаралиева

Сүрөт WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии