7.1 C
Бишкек
Пятница, 12 декабря, 2025
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕБагы ачылган Балыкчы 

Багы ачылган Балыкчы 

Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 2025-жылы мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. сом бөлүп берүү каралды. Ысык-Көлдүн дарбазасы аталган шаарга үч жылдан бери Бишкек-Балыкчы туристтик поезди каттай баштаганы оӊдой берди иш болду. Поезддин вип, люкс жана стандарт типтеги вагондорунда жүргүнчүлөрдүн капчыгына жараша ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн. Мында июнь, июль, август айлары чет элдик жана жергиликтүү туристтер борбордон Балыкчыга 4 саатта жетип барышат. Былтыркы жылы Президент Садыр Жапаров поездге өзү түшүп барып, анын шарты менен таанышканы абдан жакшы жарнама болгону ырас. 

Кечээги тарых, кедергиси кеткен калаа

     Өткөн аптада тууган-урук менен бирге неберелерди алып, Балыкчынын жаӊы пляжын көрүп келүүгө сапар тарттык. Улуттук стилде көркөмдөлүп шөкөттөлгөн вагондун панорама терезесинен шаркыраган дарыя суулардын, аркайган тоолордун көркүнө көз тойбой жүрүп отурдук. Ар кимиси өз тилинде сүйлөгөн туристтер табияттын сулуулугун телефонго жабыла тартып жатышты. Терезеден табиятка үӊүлө караган сайын тээ өткөн кылымдагы темир жолдун алгачкы түптөлүшү көз алдыма келе түштү.

     Өлкөдө алгачкы темир жолдун курулушу 1924-жылы казактардын Олуя-Ата ооданынан биздин борбордун Пишпек станциясына чейинки аралыкка салынган. Буга кийин Кант-Токмок, Токмок-Рыбачье темир жолу болгон. Темир жолду куруу иштери кыштын кыраан чилдесинде да, Улуу Ата мекендик согуш учурундагы каатчылык жылдары да токтогон эмес. Анда азыркыдай заманбап техникалар кайда? Ата-бабалардын эмгек куралы кетмен, күрөк, сандал болгон. Кээ бир учурда жогортодон таш кулап, жабыр тартып, мерт кеткендер да болчу дешет.

       Балыкчы шаарынын өткөн тарыхына учкай токтолсок, байыркы замандарда Кытайдан жибек ташып, Чыгыш Азиядан Жер ортолук деӊизине чейин сапар тарткан кербендердин Улуу Жибек жолу кесип өтүп турган. Бул аймак 1871-жылы азыркы Бишкек – Каракол шаарларына каттаган азын-оолак калктын бекети жайгашкан жер эле. Ал доордо жепирейген эки там, бирин-серин боз үйлөр жолоочулар түнөп өтчү жайга айланган дешет. 1880-жылдардын орто ченинде мында М.Бачин аттуу отставкадагы орус солдаты хуторду түптөп, балык артелин уюштурган. ХХ кылымдын башында мында балыкчылардын жүзгө жакын үй-бүлөсү отурукташып, «Бачино»  аталган. Андан соӊ, 1909-жылы Рыбачье аталышын алып, Н. Пржевальский уездинин Жети-Суу облусуна карап калган.

       Тогуз жолдун тоомундагы чакан калаа совет мезгилинде өнөр жай тармагы гүлдөп өнүккөн, автоунаа, темир жол, суу транспортунун ири түйүнү болчу. Ал эми шаар макамына 1954-жылы ээ болгон. Бирок, союз ураган алгачкы жылдары калаанын көп тармактуу өндүрүш ишканалары каралбай, өнөр жай объектилери жабылып токтоп калган. Рынок заманы келгенде туташ жумушсуздук, калктын ички, тышкы миграциясы күчөп көп кабаттуу аӊгыраган үйлөр ээн калып, экономикалык базасы кургуйга түшкөн. Мындагы эӊ ири эт комбинаты ишин токтотуп, ага тиешелүү жатакана менчикке өтүп кеткен. Бирок, менчик ээси аны жакшы карабай, жатакана көп жылдан бери талкаланып ээн калган. Өткөн жылы мамлекет башчынын буйругу менен жатакана мамлекетке өткөрүлүп, оӊдоо иштери башталган. Аны социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга берүү жагы каралып жатыптыр.

       Касиеттүү көл өрөөнү бир эле учурда жылдын төрт мезгилин өзүнө камтып турган ажайып жер эмеспи. Балыкчынын Чолпон-Атанын пансионаттары, санаторийлери, мейман үйлөрү жайнап, туризм гүлдөгөн жээктеринен же Жети-Өгүздүн чытырман карагайлар өсүп, шаркыратмалары бар тоолорунан айырмасы чоӊ. Анткени, Балыкчы мындан бир аз жыл мурда камыш баскан саздак жер болчу. Боом капчыгайы тараптан катуу соккон «Улан» шамалы чаӊ учуруп турчу. Желим баштыктарды абага удургутуп айдап, куюндатып отуруп, жер жайнаган таштанды талаасына айлантчу. Өнөр жайы, соцобъектилери, инфратүзүмү алсыз калаага административдик жетекчилер да кубанып келе койчу эмес…

       Романтикалуу «Венеция», көлдөгү калкыма үй

       Түшкү саат он экиге жакын ченде Балыкчыга жетип келдик. Өткөн жылы ушул поезд эки чакырым алыс токтоп, эс алуучулар жаӊы салынган «GREEN CITI» компаниясынын пляжына такси тосуп барышчу. Быйыл темир жолу пляжга чейин жеткире узартылган экен. 2024-жылдын август айында бул жердеги пляж жаӊы ачылып, эс алуучулар агылып келе баштаган. Бирок, жергиликтүү калктын туристтерди тосууга алгачкы даярдыгы, тажырыйбасы жок болгондуктан, пляждын жээгин «жапайы» эс алуучулар толтурушкан. Бүгүнкү күндө мында республиканын түштүгүнөн, Чүй, Нарын жана Талас өрөөндөрүнөн келгендер, Европа, Россия, Казакстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдөн каттаган туристтер көбөйгөнү билинди.

       Ошентип, байыркы шаар Балыкчынын багы ачыла баштаганына болгону эки жылга аяк басты. Буга чейин жергиликтүү жаш ишкерлер оргуган талантын, ойлоп тапкыч креативдүүлүгүн эмне үчүн ичине катып жүрүшкөн деген ой келет. Айтайын дегенибиз, «GREEN CITI» компаниясынын пляжын көздөй баратып, жээкке жакын жерден кафелер, боз үйлөр, соода түйүндөрү, тейлөө жайларын жана эски самолётту көрүүгө болот. Бир караганда, бул самолётту металл таарындысына өткөрүшөт го деген ой келет. Көрсө, иштен чыккан самолётту ишкер жигиттер Бишкектен сатып келишип, оӊдоп-түздөп, эки кабат, 100 орундуу кафеге айлантканы жатышыптыр. Айтор, самолёт эч жерде кездешпеген сейрек жай болору күтүлүүдө.

      Өткөн жылы мында 300 метрлик пирс курулган. Пирс тарапта көлдө сүзүп жүрүүчү эки кабаттуу үй бар. Үйдүн ичинде ашканасы, даараткана, жуунучу бөлмө, конок тосуучу жайы менен  Кыргызстанда алгачкы жолу ушул долбоор ишке ашыптыр. Ал 12-15 адамдын эс алуусуна ылайыкташкан. Мында үй-бүлө менен көл мейкиндигине чыгып, куда тосуп же шерине өткөрүүгө болот. Бирок, биринчи кезекте: «Бул үйдөн чыккан саркынды суулар кайда агат?» , — деген мыйзам ченемдүү маселе чыгары турган иш. Суу үстүндө калкыма үйдө суткасына 9-10 тонна таза суу колдонуу каралып, андан чыккан саркындылар өзүнчө блокко чогултулуп, сыртка чыгарылып төгүлө тургандай долбоорлонуптур.

      Былтыркы жылы ишке берилген дагы бир кызыктуу долбоорду айта кетели. Биз эки чакырым узундуктагы «Венеция» деп аталган каналда кайык менен сейилдөө бактысына туш болдук. Кайыкта баратып суудагы түркүн түстүү балыктарды, ак кууларды жандап сүзүп өтөсүӊ. Айтор, түшүӊдө көрбөгөн жомоктогудай жайга айланыптыр. Адамдар түшкөн кайыкты жандап жүргөн ак куулар чочуркап койбогонуна караганда, бул жерди биротоло байырлап алышкандай. Көӊүл дегдетип кубанткан укмуштуудай романтикалуу «Венеция» каналынын эки тарабын калыӊ бак-дарактар курчап турат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жайга кызыккан чет элдиктер да көп болгондуктан, каналдын узундугун 5 чакырымга узартып куруу пландалып жатыптыр. Мындан тышкары, жээкке тиешелүү 30 гектар аянтты жашылдандыруу быйыл да улантыла турган болуптур.

          Ал эми «GREEN CITI» компаниясынын негиздөөчүсү Б.Усупов: «Ысык-Көлдүн эки жээгин бириктирүүгө шаарыбыздын мүмкүнчүлүгү бар. Катер менен 25 чакырым аралыкты 20 мүнөткө кыскартабыз. Поезд менен келген саякатчыларды төрт мезгил бою тейлөөгө болот. Быйыл биз 500гө жакын адамды жумуш менен камсыздадык. Үч чакырымга жакын веложол төшөлдү» , — деп бир нече пландарды айтты. Жакынкы жылдары бул жерге аттракциондор, аквапарк түшөт экен. Былтыр Балыкчы шаарынын пляжына күн сайын 6000-90 000 жакын эс алуучу келип турган.

       Эки жыл мурда Балыкчынын башкы планы бекитилип, шаардын аймагын кеӊейтүү, мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү, спорт комплексин куруу маселеси көтөрүлгөн. Шаарда 50гө жакын аялдама, залкарлар аллеясы жасалган. Шаарга 121 гектар жер кошулуп берилип, 2024-жылдын август айында Балыкчы шаардык муниципалдык транспорт ишканасы түзүлүп, Кытайдан алынган автобустар калкты ташый баштаган. Көчөлөр оӊдолуп, эки тараптуу жол салынып, Балыкчы кадыресе кеӊейип калды. Республикалык бюджеттен инфраструктураны жакшыртууга 300 млн. сом бөлүнгөн. Өткөн жылы Орто-Токой калктуу конушунда спорттук аянтча курулуп ишке берилди. Ага Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 3 млн. 600 миӊ сом сарпталган. Ак-Өлөӊ айылында 100 орундуу бала бакча курулду. Жакынкы жылдары мында сегиз көп кабаттуу үй, 16 котедж курулганы жатат. Балдар аянтчалары, спорттук инфратүзүмдөр түшөт. Тенис аянтчасы да ушул жерден орун ала турган болууда.

     Шаардын аймагында күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү станциялардын курулушуна россиялык компания көмөк көрсөтүүдө.

        Эми айрым кемчиликтерди айтып коюушубуз керек. Күндүн аптабынан баш калкалай турган чатырлар тигилгени менен пляжга толуп алган жалпы эс алуучуларга ал тартыштык кылды. Ошол себептен чатырды 400 сомго ижарага бергендер арбын болду.  Чатыр айрымдар үчүн бекер болсо, кээ бири акы төлөп алганы теӊсиздик деген пикирлер орун алды. Ал эми пляждын дааратканасына бир аялды отургузуп, 15 сомдон акы алганы өтө комсоо көрүндү. Цивилдүү өлкөлөрдөн келген чет элдиктер буга кандай карайт?, — деп уялат экенсиӊ. Албетте, бүткөн ишке сынчы көп дегендер да чыгар. Ошондой болсо да элдин пикирин билдирип койгонубуз жөн.

      Жээкке кетчү жолго сапаттуу асфальт төшөлүптүр. Бирок, көчөнү катар бийиктетип жасалма материалдан пальмаларды орнотушканы сынга алынып жатты. Себеби, Президент С.Жапаров демилгелеген «Жашыл мурас» программасынын алкагында теректин, ийне жалбырактуу бактардын көчөтүн тигишсе, бир жагынан экология маселесине салым кошуп, экинчиден ондогон жылдар бою көчөнүн көркүн ачып турмак.

Нарынкүл Назаралиева

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии