Атомдук энергетиканын артыкчылыктары
Өткөн жылдын ноябрь айындагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарында Россия Президенти Владимир Путин менен жолугушуп, анда Россия Кыргызстандын түндүк аймагында ЖЭБди (жылуулук электр борбору), андан тышкары, Ысык-Көлдө биргелешип, чоӊ күн электр станциясын куруу пландалып жатканы кабарланган. Ошондой эле Путин «Росатом» компаниясы Кыргызстанда совет мезгилиндеги уран казылган аймактарды рекультивациялоо боюнча ири программаны ишке ашырып жатканын айтып, коопсуздукту жана айлана чөйрөнү коргоо талаптарына жооп берген чакан модулдук реакторлор технологиясынын негизинде АЭСти (атомдук электр станциясы) куруу мүмкүнчүлүгү каралганы белгилүү болгон.
Буга чейин Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен КРнын энергетика министрлиги тарабынан түзүлгөн меморандумдун алкагында ар бири 50 мегаватт болуп, эки блоктон турган чакан АЭС куруу мүмкүнчүлүгү каралган болчу. Чакан кубаттуулуктагы АЭСтин капиталдык салымдары да аз болуп, тез курулат. Аны өлкөнүн обочолонгон аймактарына курууга болот. АЭСтин аба ырайынын шарттарына көз каранды эместиги, тарифтин туруктуу кармалышы менен да артыкчылыктуу. Андыктан, жогорку квалификациялуу адистерди, техникалык персоналдарды даярдоо кажет экенин энергетика министрлиги айтып келет.
2023-жылы Евросоюз атомдук энергетиканы көмүртексиз энергетика деп тааныды. БУУнун Европалык энергетикалык конвенциясы энергетиканын баардык түрлөрүнө салыштырмалуу атом энергетикасын экологиялык жактан эӊ таза энергия катары эсептейт.
Бүгүнкү күндө Россия стратегиялык өнөктөш өлкөлөргө мурда өздөрүндө тажрыйбадан өткөн атомдук энергетиканы жайылтууну сунуштоодо. Мисалы, Якутияда тоо кен ишканасына кубаттуулугу 110 мегаватт болгон атомдук станция курулганы жатат. Россия бул сыяктуу чакан атомдук станцияларды муз жаргыч кемелерге колдонуп келет. Мындай генераторлордун кызмат өтөө мөөнөтү 40 жылга эсептелинет. Учурда Россияда жалпысынан 38 блоктуу 11 АЭС курулуп иштеп жатат. Бүгүнкү күндө «Росатом» Кытай, Индия, Венгрия, Бангладеш, Түркия, Египет ж.б. ондон ашык мамлекетте чакан АЭСтерди куруп келет.
Системдик аналитик Б.Саипбаевдин пикири боюнча, Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн алкагында электр энергиясынын тартыштыгынан жана суунун табигый азаюусунан туулган кесепеттердин алдын алуунун жолун табууга болот. Бул үчүн чакан АЭС курууну колго алуу зарыл.
«Өзбекстан менен Казакстан «Росатом» компаниясын АЭС курууга бекер жеринен чакырып жаткан жок. Биздин сейсмикалык активдүү келген тоолуу өлкөбүз үчүн стационардык чоӊ АЭСтин ордуна, «Росатом» муз жардыргыч кемелерге орноткон жабык типтеги кичи атомдук станцияны курууну колго алууга болот. Россия чакан АЭСтерди куруу боюнча дүйнө лидерлигине чыкты. Анын муз жардыргыч кемелеринде колдонулуп келе жаткан чакан АЭСтердин эч кандай кооптуулугу жок. Арктиканы өздөштүргөн жарым кылымдан ашык мезгилден бери алардан бир да жолу кырсык катталган эмес. Анткени, чакан АЭСтерди конструкциялоо чоӊуна караганда башкачараак. Аны заводдон чогултуп, даяр түрүндө ташып келишип, муз жардыргыч кемелерге бүтүн бойдон орнотулат. Мындай АЭСтер ондогон жылдар бою иштей берүүгө жарактуу жана мөөнөтү өтүп баратканда жаӊысына алмаштырып турууга болот. Ошондой жабык типтеги чакан АЭСтин бирөөсүнүн эле Кыргызстандын бир облусун электр энергиясы менен камсыздоого күчү жетет», — дейт ал.
2011-жылы Японияда болгон жер титирөөдөн Фукусимадагы атомдук станция жабыр тартты. Кыргызстанда жер титирөөлөр көп болуп тургандыктан андай кырсык болбошуна кепилдик барбы? деген сурообузга «Росатом Кыргызстан» компаниясынын генералдык директору Дмитрий Константинов мындай дейт: «Ооба, Япония сейсмикалык жактан абдан кооптуу өлкө болгонуна карабай, ал жакта бир нече АЭСтер курулган. Бирок, бир дагы АЭС жер титирөөдөн жабыр тарткан эмес. Ал эми Фукусимадагы АЭСти цунами жабыркатты. Ар бир региондун сейсмикалык жактан кооптуулугу иликтенип чыгып, ага жараша чакан АЭСке калканч орнотулат. Жер кыймылга келгенде ал дагы чайпалып барып, бузулбай аман калгандай болуп жасалат. Болгону аны жарылып кетүүчү литосфералык плитага курууга болбойт.
Азыркы учурда Кыргызстандын бир катар аймактары АЭСтерди куруу үчүн изилденип жатат. Анда аймактардын сейсмикалык активдүүлүгү, энергетикалык ресурстун тартыштыгы ж.б. сыяктуу жагдайлар эске алынат. Ал эми «Атомдук станцияны куруу абдан көп чыгымды талап кылат», — деген пикирди тараткандар да бар. Бул калп. Мисалы, 100 мегаваттан жылына күн электр станциясы 18,4, шамал электр станциясы 35, гидроэлектр станциясы 40 пайыз кубаттуулукту өндүрүп чыгаруу коэффициентине ээ болсо, ал эми АЭС 93 пайыз кубаттуулукту камсыздап жатат».
Белгилүү болгондой, буга чейин экология жаатындагы адистер өлкөдө АЭСтин курулушуна каршы пикирлерин билдирип келишкен. Ансыз деле совет мезгилинен калган уулуу калдыктар көмүлгөн аймактар көп. Катуу жер титирөө болсо алар катуу коркунуч туудуруп, өлкөнү экологиялык чоӊ көйгөйгө туш кыларын, анын үстүнө өлкөбүздө күн, шамал жана гидроэлектр станцияларды курууга табигый шарттар жетиштүү экенин айтышкан.
Бирок, андан бери илим, заманбап технологиялар өнүктү, өндүрүштүн коопсуздугу өркүндөлдү. Өнүккөн мамлекеттерде АЭСтер эӊ коопсуз, таза энергия булагы болуп болуп калууда. Анын үстүнө, энергиянын башка газ, мунай сыяктуу булактарынын запастары да чектелүү. Ошондуктан, келечекте баары бир атомдук станциялар энергиянын олуттуу булагы болуп калышынан күмөн жок.
Өткөн жылдын ноябрь айында Москва менен Пекин тынчтык максатында пайдалануу жаатында атом энергиясы тармагындагы кызматташтыкты жана анын алкагында жаӊы атомдук электр станцияларын биргелешип куруу маселесин иштеп чыгууну пландашкан. Бул тууралуу Россия менен Кытай өкмөт башчыларынын отузунчу жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынганы биргелешкен коммюникеде айтылган. Анда тараптар термоядролук синтез, тез нейтрон реакторлору жана жабык ядролук отун цикли сыяктуу багыттарда кызматташтыкты кеӊейтүүгө кызыкдар болушууда. Ошондой эле өз ара пайдалуулук жана кызыкчылыктардын теӊ салмактуулугу принциптеринин негизинде ядролук отун циклинин баштапкы этабында жана жаӊы АЭСтерди биргелешип куруу жаатында пакеттик келишимдерди иштеп чыгуу пландалууда. ТАССтын агенттиги маалымдагандай, Россия менен Кытай Тяньвань АЭСи менен Сюйдапу АЭСинин курулушун улантып, аны белгиленген графикке ылайык аяктоону көздөшөт.
Жакында Бишкекте атактуу режиссер О.Стоундун «Атом» аталыштагы документалдуу фильми көрсөтүлдү. Анда жер планетасын жашыл энергетика менен камсыздоо, абада көмүртектин көлөмүн минималдаштырууга жетишүү, кайра жаралуучу энергия булактарын атомдук станцияга айкалыштырып ийгиликтүү колдонгон мамлекеттер мисал келтирилди. Бул фильмдин дүйнөлүк бет ачары 2022-жылдагы Венеция кинофестивалынан бери жайылтылып, ал Кытай, Түркия, Монголия, Мьянма, Россия, Венгрия, Индия, Бангладеш ж.б. мамлекеттерде көрсөтүлүп келе жатат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан маанилүү энергетикалык чечимдерди кабыл алуунун алдында турат. Келечектеги инженерлер, экологдор жана жашыл энергетика жаатындагы башкаруучу адистерди даярдоо кечиктирилгиз иш. Жаш адистер эски стереотиптерге эмес, өз пикирин так фактыларга, илимий маалыматтарга таянып айта алуусу керек. Оливер Стоундун фильми атомдук энергетика экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн гана эмес, келечек муундар үчүн планетаны сактап калуунун эӊ экологиялык жолу экенин көрсөтүптүр.
Ал эми Кыргыз-Россия Славян университетинин бүтүрүүчүсү, «Муз жаргычтар тууралуу билим» аталыштагы жаштар арасындагы эл аралык долбоордун жеӊүүчүсү Б.Үсөнова өз пикири менен мындайча бөлүштү. «Мен өткөн жылдын август айында «Росатом» мамлекеттик корпорациясы тарабынан уюштурулган алтынчы эл аралык Арктика экспедициясына катышып келдим. Экспедицияга жыйырмадан ашык өлкөнүн жаштары чогулуп, Түштүк полюсунда болдук. Миӊ уккандан бир көргөн дегендей, арктикалык муз үстүндөгү марсоходдор менен луноходдорду сыноодон өткөрүү менен айкалышкан илимий эксперименттердин жүрүшүндөгү таасирлерибиз укмуш болду. Бүгүнкү күндө дүйнө мамлекеттери ар түркүн кагылыштар, экономикалык санкциялар, тариф согуштары менен эмес, адамзат кантип Жер экосистемасын сактап калат?, — деген көйгөй менен алпурушса жакшы болмок. Кандай болгон күндө да, мамлекетибиз жашыл энергетика тармактары боюнча жаш кадрларды эмитен даярдоого катуу көӊүл буруусу өтө маанилүү», — дейт ал.
Белгилеп коюучу жагдай, аталган корпорациянын квоталары менен Россиянын жогорку окуу жайларында он алты кыргызстандык студент билим алып жатат. Мисалы, Москванын инженердик-физикалык университетинде ар түрдүү адистик программалары боюнча 60ка жакын студент билим алып жатканы, алардын ичинен сегизи ядро жана ага байланышкан тармактарды тандашканы белгилүү болду. Андан тышкары, 2025-2026-окуу жылына карата кыргызстандык абитуриенттер үчүн жети жаӊы квота бөлүнгөн.
Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүү жаатында өткөн жылдын этегинде күндөн, жаӊырган жылдын башында шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү ишканалар курулуп, аларды турмушка ашыруу практикалана баштады. Бишкекте кытайлык компания таштандыларды кайра иштетүүчү заводду ишке берип, андан электр энергиясын иштеп чыгуу да жаӊыдан жолго коюлду. Бирок, сөз кылынган маселеде кошуна мамлекеттер алдыга кеткенин айтып койгонубуз жөн. Мисалы, Өзбекстан 2030-жылга карата энергиянын кайра жаралуу булагын өндүрүүнү 30, Казакстан 15 пайызга жеткирүү программасын кабыл алышкан. Анын ичинде атом энергиясын өндүрүү олуттуу орунда турат. Ал эми Россияда энергетикалык жалпы кубаттуулуктан атом энергиясы 20 пайызды түзүп, аны 2030-жылга чейин 25 пайызга жеткирүү пландалган.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW