ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКой чарбасынын кечээки, бүгүнкү жагдайы   

Кой чарбасынын кечээки, бүгүнкү жагдайы   

Кыргызстанда совет жылдары 12 млн. кой-эчки бар болчу. Анын 9 млн. уяң жүндүү койлор эле. Жүндү иштетүү, экспорттоо жолго коюлуп, жүн айыл чарба тармагынын ички дүң продукциясынын 40-60 пайызын түзүп турган. Кыргызстан жүн продукциясын өндүрүү боюнча союздук республикалардын ичинен 3-орунду ээлеп келген. Андан берки мезгилдеги меринос койлорунун жагдайы тууралуу айыл чарба илимдеринин доктору, меринос койлорду өстүрүү боюнча коомдук фондунун президенти Евгения Лущикина менен маек курдук.

— Евгения Михайловна, Кыргызстанда уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү тарыхы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Анда сиздин атаңыз, профессор М.Лущикиндин эбегейсиз эмгегинен кеп баштасак.

    -Жалпы уяң жүндүү койлор менен меринос тукумундагы уяң жүндүү койлордун Кыргызстанга келишинде чоң айырма бар. Кыргыз жергесинде уяң жүндүү койлор падышалык Россиянын заманында орус көчмөндөрү аркылуу келе баштаган. Ал эми большевиктер партиясы бийликке келгенден кийинки доордо совет элин “кийиндирүү” маселеси кабыргасынан коюлган. Бирок, “кездемеге сырьёну кайдан алабыз?”, — деген көйгөй келип чыккан. Ушундан улам В.Лениндин алгачкы декреттеринин бири – уяң жүндүү кой тукумун өнүктүрүү болгон.

       Атам Михаил Николаевич Лущикин 1930-жылы Москвадагы зоотехникалык институтту аяктаган. Ал зоотехникалык илимдердин доктору, атактуу академик М.Ивановдун шакирти эле.1931-жылы Фрунзедеги кой чарба трестинде зоотехник, директордун орун басары болуп иштей баштайт. Чүй өрөөнүндө жергиликтүү абориген койлордун жүнү бир кылка жана катуу болгон. Нарын өрөөнүндөгү койлор кичирээк келип, ак, кара, күрөң, чаарала түстө болуп өстүрүлчү экен. Айрым аймактарда эт багытындагы чоң куйруктуу койлорго басым жасашчу.1931-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунда совхоз уюшулуп, союздук республикалардан кочкорлор алып келинип, койлор менен селекциялоо, жаңы тукум кой алуу заводу түптөлгөн. Бул жерде селекциялоо жолу менен чыгарылган уяң жүндүү койлор жергиликтүү климатка тез көнүп кетүүсү абдан маанилүү болчу. Анткени, кыргыздар жайында малды алыскы бийик тоолорго чыгарышат. Жылдын төрт мезгилине ыңгайлаштырып айдап багат. Генетикалык, биологиялык изилдөөлөр абдан узак жылдарды камтыган абдан оор иш. 1931-1956-жылдар аралыгында койлорду селекциялоо тынымсыз өткөрлүп, 3 этаптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Акыркы уяң жүндүү кыргыз койлорунун тукумун алуу процесси ийгиликтүү ишке ашырылган. М.Лущикин 1935-1953-жылдары кыргыз айыл чарба институнда кафедра башчысы, директор, 1964-жылы Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын биохимия жана физология институнун жаныбарлардын генетикасы жана морфологиясы бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Бирок, Таластагы асыл тукум кой заводун бир күн да көз жаздымынан чыгарган эмес.

 -Адистигиңиз биолог болсо да ата кесибин улап кетүүгө эмне себеп болду?

  —  Мен 1970-жылдан баштап атам жетектеген Таластагы асыл тукум кой чарбасында иштеп калдым. Ал жерде эмгектенген жаш зоотехник Евгений Мезенцев атамдын шакирти болчу. Кийин Евгений экөөбүз турмуш курдук. Ошентип, илим менен практиканы айкалыштырган “эки карышкырдын” ортосунда иштөөгө туура келди. Кийин жолдошум да, мен да айыл чарба илимдеринин доктору болдук. Атам мурда Москвадагы бүткүл союздук айыл чарба академиясынын селекция бөлүмүнүн жетекчиси болчу. Аны бир жылдары өзү окуган институтка кайтып келүүсүн сунушташкан. Бирок атам: “Москванын булуттары ылдый түшүп турат экен.Биздин Кыргызстандын асманы көпкөк болуп ачылып турат”, — деп, апам экөө кайра кайрылып келе беришкен. Атам Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонтенти катары ал жакка каттап турганы болбосо, биротоло жашап калууга барган эмес.

   Кыргызстанда меринос койлордун тукумун көбөйтүү 1970-жылы күч алган. Бир күнү ал селекциялык иштерге тиешелүү болгон баардык адистерди чогултуп, өтө олуттуу милдет таккан. “Уяң жүндүү асыл тукум кыргыз койлорун алуу боюнча көп жылдык эмгегибиз өз натыйжасын берип жатат. Койлор жергиликтүү климатка көнүп, кышкысын кар тээп оттоп жүрүшөт. 100 койдон 135 козу алынып, ар бир үчүнчүсү эгиз тууп калды. Мындан ары кой тукумун жакшыртууну жаңы өңүттө улантуубуз керек. Эми силер уяң жүндүү кыргыз койлоруна Австралиянын “шубасын кийгизгиле”, — деди. Анын “Австралиянын шубасы” деп айтканы койдун меринос тукумун өнүктүрүү жаатындагы учкул сөзү болуп тарыхта калды.

     Алгачкы жолу 1971-жылы Австралия тукумундагы 7 меринос кочкорду алып келип, уяң жүндүү кыргыз койлору менен уруктандыруу башталган. Чабандарга жасалма уруктандырууга окутуп үйрөтүлчү. Жасалма уруктандыруу боюнча борборлоштурулган мамлекеттик станция уюштурулган. Жыл сайын сатып келип отуруп, австралиялык кочкорлордун саны 1986-жылга чейин 108ге жеткен. М.Лущикин өмүрүнүн акыркы жылдары шакирттерине койдун дагы бир тукумун чыгаруу менен иш алып барууга чакырган. Кыргызстанда койдун “Алай” тукуму Ботбаев, “Тянь-Шань” тукуму окумуштуу жубайлар Дружниковдор, “Айкөл” тукуму Назаркулов тарабынан түзүлгөн. Кыргызстанда 1990-жылы 12 млн. кой-эчки бар болчу. Анын 9,5 млн. уяң жүндүү меринос койлор эле.

    Совет жылдары Токмоктогу жүн жууган ишкананын 9 цехи бар болчу. Ар бир цехи суткасына 4,5 тонна жүн кабыл алып, жыл бою иштеп турган. Ал жерден жылына 40 тонна жүн экспорттолчу. Андан тышкары, жүн Комволдук нооту комбинаты менен “Касиет” фабрикасына барчу. Польша, Румыния, Болгария, Франция, Германия мамлекеттерине сатылчу. Жуулбаган жүндүн 1 килограммы 9,5 рублге, тазасы 18-20 рублге сатылып кетчү. “Касиет” фабрикасынын токуган жиптери, Комволдук нооту комбинатынын жүндөн жасалган кездемелери тынбай экспортко кетчү. Мисалы, анын “Вальс” деп аталган кездемеси дүйнөдө сейрек кездешчү. Ал эми 1980-жылдардын башында “Вальс” көптөгөн мамлекеттердин жүн иштетүүчү ишканалары катышкан көргөзмөлөрдөн алтын медаль алып келген.

 — Азыркы учурда эл аралык рынокто уяң жүнгө карата талап кандай болуп жатат?

Дүйнөдөгү эң сапаттуу уяң жүн меринос койлорунан алынат. Жүн канчалык ичке болсо ошончолук баалуу. Азыркы жаңы технология менен ичке жүндөн эң сапаттуу ич кийимдер чыгарыла баштады. Кыргыз фермерлеринен экспортерлор ушундай сапаттагы жүндү талап кылып жатышат. Учурдагы асыл тукум кой чарбалардын жүндөрүн баалоо максатында анын биринчи партиясы эки жыл мурда Болгарияга жеткирилген.Чехословакияда ондогон мамлекеттер жүн тапшырып, ал жерден жүндүн сапаты текшерилип, кайра таратылуучу борбор бар. Биз дагы кыргыз койлорунун жүнүн дүйнө рыногуна чыгаруунун аракетин көрүп жататбыз. Бирок, көйгөйлөр да жок эмес. Союз тарагандан бери кээ бир чет өлкөлүк ишкерлер айылдарды кыдырып жүндү ит бекер баага алып көнүп калышкан. Таластагы биздин асыл тукум чарбанын жүнүнө чет элдик он чакты компания кезекке туруп калышчу. Тилекке каршы, азыр да майда чарбалар жүндү өз алдынча сата беришип баасын төмөндөтүп жатышат. Өнүккөн өлкөлөр чарбаларды ирилештирүү, кызыкдар тараптарды бир максатка консолидациялоо жолу менен экономиканы көтөрүп келишкен. Ири ийгиликке жетүүнүн мындан башка алгылыктуу жолу жок. Азыркы учурда жүндүн баардык түрү баалуу. Кара койдун да жүнүн сорттоп өткөрүүгө болот. Аны чет мамлекеттерде, айрыкча Европада жер семирткич катары небактан бери колдонуп келе жатышат. Мындан эки жыл мурда Австралиядан адистер келишип, Тоңдогу Баатырбек Акматовдун кой чарбасына чабандарды чогултуп семинар өткөрүшкөн. Ал жердеги меринос койдун жүнүн Лондондун жүн биржасына анализге алып кетишип, 1-А деген категорияны ыйгарышкан. Дүйнөдө мындан жогорку сапаттуу жүн болбойт. Эл аралык рынокто мындай жүндүн 1 килограммы 8 доллардан сатылат. Муну билген Кыргызстандын компаниялары менден мериносту көбөйтүүнүн жолун сураганы келип жатышкан чагы. Алардын арасында кой чарбасын түптөп алган ири чиновниктер, мурдагы Бишкек мэри да бар. Бирок, элеттик фермерлер жүндү чаржайыт соодалап, арзан сатканды токтотуша элек.

   Маегиңизге рахмат

     

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии