Глобалдык жылуулукка каршы аракеттер
КРнын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Самарканд шаарындагы саммиттин алкагында өткөн «Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп өсүү үчүн биригүү» аталыштагы эл аралык форумга катышып сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы жер шарындагы климаттын өзгөрүү көйгөйү тууралуу буга чейинки саммиттерде, айрыкча БУУнун трибунасынан да көтөрүп келген. «…Баардык катышуучулар глобалдык жылуулуктун көйгөйлөрү тууралуу айтып, коӊгуроо кагып жатышат. Бирок, андан кырдаал кескин өзгөрүп кеткен жок. Өнүккөн өлкөлөр, анын ичинен Европа бирлиги климаттык каржылоонун негизги донорлоруна кирет. Бирок, бөлүнгөн каражат өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн күтүүсүнө жооп бербейт. Муну Бакуда өткөн КОР29 конференциянын жыйынтыгы ачык көргөздү», — деп белгилеп келип, президент бул контексте мамлекеттер согуштарга жана жаӊжалдарга миллиарддаган, триллиондогон долларларды жумшарын, ал эми климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө жана курчап турган чөйрөнү коргоого салыштырмалуу азыраак каражат бөлүнөрүн баса белгиледи. Андан тышкары, климаттык каржылоого багытталган каражатты алуу процесси, анын механизмдери дагы эле татаал бойдон калып жатканын айтып, аларды натыйжалуу, калыс бөлүштүрүү максатында өз сунуштарын берди. Маселен, Кыргызстандын тышкы карыздарын климатка жана туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорго алмаштыруу демилгесин колдоого чакырды. Европа бирлиги муну ишке ашырууга кошулганын эскерте кетти. С.Жапаров өткөн жылы Кыргызстанда инфраструктураларга олуттуу зыян келтирген, адамдардын өлүмүнө жана жер которууларына алып келген жер көчкүлөрдүн саны кескин өскөнүн белгиледи. «Биз мөӊгүлөрдүн интенсивдүү эрип, жыл сайын аянттарынын масштабдуу азайуусун, суулардын тартылуусун, кургакчылык каптап, чөлгө айлануусун байкап жатабыз. Артта калган 70 жыл ичинде Кыргызстандын мөӊгүлөрүнүн аянты 16 пайызга азайды. Ал эми 2100-жылга чейин көп жылдык мөӊгүлөрдүн жарымы жок болуп кетүү коркунучу бар. Улуттук деӊгээлдеги аныкталган салымыбызга ылайык, биз «адаттагыдай бизнес» сценарийи боюнча 2030-жылга карата абадагы уулуу заттарды 16 пайызга, ал эми эл аралык колдоо аркылуу аны 44 пайызга кыскартууну пландап жатабыз», — деп кошумчалады.
Президент С.Жапаров Кыргызстан энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүнү, аймактардан бери газдаштыруу аркылуу көмүрдү колдонууну кыйла азайтууну, электр энергиясын бөлүштүрүүдө жылуулукту үнөмдөөнү, шаарларда жылуулук берүү тутумун жакшыртуу пландалып жатканын айтып өттү.
Акыркы төрт жылдан бери 18 чакан ГЭС ишке берилди. Казакстан, Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата -1
ГЭСин куруу иштери турмушка ашырыла баштады. Өлкөдө «Жашыл мурас» улуттук программасы боюнча токой аянттарын көбөйтүү иштери токтобой жүрүп жатат. Аталган программанын алкагында жыл сайын 8 млн. чейин бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. Белгилей кетсек, С.Жапаровдун демилгеси менен 2023-2027-жылдары тоолуу аймактарды өнүктүрүү аракетинин беш жылдыгы деп жарыяланган. Ал боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясы кабыл алынган.
Мөӊгүлөрдүн кыскаруу көйгөйү
Жакында Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Бүткүл дүйнөлүк мөӊгүлөрдүн күнү жана Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө карата өткөрүлгөн иш чарага кыргызстандык делегация катышты.
Жер жүзүндө мөӊгүлөрдүн тездик менен кыскаруусу боюнча илимий иликтөөлөр талкууга алынып, анын социалдык-экономикалык жагдайдагы залалдары белгиленди. Мындан улам дүйнө өлкөлөрүндө, анын ичинде Борбор Азияда суу ресурсунун тартылуусу, азык-түлүк жана энергетикалык программаларга кесепетин тийгизүүсү күчөп бара жатканы айтылды. Глобалдык климаттын токтоосуз ысышынын алдын алуучу финансылык каражаттарды мобилизациялоо зарылдыгы баса белгиленди. КРнын президентинин атайын өкүлү Динара Кемелова абанын ысышы кыргыз тоолорундагы мөӊгүлөрдү кыскартууга алып келген факторлорго токтолду. Бул негативдүү процесс жалпы регионалдык, глобалдык алкактагы көйгөй экенин далилдеди.
Белгилей кетсек, Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 24-25-апрелинде «Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык тоо диалогу» аталыштагы эл аралык конференция өтө турган болду.
Жогоруда айтылган тынчсыздануулар бекер жеринен чыкпаганын төмөндөгү мисалдар далилдеп жатат. Ааламдагы температуранын орточо өзгөрүлүүсүнө караганда, Кыргыз Республикасында климаттын ысышы эки эсе тездик менен кетип баратат. Бул тууралуу БУУнун курчап турган чөйрөлөр программасынын (ЮНЕП) табияттын өзгөрүлүүсү жөнүндөгү жаӊы атласын аныктоо материалында жарыяланды. Анда глобалдык жылуулуктун орточо көрсөткүчү 0,6 градусту түзгөн болсо, ал эми өлкөбүздө жыл сайын температуранын орточо көтөрүлүшү 1960-2023-жылдар арлыгында цельсия боюнча 1,2 градуска өскөн. Убайымга салган бул процесс алдыдагы он жылдыктарда токтобой турганы айтылат. Аталган материалдан мисал келтирели. «Жамгырдын аз жаашы менен коштолгон климаттын алмашуусу, улуу тоолордогу көп жылдык муздардын эришине, алдыдагы 30 жылдын аралыгында республикадагы баардык суу сактагычтарга суулардын агып келүүсүн кыскартышы ыктымал. Мисалы, гидроэнергетиканын айныксыз булагы болгон Токтогул суу сактагычына өзөн сууларынын куюлушу 2050-жылы 18,8 пайызга кыскарышы мүмкүн. Бул электр энергиясын өндүрүп чыгаруунун көлөмүн кескин азайтат. Андан тышкары, климаттын туруксуздугу жаратылыш кырсыктарын интенсивдүүлүгүн күчөтүүгө алып барышы ыктымал», — деп жазылат ЮНЕПте.
Ошону менен бирге, аталган уюм Кыргызстан климаттын өзгөрүлүүсүнө каршы күрөшүүдө алдыда баратканын, жапайы жаратылышты, токойлорду коргоо жагдайында прогрессивдүү программаларды кабыл алып, аларды ишке ашырып жатканын жазып чыкты. ЮНЕПтин тараткан маалыматына караганда, Кыргызстан 2000-жылдан бери токойлордун аянтын 6,2 пайыздан 6,9 пайызга көбөйткөн. «Кыргызстанда 2000-жылы токойдун корукка алынган территориясы 0,5 млн. гектарды түзгөн болсо, ал эми 2023-жылы ал 1,5 млн. гектарга жеткирилди. Мындан тышкары, 2040-жылга чейин өлкөнүн жалпы аймагынын үлүшүнө карата, 10 пайызын токойго айлантууну пландаштырып жатат», — деп айтылат.
— Кыргызстан абанын ысуусуна адаптациялануучу улуттук планды даярдап жатат, — дейт Жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев. – Бул план экономиканы, айыл чарбасын, суу ресурстарын климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен коргоого багытталат. Нечен кылымдардан берки мөӊгүлөр эрип, аба ырайынын кубулушу экстремалдык түргө өтүүсү улам кайталанып калды. Биз калкты, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдү бул чакырыктарга даярдоого милдеттүүбүз. Анткени, Кыргызстандын тоолуу экосистемасы Борбор Азия регионунун калкынын жашоо шарты үчүн да эӊ маанилүү».
Бүгүнкү жагдайдан алганда, мамлекет башчысы С.Жапаровдун 2022-жылдын март айында старт берген «Жашыл мурас» улуттук программасы эӊ прогрессивдүү экенин турмуш өзү далилдөөдө. Анын алкагында жыл сайын миллиондогон бак-дарактар отургузулуп жатат. Мурда кыркылып, тонолуп, деградацияланып бараткан токойлор, тоолуу жайыттар калыбына келтириле баштады. Абанын тазарышына, эндемикалык өсүмдүктөрдү корукка алууга шарт түзүлдү. Ал гана эмес, ийне жалбырактуу тоолуу өсүмдүктөр топурактын кыртышын бекемдеп, жер көчкүлөрдүн алды алуучу касиетке ээ экени билгилүү. Бирок, корукка алынган аймактарын кеӊейтүүгө, жаратылыштын биоартүрдүүлүгүн аздектеп сактоо боюнча глобалдык алкактагы программаларды өз каражатыбызга толук ишке ашыруубуз кыйын. Адатта, мындай ири долбоорлор эл аралык өнөктөш уюмдардын жана өлкөлөрдүн каржылык колдоосуна таяна турган иш. Ушул максатта мамлекет башчынын демилгеси менен Кыргызстанда бир катар эл аралык иш чаралар өткөрүлөт.
Дүйнө окумуштууларынын глобалдык жылуулук кайткыс абалда баратканы боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, божомолдору, пикирлери бирдей болуп жатат. Норвегия, Германия ж.б. мамлекеттердин климатологдору биргелешкен группа түзүлүп, жер шарындагы акыркы он жылдагы суу ташкыны, өрт, жер титирөө ж.б.табигый кырсыктардын чыгуу себептерин изилдөөгө алышкан. Алар эгерде парник газдары атмосферага азыркы калыбынан азайбай каптай берсе, 2100-жылы жердин ысуусу дээрлик 3 градуска көтөрүлөт деген жыйынтыкка келишкен. Ал эми жердин температурасы 3,7 градуска жете турган болсо, кургакчылыктын кесепетинен планетаны табигый өрттөр каптайт. Деӊиз суулары эбегейсиз суу ташкындарын пайда кылат.
Автор: Нарынкүл Назаралиева
Сүрөттөр WWW