ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕУлуу жазуучунун улан кези 

Улуу жазуучунун улан кези 

1986-жылы планетардык улуу жазуучу, чыгаан гуманист Чыӊгыз Айтматовдун демилгеси менен «Ысык-Көл» форуму өткөрүлүп, ага дүйнөнүн чар тарабынан атагы ааламга кеткен чыгармачыл инсандар келген. Быйыл «Ысык-Көл» форумунун 40 жылдыгын белгилөө боюнча Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, элибиз үчүн маанилүү болгон ушул иш чаранын мөөнөтү улам жакындоодо. Аталган форум адамзаттын келечегине байланышкан глобалдык чакырыктардын эл аралык диалогун тереӊдетүүгө, интеллектуалдык кызматташтыкты чыӊдоого жана Кыргызстандын дүйнөлүк гуманитардык процесстердеги ордун бекемдөөдө ролу чоӊ.

     Бүгүн биз Чыӊгыз Айтматовдун балалык чагы тууралуу айрым эскерүүлөрдү сунуштайбыз. Бул баян жазуучунун «Балалыгым» аттуу жыйнагынын негизинен алып жазылды.

Алгачкы эмгек акы

      Өлкөдө колхоздорго биригүү аяктап бара жаткан жылдары эл үйүр-үйүр жылкыларды айдап жайлоого чыгышчу. Бир күнү жайлоодогу эл дүрбөп калып, Чыӊгыздын чоӊ энеси Айымкандын боз үйүнө топтолушту. Көрсө, үйүрдү баштап жүргөн күчтүү чоӊ айгыр өлүп калыптыр. Колхоздоштуруу жылдары жылкы жаныбар да айыл чарбасын көтөрүүгө аралаштырылган эле. Чыӊгыз муну кийин эр жеткенде, Айыл чарба институнун ветеринардык факультетинде окуп жүргөндө түшүнүп, аӊдай алды. Асыл тукум жылкыны көбөйтүүнү каалагандар көп жылдар бою ар кандай тажрыйбаларды жүргүзүп сынап көрүшчү. Ошол жылдары алыскы өлкөлөрдөн асыл тукум кочкорлорду, букаларды жана жылкыларды канча бир каражат коротуп алып келишчү. Маселен, Австралиядан алып келинген кочкорлордон туулган койлордун пародалары дароо башкача болуп чыга келчү. Ушундай ыкмалар жылкыларга да колдонулуп жаткан. Жайлоодо өлүп калган жанагы ат Дон айыгыры деп аталып, колхоздун жылкычылык тармагында өлчөөсүз чоӊ орду бар, куну аябай жогору болгон мал экен. Көрсө, Уулуу-Шибер деп аталган жайлоодо уулуу чөп көп өсчү экен. Кыргыз жылкылары жыттап оттогондуктан, уулуу чөп өскөн жерден кыйгап кетишчү. Бирок, алиги Дон айыгыры кооптуу чөп менен жөнөкөй чөптүн айрымасын билбей ууланып өлүптүр.

      Чыӊгыз өзүндөй тестиер балдар менен ошол Дон айгыры өлгөн жерге чуркап жөнөдү. Далдайган Дон айыгыры абдан семиз эле. Буттарын чубалта созуп, курсагы жарылгынча көөп, оозу аӊырдай ачылып, тиштери көрүнүп жатыптыр. Жылкычылардын бул окуяга жаны кейип турушуптур. Жылкычылар айгырдын өлгөнүнө караганда, жогорку жетекчилерге кантип жооп беришерин ойлоп, айласы алты кетип, амалы куруп жатышкан. Асыл тукум айгырдын өлүшү колхоз жетекчилери үчүн тагдырын таразага салган чоӊ окуя болмок. Эми болор иш болгон соӊ, жылкычылардын бир гана амалы калды. Тиги айгырдын эмнеден, кантип өлгөндүгүн түшүндүрүп жазган кат керек болуп калды. Ошентип айылга чабарман жиберишти.

     Эртеси жайлоого сары чачтуу орус мал догдур келди. Жылкычылар ага айгырдын ууланып өлгөнүн түшүндүрө албай көпкө кыйналышты. Тиги орус мал догдур жабалактап жалдыраган жылкычыларды бир карап, эч жеринде жараты жок болгону менен сулкуюп жерде жаткан айгырды бир карап, айтор, эч нерсени түшүнө албай аӊ-таӊ болуп тура берди. Андагылар орус тилин билбей аргасы кетет. Ал кезде эки тилди билгендер өтө сейрек эле. Бир маалда малчылардын бирөө Айымкан байбиченин небереси Чыӊгыздын орусча билерин эстеп жетип барды.

     Чыӊгыз өзү теӊдүү балдар менен талаада ойноп жүргөн. Ошондо чоӊ энеси аны: «Жүр, улууларга тилмеч болосуӊ», — деп жетелеп, эл топтошуп турган жерге алып барды. Тиги орус мал догдур Чыӊгызды карап: «Эй бала, саламатсыӊбы?», — деди. Баары тымтырыс болушуп, селейип унчукпай калышты. Бала апкаарып саал кетенчиктей түшүп, ага: «Здравствуйте!», — деп жооп берди. Чыӊгыз орус мал догдурга айгырдын өлүп калган себебин таптак айтып берди. Мал догдур: «Азаматсыӊ, эми мен баарын түшүндүм», — деди. Ал айгырдын өлгөн себебин бир баракка жазып, акты түздү. Жылкычылар баракка тастыктап кол коюшуп, орусту Айымкан байбиченин үйүндө меймандашты. Дароо кой союлуп, конок сыйлоо каадасы башталды. Чоӊ энеси небереси Чыӊгызды сөөлөт күтүп сыймыктуу карап отурду. Улуу аксакалдардын бири Чыӊгызга майлуу жилик узатып: «Сен абдан зээндүү бала экенсиӊ. Бул жерде болбогонуӊда оруска маселени түшүндүрө албай калмак экенбиз», — деп башынан сылады. Ошол устукан келечектеги улуу жазуучунун алгачкы эмгек акысы болчу. Бала жиликти алып, сыртка чуркап чыгып, достору менен бөлүшүп жеп алышты. Ушинтип ал алгачкы ирет орусчадан кыргызчага, кыргызчадан орусчага которуп, тилмеч болгон. Андан бери нечен жылдар өттү. Баягы тилмеч бала эки элдин маданиятына билингвист жазуучу болуп түбөлүк кызмат кыларын анда ким билиптир…

Карышкырлар каптаганда

      Ал жылдары ач карышкырлар эл жашаган кыштактагы кой короолорго чейин кирип келишер эле. Бөрүлөр тууралуу карыялар көп окуяларды айтып беришчү. Бир ирет Чыӊгыз да карышкырларга туш болуп, зорго аман калган жайы бар.

      Апасы Нагиманын буту-колу катуу шишип ооруп жүргөн. Ошол кеселине карабай, жесир калган Нагима төрт баланы багуу түйшүгүнө туш болгон. Андагы райондук борбордон Нагимага бухгалтердик иш табылып, балдар апасы менен ошол жакка көчүп барышкан. Анда Чыӊгыз иниси Илгиз, карындашы Розетта болуп мектепке катташчу.

       Улуу Ата мекендик согуш башталар менен элдин турмушу ого бетер оорлогон. Калктын турмуш тиричилиги начарлап, кара курсактын айласы үчүн «эртеӊ эмне жейбиз?», — деген кабатырлануу менен жашап калышкан. Бир күнү Нагиманы райборбордон дагы башка колхозго бухгалтердик жумушка которуп жиберишти. Ошентип, Кировкадан болжол менен жыйырма чакырым алыс жердеги Жийде айылына көчүүгө туура келген. Жийде Шекерден бир кыйла алыс, казактардын Жамбылына жакын аймак. Ал жылдары Нагима да башкалардай эле эмгек акысына картошка, дан азыктарын алчу. Ошол жарыбаган оокатка карабай, эптеп үнөмдөп бир үй-бүлөнү бакчу. Төрт баласынан тышкары, Гүлша сиӊдиси да анын багуусунда эле. Эже-сиӊдинин тагдыры да окшош болчу. Гүлшанын күйөөсү өкмөттүк кызмат өтөп жүрүп, 1937-жылдагы репрессиянын курмандыгына айланган. Бул үй-бүлөдө азык-түлүк тартыштыгынан карды тоё тамак жеген учур сейрек кездешчү. Шекердеги туугандары өздөрү кыйналып жашагандарына карабай, Төрөкулдун жетим балдарына каралашып калышаар эле. Бир жолу алар ун тарттырып алсын деп, Нагимага беш чака буудай, беш чака жүгөрү чогултуп коюшуптур. Ошол данды алып кетүүгө Чыӊгыздын апасы колхоз башкармасынан эки ат тарткан араба сурап алды. Бош каптарды алып, араба айдап, Төрөкулдун жесири улуу баласы Чыӊгыз экөө жолго чыгышкан.

      Алар Шекер айылына таӊ азандан аттанышкан болчу. Күн шашкеден чыкканда Кировкага жете келишти. Ал жерден аттарга жем берип, эс алышкан соӊ кайрадан жолго чыгышты. Иӊир кирип калган эле. Как эткен карга, кук эткен кузгун жок ээн талаада эне-бала эки ат кошкон арабада келе беришти. Чыӊгыз арабаны айдап, апасы артта отурган. Бир маалда жолдо кулагы типтик болуп, каӊгып жүргөн боз «ит» көрүндү. «Ит» түз эле арабаны көздөй келе жатканын байкап Чыӊгыз: «Апа, карасаӊ, бизди бир ит эрчип алды!», — деп жиберди. Апасы тигит «итти» бир карап алып: «Бул итке окшобойт го. Карышкыр турбайбы балам», — деп шектенип карады. Бирок, Чыӊгыз тиги «иттен» корккон жок. Кайра таӊ калып: «Бул карышкыр бизди эмне үчүн күтүп турду экен?», — деди. Эне-бала анын жанынан ылдам өтүп кетишти. Карышкыр бир саамга көрүнбөй калды. Арабадагы экөө бир-эки чакырымдай жол жүрүп, кайра ошол карышкырга жолукту. Жолдун бир тарабында туруптур. Аттар бөрүнүн жытын алып кошкуруп, бир башкача тыбырчылашып, басыгын ылдамдатты. Бир аздан соӊ аттардын күүсүнөн тайып чарчаганы сезилди. Ошол учурда жанагы карышкыр күтүлбөгөндөй тез чуркап, бирде жолдун бир жагына, бирде экинчи тарабына өтүп, көрүнө калып, кайра жок болуп кетип жатты. Чыӊгыз карышкыр ушунча ыраак жолдон бери коштоп келе жатканына бир жагынан таӊ калса, бир чети ишене албайт. Апасы болсо катуу коркуп, денесин катуу калтырак басып ыйлап жиберди. Нагима: «Балам, эми эмне болобуз, бөрүлөр ылгып үйүр-үйүрү менен жүрчү эле. Мындайда адамдарга кол салат дешчү», — деди.

      Түн ичинде Шекерге жете келишти. Данды тегирменге тарттырып, аттардын эс алуусу үчүн бир күн түнөп калышты. Кайра үйгө кайтканда эки киши аларды Кировкага жеткирип коюшту.

Нарынкүл Назаралиева

Сүрөт WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии