ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕӨнүккөн өлкөлөрдө китеп көп окулат 

Өнүккөн өлкөлөрдө китеп көп окулат 

Адамзаттын руханий жан дүйнөсүн байытып, билим алууга, илим изилдөөгө сүӊгүп кирүүчүлүк ролун аткаргандыгы боюнча китеп өз алдына эч бир альтернативаны чыгарбай келет.1996-жылы ЮНЕСКОнун 28-сессиясында бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү болуп жарыяланган. Мындай чечим дүйнө элинин маданий каада-салтын өнүктүрүү жана агартуучулук максатта кабыл алынган. Ушуга карата бул майрам жыл сайын апрель айында белгиленип келе жатат. 

     Андан тышкары, жыл сайын март айынын биринчи шаршембисинде үн чыгарып китеп окуунун бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. 2010-жылы кабыл алынган ушул күндү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү кош колдоп жактырышкан.

     Үн чыгарып китеп окуган баланын сүйлөө көндүмү, дикциясы жакшырат, сөз байлыгы көбөйүп, эс тутуму өсүп, сабаттуулугу артат. Көркөм окуяларды талдоого алып, андагы оӊ каармандарга жан тартып, терс образдарга сын көз карашы калыптанып окуйт. Чогуу китеп окуу — үй-бүлө мүчөлөрүн бирдиктүү идеянын айланасында баш коштуруунун, өз ара түшүнүүнүн, ынтымактын асыл куралы десек болчудай.

      Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү китеп окуунун жагдайына, китепканалардын абалына көз чаптырып көрөлү.

      Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын аягында айылдык китепканаларды «реформалоонун» натыйжасында 41 китепкананы жаабуу чечмин кабыл алды. Министрликтин тараткан маалыматына караганда, совет жылдарынан берки элеттик китепканалардын имараты эскирип, китеп фонду начарлап кеткендиктен ушуга барышкан. Учурда республиканын аймактарындагы китепканалардын саны 846га кыскарган, анда иштеген кызматкерлердин саны 3455 адамды түзүп турат. Жалпы китепканалардын китеп фонду болжол менен 19 млн. түзөт экен. Окурмандарды тартуу аракетинде 200дөн ашык китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлору иш жүргүзүп келет. Анда 3-7 жашка чейинки балдар ата-энелери менен келип, чогуу китеп окууга, шахмат ойноого ж.б. баланын шык-жөндөмүнө жараша чыгармачылык көндүмдөрдү жасашат. Мындан тышкары, кээ бир китепканаларда санариптештирүү иштери жүргүзүлүп, анын алкагында улуттук электрондук китепкана NEB.KG порталы түзүлгөн. Бирок, жогорудагы аракеттер калктын кээ бир мамлекеттердегидей «окумал улут» деп сыймыктанып аталышына оӊ таасир тийгизе алдыбы?, — деген суроо туулат. Айтор, жакшыбы, жаманбы соӊку жылдары миллиондогон сомдорго окуу китептери басылып жатат. Ошого карабай, университеттердин китепканалары жылына канча аталышта, канча нускада китептер менен толукталып жатканы тууралуу эч кандай статистика бериле элек. Ырас, электрондук китепканалар уюштурулуп жатат. Анын артынан китепканачылар жумуштан бошотулуп, окуу залдары жабылууда. Мындай жагдайда жогорку окуу жайларына китеп фондун жаӊыртууга бюджетинен каражат каралбаса, студенттердин окуу залдары, китепканасы болбосо, предметтик китептер жетиштүү басылып чыгарылбаса кантип билим алып жатышат?, — деген кабатыр суроо туулат.

      Китеп окуган адамдын дүйнө таанымы кеӊейип, интеллектүү, креативдүү ой жүгүртүүсү көтөрүлүп, маданияттуу кулк-мүнөзүн калыптандырууга алып келет эмеспи. «Менин кайра кайрылып окуумду келтирген китептердин 80 пайызын классикалык адабият түзөт, — дейт, — жазуучу жана коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков. — Ата журттун тарыхын билгибиз келсе, Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч», Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү», Качкынбай Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы», Акбар Рыскуловдун «Атаке баатыр» сыяктуу тарыхый романдарды окууну сунуштайм. Бул сыяктуу чыгармаларда кыргыз эли баштан кечирген тарыхтын маанилүү окуялары жогорку көркөмдүктө чагылдырылганы, аӊ сезимде түбөлүк калганы менен баалуу. Китепкөйлөрдүн арасында мындай сөз бар: «Акыл толтуруп, алдыга кетем десеӊ, артка кылчайып тарыхты бил». Ушундан алганда, Исай Калашниковдун Чыӊгыз хан тууралуу «Каар заман» романын окуу керек. Өткөндөн сабак албаса, адамзат жасаган катасын кайра кайталай берет экен. Көркөм дүйнөнү байытуу үчүн А.Пушкиндин ырларын, «Евгений Онегин» романын, Антон Чеховдун прозалык топтомун, Расул Гамзатовдун «Менин Дагестаным», Михаил Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» ж.б. окуу керек.

      Калктын турмуш шарты жакшырып, кээ бири заӊгыратып эки кабат там салып жатышат. Короосунда жол тандабас автоунаасы турат. Бирок, үйүнө кирсеӊ, бир китеп көрбөйсүӊ. Дүйнө таанымы тарып, рух көрөӊгүсү мынчалык бөксөргөн адамдарга абдан кейип кетем. Мектепте окуп жүргөнүмдө предметтик олимпиадага катышканы барып, өзүмдү кыйын сезчүмүн. Бирок, башка окуучулардын менден мыктылыгын көргөндө, окугандарым али аз экенин түшүнгөм. Айтайын дегеним, китепти өзүӊ окуп эле жөн болбой, китеп окурмандардын чөйрөсүн пайда кылуу зарыл. Өткөн жылы окуучулардын арасында көркөм китеп окуу боюнча республикалык олимпиадасы өткөрүлдү. Анда Нарын облусунун Ак-Талаа районунан бир окуучу бир жылда 70 китеп окуганы аныкталды. Муну рекорд жасады деп жатсак, Баткен шаарынан бир окуучу бала 80 китеп окуптур. Ушул сыяктуу ийгиликтерге аз болсо да канааттанып калдык», — дейт Н.Кадырбеков.

       Союз таркап, рынок заманы келген жылдары айлык акы кечигип, тиричиликтен кыйналган мугалимдер соода-сатыкка өтүп кетишип, окуучулардын билимге кызыгуусу төмөндөп кеткен. Элеттиктердин эси-дарты «кайдан каражат табам?» деген мезгил болчу.1996-1997-жылдары Баткендин Лейлек районундагы тарых мугалими Гапыр Мадаминов №3 эксперименталдык жеке мектеп гимназиясын ачып, үймө-үй кыдырып, балдарды чогултуп окутууга алгачкы аракетин көрө баштаган. Бирок, элеттиктер ага ишенбей, агай келатканда эшигин ачпай койгон учурлар болгонун Мадаминов өзүнүн өмүр баянында айтып келет. «Кээде күндүз барып бирөөнүн босогосунда жалдырап тургандан уялып, кечки күүгүмдө кыдырып, мектебиме окуучуларды чогулткан учурлар болгон», — деп эскерет устат мугалим. Ал «Исхак Раззаков», «Сүлүктү шаарынын тарыхы», «Лейлек жана лейлектиктердин тарыхы» ж.б. көптөгөн илимий изилдөөчүлүк эмгектерин жарыкка чыгарган. Нечендеген шаарларда архивдик иликтөөлөрдү өзүнүн кенедей мугалимдик айлык маянасына жүргүзгөн. Капчыгынын жукалыгынан улам мейманканаларга эмес, автобекеттерде түнөп жүрүп архивдик материалдарды чогулткан күндөрү болгон. Анын мектепте «Инсан таануу» автордук сабагында Омор Хаям, А.Линкольн, Конфуций, И.Раззаков ж.б. сыяктуу улуу инсандардын эмгектери, асыл сапаттары үйрөтүлөт. Гапыр агай: «Бала өз идеялын табам деп умтулат, китепке кызыгуусу артып, аракети жанданган инсандыгы калыптанат», — дейт. Бүгүнкү күндө анын окуучулары Кыргызстандын жана чет элдик белгилүү университеттеринде билим алып жатышат.

       Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, жазуучу, педагогика илимдеринин кандидаты, ондогон мамлекеттин тилдерине педагогикалык изилдөөлөрү боюнча усулдук китептери которулган мугалим Гапыр Мадаминов кызды узатуу тоюна «Кыз себине 40 китеп» деген жаӊы жөрөлгө киргизүүнү сунуштаган.

      «Биз кырк китептин тизмесин түздүк, — дейт окумуштуу педагог. – Бул баш кошкон жубайлардын экөө теӊ китеп окууну биротоло адатка айландырса деген тилек. Китеп менен достошуу династиясын алар келечектеги балдарына бериши керек. Мыкты окуучудан Кусейин Карасаев, Арстанбек Алтымышовдей илимпоз, Чыӊгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбековдой жазуучу, Салижан Шариповдой космонавт ж.б. чыгар. Анткени, жаш ата-эненин интеллектуалдык, менталдык жактан ой жүгүртүп, билим көрөӊгүсүн өстүрүүсү жарык дүйнөгө келе элек жатындагы түйүлдүк балага өтө турганын илимпоздор тарабынан далилденген. Сепке кетүүчү кырк китеп сандыгына биз Жусуп Баласагындын «Куттуу билим», «Манас» трилогиясын, Чыӊгыз Айтматовдун томдуктарын, мен 25 жыл эксперимент кылып жазган «Ата-энелер сиздер үчүн» деген ж.б. китептерди сунуштаганбыз. Анткени, акыркы китепте баланын бойго бүткөнүнөн баштап, 21 жашка чыкканына чейинки физологиясына, психологиялык кулк мүнөзүнө, тарбия таалимине таасир этүүчү практикалык көндүмдөрдү келтирүү менен жазылган.

      «Кыз себине 40 китеп» өнөктүгүн алгачкы жолу Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн мурдагы орун басары Чынара Сатарова колго алган. Ал: «Эӊ сонун сунуш экен, мен баштап берейин», — деп, кызын күйөөгө узатканда 40 китеп салынган сандыкты эки жаштын тоюнда белек кылды. Китепти көп окуган адамдын креативдүүлүгү жогорулап, баардык тармакта ишке жөндөмдүүлүгү күчөйт», — Гапыр агай.

     Гапыр Мадаминов өзү да кызы Гүлсараны турмушка узатып жатканда китеп сандыгын тартуулган. Чынын айтсак, кыздын себине дубал тиреген жууркан-төшөк, эмеректер, үй тиричилик техникаларынын баарын берип жатабыз. Бирок, бир китеби жок жаш келин адеп-ахлагы бийик, билимдүү бала тарбиялаган эне боло албайт. Андан бери жаштардын үйлөнүү тойлорунда китеп сандыгын белек кылган ютубдагы сюжеттерди 1,5 млн. адам көргөн. Ошого карабай, колунан уюлдук телефону түшпөгөн, интернет желесиндеги пайда-батасыз маалыматтарга азгырылган жаштар жогорудагы китеп өнөктүгүн колдоого алуусу абдан солгун. «Ата-эненин колунан китеп көрбөгөн өспүрүм китепке кантип кызыкмак эле? Ата-эне өзү күнү кечке телефонду карап отурса, балдарына китеп оку деп айта албайт. Гапыр агайдын айтымында, үйдөгү китептин сан-эсеби 300дөн ашпаса, демек, ал үй-бүлө руханий жактан жарды. Кээ бир ата-энелер: «Менин балдарым китеп окубай жатат», — деген суроосуна, Гапыр агай: «Үйүӊөрдө китеп жок болсо эмнени окуйт?», — деген жөндүү жообу бар. Анткени, бала апасынын колунан телефон көрсө телефон сурайт, китеп көрсө китебин талашып өсөт. Алгылыктуу демилгенин кырк китеп болуп аталышы, калган китептерди толуктап алгыла. Китеп текчелерин орноткула деген кеп…

     Социологдор иликтеп чыкса, эӊ өнүккөн мамлекеттер болгон: Кытай, Швейцария, Финляндия, Япония жана Германияда бир адам орточо алганда жылына 32-35 адабий китеп окуйт экен. Ал эми экономист-футрологдордун аныктамасы боюнча кайсы мамлекеттин эли китепкөй болсо, ошол өлкөнүн экономикасы, социалдык жана маданий тармактары көрөлүп турары айтылат.

Г.Мадаминовдун педагогикалык тажрыйбадан алынган китептери англис тилине которулуп, Лондондон электрондук варианты чыкты. Андан тышкары, орус, түрк, япон ж.б. тилдерге которулган.

      Г.Мадаминовдун «Дасторкон четиндеги университет» деген китеби да бар. Анда кечкисин ата-эне балдары менен чогуу отургандагы тарбиялык маанидеги субкаттары жазылган. Китепте жаш муунду тарбиялоонун 24 эксперименттик тактикасы келтирилген. Адам өзүн өзү туура жолго салбаса, ал башка бирөөгө жакшы иш жасай албайт деген философиялык ойду бере алган. Англиялык философ Теккерийдин: «Аракеттен адат, адаттан мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат» деген акылман сөзүн эпиграф кылып жазган.

       Элибиз ашыкча шаан-шөкөттүү тойлордон арылып, сарамжалдуу өмүр сүрүүчү учур келди. Анын ордуна кытай, англис, араб ж.б. тилдерин, IT технологияны өздөштүрүүсү керек. Үй-бүлөнүн китеп текчесинде тарых, адабият, так илимдер сыяктуу энциклопедиялар орун алуусу кажет.

Нарынкүл Назаралиева

Сүрөт WWW  

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии