ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКөмүскө маяна пенсияга көмөк болбойт

Көмүскө маяна пенсияга көмөк болбойт

Кыргызстанда жыл сайын улгайган адамдардын Эл аралык күнү – 1-октябрга карата пенсиянын көлөмү көтөрүлүп келет. КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 534 токтомуна ылайык быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 10 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынган. Өлкөдө жарандардын жаш курагы, майыптыгы жана баккан адамынан ажыраган үй-бүлөлөргө болуп, үч категория боюнча пенсиянын өлчөмү көтөрүлдү. Жаш курагы боюнча алсак, иштеп жүргөн жылдары Социалдык фондго которгон каражаттын көлөмүнө жараша пенсия чегерилет.

       Акыркы жылдары Кыргызстанда «пенсияга чыгуу жашы көтөрүлөт экен», — деген маалымат тарап, ал коомдо карама-каршылыктуу пикир туудуруп, талкууга алынган. Тилекке жараша, аялдар 58 жашында, эркектер 63 жаш курагында пенсияга жетүү системасы өзгөртүлбөй калды. Ал эми КРнын улуттук статистикалык комитетинин маалыматына таянсак, жыл өткөн сайын эмгекке жарамдуу курактан чыккан калктын саны өсүп жатыптыр. Бул жагдайды Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) тыянагынан алып карасак, 65 жаштан жогорку курактагы жарандардын үлүшү 4 пайыздан аз болгон өлкөлөрдүн калкы «жаш» болуп саналат. Ал эми ушул көрсөткүч 7 пайызга чейин болсо, эли карылыктын босогосунда турган өлкөлөргө кирет. БУУнун божомолунда 2030-жылга карата Кыргызстанда улгайган адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындап баруусу ыктымал экени айтылат. Бүгүнкү күнү өлкөдө пенсионерлердин жалпы эсеби 813 538 адамга жетти. Анын ичинен 642 959 адам жаш курагы менен пенсияга чыккандар.

      Ушул жерден айта кетүүчү жагдай, Кыргызстанда жарандарды пенсияга чыгаруу механизми заманбап тарипке салынып, санариптик платформанын тутумуна киргизилгени ийгиликтүү ишке ашты. Мындан пенсияга чыгуучу адамдын ар кайсы мекеменин эшигин түртүп, кагаз чогултуу түйшүгү токтоду. Айрыкча жеке менчик секторунда иштегендер көп кыйналышчу. Азыркы күндө деле көптөгөн ишкерлер кызматкерлеринин, жумушчуларынын айлык маянасын азайтып көрсөтүп, Соцфонго болгон милдеттүү чегерүүлөрдү минималдаштырууга өтүп алышканы эч кимге жашыруун эмес. Менчик компанияларда иштегендер маянаны конверт менен алып, бири-биринин айлык акысы тууралуу маалыматты катуу сыр катары калтырышкан учурлар арбын. Кээ бир жумуш берүүчүлөр жарандар менен келишимдик негизде иштегилери келбейт. Алтүгүл жарандардын келечектеги өз пенсиясына карата кайдыгерлигинен улам, Соцфондго чака тыйын которбой койгон ишкерлер четтен чыгат. Бирок, ар жылы мезгил 1-октябрга жакындап келгенде кыргыз коомунда: «Эмне үчүн пенсиясы жогоруларга көп кошулду, мага аз чегерилип калды?», — деп, нааразы болгондор аз эмес.

     Азыркы күндө республикада жеӊил өнөр жай, курулуш, соода-сатык, үй жана кеӊсе эмеректерин чыгаруу, транспорт, калкты тейлөө тармактары кыйла өнүгүп жатат. Эксперттердин билдирүүлөрүнө караганда, жарандардын тез-тез жумуштан которулуп туруусу да Соцфонго туруктуу каражат которууга кедергисин тийгизип келет. Маселен, тигүү тармагында иштеген аялдар жакшы маяна төлөгөн цехтерге улам которулуп жүрө бергендиктен, иш берүүчүлөр чет өлкөлөрдөн тигүүчүлөрдү чакырууга аргасыз. Курулуш секторунда деле кадыресе ушундай көрүнүш.

       Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин майыптыгы бар жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Н.Чолумованын айтымында өлкөдө 7 млн. ашык калктын ичинен 65 жаштан өйдө куракка 400 000 ашык жаран кирет. «БУУнун шкаласы боюнча 65 курактан өйдөкү жарандар улгайган болуп эсептелет, — дейт ал. – Ал эми биздин мыйзамда аялдар 58, эркектер 63 жашында улгайган болуп пенсияга чыгышат жана ага көбүрөөк жарандар камтылууда. Учурда мындай жарандар 769 000ге жетти. Андан тышкары, 2000ге жакын адам социалдык жөлөк пул алышат. Кыргызстанда калктын жашоо сапаты жогорулап баратат. Адамдардын орточо жашоо узактыгын карап көрсөк, эркектерге 66, аялдарга 74 жаш болуп аныкталган. Мисалы, Японияда бул көрсөткүч аялдарга 84, эркектер үчүн 86 жашты түзөт. 2030-жылга чейин ушул тенденция абдан өсүп отурары божомолдонуп жатат. Кыргызстан калкы карып бараткан мамлекеттердин ичине киргендиктен, пенсия төлөөгө болгон даярдык азыртадан башталышы керек. Анткени, социалдык кызматкерлер тартыш. Саламаттык сактоо системасынын стационарларына кезекте тургандар көп. Мамлекеттин социалдык секторуна күч келтирбөө үчүн, жыл сайын жаӊы стационардык борборлолрду ачуу керек. Карыганда катуу ооруп калбаш үчүн ар бир жаран өз ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү»

       Алыскы аймактарда элеттик жаштардын негизги бөлүгү айыл чарбасындагы сезондук жумуштарда иштеп, суук түшкөндөн баштап алты ай бою дээрлик бош отурушат. Ата-эненин пенсиясынын көзүн карагандар дагы бар. Кымбатчылык токтоочудай эмес. Мындай шартта миграциялык процесстердин күчөшү кадыресе көрүнүш. Айрымдары Бишкек менен Ош шаарларына жумуш издеп кетишет.

      Аталган министрликке караштуу карылардын, майыптыгы бар жарандардын стационардык жайларына кезекке тургандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүп баратыптыр. Алынган маалыматка караганда, министрликке тиешелүү 5 психоневрологиялык  мекеменин ар биринде 100гө жакын адам кезекте турат. Ал эми жалпы 17 диспансерде 500гө жакын адам кезекке жазылып алышыптыр. Анда карыган ата-энелерин багуудан баш тарткандар көбөйүп баратканы айтылат. Мындай учурда «күкүк» балдарын сотко берип, ата-энесине алимент өндүрүүгө Кыргызстандын мыйзамдары жол берет. Бирок, алимент төлөтүүнүн бул түрү дээрлик каталбаптыр. Карылар үйүнө кайрылгандардын 65 пайызын эркектер түзөт экен.

    БУУнун Башкы Ассамблеясы 1990-жылдан бери карылардын эл аралык күнүн белгилеп келет. Быйыл Кыргызстанда 15-сентябрдан 15-октябрга чейин «Улгайган жарандарга көӊүл буруу жана камкордукка алуунун» алкагында бир айлык иш чаралар өткөрүлүп жаткан кез.

     — Жарандардын пенсиясы үчүн 2025-жылдын октябрь, ноябрь жана декабрь айларына карата 2 млрд. 44 млн. сомдун тегерегинде кошумча каражат талап кылынат,- дейт Соцфонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеӊишбек Мукамбетов. – Буга пенсионерлерибиз кабатыр болушпасын. Аталган каражат Социалдык фонддун бюджетинде каралган. Пенсиялар кечиктирилбей өз убагында бериле баштады.

     Кыргызстанда 2023-жылы пенсиялар 38 пайызга, 2024-жылы 18 пайызга жогорулатылган. Ал эми быйыл 10 пайызга көтөрүлдү. Мунун басымдуу бөлүгү ушул учурда иштеп жаткан жарандардын айлык акыларынын Соцфондго которулууларынан төлөнүп жатат. Эсиӊиздерде болсо керек, мурдагы эки жылда мамлекеттик мекемелерде иштегендердин айлык маяналары көтөрүлгөн. Андан Соцфондго которулган каражаттар да көп болгондуктан пенсиянын көлөмү да кескин өскөн болчу. Ал эми ушул жылдын 1-октябрынан кийин жарандардын пенсиясынын көлөмү 7100 сомдон кемибейт.

Ал эми 50 000 сомдон ашык камсыздандыруу өлчөмү бар пенсионерлер үчүн 5000 сом кошулду. Бул жерде аз камсыз болгон жарандардын пенсиялары да, көп пенсия алгандардыкы да акыйкаттуу каралды. Калк арасында: «Эмне үчүн көп алгандарга көп, аз алгандарга аз кошосуӊар?», — деген суроо көп жылдан бери берилип келе жатат. Биз калктын жашоо минимумуна жеткире турган өлчөмүнөн кем эмес кошууга аракет кылабыз. Андан сырткары, баалардын өсүшүн, өлкөдөгү орточо айлык акынын көлөмүнүн жогорулоосун эске алып, ушул экөөнүн көрсөткүчүн божомолдоодон орточо пайызын чыгарабыз. Ошондо 2025-жылга карата пенсияга кошула турган көлөмү 10 пайыз болду. Муну биз КРнын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматтарына таянып жүргүзөбүз»

       Мамлекет жашоо минимумунун көлөмүнө жараша жарандарга пенсия, жөлөк пул, айлык акы менен камсыз кылууга милдеттүү. Бул тууралуу конституциянын 44-беренесинде камтылган.

Нарынкүл Назаралиева

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии