Кыргыздын улуттук театр өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон бир муун залкар режиссерлордун көзү өтүп кетти. Алар башка кесиптердегидей жүз-миӊдеп саналышчу эмес. Колдун манжасындай аз болчу. Алар: Жалил Абдыкадыров, Бообек Ибраев, Медербек Назаралиев, Эрменбек Токтогулов, Адылбек Дыйканбаев, Искендер Рыскулов… Ал жылдары көрүүчүлөр театрга батпай, билеттер эрте сатылып, ар бир жаӊы спектакль орчундуу окуяга айланып турчу. Офелия Эркинбаева ошол үзөнгүлөш иштеген курбалдаш мырзалардын арасындагы жалгыз режиссер айым эле. Бир муун кесиптештеринин эӊ акыркысы, көзү тирүү көзүрү да Офелия эже болчу. Мындан сегиз жыл мурда улуттук театр режиссурасынын акыркы могиканы Эркинбаеванын көзү өтүшү менен ошол залкарлардын тизмеси үзүлүп калды. Кайран дүйнө, кайталангыс таланттардын баарын «болчу» деп, эми өткөн чак менен эскерип отурабыз. Кыргыз Республикасынын эл артисти, таланттуу режиссер эжебиз 60тан ашык дүйнөлүк, орус жана улуттук классикалык чыгармаларды сахналаштырган. Ондон ашык пьесанын автору болчу. Ал европалык үлгүдөгү улуттук театр искусствосунун өнүгүшүнө жарым кылымдан ашык мезгил кызмат өтөп жүрүп, 80 жашында дүйнөдөн өткөн. Аларды эскерип туруу биздин милдет.
Биринчи апрелдеги «өч алуу»
Бир жылдары Офелия эже менен Кыргызстан театр ишмерлер союзунда бирге иштеп, ага жакын болуп калдым. Ошондон болсо керек, кээде ээрчишип алып, өзү тууралуу бир нерселерди сүйлөтүп алчумун. «Эже дагы айтып бериӊизчи», — деп. Кызыктуу кептеринен угуудан тажабас элем. Ал азыркы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жүргөн кези. Таӊ эртеӊ менен жумушка келе жатса, көчөдөн бир жигит: «Эжеке, сиздин капчыгыӊыз түшүп калды», — дейт. Ал артын караса: «Бүгүн 1-апрель эмеспи», — деп күлүп басып кетет. Эже театрга жүгүрүп кирип келип, дароо аксакал актерлорду чогултат. «Акебайлар,дейт демитип, Борбордук Комитет жактан жакшы кабар уктум. Компартиянын Борбордук Комитетинин Биринчи секретары Турдакун Усубалиев өзү кабыл алып, «сүрсүп» жаткан наам-сыйлыктарды берет окшойт. Аттуу-баштууларды келсин дептир. Кокуй, тезирээк баргыла, кечиктиӊер», — деп шаштырып калат. Актерлордун айрымдары үйүнөн орден-медалдарын алдырып, кээси такси чакырып чаап барып, кара костюм, ак көйнөктөрүн кийип келе коюшат. Кээ бири эжени: «Угуп алып эмне эрте айткан жоксуӊ?», — деп каарыйт. Жүрөгү дүкүлдөп, эргип шашкандардын он-чактысы БКга жетип барышса, ал жердегилер чакырган эместигин айтышып, жолго салышат. Ал жылдары БКнын имараты театрга жакын жерде, борбор калаанын азыркы эски аянтында жайгашкан эле. Офелия эженин ал жоругун башкалары угуп алышып, «Окебай, ушуларды абдан туура кылдыӊ. Өздөрү барып наам алып келишмек турбайбы», — деп, кыраан-каткы күлүп жатып калышат.
Бакен Кыдыкееванын «өрдөктөрү»
Кийин гезитте иштеп калган жылдары деле Офелия эже менен маектешип калчумун. Мен бир жолу андан: «Бакен Кыдыкеевага коомчулук улуу актриса гана эмес, адамгерчилиги дагы бийик экенин айтып келишет. Мындай баа ага эмнеликтен берилген?», — деп сурап калдым. «Мен анда Т.Габбенин «Альманзордун сыйкырдуу шакектери» чыгармасын репетиция кылып жаткам, — деп, сөзүн баштады ал. – Бакен эже канышанын ролунда болчу. Залда театралдык студиянын студенттери отурушкан. Репетиция бүтөр замат бир жакка шашып жаткан Бакен эже бутафорияны буту менен тээп алып, чыгып бараткан. Мен аны дароо токтотуп: «Эже, кайра кайрылып, тиги оокатты колуӊуз менен көтөрүп, ордуна коюӊуз. Ал театрдын мүлкү эмеспи», — дедим. Бакен эже болсо: «Ии, шашкалактап жатып көрбөй калган турбайымбы. Кечирип койгула айланайындар», — деп кечирим сурады. Ошол жетимишинчи жылдары мен жаш режиссер болчумун. Ал эми Бакен эженин даӊкы ай чапчып турган кези эмес беле. Балким анын ордуна башка даӊктуу бирөө болсо өзүмдү «ордума отургузуп» коймок. А чынында улуу адамдар кектебейт, кечирим суроого эрки жетет.
Ошол эле күнү жумуштан кийин чарчап театрда отурсам, Бакен эже келип: «Жүр, Окебай, кыздарды чогулт, өрдөктөргө түшүп ойнойбуз», — деп, шаӊкылдап күлүп калды. Ал театрдын жанындагы Панфилов паркындагы өрдөк болуп жасалган каруселдерге түшүп алып, кудум баладай ойногонду жактырчу. Ошентип, кээде эжени ээрчип барып, өрдөк каруселдерге түшчүбүз», — деп айтып берген.
Улуу актерду жылан менен коркутуп
Залкар актер Сыдыкбек Жаманов жаш кезинде тоодо чөп чаап жүрүп, чарчаганда чалкасынан жатып уктап калыптыр. Бир кезде анын төшүнө жылан сойлоп чыгып, оролуп жатып алат. Чочуп ойгонуп, жыланды шарт таштап жиберип, кутулууга үлгүрүптүр. Ошондон кийин ал өмүр бою жыландан коркуп жүрүп өткөнүн айтып калышчу. Анын бул окуясын тамашакөй актерлор жакшы билишчү экен. Бир жолу Офелия эженин алты жаштагы уулу дүкөндөн жыгачтан жасалган оюнчук жылан сатып алат. Апасын ээрчип театрга келген бала аны менен актерлорду чочутуп ойной баштайт. Ошол учурда ал кездеги жаш актерлор Имаш Эшимбеков менен Тургун Бердалиев экөө тамаша кылмакчы болушуп, балага: «Тээтиги байкеӊди барып коркутуп кел», — деп, Жамановду көздөй жиберишет. Жаманов болсо: «Айланайындар, бул кимдин баласы эле? Менден ары алгылачы», — деп, чуркаган бойдон театрдын фоесин аралай качат. Оюнчук экенин көрүп турса да «Чын жыланга окшоп жатпайбы», — деп жүгүрүптүр.
Апамдын тарбиясы өзгөчө эле
– Апамдын көпчүлүк убактысы жумушта өтчү. Ошого карабай, колго лагман чоюп же бешбармак, палоо жасап берүүгө түн болсо да убакыт тапчу, – дейт, режиссер эженин уулу Эрик Тургунбаев. –
Апамды ээрчип алып театрга барганды жакшы көрчүмүн. Анткени, ал жакта спектаклдерге колдонулчу жыгачтан жасалган сонун кылычтар, автоматтар, пулемёттор бар болчу. Булар мен үчүн чыныгы буюмдай сезилип, «мага ойноого беришсе», — деп кыялданчумун. Декорациянын, бутафориялардын өзгөчө жыты болот. Бала чакта ошол сырдуу, кызыктуу атмосфера абдан жакчу. Спектаклдердин каармандарынын сонун кемер курларын көрүп алып, «Кандай бактылуу адамдар ушуну курчанышат болду экен?», — деп ойлочумун.
Агам экөөбүздү апам катуу кармап тарбиялады. Башталгыч класстарда окуп жүргөн кезим болчу. Бир жолу классташым экөөбүз сабактан качып, «Люкс» дүкөнүнө бардык. Ал жерден мага оюнчук машина абдан жагып калды. «Кызыл машинаны сатып алсам, үйгө алып барып полго дырылдатып ойносом», — деп кыялданып кеттим. Мектепке келсек биздин класс дене тарбия сабагында экен. Кийим которчу бөлмөгө барып, классташ балдардын чөнтөгүн «тазалап», тыйын-чакаларын алып жатканбыз. Ошол учурда уурулугум кармалып калып, ал кабар апама жетти. Эми мени кур менен далыман шапалак алат го деп жүрөгүм түштү. Апам кечки тамакка отурганда, «Эми сени театрга алып барганымда Офелиянын баласы ууру дешет», — деп коркутуп айтты. Апамдын бул сөзү мага октой катуу тийди. Театрдагы Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова сыяктуу дөө-шаа актерлор «Офелия Эркинбаеванын баласы ушундай экен да», — деп, жаман көрүп жатканын көз алдыма келтирип жибердим. Ошону ойлоп алып, уятымдан балалык жүрөгүм «зырп» этип кетти. Көрсө, режиссер адам, адамдын жан дүйнөсүн, рухун катуу таасирленте турган жагдайды дароо табат турбайбы…
Апам драматург авторлор менен чыгарманы талдап иштегенде эркектей болгон тике карап айтма курч мүнөзү сезилип турчу. «Бул пьесаӊды сахналаштырууга болбойт. Мени кыйнабай алып кете бер. Сценадагы окуя конфликт аркылуу чечилиши керек. Анысы жок эле каармандарыӊды былжыратып сүйлөтө берипсиӊ», — деп айтып салчу.
Төлөмүш Океев «Кызыл алма» фильмин тартып жаткан жылдар экен. Чыӊгыз Айтматов тасманы тартуу учурунда келип көрүп: «Мен мындай жазган эмесмин, бул жерден чыгарманы чойгулап жиберипсиӊер», — деп айтыптыр. Анда улуу режиссер Океев: «Чыкемдин быша элек алмасын бышырайын деп жатсам жакпай койдум», — деп коёт дейт. Айтматов кинону кийин көрүп алып, Деги силерге, режиссерлорго арга жок экен», — деп, ыраазы болуптур. Анын сыӊарындай, апам да далай режиссерлордун чыгармасын чогуу бышырышып сахнага алып чыккан. Миӊ кырлуу, миӊ түрлүү түйшүгү бар чыгармачылыктын табияты ушундай экен, — деп эскерет Офелия эженин уулу Эрик Тургунбаев.
Улуу актердун кичине ролу болбойт
Бир жылдары кыргыз драма театрына иш менен барып калдым. Режиссер эже чоӊ залда КРнын эл артисти Советбек Жумадылов менен кайсы бир спектаклдин эпизодун даярдап жатыптыр. Жумадылов болсо: «Азыр-азыр, капа болбой турчу. Кайра кайталайм», — деп, кайра кирип-чыгып жатты. Иш аяктаган соӊ режиссер менен сүйлөшүп турдук. Ошондо Офелия эже: «Сокебиз чыныгы улуу актер. Кечээки спектаклдин көпчүлүк сценасына артта найза көтөрүп турууга жаш актер балдар жетпей жатты эле. Бокем: (Бообек Ибраев) «Соке, капа болбой чыгып берчи», — десе, Советбек костюм, паригин кийип келип туруп берди. Анда: «Театрга кечээ келген баладай болуп, Сокенин тигинде турганы эмнеси?», — дегендер да болду. Эже бул тууралуу: «Кичине роль жок, кичине актер бар», — деген ушул. Ар бир адам өз ишин жан дили менен сүйгөндө гана максатынын сересине жете алат», — деген эле.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW