Архивдин арасынан «алтын» таптым
Архивдик материалдарды карап отуруп өзүмө кызыктуу «ачылыш» жасап алдым. Көрсө, атам Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссер Медербек Назаралиев совет жылдары республикалык басылмаларга макала жазуу менен да алектенчү экен. Мисалы, «Жаӊы жогорулоого карай» аттуу чакан макаласы мен жарык дүйнөгө келе элек жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитине жарыяланыптыр. Кыргыз медиасы тармагында 35 жылга жакын эмгек өтөп, анын 20 жылын ал кездеги «Советтик Кыргызстан», азыркы «Кыргыз Туусу» гезитинде иштедим. Бүгүн тээ качаӊкы саргайган басылмаларды барактап жатып, өз ичимден: атам экөөбүз кандайдыр бир деӊгээлде кесиптеш болуптурбуз да, – деп койдум.
Бир жылдары Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар композитор Калыйбек Тагаевге журналисттик ишим менен барып аӊгемелешип калдым. Жаӊылбасам, анда Калыйбек ага Бишкектин Малдыбаев көчөсүндөгү Космос дүкөнү тараптагы үйлөрдүн биринде жашаса керек эле. Ал ошондо буларды айтып бергени эсимде: «Атаӊ Нарын театры ачылганда беш жыл иштеп, муну дүӊгүрөттү. Андан кийин Фрунзеге которулуп барып, кыргыз драма театрында легендарлуу спектаклдерди коюп, анда да дүӊгүрөгөн атак алып, кайра Нарын театрына которулуп келди. Ошол эки жолку келишинде теӊ биз «театр» деп атап алган, бирок эскилиги жеткен клубда спектаклдерди, концерттерди даярдаганда кыйналган күндөрүбүз көп болду. Жадагалса, сүрөтчүлөр жасаган декорацияларды сактай турган талапка ылайык оӊдуу жай жок эле. Медекем Фрунзеде иштеп жүргөндө Москвага эки жылдык окууга барып, ал жактын театрларынан бийик деӊгээлде чыгарылган спектаклдерди көрүп ого бетер дасыкты. Ошондон улам тоолук элдин эски клуб-театрынын абалына абдан ичи ооруса керек.
Мен ушул театрда обондун пири Жумакем (Жумамүдүн Шералиев – Н.Н.) менен чогуу иштеп, андан далай кесиптик тажрыйба алып такшалдым. Театрдагы обон жазып жүргөн жаштарды Жумакем аптасына эки ирет чакырып алып: «Жаӊы чыгарган обонуӊар барбы, кана алып келгилечи», – деп кадимкидей сурак жүргүзчү. Өзү болсо мейли аккордеон, мейли пианино болсун, отура калып обон чыгарып жиберчү. Айтор, кайран устатыбыздын жаны тынчу эмес. Ошондон улам кечкисин эл тараганда сахнада калып иштемекчи болдум. Бирок, көөдөндөгү «жылтыраган» бирдемени мына жазып баштайын деп отура калганымда, кичинекей эски клубдун бурч-бурчунан кандайдыр бир үндөр угулган сыяктуу таасир калтырчу… Көрсө, эски театрдын орду мурда мүрзө болгон экен. Бир-эки жолу ошенткенден кийин жалгыз калууну токтоттум», – деп айтып берген.
Атамдын айтуусунда тээ илгери жер-жерлерде колхоз-совхоз театрлары уюштурулуп, андан соӊ облустук театрлар ачылып, кайра жабылып жаткан жылдары Москвадан бир белгилүү театр сынчысы Фрунзеге келиптир. (Атам айткан театроведдин аты-жөнү азыр эсимде жок) Аны Маданият министрлигинин адистери коштоп Нарынга алып келишет. Ошондо тиги театровед: «Чоӊураак кокту сымал калкы аз аймакка театр куруунун эмне кереги бар?. Бул элдин театр тууралуу түшүнүгү калыптанганча нечендеген жылдар коройт», – деп кетиптир. Андай пикирлерге чычалап отурбай, орошон таланттардын бешиги болгон өнөр ордосу өз жолу менен иштей берди. Анткени, ушул чакан аймакта не деген «казылбаган алтын» уюп жатканын ал кайдан билсин? «Башкасын коюп Манасты айт» дегендей, 600 обон чыгарган Ж.Шералиев эле эмне деген гений эле?..
Белгилүү театр режиссеру, драматург жана журналист Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери Аманбек Жапаров Нарын театрынын 80 жылдыгына карата тарыхый очерк стилинде китеп жазган. Анда Аманбек: «Дөӊгөлөктүн үстүндөгү театрдын» актерлору тууралуу «Койсун Карасартова эже колхоз-совхоз театрында секелек кезинде эле иштеп жүргөндө гастролго барышып, айылдан айылга, райондон районго жөө-жалаӊдап, кээде ат, кээде төө, кээде эшек, бирде өгүз минип жүргөн күндөр болгонун айтып калчу. Кийинчерээк Сейитказы байкеге турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болуп калганда дагы гастролдоп жүрүшүп, бир жолу ат араба менен кетип баратышканда эмчектеги баласы ороо-чулгоосу менен арабадан түшүп калыптыр. Бир кыйладан кийин карап алып, бала жоктугун көрүп, ач айкырык салып, арабадан секирип түшүп, келе жаткан тарапка кайра чуркап барып, баласын таап алганын айтып калаар эле».
Айтор, азыркы архив кечээки тарых эмеспи деп, ошондой саргайган баракка түшүрүлгөн атамдын макалаларынын бирөөсүн тартуулагыбыз келди.
Аскалар арасындагы театр
Аскалары жылдыздарга жакын сымал аймактын Нарын музыкалык драма театры жөнүндө сөз кылууну эӊсеп жүргөнүмө көп болгон. Алгачкы ирет өткөн жайда театр гастролго кетери менен камынып алып, бирок дагы жаза албай калдым. Күндөр өтүп жатты. Жүрөктүн тереӊинен орун алган таттуу ой акыры калем кармоого түрткү берди.
Эски театрдын залы элге жык толду. Сыртта сампарлаган бороондуу кар көз ачырбай жаап жатат. Сахнада Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген артисткасы Сагыйпа Чечейбаева өзүндөй залкар чыгармачыл инсан, таланттуу композитор Калыйбек Тагаевдин «Долон» деген ырын аткарып жатты. Анын лирикалык элдик үнү барган сайын залды жаӊыртып, жүздөгөн жүрөктөрдү туйлатты. Ырды уга баштаганыбызда көз алдыга сүрдүү Долон ашуусу тартыла түшөт. Дөӊгөлөктөрүнө чынжыр орогон автомашиналардын колоннасы фараларын балбылдата жай жылат. Рулду мыкчый кармаган шоферлор кабинадан башын чыгарышып, алды-артына көз салышат. Моторлор үн алыша калса, өзүнчө эле оркестр ойноп жаткандай… Качанкы бир доорлордун жылып өткөнүнө жыл эсебин алып, күбө болуп келаткан карт Долонду чүмкөгөн жөө туман чукул арада тарачуудай эмес.
«– До-ло-он! До-ло-он…» – деп, мүмкүн Сагыйпа «Долонду» кечээги күндөгүдөй эч качан созгон эместир. Ал «Долондун» жаӊы вариантын бир жылдан бери элге кайрадан ырдап жүрөт. Кыргыз радиосу аркылуу берилип жүргөн вариантынан азыркысы бир топ айырмаланып калды. Строфадан кийинки кайрыктардын эӊ акыркысы узакка созулуп, ыргагы да жагымдуу. Ырды мынчалык бийик жана узак созуу – артистканын табият тартуулаган даремети.
Ал ырдап бүттү. Көпчүлүктүн суроосу боюнча Сагыйпа «Долонду» кайра аткарды. Бул сапар баштагыдан дагы жакшы ырдады.
– Үн деп мына ушуну айт, Ала-Мышык тоосуна чыгып барып ырдаса да, бул жерге даана угулчудай, – деди алдыӊкы катардагы отургандардын бирөөсү.
– Дем албай созгонун айтпайсыӊбы, көөдөнү бүт эле үн болсо керек, – деди экинчиси.
Майрамдык концертке катышкандардын минтип суктануусу да жөндүү болчу. Анткени, Сагыйпа акыры келип, «Долондун» өмүрүн узакка созууга жетишпедиби! «Уккандын кулагы сүйүнсүн» дейт эл. Ырчынын аты-жөнүн кыргыз-казактын кыйырына жеткирген, биринчиден, тубаса үн болсо, экинчиден, ушул «Долон» тууралуу ыр.
«Долон» ырдалып коомчулукка чыккандан бери аны Сагыйпадай ким жеткире ырдай алат болду экен? деп жүрсөк, эми ал жаӊы варианты менен замандаштарынын бирин да караандатпай кетти. Кыргыз радиосу «Долондун» жаӊы вариантын жазып алып, көпчүлүккө тартууласа, жүздөгөн угуучулар биздин оюбузга кошуларына күмөн санабайбыз.
Тоолук элдин булбулу болгон ырчы Сагыйпа Чечейбаева дал ушул деӊгээлге жетүүдөн мурда чыгармачылыктын агыны катуу суусун кечип, ашуусу бийик тоосунан өттү. Ал мындан он үч жыл мурда театрга кабыл алынган элдик өнөрпоз. Нарын районунун Кара-Чий айылынан келген карагаттай кара көз кыз өздүк көркөм чыгармачылыгынын катардагы мүчөсү эле. Азыр ал театрдын ынтымактуу коллективине кошулгандан бери вокалдык бийик дареметин көрсөтө баштаган. Анын профессионалдуу аткаруучу болуп калыптануусуна таланттуу обончу Асанбек Абдыласовдун кыйла эмгек кылганы талашсыз. Анткени, Сагыйпа андан эӊ оболу нота таанып, Асанбектин обондорун сахнага алып чыгып жатат.
Актрисанын тубаса талантына түйшүктүү эмгек кошулуп, ал өз жемишин берди. Өткөн он үч жылдын ичинде Сагыйпа Чечейбаева көптөгөн ырларды аткарып, сахнада ондогон сонун образдарды түздү. Анын аткаруусундагы бир нече ырлар кыргыз радиосунун алтын фондусунан биротоло конуш тапты.
Тоо кызы жөнүндө мынча сөз болгон соӊ, дагы бир ойду айта кетүүгө туура келет. Композитор Калыйбек Тагаевдин «Жаныбарым Гүлсары» аттуу ырын да азырынча андан жагымдуу, андан колориттүү кылып эч ким аткара элек. Балким келечекте дагы бир таӊ калтырган талант чыгып, бул ойду жокко чыгарбаса, азырынча Чечейбаева койгон рекорд өз күчүндө.
Кийинки кездерде бир кишини экинчи бирөөгө салыштырып, айталы, легендарлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеваны «кыргыздын Галина Улановасы», Сагыйпаны «кыргыздын Людмила Зыкинасы» деп салыштыргандар чыкты. Биз буга такыр кошула албайбыз. Анткени, Уланова да, Зыкина да, Бүбүсара да, Сагыйпа да бири-бирине дегеле окшобогон таланттар. Маселен, кантип эле дагестандык акын Расул Гамзатов менен прибалтикалык Эдуардас Межелайтисти, Алыкул Осмонов менен балкар акыны Кайсын Кулиевди, казак жазуучусу Мухтар Ауэзов менен биздин Чыӊгыз Айтматовду бири-бирине салыштыра алабыз? Айталы, Гамзатов Межелайтис, ал эми Межелайтис Гамзатов боло албагандай эле, Сагыйпа Зыкина, Зыкина Сагыйпа боло албайт. Ар кимисинин өз жолу, өзүнчө бөтөнчүлүгү бар. Кыскасы, Сагыйпа – Ала-Тоонун кучагында таӊшыган бактылуу булбул.
(Уландысы кийинки санда)
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW