Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2025-жылдын 27-августуна карата 12 млрд. 522 млн. кубометрди түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Мындай маалыматты Энергетика министрлиги 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата экономика тармактарын жана калкты кышка даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Кыргызстандын табигый шарты катаал болуп, алты ай бою кыш жаткан тоолуу аймактары көп. Маселен, кышкысын Суусамырдын суугу 40 градуска жетет. Тонналаган көмүргө көз карандылык азайып, свети үнөмдөлүп, элибиз жылуу жашашы үчүн үйдү заманбап технологиялар менен куруу, оӊдоо зарылдыгы көтөрүлүп келет. Ушул маселеге саресеп салып көрөлү дедик.
Жаӊы технологиядан артта калба
Бишкектин жашоочулары үйлөрүнө экологиялык жылытуу системасын орнотууга 1 млн. сомго чейин жеӊилдетилген кредит алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул Бүткүл дүйнөлүк банктын «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында жакындан баштап ишке ашырыла баштайт. «Азыркы тапта Бишкектеги көпчүлүк үйлөр көмүр жана отун менен жылытыла турган эски жабдууларды колдонуп келишет. Сунушталып жаткан бул долбоор абанын булганышын кыскартууга, шаар калкынын саламаттыгын жакшыртууга багытталып жатат. Долбоордун экинчи компоненти — экологиялык жылытуу технологияларын жайылтуу боюнча ички рынокту өнүктүрүүнү көздөйт. Мындай жаӊы иш Борбор Азия региону боюнча алгачкы жолу Кыргызстанда ишке ашырылат», — деди Финансы министрлигине караштуу долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Мусакожоева.
Кыргызстандын бийлиги ушул сыяктуу эл аралык финансы институттарынын каражатын тартып, калкка үй жылытуунун заманбап технологияларын үйрөтүп, жайылтууга жол ачканы колдоого аларлык кубана турган иш. Айтайын дегенибиз, мындан он жыл мурда Евросоюздун колдоосу аркылуу «Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо» программасынын алкагында кыйла иштер жүргүзүлүп келген. Мындай долбоорлор эмне үчүн керек? Анткени, биздин жарандар тамдын сыртын пенопласт менен чаптап коюу менен чектелип, «үйүм эмне үчүн жакшы жылыбайт?», — деп түйшөлүшөт. Ал эми эл аралык өнөктөштөрдүн программаларында ар бир ишке үстүрт эмес, комплекстүү мамиле кылууну талап этишет. Буга бир мисал келтирели.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча конушу Бишкектин түштүк тарабындагы тоолорго барып такалат. Шаар ичине салыштырмалуу бул аймакта кыштын суук күндөрү арылдаган шамал уруп турат. Ушул конушта эки-үч кабаттуу болуп салынган түрдүү архитектурадагы менчик үйлөр арбын. Бир кабаттуу тамдар да көп. Угушубузга караганда, кыш күндөрү Бишкекте квартирасы бар айрымдары квартираларына барып жашап, жайкысын бул жердеги чоӊ үйлөрүнө кайтып келишет экен. Анткени, электр энергиясы кышкысын ченемден көп жагылгандыктан чоӊ үйдү жылытууну жана баардык тиричилик техникаларынын иштөөсүн көтөрө албайт. Көмүр жагуу болсо түйшүктүү иш. Ал эми мындагы жер төлөсү бар эки кабаттуу үйүн жылуулатып алган Зейне Казыбаеванын эки кабаттуу үйүнүн ичи өткөн кышта 25 градус ысык болуп турганын айтты. Үйдүн кожейкесинен турак-жайды жылытуу тажрыйбасы менен бөлүшүүнү өтүндүк.
— Кээ бир кошуналарыбыз үйдүн сыртын пенопласт менен каптатып коюу менен чектелишет, — дейт ал. — Бирок, бул жетиштүү эмес. Айрыкча чоӊ тамдын пайдубалын, полун, терезе-эшиктерин, чатырын жылуулатуу, ага тиешелүү атайын мешти орнотуу менен комплекстүү жылуулоо керек. Мына ошондо гана электр энергиясыбы, газ же көмүрбү, айтор, кайсынысы жагылса да жылуулукту термос сыяктуу кармап калат экен. Мындай жаӊы ыкма кышкысын жылуулукту сыртка чыгарбай, жайкысын болсо салкындыкты кармап турат. Ал үчүн курулуш материалдарынын сапаттуусун тандап алуу керек. Аны саткан компаниянын сертификаты болууга тийиш. Көрдүӊөрбү, бул бизден кийин балдарыбызга түбөлүк калчу мурас болуп жатпайбы.
— Айтсаӊыз, эки каттуу үйдүн бир да бөлмөсүнөн батарея көралбай жатам. Үйүӊүздү кандай фирма жылуулаган?
— Полду электр энергиясы менен жылуулаткандан кийин батареянын кереги жок болуп калды. Жумушту көрүнгөн эле бирөөлөргө ишенип жасата берүүгө болбостугун эске алып коюу керек. Жылуулатуу ишмердүүлүгү боюнча рыноктон өз ордун тапкан, патенти бар курулуш фирмасын тандаган жакшы. Эӊ биринчиден, жылуу үйдө оорубай жашап, бала-чаканын ден соолугу чыӊ болушу өзүбүз үчүн керек эмеспи. Жылуулатуунун мындай ыкмасы өнүккөн мамлекеттерде небактан бери колдонулуп келе жатыптыр. Мурда бир кышта 17 000 сомдун тегерегинде 6 тоннадан ашык Казакстандын көмүрүн сатып алып жакчубуз. Күл чыгарып, тамызгыга жыгач издеп, быйыл көмүр арзан болсо экен деп, суук түшөрдө санаркоо башталчу. Көмүрдү түнгө чейин жагып чыкчубуз. Таӊга маал чоктун табы кайтып, эртеси таӊда үшүп калчубуз. Азыр болсо сутка боюу жылуулук кармалып турат. Тегеректеги кошуналарыбыз болуп, баарыбыз көмүр жаккандыктан жаз келгенде көчөлөр, короолор күлдөбөгө айланып кетет. Турак-жайды ушундай комплекстүү ыкма менен жылытууну шаарларга, алыскы элет жерлерине чейин тегиз таратылса, көмүрдөн чыккан СО2 заты азайып, экологияга зыян келтирүү кыйла кыскармак. Биз үйдү жылуулатуудан кийин 10 мүшөк көмүр сатып алып, катуу суукта болгону 5 мүшөгүн эле жактык. Карыдан кичинекей балага чейин жука футболка кийип эле кыштан чыгып жатабыз. Мурда көмүрдү айтпаганда, электр энергиясына ай сайын 12000-14000 сомго жакын, кыш катуу болгондо 16000 сомго чейин төлөчүбүз. Ал эми өткөн кышта болгону 6000 сомго жакын электр энергиясына дүмүрчөк келип жатты. Бул капчыкка кадимкидей эле үнөм болуп, от жагуу, күл чыгаруу түйшүгүнөн дээрлик кутулуп калдым. Дагы айта кетсем, биз жалдаган курулуш фирма полду жылуулатуунун сапатына 10 жылдык кепилдик беришти. Андан тышкары, үйдүн баардык тарабын жуурканга орогондой жылуулатканыбыздын сапатына 25 жылга кепилдик берилди. Жылуулатуу жумушун бүткөрүүгө жалпысынан 2 ай кетти». Каарманыбыз жогоруда биз айткан «Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо» программасынын алкагында үйүн жылуулаткан.
Айрым айылдарда чоӊ тамды куруп алышып, кышкысын жылыта албай, сырттагы времянкасына кирип, жазга чейин жашаган үй-бүлөлөрдү көрүп жүрөбүз. Терезе-эшик бүтөлбөгөндүктөн, жылуулук сыртка чыгып, суук ичкери кирип турат. Көмүргө күч келтире жакканыбыз менен тамдын тышын жылытып жатканыбызды билбейт экенбиз. Ошондуктан, үйдү жылытуунун жогорудагыдай ыкмасын алыскы аймактарга чейин таратуу учур талабы болуп баратат.
Эксперттик көз караш
Үч жыл мурда «Үйдү жылытууну үйрөндүӊүзбү?» деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ушул өнөктүккө катышкан жарандардын 74 пайызы кышкысын көмүр жана электр энергиясы менен үйүн жылытышарын айтышкан. Ал эми 38 пайызы жалаӊ электр энергиясын колдоно турганын мойунга алышыптыр. Албетте капчыкка күч келгенде ар бир үй-бүлө электр энергиясын аз колдонууга аракеттенет. Сурамжылоодо: «Электр жарыгын кереги жок учурда колдонбойбуз. Үйдөн чыкканда электр жарыгын, электр приборлорду өчүрөбүз», — деп жооп беришкен. Бирок, үйдү жылуулатуу тууралуу дээрлик эч кимиси үндөгөн эмес. Үйдөгү жылуулуктун 30 пайызы, үйдү жылуулабагандыктан коромжу болуп жатканын айткандар аз болгон. Тамдын шыбын эптеп-септеп чампалап коюп, эшик-терезенин тешиктерин бүтөгөндү билбегендиктен үй-бүлөлүк каражатка күч келтирип эле тим болбой, мамлекеттин бүтүндөй энергетикалык системасына зыян тарттырып, оорчулук келтирип жатканын түшүнгөндөр аз. Техника илимдеринин доктору, энергетик А.Обозов мындай дейт: «Ай сайын 1000 киловаттан ашык электр жаккан адам, үйүн талаптагыдай жылуулаткандан кийин 600 же 700 кВ эле электр энергиясын жагат. Ал эми электрге корогон каражаттын орчундуу бөлүгү өз чөнтөгүндө калса жаманбы? Бир үй-бүлөдөн 300 киловатт артса, ал өлкө боюнча болжолдуу 2 млрд. кВ га жакын үнөмдөлүп жатпайбы», — дейт.
Бир караганда майда көрүнгөнү менен абдан маанилүү болгон нерселерди эске ала жүргөнүбүз оӊ. Маселен, чыӊалуучу лампалардын ордуна жарык диоддун лампаларын колдонуу электр энергиясын он эсе аз чыгымдайт. Эгерде «А» класстагы энергия керектөөчү тиричилик техникаларын колдонуу, колго жасалган жылуулук приборлорунан алыс болуу, электр приборлорунун баарын бир учурда тегиз иштетпөө анчалык көп эмгекти, каражатты жумшабаган аракетибиз жалпы өлкө энергетикасынын өнүгүшүнө салым кошмок.
Энергиянын кайра жаралуу булактары же жашыл энергетика боюнча Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү өтө чоӊ. Жалпы КМШ аймагында Кыргызстан Россия менен Тажикстандан кийинки эле суу ресурстарына бай мамлекеттердин катарына кирет.
Дүйнөдөгү экономикалык оор абал, парник эффектиси сыяктуу маселелер чек арага баш ийбеген, жалпы адамзаттын көйгөйү экенин дүйнө өлкөлөрү тереӊ түшүнүп турган кез. Батыштын өнүккөн өлкөлөрү бүгүн энергиянын кайра жаралуу булактарын катуу өздөштүрүүгө өтүп жатышат. Мисалы, Белгия, Швеция, Австрия бардык көмүр электрстанцияларын жаап, энергиянын кайра жаралуу булактарын колдоно башташты. Англия 2020-жылдын 1-кварталында электрди өндүрүүдө шамал энергиясы, газ электрстанцияларын: шамал менен 44,6 пайыз, газ менен 29,1 пайыз басып өттү. Ал эми Дания болсо деӊиз шамалын пайдаланып, кубаттуулугу 4 гВт болгон эки «энергетикалык арал» кура турганын жар салды. Ошону менен бирге 2030-жылы электрди толугу менен энергиянын кайра жаралуу булактарынан алууну пландап жатат. Андан тышкары, экологиялык таза энергиянын негизги экспорттоочусу болууга даярданууда. Айтор, эл аралык энергетика тармагы жашыл энергетикага баш уруп жаткан кези. Бүгүнү күндө өлкөбүздүн энергетика сектору өз мыйзамдарын ушул сыяктуу реалдуулукка туура келтирүү жолуна түшөт деп тилек кылып туралы.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW