ДомойБИШКЕК“Кытай окумуштуулары менен бир нече багытта биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз”
“Кытай окумуштуулары менен бир нече багытта биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз”
Биздин басылмага берген маегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов илимдин жана академиянын өнүгүү
сүнө байланыштуу көптөгөн актуалдуу суроолорго жооп берди. Ал илимпоздордун бүгүнкү көйгөйлөрү жана үмүттөрү, өлкөдөгү илимдин орду, илимге каржылоону кантип тартууга болоору, эмне үчүн кыргыз окумуштууларынын жетишкендиктери чет өлкөлөрдө бааланганы менен, өз өлкөбүздө жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келгени тууралуу да айтып берди.
Муну менен катар эле эл аралык кызматташтык, анын ичинде кытай окумуштуулары менен болгон байланыштар тууралуу дагы кенен сөз болду.
— Канатбек Эрмекович, бүгүнкү күндө ата мекендик илим өнүгүү жолундабы же төмөндөө мезгилиндеби?
— Эгер тарыхый көз караштан карай турган болсок, мындан 30 жылдай мурун биздин илимдин негизги көйгөйү ага болгон суроо-талаптын жоктугунда болгон. Чындыгында мунун таң калыштуу эч нерсеси жок, жөн гана илим жетиштүү деңгээлде каржыланбай келген. Өлкөнүн мурдагы жетекчилигинин көңүл борборунан илим дээрлик чыгып калган болчу. Азыр болсо, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин илимге болгон мамиле өзгөрдү. Муну баары көрүп жана сезип жатышат. Каржылоо көбөйдү, биздин пикирлерибиз эске алына баштады, илимий иштеп чыгууларга кызыгуу артты.
Мисалы, академия 70 жылдан бери иштеп келе жатканына карабастан, анын имараты биринчи жолу оңдоп-түзөөдөн өттү. Былтыр эмгек акылар 100 пайызга жогорулады. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын тарыхында бизге биринчи жолу 26 унаа бөлүндү — ар бир институтка талаа изилдөөлөрүнө чыгуу үчүн бирден унаа берилди.
Мындан тышкары, биз биринчи жолу Министрлер Кабинети менен мамлекеттик буйрутмалардын негизинде иштей баштадык. Мунун баары, менимче, академиянын коомдогу орду өзгөрүп, анын мамлекеттик чечимдерди кабыл алуудагы таасири күчөгөнү менен байланыштуу.
Мисалы мамлекеттик буйрутма деген эмне? Бул — мамлекет окумуштууларга конкреттүү илимий иштеп чыгуулар боюнча тапшырма берет дегенди билдирет. Ал иштердин жыйынтыгы экономиканын реалдуу тармактарынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталууга тийиш. Башкача айтканда, мамлекет максаттарды коёт, ал эми илим ошол чакырыктарга жооп берет.
Мындан тышкары, мурдагы мезгилдерден айырмаланып, бүгүн окумуштуулар өлкөнүн муктаждыктарын эске алуу менен өздөрүнүн илимий сунуштарын өздөрү киргизип жатышат. Алардын пикиринде, мындай иштеп чыгуулар Министрлер Кабинетин кызыктырып, кийин каржылоого ээ болушу мүмкүн.
— Мындай мисалдар азыртан эле барбы?
— Бар. Жакында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Геология институтуна келип, анын иши менен таанышып, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы глауконит кенин изилдөөгө кошумча 99 миллион сом бөлдү. Бул минерал жер семирткич катары колдонулушу мүмкүн. Ал селитрага караганда кыйла арзан жана топуракты бузбайт. Ошондой эле айдоо жана жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн бир топ жогорулатат.
Глауконитти колдонуу: дан өсүмдүктөрүнүн түшүмүн 30 пайызга чейин; картошканын түшүмүн 70–80 пайызга чейин; уйларга тоют катары кошулганда сүт өндүрүүнү 20–30 пайызга чейин жогорулатат. Бул минерал адам үчүн зыянсыз. Биздин эсептөөлөр боюнча, анын запасы миллиондогон тоннаны түзөт. Мурда да окумуштуулар кымбат жана зыяндуу селитранын ордуна арзан глауконитти колдонууну сунуштап келишкен, бирок алардын сунуштары угулган эмес. Азыр болсо бул багыттагы изилдөөлөр өлкө үчүн, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу үчүн да пайдалуу экенин далилдей алдык. Бизде бул иштерди жүргүзүүгө жетиштүү адистер жана ресурстар бар.
Эң негизгиси — бизде өлкөгө керектүү жана пайдалуу иштерди өз күчүбүз менен жасай алабыз деген ишеним жана жаңы дем пайда болду. Ал эми илимий идеяларың каржылык колдоо менен бекемделсе, бул окумуштуулар үчүн чоң стимул болуп, коом алдындагы жоопкерчилик сезимин күчөтөт.
— Белгилүү болгондой, өлкөбүздө мамлекеттик маанидеги ири долбоорлорду экспертизадан өткөрүү үчүн чет элдик адистер чакырылат. Ата мекендик окумуштууларга ишенишпейби? Же алардын мүмкүнчүлүгү жетишсизби?
Мындай көрүнүш мурда болгон. Азыр болсо ата мекендик окумуштуулардын экспертизасына болгон мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Эгер мурда биздин корутундулар эң жакшы дегенде гана эске алынып келсе, бүгүнкү күндө Улуттук илимдер академиясы эң жогорку деңгээлде каралып жаткан стратегиялык долбоорлорду даярдоого катышууда. Бул өлкө үчүн да, илим үчүн да өтө маанилүү. Академияда маанилүү документтерди, мыйзамдарды жана өнүгүү программаларын терең экспертизадан өткөрө ала турган жогорку деңгээлдеги, кеңири профилдеги адистер бар.
Бул жерден басым жасап айта турган нерсе, ар кандай долбоорду комплекстүү, бардык аспектилерин кылдат талдап чыга ала турган — убактылуу эксперттер эмес, дал ошол ата мекендик окумуштуулар.
Мисалы, азыр Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору ишке ашырылууда. Бул долбоорго биздин Сейсмология институтунун изилдөөчүлөрү активдүү катышты. Биз өз сунуштарыбызды жана сын-пикирлерибизди Жогорку Кеңеште билдирдик, Министрлер Кабинетине өз корутундубузду жөнөттүк. Биздин изилдөөбүз жана келтирген жүйөлөрүбүз бардык жерде колдоо тапты. Бүгүнкү күндө Улуттук илимдер академиясынын экспертизасына бардык тараптар абдан олуттуу мамиле кылышат.
— Илим үчүн кадрларды даярдоо тууралуу сөз болгондо, сиздин кесиптештериңиздин бири маегинде абдан туура белгилеген экен: “Артыма карасам, мени ээрчип келе жаткан эч ким жок экен”. Эмне үчүн жаштар илимге барбай жатышат?
— Тилекке каршы, ал туура айткан. Бул абдан маанилүү маселе. Бүгүн биздин илимдин докторлорунун орточо жашы болжол менен 65 жашты түзөт. Бизден кийин келе турган окумуштуулардын жаңы мууну жетиштүү эмес. Бул акыркы 30 жылдагы абалдын натыйжасы. Ошол мезгилде өлкө жетекчилиги илимге жетиштүү көңүл бурган эмес, бул тармакка чоң зыян келтирген. Ошондуктан жаш курактык ажырым пайда болду. Бизге жөн гана жаш окумуштуулардын саны көп болушу керек эмес. Алар заманбап билим алган, мотивацияланган жана чыгармачыл болушу зарыл.Бирок мындай жаштардын көбү илимий жолдон кетип, жакшы маяна жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар ар кандай компанияларга ишке орношуп жатышат. Албетте, аз айлыкка карабай илимге келген, илимге берилген жаштар да бар. Бирок алардын саны аз.
Бизге жаштарды илимий багытта кармап кала турган туруктуу система керек. Мен мындай система түзүлөт деп ишенем. Анткени кыргыз илими өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири боло баштады деген үмүт пайда болду.
— Балким, эл аралык кызматташтыкка көбүрөөк көңүл буруу керекпи?
— Албетте. Бүгүн дүйнө да, илим да ааламдашууда. Илим азыр эл аралык ишмердүүлүктүн маанилүү тармагына айланды. Чоң маселелерди чечүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн мыкты окумуштууларынан турган биргелешкен топтор түзүлүп, жалпы жыйынтыктар алынууда. Биздин окумуштуулар да ар түрдүү мамлекеттердин кесиптештери, Россия, АКШ, Европа өлкөлөрү, Кытай жана башка мамлекеттер менен дагы жигердүү иштешип келет. Муну илимий эмгекти туура бөлүштүрүү деп эсептейм.
Илим чоң каражатты талап кылат. Мындай мүмкүнчүлүк бардык эле өлкөлөрдө боло бербейт. Бирок жалпы идеялар, өз ара пайдалуу кызыкчылыктар бар. Буга акыркы жылдары Кытай окумуштуулары менен болгон активдүү кызматташуубуз мисал боло алат. Жалпысынан илим саясаттан тышкары болушу керек деп эсептейм.
Мисалы, жер титирөө качан болушу мүмкүн экенин жана анын күчү кандай болорун аныктоо үчүн саясаттын кереги жок. Бул көрүнүш чек ара тааныбайт жана ар бир өлкө үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн.
— Кытай менен кызматташууга болгон кызыгуу эмне менен түшүндүрүлөт жана эмне үчүн азыр өзгөчө күчөдү?
— Биринчиден, Кытай — бизге кылымдардан бери коңшу мамлекет. Бул жагынан бизге мүмкүнчүлүк берилген деп эсептейм. Экинчиден, Кытай илими азыр абдан тез өнүгүп, дүйнөлүк лидерлик позицияларга чыкты. Бул Кытайдын илимге жумшаган эбегейсиз чоң каражаттарынын эсебинен болду. Мындан тышкары, кытайлык кесиптештер өз билимдерин жана иштелмелерин рынокко чыгарууну абдан жакшы билишет. Биз өзүбүз азыр Кытай сыяктуу илимге ири инвестиция сала албайбыз. Ошондуктан кызматташтык биз үчүн өтө маанилүү.
Мен кытайлык кесиптештердин да бизге кызыгуусу чоң жана алар биз менен кызматташууга абдан ынтызар экендигин билем. Эгер байланыштарыбызды карасак, биздин эң көп долбоорлорубуз, илимий макалаларыбыз жана байланыштарыбыз дал Кытай менен байланыштуу экенин көрөбүз. Албетте, Россия жана Европа өлкөлөрү менен да жакшы байланыштарыбыз бар. Бирок Кытай менен кызматташуунун дагы бир артыкчылыгы — алар долбоорлорду гана сунуштабастан, аларды каржылоону да сунушташат. Бул биз үчүн биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана белгилүү бир натыйжаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Биз азыркы тапта Кытайдагы кесиптештерибиз менен бир нече багытта биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Синьцзян-Уйгур автономдуу району (СУАР) менен байланышкан илимий уюмдар менен эки өлкө үчүн тең маанилүү болгон суу маселесин изилдеп жатабыз. Белгилүү болгондой, СУАР — кыйла кургакчыл аймак. Ал жактагы бардык суу Теңир-Тоодон келет. Ал эми суу 30 жылдан кийин, балким андан да эртерээк, дүйнөдөгү №1 маанилүү ресурска айланышы мүмкүн. Ошондуктан кытайлык окумуштуулар бул суу ресурсу дагы канча убакытка жетерин жана аны сактап калуу үчүн биз менен биргеликте кандай иштерди жүргүзүү керектигин изилдөөгө кызыкдар. Бул суу биздин тоолордон агып чыгып, Тарим чөлүнө кетет. Ал жакта аны сактап калууга мүмкүнчүлүгү аз. Албетте, биздин аймакта суу сактагыч куруу эки тарапка тең пайдалуу болмок. Суу жыл бою агып турат эмеспи, бирок негизинен жай мезгилинде керек болот. Ошондуктан кышында аны топтоп, жайында пайдаланууга берсек бардыгыбызга жакшы болоору шексиз. Бул кытай тарап үчүн чоң кызыкчылык жараткан багыт жана биз аны өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн да пайдалуу багытка айландыра алабыз.
Кыргызстандык жана кытайлык изилдөөчүлөр мындан бир нече миң жыл мурда жашаган ата-бабаларыбыздын тарыхын да биргелешип изилдеп жатышат. Тарыхта биздин ата-бабаларыбыз азыркы Турпан аймагынын территориясында жашаган мезгилдер болгон. Башкача айтканда, кытай жылнаамачылары өздөрүнүн беш миң жылдык тарыхында жазып калтырган тарыхый маалыматтарга караганда, биздин элдердин тарыхый тамырларында окшоштуктар бар. Албетте, алардын жазма булактарында биз жөнүндө кандай маалыматтар бар экенин билүү биз үчүн абдан кызыктуу. Мындан тышкары дагы башка биргелешкен илимий долбоорлор бар.
— Кытай окумуштуулары менен кызматташуу үчүн илимдин кайсы багыттарында көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар?
— Өткөн жылдын аягында Кытай илимдер академиясы жарыялаган илимий иштеп чыгуулар боюнча конкурска, кийин каржылоо каралган шартта, кыргызстандык жана кытайлык окумуштуулар сейсмология багыты боюнча жети биргелешкен долбоор жөнөтүштү. Бул багыт эки тарап үчүн тең кызыктуу.
Башка келечектүү багыттар: биотехнология; фармацевтика; климаттын өзгөрүшү жана ага байланыштуу экологиялык кесепеттер. Албетте, микробиология жана нанотехнология тармагындагы кытайлык кесиптештер менен тыгыз иштешүүнү каалайбыз. Мисалы, Циндао шаарында мага деңиз балырларынан нанотехнологиялардын жардамы менен жасалган атайын пленканы көрсөтүштү. Аны чөлдүү аймактарды каптоо үчүн колдонууга болот. Анын астында ным топтолуп, кумдуу жерлер түшүмдүү топуракка айланат. Бул пленка буга чейин Такла-Макан чөлүндө колдонулган. Демек, коңшу өлкөлөрдүн окумуштуулары менен кызматташуу зарыл. Айрыкча, дал ушундай ортобузда олуттуу ишкердик жана жакшы мамилелер түзүлүп жаткан мезгилде биргеликте иштешүү бардык тараптар үчүн ийгиликтүү болмокчу.
— Бирок илимий эл аралык кызматташтык идеяларды, билимдерди уурдоо коркунучун жаратат деген пикирлер да бар. Сиздин көз карашыңыз кандай?
— Мен жогоруда белгилегендей, бүгүн илим глобалдык мүнөзгө ээ. Эгерде биз изилдөөлөрүбүздү дүйнөгө тааныткыбыз келсе, анда билимдерибизди бөлүшүшүбүз керек. Илимий коомчулуктун баасына чыгарып, жогорку импакт-фактору бар таанылган журналдарда жарыялоо зарыл. Менин оюмча, “сенин билимиңди уурдап кетиши мүмкүн” деген кооптонуулар негизсиз. Илимий натыйжаларды уурдап кетүү мүмкүн эмес, анткени алар буга чейин катталган же патент менен корголгон болот.
— Жакынкы келечекте кандай иштерди ишке ашырууну пландап жатасыздар?
— Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү окумуштууларды экология маселелери кызыктырат. Албетте, бизди да бул тема тынчсыздандырат. Айрыкча өлкөбүздүн алдында турган экологиялык көйгөйлөр илим үчүн да чоң милдеттерди коюуда.
Алардын бири — Ысык-Көлдүн экологиясы. Көлгө канча туристти кабыл алууга болот, ошол эле учурда жаратылышка олуттуу зыян келтирбөө үчүн кандай чектөө болушу керек? Биз миллиондогон эс алуучулардын келишине кубанабыз. Өткөн жылы алардын саны үч миллионго жетти. Киреше жагынан алганда бул жакшы. Бирок жабык экосистема болгон биздин тоолуу берметибизди сактоо жагынан бул көйгөйлүү маселе. Бул тууралуу буга чейин да биздин белгилүү окумуштуулар айтып келишкен.
Ысык-Көлдүн экологиясы — илимдин алдында турган маанилүү милдет. Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү институту ушул актуалдуу маселе боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат: Ысык-Көл өзүнө зыян келтирбестен канча туристти кабыл ала алат? Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы азырынча белгисиз. Бирок алар бизди кубандырбай турган болушу мүмкүн. Андай болсо, Ысык-Көлдү массалык туризм үчүн чектөө зарыл болуп калат. Анткени көл мындай жүктү көтөрө албай, өзүн-өзү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн жоготушу мүмкүн. Мен өкмөт биздин илимий жүйөлөрүбүзгө көңүл бурат деп үмүттөнөм. Акыры, биз жашообузду бир гана акча үчүн куруп жаткан жокпуз да! Анткени көлдүн азыркы абалын сактап калуу мүмкүн болбой калса, кийин эч кандай акча аны кайра калыбына келтирүүгө жардам бере албайт.
Мен таптакыр башка Ысык-Көлдү көргөм. Биз андан эң таза сууну алып, балык шорпосун даярдачубуз. Бүгүн мындай кылууга таптакыр болбойт, анткени суунун курамы өзгөрдү. Азыркы учурда ал кооптуу жана зыяндуу болуп калды. Демек, бүгүн менин неберелерим мен жана менин муунум билген Ысык-Көлдү көрө алышпайт. Албетте, өнүгүүнү токтотуу мүмкүн эмес. Бирок аны туура, акыл-эстүү жүргүзүү керек. Бардык жерде тең салмактуулук болушу зарыл. Биз, окумуштуулар, чечим кабыл алган адамдарга эмне үчүн айрым нерселерди жасоого болбой турганын далилдүү түшүндүрүп, жаратылышка пайда үчүн гана карабай, жоопкерчилик менен мамиле кылууну талап кылышыбыз керек. Анткени бул маселеде утулуп калчу тарап өзүбүз болобуз.
Чыныгы мисал келтирейин. Биздин көз алдыбызда Бишкектен он чакырым алыстыкта жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосу жансыз, чаң баскан дөңсөөгө айланып баратат. Бул жерде курулуш үчүн шагыл казуу иштери активдүү жүрүп жатат. Чаңдын булуттары жакын жайгашкан айылдарды айтпаганда да Бишкекке чейин жетет. Биология институтунун кызматкерлери бул экологиялык көйгөйдү токтотуу үчүн бир нече жолу өкмөткө кайрылышкан. Бирок экскваторлор күнү-түнү иштей берген. Акыры окумуштуулардын жүйөлөрүнө көңүл бурулду. Менимче, биздин аракеттерибиздин да таасири болду. Бүгүнкү күндө бул жерде кен казууга тыюу салуу боюнча токтом даярдалып жатат. Маалым болгондой, жергиликтүү ишкерлер бул аймакка кырк миң дарак отургузууну пландап жатышат. Жаратылыш мындай камкордук үчүн сөзсүз жооп кайтарат.
Дагы бир маанилүү маселеге көңүл бургум келет — бул биздин тоолордо өскөн, уникалдуу дарылык касиетке ээ өсүмдүктөрдү өнөр жайлык кайра иштетүү. Белгилүү болгондой, тоо чөптөрүндөгү пайдалуу жана активдүү заттардын концентрациясы өрөөндөрдө өскөн өсүмдүктөргө караганда кыйла жогору. “Тоолуктар” оор шарттарда жашап, шарттуу түрдө айтканда, жашоо үчүн күрөшүп келишет. Ошондуктан алардын курамында жашоо күчү топтолгон түрдө болот. Бир килограмм тоо чөбүнүн пайдасы түздүктө өстүрүлгөн бир тонна өсүмдүккө барабар. Биздин чоң аталарыбыз жана ата-бабаларыбыз бул өсүмдүктөрдү ар кандай ооруларды дарылоодо ийгиликтүү колдонушкан.
Улуттук илимдер академиясында Химия институту бар. Ал бүгүнтөн тартып эле бул багытта активдүү иштеп, тоо чөптөрүнүн негизинде медицина, косметология жана тамак-аш өндүрүшү үчүн ар кандай препараттарды чыгарууга даяр. Институттун кызматкерлери бардык керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүштү, илимий макалаларды жарыялашты. Бир гана нерсе, өндүрүштү баштоо үчүн каражат керек. Бул тууралуу биз өкмөт менен бир нече жылдан бери сүйлөшүп келебиз. Тилекке каршы, буга чейин бул жана башка иштеп чыгууларыбызга кызыгуу аз болду. Бирок акырында биздин окумуштуулар бул долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын Министрлер Кабинетине далилдей алышты.
Анткени бул чоң киреше алып келе турган долбоор. Азыр биздин тоо чөптөрүбүзгө кызыккан көптөгөн өлкөлөр бар. Алар учурда бул өсүмдүктөрдү өлкөдөн өтө арзан баада тонналап чыгарып кетишүүдө. Долбоор жогорку деңгээлде олуттуу кызыгуу жаратты. Мамлекеттик каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алынып, өндүрүш комплексин куруу пландалууда. Үч-беш жылдан кийин биз сыймыктана турган өндүрүш пайда болот. Окумуштуулар иштөөгө даяр. Эми өлкө үчүн абдан керектүү бул өндүрүш комплексинин курулушун баштоо гана калды. Бул дагы бир жолу кыргыз илими өлкөнүн экономикасынын бекем турушуна өз салымын кошо аларын далилдейт.
Нина Ничипорова
Сүрөттөр WWW