ДомойБИШКЕК“Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китеби - КЭРдин ички жана тышкы саясатын...

“Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китеби — КЭРдин ички жана тышкы саясатын түшүнүү үчүн мыкты булак 

Үстүбүздөгү жылдын 13-июль күнү Бишкек шаарында “Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китебинин бешинчи томунун бет ачары болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучулары Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгында Кытай менен Кыргызстандын ар кыл коомдук чөйрөлөрүнүн жана ШКУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китебинин бешинчи томун талкуулоо өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти.

Китепте кытайлык үлгүдөгү модернизациянын теориясы менен практикасы системалуу түрдө баяндалып, Кытайдын адамзаттын бирдиктүү тагдырынын коомдоштугу багытындагы  концептуалдык жана практикалык мамилелери айкын көрсөтүлгөн. Бул китеп Кытай модернизациясын жана заманбап Кытайды тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берген кадыр-барктуу эмгек болуп саналат. Ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын ортосунда мамлекетти башкаруу тажрыйбасын алмашууну тереңдетүү жана эки өлкөнүн өнүгүү стратегияларын айкалыштырууну күчөтүү үчүн маанилүү багыт катары кызмат кылаары шексиз.

Иш-чаранын ачылышында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин сөз сүйлөп, учурда Кытай таанылгыстай болуп өзгөргөнүн, азыркы тапта ал артта калган, алсыз өлкөдөн улуу кереметти, тез экономикалык өсүштү жаратып, дүйнөнүн экинчи экономикасына айланганына токтолду.

“Бул китеп Кытайдын ички жана тышкы саясатын түшүнүү үчүн эл аралык коомчулукка абройлуу булак болуп берет. Акыркы жылдары Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мырзалардын төрагалыгы алдында мамилелер жаңы бийиктиктерге чыкты. Кытай Кыргызстандын ири өнөктөшү, башкы инвестициялык булагы. 2025-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 27 миллиарддан ашты”, — деп билдирди элчи айым.

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган адамзаттын бирдиктүү тагдырынын коомдоштугу концепциясы бүткүл дүйнөгө таасир эткен идея жана демилге экенин белгиледи.

Анын айтымында, “Бир алкак-бир жолду” бирлешип жогорку сапатта куруу Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана өлкөнүн акырындап Евразиянын маанилүү транспорттук-логистикалык түйүнүнө айланышына шарт түзөт. “Кытайдын өнүгүү логикасын, мамлекеттик башкаруу механизмдерин жана узак мөөнөттүү пландаштыруусун кунт коюп үйрөнүү биз үчүн чоң практикалык баалуулукка ээ экени талашсыз”, — деп баса белгиледи Р. Отунбаева.

Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кытай марксизмди жергиликтүү шарттарга эң ийгиликтүү ылайыкташтырган өлкө болуп калганын жана марксизмдин негизги принциптерин улуттук реалдуулукка колдонууда бай тажрыйба топтогонун белгиледи.

Ал баса белгилегендей, XXI кылымдын марксизмин түшүнүү үчүн Төрага Си Цзиньпиндин эмгектерин кунт коюп үйрөнүү зарыл. “Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китебин окуу Кыргызстандын Кытай жана дүйнө менен болгон мамилесин тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөрүн, ошондой эле өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүү үчүн практикалык кызматташуу аркылуу цивилизациялардын өз ара байышына шыктандырарын кошумчалады.

ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань Кытай менен Кыргызстан ШКУну негиздөөчү мамлекеттер катары “Шанхай бешилтиги” механизминин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө өзгөчө салым кошконун белгиледи.

Анын айтымында, Си Цзиньпиндин ШКУнун бирдиктүү тагдырынын коомдоштугун куруу жөнүндөгү сүйлөгөн сөздөрү камтылган бул маанилүү китеп аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы биримдикти жана кызматташтыкты андан ары күчөтүү, коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, өнүгүү стратегияларын айкалыштыруу жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү үчүн багыт көрсөтөт.

Бет ачардын жүрүшүндө кытай тарап кыргызстандык конокторго “Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китебинин кыргыз тилиндеги үчүнчү томун жана бул эмгектин орус тилиндеги бешинчи томун белекке берди.

Иш-чарага катышкан эксперттер кытайлык үлгүдөгү модернизация, Глобалдык башкаруу демилгесин ишке ашыруу, “Бир алкак-бир жолду” биргелешип куруу жана цивилизациялардын өз ара байланышы маселелери боюнча пикир алмашышты.

Иш-чара КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин Басма сөз канцеляриясы, Кытайдын эл аралык коммуникациялар тобу (CICG) жана КЭРдин Кыргызстандагы элчилиги тарабынан биргеликте уюштурулду. Ага эки өлкөнүн саясий партияларынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, аналитикалык борборлорунун жана коомчулуктун калың катмарынан 300гө жакын өкүлү катышты.

“Си Цзиньпиндин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китептеринин сериясы өз ара түшүнүшүүнүн маанилүү көпүрөсү 

 “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков дагы “Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китебинин бешинчи тому тууралуу өз ой-пикирин билдирди.

Кытайда жарык көргөн “Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китебинин бешинчи тому КЭРдин түп тамырынан берки саясий жана экономикалык реформаларынын стратегиялык жол картасын көрсөтөт. Басылма дүйнөгө өнүгүүнүн батыш үлгүсүнө жашоого жөндөмдүү альтернативаны көрсөтүп, адилеттүү көп уюлдуу дүйнө тартибинин принциптерин негиздейт жана Борбордук Азияны глобалдык коопсуздуктун жана Жибек жолунун кайра жаралуусунун контекстинде артыкчылыктуу өнөктөш катары аныктайт.

ККП БКнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин тандалган эмгектеринин жана сүйлөгөн сөздөрүнүн буга чейинки төрт тому дүйнөлүк күн тартибин калыптандырууну аныктаган окуялардын катарына кирди. Басылмалар дүйнөнүн ондогон тилдерине которулуп, дүйнөнүн 160тан ашык өлкөсүнүн китеп дүкөндөрүнүн текчелеринде пайда болду. Мындай дүйнөлүк коомчулук тарабынан масштабдуу кызыгуунун болушу жана кадыр-барктуу эл аралык аналитиктердин дагы көңүлүнүн бурулушу терең объективдүү негиздерге ээ.

Көптөгөн чет элдик саясатчылардын баамында, китептин феноменалдуу ийгилиги бүткүл адамзат коомчулугунун негизги баалуулуктарын түшүнүүгө болгон универсалдуу мамилеге негизделген. Дүйнөлүк алдыңкы стратегдердин бири, АКШ тышкы саясатынын патриархы Генри Киссинджер айткандай, Си Цзиньпиндин китеби бул өлкөнүн лидери, анын өнүгүү процесси, ошондой эле бир нече миң жылдык тарыхы бар цивилизациясы менен таанышууга терезе ачат.

Басылмада Борбордук Азияга өзгөчө көңүл бурулган, бул чөлкөм менен Кытайдын ортосунда өнөктөштүк жана ынак коңшулук мамилелер калыптанган. Кытайдын лидери бул өлкөлөрдү “артыкчылыктуу стратегиялык өнөктөштөр” катары карап, аларды Жибек жолунун кайра жаралуусундагы негизги звено деп атайт.

Кыргызстандыктар жана жалпы эле Борбордук Азиянын тургундары үчүн “Си Цзиньпин мамлекетти башкаруу жөнүндө” китептердин сериясы өз ара түшүнүшүүнүн маанилүү көпүрөсү жана XXI кылымдагы башкы кытай тышкы саясий долбоору – “Бир алкак — бир жол” демилгесин объективдүү кабыл алуунун, ошондой эле өз ара ишенимдин жаңы деңгээлин калыптандыруунун жол көрсөтүүчүсү болот.

Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик башкаруу туурасындагы китебинин томдуктары 2014-жылдан бери жарык көрүп келет. Аларда Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин ар кыл жылдардагы саясий чечимдери, ой толгоолору, каттары, баяндары хронологиялык тартипте орун алган. Учурда дүйнөдө заманбап саясий публицистикасынын эң окумдуу адабиятына айланып, миллиондогон нускада басылууда. Анткени бул монографияларда Кытай көрсөтүп жаткан экономикалык кереметтердин Жол картасы, мамлекеттик, ички жана тышкы саясаттагы жетекчиликтин негизги багыттары орун алган.

Жылдыз КУЛУБАЕВА

Сүрөттөр редакцияга таандык

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии