ДомойБИШКЕКЗууракан Каденова: айрым адамдар эмгек өргүүнүн акчасын эс алууга жумшаса, биздин жаш...

Зууракан Каденова: айрым адамдар эмгек өргүүнүн акчасын эс алууга жумшаса, биздин жаш илимпоздор өргүү үчүн берилген акчаны макала жарыялоого жумшашат

Бишкек шаарынын Үмөталиев жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде тынч, көпчүлүктүн көңүлүн бурбаган ири имараттын бир бөлүгүндө жайгашкан  илимий мекеме бар. Ал – математика институту. Мектеп партасынан эле “кайсы сабак жакпайт десе, — математика” деп татаалдыгынан окуучулар чочуган аталган илимсиз адам баласынын жашоосун элестетүү мүмкүн эмес. Дал ошол себептеп мекеме жоюлуп кетпей, илим кудугун дагы казып, өлкө үчүн зарыл эсептөөлөрдү да жүргүзүп, дүйнө менен дагы байланышты өркүндөтүп келе жатат. Институттун эл аралык кызматташуусу кандай пайда алып келүүдө, жаш илимпоздор жана башка кызыктуу фактылар тууралуу биздин гезитке илимий мекеменин мүдүрү, физика-математика илимдеринин доктору Зууракан Каденова айтып берди.

Илим күчү карым-катнашта

Мекеме жетекчисинин айтуусу боюнча, Институт КМШ өлкөлөрү менен бекем мамилени сактап келүүдө.

— Андан сырткары алыскы өлкөлөр менен, айта кетсем Чехия математиктери менен чогуу иштешебиз, Сербия менен кызматташтабыз, — дейт маектешибиз.

Тышкы байланыштарда Россия окумуштуулар чөйрөсү менен мамиле күч. Новосибирск шаарындагы атагы алыска кеткен “Академ городоктун” математиктери, Москва мамлекеттик университетинин адистери менен кызматташуу өз нугу менен бара жатат.

Замандын агымы менен жасалма интеллект, маалыматтык технологиялар Институт үчүн изилдөөнүн жаңы багытын ачып берди.

— Булар фундаменталдык, математикалык илимдин негизинде пайда болгон десек жаңылышпайбыз, — дейт Зууракан Каденова.

Мекеме үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгү дагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди.

— “ШКУнун дарагы” аттуу долбоор башталган. Ал жерде маалымат технологиялары боюнча 1 миң адисти окутуп берүү каралган экен. Акыркы үч жылда Кыргызстандан 200 ашуун адис барып окуп келсе, анын ичинен 20-сы биздин институттун кызматкерлери, — деп айтып берди маектешибиз.

Ушул эле жылдын сентябрь айында Кытайдын Нанкин шаарына окууга илимий мекеменин 6 кызматкери барып билимин өркүндөтүп келишкен.

Албетте, илимий мекеме болгондон кийин, анын кызматкерлери ШКУ уюштурган окууларга студенттей болуп барып, кунт коюп угуп коюп, кайта келе бербейт. Илимий дараметин долбоорлорду ишке ашырууга да жумшайт.

Мисалы, жакында Кытайдын Үрүмчү калаасында ШКУнун алкагында өткөн ири экономикалык форумда Институт өкүлдөрү жасалма интеллекти, маалымат технологияларын өнүктүрүүдө математиканы кантип колдонсо болоору тууралуу сунуштарын берип, анын жыйынтыгы менен алты тараптуу меморандумга кол коюлган. Документте жасалма интеллект боюнча биргелешкен эл аралык лабораторияны ачуу тууралуу  маселеси камтылган.

— Бул жерде биздин Математика институту, Синьцзян университети, Синьцзян педагогикалык университети жана Синьцзяндын санарип боюнча ассоциассиясы бар, — деп айтып берди Зууракан Каденова.

Илим артынан түшкөндөр жетиштүү   

Бүгүнкү күнү институтта жалпы 42 кызматкер иштөөдө. Салыштырмалуу чакан эмгек жамаатта 16 кызматкердин илимий даражасы бар. Алардын арасында 1 академик жана 2 мүчө-корреспондент эмгектенет. Жаш илимпоздор дагы бар. Кандидаттык диссертацияларын жактоо алдында 2 жаш илимпоз турат.

Окумуштуулар жазган эмгектерин “Математика институтунун жарчысы” аттуу илимий журналга чыгарып турууда. Болгондо да бул басылмасы 2018-жылдан бери англис тилинде чыгып келүүдө. Ал тургай академик Алтай Бөрүбаев топология илими боюнча ачылыш жасап, ал китеп болуп 2021-жылы Кытайдын Циндао шаарында англис тилинде жарык көргөн. Негизи эле алдыңкы илимпоздордун монографиялары басылып чыгып турат.

Окумуштуу Самандар Искандаровдун кесиптештери менен биргеликте жазган “Алгебра жана анализдин башталышы” окуу китеби нечен жылдан бери орто мектептерде колдонулуп келет. Мектеп окуучулары үчүн китеп жазууга Институттун кызматкерлерин Билим берүү академиясы чакырып турат. Математикалык терминдердин сөздүгү кайрадан иштелип чыкты.

Каржы маселесине келсек, маяна жогорулап, азыркы учурда орто эсеп менен 32 миң сомду түзүп калган.

Заманга жараша, грант менен дагы иштеп келишет. Бирок, Институттун директорунун айтуусу боюнча математика үчүн гранттарды кенен берген фонддор же уюмдар жокко эсе.

Берген пайдасы   

Институт математиканын фундаменталдык маселелеринин изилдөө менен эле чектелбейт. Адистер топтогон илимин практикалык нукка дагы бурушкан. Мисалы, айыл-чарба сектору менен иштешип, айыл-чарбанын кайсы тармагы болбосун, аны менен алек болгондо кандай натыйжа  болоорун аныктоочу  алдын-ала эсепти чыгарып берген тиркеменин үстүнөн иштөөдө.

— Тиркемеге дыйкан жеринин аянты же малынан саны тууралуу маалымат киргизип, жыйынтыгы менен ага оптималдуу чечим чыгып бериш керек, — дейт маектешибиз жасап жаткан тиркемеси тууралуу.

Андан сырткары, Ысык-Көлдү коргоо боюнча математикалык эсептерди жасап берүү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Указынын негизинде сунуш түшкөн. Сунуштун маңызы – туристердин санын оптималдаштыруу.

— Ысык-Көл аймагынын айрым жерлеринде эс алуучулардын саны арбын, айрым жерлеринде — тескерисинче аз. Ошого байланыштуу 4 багыт боюнча маселени жөнгө салуу каралган. Бул экология маселесин жөнгө салуу, транспорт агымын жөнгө салуу, тейлөө жагын жакшыртуу, — деп айтып берди маектешибиз.

Кыргыз математика мектеби

Узак жылдардан бери келе жаткан Институттун тарыхы тек гана илимий кызматкерлерди, окумуштууларды чыгарбастан, математика илиминин мектебин түзгөн чыгаан илимпоздорду берген. Зууракан Каденованын айтуусу боюнча, топология жана геометрия багытында ири илимий мектептер түптөлгөн. Мисалы, академик Алтай Бөрүбаев түптөгөн топология боюнча мектеп Борбор Азия чөлкөмүндө белгилүү жана ири илимий мектеп деп эсептелинет. Илимдин доктору Абыт Асанов калыптаган мектеп математикадагы корректүү эмес маселелерди жана тескери маселелерди изилдеп келет. Ал эми Институттун дагы бир көрүнүктүү илимпозу, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Павел Панков кыргыз тилин компьютерге салууга жана математикалык моделдештирүүгө зор салым кошкон.

Жалпылап айтканда, Зууракан эженин сөзү боюнча – институт өзүнүн өнүгүү кыймылын жоготкон жок. Маяна аз болобу, шарт жок болобу – Институт өнүгүү жолунан тайган жок.

— Айрым адамдар эмгек өргүүсүнүн акчасын эс алууга жумшаса, биздин окумуштуулар эмгек өргүүсүнүн акчасын макала чыгарууга жумшашат, — деп жыйынтыктады өз сөзүн илимий мекеменин мүдүрү.

Сүйүнбек ШАМШИЕВ

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии