Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар композитор, белгилүү дирижёр, мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Насыр Давлесовдун көзү тирүү болгондо быйыл 94 жашка чыкмак. Бир жылдары Насыр ага менен театрда жолугуп, кечки спектаклге чейинки убакытта үч сааттан ашык аӊгемелешип отурдук. Ал кыргыз искусствосунун өнүгүү башатында турган залкар замандаштарын бир топко чейин эскерип берген эле. Ошол эскерүүлөрдүн айрым эпизоддорун окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
Залкарлардын заманы, биздин жаштык
— Москвадагы П.Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүрүп келип, республикадагы алгачкы профессионалдык дирижёрдун бири болдум, — деп, залкар композитор аӊгемесин баштаган болчу. — Мен кыргыз маданиятын түптөгөн залкарлар менен чогуу иштеп калганым үчүн бактылуумун. Карамолдо Орозовду «Молдоке» деп койчумун. Ал комузду ыгы жок кол ойнотуп черте берчү эмес. Бирок, кайрыктары укмуш болор эле. Аны кыргыздын Иоганн Себастьян Бахы деп биз эле эмес, москвалык көрүүчүлөр да атай баштаган. Анткени, 1958-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун декадасына ошол залкарлардын бир тобу барышкан. Абышкаларды Москвада адаштырбай, чогуу алып жүрүүнү Маданият министрлиги биздей жаштарга тапшырган болчу. Ошол күндөрү алар менен жакындан тааныштым. Карамолдо Орозов аз сүйлөгөн киши эле. Чыгарган күүлөрүнүн бир тобу жазылбай өзү менен кеткени өкүнүчтүү болду. Анын кайталангыз кайрыктарына биз күбө болуп калдык. Күүлөрүнүн азыноолагы эле алтын фондуга жазылып калды. Совет өкмөтү кезинде Ыбырай Туманов элдин турмушуна байланыштуу күүлөрдү чыгарып, бирок, негизги күүлөрү утурумдук саясаттан алыс, залкар жана салт күүлөр болчу. Манасчы Саякбай Каралаевди теӊтуштары «Сашка» деп тамашалап аташчу. Мен филармониядагы эл аспаптар оркестринде иштеп жүргөн жылдары Сакем биз менен эл аралап көп чыкчу. Ал «Тайторуну чапканда» ыйлабаган киши жок. Анын манасчылыгы бир теӊ, макал-лакаптары, куюлушкан нускалуу кептери бир теӊ эле. Сүйлөп отурса, чечендик ошондо болчу. Жалаӊ аялдардын түрлөрүн сыпаттап, көркөмдөп келиштире айтчу. Шаршен Термечиков менен чогуу иштебесем да, аны көрүп калдым. Анын комик куудулдугу дүйнөдө жок эле. Бир кулагын кыймылдатса, экинчи кулагы жөн турат. Бетинин бир эле жагын былкылдатып, тулкусунун жарымын иштетем десе иштетет, жарымын «шал» кылып коё алчу. Эми мындай өнөрдү ким жасай алат? Дайыма эле алар менен бир жүрчүдөй болуп, залкарлардын нускалуу кептерин жазып, сактап калбагандыгыма минтип өмүрдүн күзү келип калганда абдан өкүнчү болдум.
Ал жылдары бирде ач, бирде ток болуп эл аралап гастролдомой. Биз, жаш артисттер, чаӊ ызгыган араба тачкеге түшсөк сүйүнчүбүз. Аксакалдар болсо ат же өгүз минип жүрүшчү. Жер-жерлердеги оокаттуу жетекчилер гастролдогон артисттерди өз үйүнө түнөтүп, сыйлап калышса, түнү менен таӊ-тамаша, ыр-күүлөр жаӊырчу. Андайды биз «концерттен кийинки концерт» деп койчубуз. Саякбай чарчаганды билчү эмес. Отурган жеринде бир аз куш уйку салып, чырым этип уйкусун кандырып алчу. Сакем денеси чымыр, таштай оор киши эле. Бир ирет Сакемди көтөрүп көрөйүн деп аракет кылып, алым жетпей койгон. Эми ойлосом, кыргыздын сыпаалыгы, мырзалыгы ушул кишилерде экен.
Согуштан кийинки жылдарда жалпы элдеги жокчулук, каатчылыкты айтпа. Жүгөрү талканы, айран-сүтү бар үй-бүлө оокаттуу болуп саналчу. Анда төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаевди «төкмөлөрдүн генийи» деп койчубуз. Бир жолу эл кыдырып көл боюндагы айылдарды аралап жүрүп, бир жесир кемпирдин үйүнө туш келдик. Ал байкуш артисттерге берээрге эч нерсе таппай, бирде сыртка чыгып, бирде үйгө кирип, кубарып-татарып убара болуп жаткансыды. Бирок, байбиченин каткан нанын, тузун мактап ырдап, көӊүлүн көтөрүп отуруп, кайрадан жолубузду уладык.
Жалбыракты «эт» кылып туураган жылдар
Суук түшө баштаган күздүн күнү болчу. Түпкө келгенибизде эски клубу бар экен. Клубдун тактайына картон төшөп алып, кийимдерибизди жамынып жатып уктап таӊ атырдык. Эртеӊ менен турсак, денебиз зирилдеп, башыбыз үшүп калыптыр. Ошентип, жарты нан жокто да жакырбыз дебей, эл кыдырып концерт берип жүрө берчүбүз. Ал эми азыркы күндө бир азыраак кыйынчылыкка чыдабай, жакырбыз деген адамга ачуум келет. Гастролдоп барып сый көргөн жер биз үчүн майрам болчу. Колунда бар башкармалар эт салып, тамак жасап тосушканда мендей жаш балдарды эт тууратып көндүрүшчү. Кээде атайын эт туурагыч жигиттерди кошуп беришчү. Ат арабалап, айылдарды кыдырып жүрүп, курсак аябай ачканда ошондой отуруштарды эстеп, оозубуздан кара суу келчү. Кайран мырза мүнөз аксакалдар, ошондо да ичегиси курулдап карды ачкандарын билдирбей, көлөкө таап отуруп калган жерде, «Оо, азамат, Насыр, баланчаныкына барганда этти жакшы туурадыӊ эле. Эми тээтигиндеги жалбырактарды чогултуп келип, дагы бир жолу эттей туурап көнүгүп көрчү», — дешип, биздей жаш балдарды тамаша кылышчу.
Кыргызда концерт көрүп отурганда алакан чапмай кийинчерээк чыкты. Болжол менен 1956-жылдар болсо керек эле. Алыскы айылдагы малчыларга концерт коюп бардык. Анда мен дирижёр болуп иштеп калган кезим эле. Чакан оркестрге дирижёрлук кылып жатсам, көрүүчүлөрдүн арасынан бир аксакал мени таягы менен буттан чалып жиберди. «Эй балам, колуӊду серпип тейпелектебей мындай турчу. Мага комузчулар көрүнбөй жатат», — деди. Замандын зуулдап учканы ушул эмеспи, ошентип дирижёрлук кесиптин маанисин түшүнбөгөн заман да өттү- кетти…
Элүүнчү жылдарга чейин Райкан Шүкүрбеков, Кубанычбек Маликов, Аалы Токомбаев сыяктуу жазуучулардын аракети менен залкар комузчулардын бир тобунун күүлөрү алтын фондго жазылып калтырылды. Андан бир нече жылдары мен аларга жетекчи, дирижёр болуп калдым. Ошол эл аспаптар оркестри Карамолдонун көзү өткөндөн кийин, Карамолдо Орозов атындагы болуп ысымы ыйгарылды. Согушка чейин Атай Огомбаев менен Муса Баетовдун көзү тирүү эле. Калый Молдобасановдор болуп, 14-15-жашыбызда оркестрге келип кошулдук. Биз бул жерде иштеп да, музыкалык орто окуу жайында окуп да жүрдүк. Оркестрде чогуу отурчубуз. Кийин Калый экөөбүз Чайковский атындагы консерваториядан окуп келип, залкар аксакалдардын көзү өткөнчө филармонияда чогуу иштедик. Алардын айрымдары аздыр-көптүр нота таанып калышты. Мында ушундай орус адистердин кыргыздын профессионалдык музыкасына салымы чоӊ болгонун жакшы билесиӊер. Көрүүчүлөр Карамолдо, Ыбырай, Осмонкул, Калык сыяктуу залкарларды сахнадан коё бербей отуруп, Фрунзедеги концерттер түнкү саат 12:00 ченде аяктаган учурлар көп болчу. Бир жолу Ыбырай Туманов түнүчүндө үйүнө кайтып баратса, алдынан үч жигит торой чыгып, кийим-кечегин тоноп алгылары келишет. Дене бою олбурлуу, балбан келбет Ыбыкем, тиги үчөөнү жаткыра коюп кутулуп кеткен окуя бар.
Осмонкулдун марттыгы
— 1953-1954-жылдар болсо керек эле. Киев шаарында чоӊ маданий майрам өтүп, ага жазуучу Касымаалы Жантөшев, төкмө акындардан Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев – үчөө делегат болуп барышат. Ал жылдары Киевден Фрунзеге Москва аркылуу катташчу. Москвага токтошуп, Калый экөөбүздү издеп табышат. Анда Калый экөөбүз консерваторияда студент болчубуз. Ата мекендик согуштан кийинки жылдары москвалыктар деле тамак-ашка жарып кетишкен эмес. Жыл бою оозубузга тийгени картошка жана кара нан. Кант чанда эле табылчу. Стипендия эмнеге жетет? Чочконун этин өз майына малынтып жыгач бочкеге сүрсүтүп салып, колбаса сыяктуу формага келтирип, сый мейманга берүү украин элинин улуттук тамагы экен. Үчөө ошону белекке алып келе жатышыптыр. Өздөрү чочконун этин жакын жолотушчу эмес. Аны Калый экөөбүзгө карматышты. Студенттик күндөрү биз үчүн ал кадимкидей жакшы тамак болчу. Берки үчөө: «Эми балдар, бизди мусулмандар тамак иче турган жерге алып баргыла», — дешти. Ошол учурда жакын жердеги «Өзбекстан» рестораны жаӊы ачылган болчу. «Кедейдин бир тойгону орто байыганы», — дегендей, курсагыбызды кампайтышып, кайтаарда чайлык акча берип кетишти. Жантөшев бакылдап сүйлөгөн жайдары мүнөз, жан дүйнөсү таза жазуучу катары көз алдымда калды. Осмонкулдун марттыгына чек жок эле. Кайсы бир жылдары аны менен көл өрөөнүнө гастролго барып, бир айылга келип токтодук. Башкармасы колунда бар март киши экен. Артисттик топтун бригадири болуп жүргөн Осокеме кетээрде тутам акча карматты. Кайран Осокем, берилген акчаны чөнтөгүнө салып алмак турсун, санаган да жок. Дароо эле: «Баарын мобул балдарга бөлүп бергиле», — деп тегиз тараттырды. Осмонкулдун талантын сыйлаган жетекчилер бир араба ун берсе, ал унду да оркестрдин жамаатына тегиз бөлүштүрүп берчү.
Эх, Бүбүсара, Бүбүсара!
СССРдин эл артисти, даӊазалуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева бийлеген бардык спектаклдерде дирижёрлук кылдым. Ал адамдын асылы, аялдын сулуусу, айчырай көркү таӊда чыккан жылдыздай болгон адам эле. Бүбүсаранын бир жолку шоктугун айтып берейин. Айтылуу «Чолпон» балетинде аны көтөрүп кеткен сценасы бар эмеспи. Мына ошол эпизоддон залдагы эл жапырт каткырып калышчу болду. Бүбүсарадан башкасы аткарганда залдагылар күлбөйт. Бул жерде күлө турган эмне бар экенин билбей башым катчу. Көрсө, Бүбүсара залдын алдыӊкы катарында отурган көрүүчүлөргө шоктонуп, алдыртан көз кысып койчу экен. Кээде турмушунда анын ушинтип койчу адаты бар эле.
Бир жылдары «Корсар» спектакли менен Казакстанга гастролдоп бардык. Спектакль жүрүп жатканда Бүбүсаранын жүрөгүнүн пристубу кармап калды. Ордуна башка балеринаны алмаштыралы десек, «Өзүм аягына чыгарам», — деп көшөрүп көнбөдү. «Тез жардамды» чакырып, укол сайдырып жатып, антракт 40 мүнөттөн ашып кетти. Ал ошондон бир жыл мурда өпкөсүнө операция жасаткан болчу. Казактар да кетпей оюнду аягына чейин көрүштү. Улуу балерина көшөгө ачылганда жарк-журк этип, элге ийилет, көшөгө жабылар замат жүрөгүн мыкчып бозорот.
Адамгерчилик сапаты абдан бийик болчу. Бүбүсара композитор Акмат Аманбаев менен согуш жылдарында баш кошуп, үй-бүлө күтүштү. Бирок, кийинчерээк экөөнүн оту күйүшпөй ажырашып кетишсе да, Акматтын кийинки аялынан төрөлгөн кызын Бүбүсара жакшы көрүп, башынан сылап, тизесине алып отурганын көрчүбүз.
Бир жылдары опера жана балет театры Францияга чакырылып барды. Алгачкы күнү Бүбүсара Париж театрынын сахнасында бийлегенде, экинчи күнкү спектаклге көрүүчүлөр билеттин бирин калтырбай талап кетишкен. Чыӊгыз Айтматов ошол учурда Европада жүрүптүр. Ал: «Кыргыз болуп туруп, кыжылдаган элдин көптүгүнөн Бүбүсара бийлеген спектаклге кире албай келдим», — деп, терисине батпай сыймыктанып кала берген. Замандаш залкарлардын азын эстедим, көбүнүн чети да оюлбай калды, — деп, Насыр ага сөзүн аяктаган эле.