Банктар кандай өзгөрдү, сомду кантип киргиздик?
Артта калган отуз төрт жылдын аралыгында өлкөнүн банк системасы орчундуу тарыхый доорду басып өттү. Совет мезгилинен азыркыга чейинки банк тармагындагы окуялардын катышуучусу болуп, улуттук валютанын төрөлүшүнө өз салымын кошкон КРнын эмгек сиӊирген экономисти Шарипа Садыбакасова менен маектештик.
— Шарипа эже, союз урагандан бери банк тармагы кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду?
— Бүгүнкү күндө өлкөдө эки деӊгээлдүү банк системасы иштеп жатат. Биринчиси – Улуттук банк. Ал мамлекеттин акча саясатын жүргүзөт. Кайсы тармакка канча акчалай каражат жумшаларын, накталай акча керектигин тескейт. Улуттук Банк инфляцияны жөнгө салуу боюнча иш алып барат. Улуттук валютанын баркын төмөн түшүрбөө аракетин көрөт. Сомдун наркы түшүп кетсе, элге жакырчылык жакындайт. Айтор, Улуттук банктын катардагы жаран анча түшүнө бербеген ишмердүүлүк багыттары арбын. Акча жүгүртүү паритетин кармап туруу дагы Улуттук банктын мойнундагы иш. Ал жалпы эле Кыргызстандагы банктар тууралуу мыйзамдарды кабыл алып, анын натыйжасында коммерциялык банктар өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Учурда өлкөдө жыйырма бешке жакын банк бар.
Муну айтып жатканымдын себеби, союз учурунда бир эле «Госбанк СССР» деп аталган банктык түзүм бар болчу. Анын акча жүргүзүү саясатына он беш республиканын бийлик органдарынын бирөөсү да кийлигише алчу эмес. Бир окуяны айтып берейин. Союз учурунда «Госбанк СССР» банкынын төрагасынын биздин республика боюнча орун басары элем. Кыргызстандын жеӊил өнөр жай товарлары союздук республикаларга ийгилик менен сатылып турган жылдар эле. Ошол акчалардын бул жакка келип түшүүсү кечигип жатты. Ал жылдары сатылган товарлардын акчасы өлкөгө которулуп келип түшмөйүнчө план аткарылды болуп эсептелчү эмес. Мен ошондо 2,5 млн. рубльди жеӊил өнөр жай тармагына бердиртип салдым. Бул акча ал кезде чоӊ каражат болуп саналчу. Ошондон үч күн өткөндөн кийин мага Москвадан катуу сөгүш берип салышты. Бир аз күндөн кийин Москвага барып, «Госбанк СССРдин» төрагасы Деменцевге кирдим. Ал мага: «Сиз эмне үчүн сөгүш алганыӊызды түшүндүӊүзбү?», — деди. Мен: «Түшүндүм. Акчаны кеӊешпей туруп Кыргызстанга котортуп жибергеним үчүн сөгүш алдым. Бизге ишеним артпасаӊыздар банктын республикалык бөлүмү дебей эле өзүӊүздөр түз иштете бербейсиздерби», — деп жооп бердим. Деменцев мени карап: «Тилиӊиз абдан курч экен. Бир айдан кийин сиздерге текшерүү жиберебиз. Башка участкаларда ишиӊер жакшы болсо, катуу сөгүштү алып салам. Кичинекей үч балаӊ бар экен. Ошондуктан сизди кызматтан алган жокпуз», — деди. Союз убагында акыйкаттык да, катуу тартип да бар эле.
— Рынок экономикасынын алгачкы жылдарында Кыргызстандын бизнес секторунун өнүгүшүнө азыноолак саресеп салсаӊыз.
— Союзга караштуу болгон жалпы банк системасы 1987-жылы тармактык банктарга бөлүнө баштады. Мисалы, айыл чарбасы үчүн «Агропромбанк», оор өнөр жайы үчүн «Промстройбанк» жеӊил өнөр жай, соода-сатык, турмуш тиричиликти тейлөө үчүн «Жилсоцбанк» сыяктуу банктар пайда болду. Мен «Жилсоцбанктын» жетекчиси болуп төрт жыл иштедим. 1990-жылы биз бул банкты Москвадан «Кыргызстан» коммерциялык ААК банкы деп атап, каттоодон өткөрүп, «Госбанк СССР» банкынын лицензиясын алдык. Ошол жылы коммунисттик партиянын катары ыдырап, чоӊ державанын тарап кетээр алдында турганы эч кимдин оюна келген эмес. Анткени, СССРди сактап калуу боюнча өткөрүлгөн бүткүл союздук референдумда жалпы совет эли «ооба» деп добуш бербеди беле. Заман оодарылар алдында он беш республиканын ичинен алгачкы жолу ушул банк ачык акционердик коммерциялык банк болуп бөлүнүп чыккан.
Ал жылдары өлкөбүздө жеке менчик бизнести түптөөнү көздөгөн алгачкы ишкерлердин катары пайда болду. Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү «Кыргызстан» банкына ар кандай идеяларын айтып келишчү. Банктын жетекчиси катары өлкөдө чакан жана орто бизнести түптөө тууралуу көп ойлончумун. Мага ал учурдагы өкмөт башчысы Апас Жумагулов үй куруу үчүн шаар четиндеги жерлерди басып алып жаткан жаӊы түзүлгөн уюмдар менен иш алып барууну тапшырган болчу. Жергебизди демократиянын желаргысы каптады. Эл чогулган жерден калбаган, такымын жеген тапан саясатчылар көбөйдү. Ага удаа эле Кыргызстан демократиялык кыймылы — КДКны уюштуруп белгилүү жазуучу Казат Акматов, кесиби сүрөтчү Жыпар Жекшеев ж.б. чыгышты. Табылды Эгембердиев болсо таланттуу публицист эле. Чукугандай сөз таап, Борбордук Комитетти сындаган жагынан алдына эч кимди чыгарчу эмес. Табылды раматылык мага көп келээр эле. Бир жолу ал экөөбүз сүйлөшүп отурганда мен ага: «Тилиӊди буудай куурутуп, ар кимди сындай бербей экономиканы өнүктүрүүгө башыӊды иштетпейсиӊби?», — дедим. Ал мага: «Эже, мээм иштегени үчүн тилим иштеп жатпайбы. Экономикага эмне иш кылмак элем», — деп күлүп койду.
Табылды кеткенден кийин жакшы публицист, жан дүйнөсү таза балага катуу айтып койдум окшойт деп өкүнүп калдым. Көп өтпөй Табылды Эгембердиев бир туугандары менен алгач жарма жасап сатуудан бизнес баштады. Кайран жигит, ошентип улуттук суусундуктарды түрдөп чыгарып, «Шоро» компаниясын негиздеп, бизнестин башка тармактарын түптөп кетти. Ал жылдары бизнести баштаган алгачкы ишкерлерге биздин банк кредиттерди берчү. Бизнес идеяларды талкуулап турчубуз.
Бир жолу германиялык банк бизнести каржылоо долбоору боюнча банктар арасында сынак өткөрдү. Ал долбоорду «Кыргызстан» банкы утуп алып, банк-оператор болуп иштедик. Ошол долбоор менен жыйырма адам тегирмен сатып алган. Бирок, алардын арасынан болгону бешөө эле ишти жандантып кетти. «Акун» компаниясынын негиздөөчүсү, ыраматылык Чыныбай Турсунбеков дагы алгачкы ишкерлигин ошентип, тегирменден баштаган. Бара-бара алдына максаттуу багыт коюп, өлкөнүн реалдуу секторун өнүктүрүүгө аракет кылган жигиттер чыга баштады. Кредит берүүнүн алдында адистерибизди бизнес долбоордун материалдык базасын баалап, текшерип келүүгө жиберчүбүз.
Бир жолу биздин банктын Караколдогу бөлүмүнө автомашиналарга май куюучу станция куруу үчүн кредит алганы бир ишкер барыптыр. Ишкердин бизнес планын көргөн ошол жердеги адис кызыбыз: «Байке, сиз айткан жерге АЗС курсаӊыз банкроттон башыӊыз чыкпай калат. Анткени, атаандаштык көп. Ал аймакка жакын, айдоочуларга ыӊгайлуу болгон жолдун бөлүктөрүндө башкалар куруп иштетип жатышпайбы», — деп, ага иштин тобокелчилигин негиздеп айтып бериптир. Тигил ишкер айтканга көнбөй: «Силер мага кредит бергиӊер келбей шылтоо издеп жатасыӊар», — деп уруша кетет. Бир жолу ошол жигит мага келип: «Эже, ал жерге бизнес баштасам өлмөк экемин… Кийинчерээк иликтеп көрүп ынандым. Сиздин жапжаш эле кичинекей адис кызыӊыз мени артка кайтарганы туура болуптур», — деп агынан жарылып айтып отурду. Ар бир иштин ийгилиги да, кемчилиги да кошо жүрөт. Кредитти берип алып, кайра алалбай, артынан издеп барган кыйын күндөрүбүз да аз болгон жок.
Токсонунчу жылдардын ортосунда Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы — ЕРӨБ келип, «Кыргызстан» банкына биринчи жолу Өкмөттүн кепилдигисиз түз кредиттерди берди. Алар бизнести баштоону, өнүктүрүүнү анын ийгиликтери менен тобокелчиликтери боюнча алты ай бою талдап окутушту. Алардын долбоору аркылуу бир нече бизнес субъектилери жакшы ийгиликтерге жетишти. Ошондон эки-үч жыл өткөн соӊ, башка коммерциялык банктар да бизнести колдоо ишмердүүлүгүн кеӊейте башташкан.
Мен колхоз-совхоздорду жоюп жибербей, акционерлештирүү боюнча сунушумду республиканын жетекчилерине берген болчумун. Тилекке каршы, ошол сунушум үчүн мени сындагандар четтен чыкты. Совет жылдары жакшы өнүккөн, материалдык базасы даяр аргрардык тармакты сактап кала албадык. Балким, ошондо банктар фермерлерге кандай жардам берерин биз жеткиликтүү түшүндүрө албай калсак керек. Ушуну ойлогондо абдан өкүнөм.
— Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп улуттук валютасын – сомду чыгаруу чечимин кабыл алган. Ошол тарыхый күндөрдөн сөз кылсаӊыз.
— Эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдары деле банк системасы «Госбанк СССР» банкынын курамында калып, ага байланган бойдон рубль менен иштеп жаттык. Москва акчаны өз убагында бербей: «Силердин союз учурунан берки мынча карызыӊар калган болчу», — деген ар кандай дооматтарды келтирип, көп көйгөйлөрдү чыгарып жатты. Ишкерлерге кредиттерди бере албай калдык. Эл айлык акыга, пенсияга жетпей кыйналды. Эсиӊде чыгар, пенсияны арпа, буудай, ун түрүндө берип калган учурлар болду. Ошондо эгемендүүлүктү алган соӊ, мамлекеттүүлүгүбүздү тастыктаган символдордун бири – улуттук валюта эмеспи дедик. Кыргыз сомун киргизүү боюнча комиссия түзүлдү. Комиссияда консультант катарында биз да иштедик. Бирок, геосаясат өзгөрүлүп баратканына карабай, жакшы кызматта иштеген айрым жетекчилер артка кылчактап, бул ишке караманча каршы чыгышты. Анын үстүнө постсоветтик республикалардын бири да улуттук валютасын киргизүү боюнча аракет көрө элек кези болчу.
Түзүлгөн комиссия сомду кабыл алууга ким макул, ким каршы болуп жатканын негиздеген документтерди республиканын жогорку бийлик органдарына жеткирип жатты. Акыры сомду кабыл алуу боюнча чечим көпчүлүк добуш менен өтүп кетти. Рубль өзүнүн күчүн жогото баштагандыктан сомго кайсы акчанын эквивалентин киргизебиз?, — деген маселе чыкты. Экономисттер Бүткүл дүйнөлүк банктан консультация алышты. Ошол тарыхый процесстер өлкөбүз үчүн эӊ татаал экзамен болгон. Тактап айтсак, Кыргызстан биротоло көз карандысыз болуп жашап кетүүгө канчалык деӊгээлде даяр?, — деген маселе туулду. Ага карабай, 1993-жылдын 10-май күнү Кыргызстан алгачкы жолу өзүнүн улуттук акчасын – сомду чыгарды.
Алгачкы жолу акчалардын үлгүлөрүн тартып, жасалгалоого буйрутма берилди. Ошондо 1 сомдун курсун 200 рублга барабар кылып, рублду сомго алмаштырууга өттүк. Жалпы калк, мамлекеттик органдар жана экономикалык субъектилердин бардыгы акчаларын алмаштырып алуусу үчүн бир айлык мөөнөт берилген. Элдин көпчүлүк бөлүгү 15 күндүн ичинде акча алмаштырууну дээрлик аяктап калган. Өлкөдөгү завод-фабрикалардын союздук байланыштары биротоло үзүлө элек кези эле. Ири көлөмдөгү продукциялары рубль аймагына сатыкка чыгарылып жаткан. Мына ошол товарлар чоӊ рынокто сатылып бүтүп, акчасы рубль менен келгиче Кыргызстанда акча алмаштыруунун мөөнөтү өтүп бара жаткан болчу. Андан айрым ишканалар банкрот болуп азап жеди. Ошого карабастан, мамлекет акча жүгүртүү саясатын туура жолго коюп алганы менен башкы максатка жеттик.
Бюджеттик уюмдар менен өнөр жай ишканаларынан баштап, тоодогу малчыларга чейин акчаларын алмаштырып бүтүшү керек эле. Тез арада алмаштырып, сомдун курсун калыптандырып албасак, экономикабыз кыйынчылыкка кабылмак. Анткени убакыт күтүп турбайт. Ошол тарыхый күндөр эсимден кетпейт. Банктардын кызматкерлери таӊ эртеден түнкү саат он экиге чейин кардарлардын акчасын алмаштырып иштеп жатышты. Бир кызматкерибиздин кан басымы көтөрүлүп кетип, жумуш ордунда эси ооп жыгылганы азыркыга чейин көз алдымда турат. Ошол күндөрү чарчагандан шайы ооп, ооруп калган кызматкерлерибиз үчүн «Тез жардам» машиналары сыртта даяр турчу…
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөттө WWW