6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаЛу Бань устаканасы ачылды

Лу Бань устаканасы ачылды

27-июнь күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Лу Бань кесипканасы” долбоорунун бет ачары болуп, акылдуу класстар ачылды.

     Иш чарага Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясынан келген делегация, Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь баштаган жогорку даражалуу меймандар жана окуу жайдын агартуучулар жамааты, студенттер катышты.

    Иш чарада сөз сүйлөгөн Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо, автомобилге жол куруу тармагында акыркы муундагы технологияларды башкаруу боюнча адистерди даярдоодо ачылып жаткан кесипкананын жана акылдуу класcтардын салымы чоң экендигин билдирди.

    “Кыргызда абдан жакшы макал бар: “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” деген. Биз Кытай өлкөсү менен миң жылдардан бери кошуна болуп жашап келе жатабыз. Бул өлкө менен жакын жайгашканыбыз бизге чоң мүмкүнчүлүк берүүдө. Айрыкча илим менен технология өнүккөн бүгүнкү абалда, кошунадан үйрөнө турганыбыз абдан көп. Бүгүн ачылып жаткан “Лу Бань кесипканасы” долбоору өлкөнүн экономикалык, энергетикалык, элдин социалдык өнүгүшүнө өтө чоң салым кошот”,-деди Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева.

    Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь “Лу Бань кесипканасынын” ачылышы эки өлкө лидерлери макулдашкан гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча  келишимдерди ишке ашырууда маанилүү иш чара экенин белгиледи.

    “Бул долбоор Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн заман талабына жооп берген кесипкөй техникалык кадрларды даярдоого өбөлгө түзөт. “Бир алкак-бир жол” демилгесин биргелешип ишке ашырууда, эки өлкө үчүн пайдалуу болгон бир нече масштабдуу долбоорлор бар. Алар энергетика, транспорт тармагында. Мисалы: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорду айтсак болот. Аларды жүзөгө ашырууда адистер керек. Андай адистер дал ушул кесипкананын базасында даярдалат деп терең ишенем”, -деди элчи айым.

     Иш чаранын соңунда Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясынан келген делегация өкүлдөрү университетке жабдууларды тапшырды. Жалпы катышуучулар жаңы ачылган акылдуу класcтарды кыдырып, жаңы жабдууларды көрүп чыгышты.

АВТОР: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии