-0.9 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойАналитикаУчурдун талабы  - “Күйөө балдар жана келиндер” рыногу

Учурдун талабы  — “Күйөө балдар жана келиндер” рыногу

Өмүрлүк жар тандоо ар бирибиздин жашообуздагы эң маанилүү тандоолордун бири. Анткени, дал ушул адам менен эң бактылуу көз ирмемдерди тең бөлүшөт эмеспизби. “Базарга чейин эмес, мазарга чейин” чогуу бара турган жакын адамыңды жолуктуруу чыныгы бакыт экендиги шексиз.

Мына, биз бүгүн ушул өмүрлүк жар тандоо, тактап айтканда кытай элинин маданиятындагы кудалашуу салт-санаасы тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

Кытай маданияты өзүнүн тереңдиги, өзгөчөлүгү жана тарыхынын узундугу менен айырмаланып келет. Ошондуктан, бул элдин кудалашуу, үйлөнүү той маданияты тууралуу бир жактуу айтууга болбойт. Анын көп түрдүүлүгүн бир материал менен толугу менен ачып берүү дагы мүмкүн эмес. Себеби, көп улуттуу кошуна мамлекеттин ар бир провинциясында, булуң-бурчунда бир-бирине такыр коошпогон, айырмаланган үйлөнүү маданияттары кездешет. Ал гана эмес, Кытай мамлекетинин негизги улуту катары эсептелген хань элдеринде дагы, жашаган аймактарына жараша өзгөчөлүктөрдү жолуктурууга болот.

Кыргыз элиндей эле байыртадан кытай элинде уул-кыздарына өмүрлүк жар тандоодо ата-энелердин ролу абдан зор болуп келген. Чындыгын айтканда, бул жөрөлгө бүгүнкү күндө дагы өз маанисин жоготпой келет. Буга Кытай Эл Республикасынын бизнес борбору болуп саналган Шанхай шаарындагы “Күйөө балдар жана келиндер” рыногу толук далил болуп бере алат. Байыртан келген салтты улай ата-энелер азыркы тапта дагы өз балдарына ушул базардан өмүрлүк жубай издешет. Алар менен катар эле, бул жерде “жеңенин” ролун аткарган ортомчулар отурат.

Ар бир дем алыш күндөрү Элдик паркта жүздөгөн ата-энелер балдары үчүн мыкты өмүрлүк жар издеп чогулушат. Айрымдар үчүн бул билим алуу жана сеп берүү үчүн кеткен бардык чыгымдарды кайтарып алуунун жолу болсо, ал эми башкалары үчүн карьерасы менен алек болгон, мамилеге кызыкпаган баласына ишенимдүү адамды табуу үчүн айласы кеткен кадам. Ал эми кээ бирлери балдарынын тандоосуна нааразы болгондугу үчүн башка татыктуусун издеп жүргөндөр.

Бул жерден бардык катышуучулар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар. Атайын резюме даярдалып, ал жерде адам жөнүндө бардык маалыматтар берилет. Туулган жылы, бою, астрологиялык белгиси, иштеген жери, бир жылдык кирешеси, үй-жайы, унаасы ж.б.у.с.

Кытай элинде эркектердин саны аялзатынан бир канча аз болсо дагы, бул рыноктун 80%ы кыздардын резюмелерине толгон.  Себеби, кытай кызына үйлөнүү үчүн мырзанын милдеттүү түрдө үй-жайы, унаасы болуусу шарт. Анан албетте, эгерде кыздар жакшы жерде билим алып, жумушунан ийгиликке жетишсе анын дагы келечектеги жолдошуна болгон талабы жогору болот эмеспи. Бирок, кыргыздардай эле кытай элинде дагы “кара далы” деген түшүнүк бар. Эгерде кыздын жашы 27ден өтсө, анда анын ийгиликтүү турмушка чыгуусу жеңил болбойт.

Ал эми, ортомчуларга кайрылгандар болсо ал жакка акы төлөшөт. Буга жараша өзүңүздүн дагы болгон талабыңызды койсоңуз болот. Көпчүлүк учурда Шанхайда жашоого укугу болуусу каралат. Муну менен катар эле, үй-жайы, жылына 70 000 юаньдан кем эмес кирешеси жана чыгыш жылдызбелгиси боюнча “жылан” болуусу дагы башкы талаптардын катарына кирет. Бул рынокто миңдеген резюмелер эл алдына коюлат. Ошондуктан, бардык талаптарга жооп берген жаштарды дагы табууга толук мүмкүн. Шанхай чоң шаар, чоң шаарда чоң мүмкүнчүлүктөр бар эмеспи.

Чындыгында, байыртан бери мындай “Жубай тандоо” базарлары Кытайдын ар бир аймагында болгон. Ал эми Шанхай шаарындагы бул рынок 1996-жылы ачылган. Ошол кезден бүгүнкү күнгө чейин ал ийгиликтүү иштеп келет. Заман өзгөрдү деген менен Кытай жергесинде дагы да болсо ата-энелердин уул-кызына келечектеги жубайын тандоодогу ролу зор. Колго толтурулган резюмелерди көтөрүп, мыкты келин, мыкты күйөө бала издеп келген ата-энелерди миңдеп көрүүгө болот.

Кытай элинде байыртан бери “Алты жөрөлгө” түшүнүгү бар. Бул түшүнүккө кыз-күйөөнүн убадалашкан кезинен баштап, үйлөнүү тоюна чейинки каада-салттар кирет. Алгач, уул тараптан кыздын үйүнө кымбат баалуу белектер жөнөтүлөт. Бул жигиттин кыздын колун суроо катары бааланат. Андан соң, кыздын, жакындарынын аты-жөнүн билүү үчүн жиберилген белек. Бул жерде уул тараптан келген элчилер кыздын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнүн, туулган күндөрүн улуулата билип, жазып кетишкен.

Алар кайтып келгенде, ушул маалыматтар аркылуу үйлөнүү үчүн “бактылуу датаны” тандашкан. Муну менен катар эле, “нике бактылуу болобу?” деп дагы чучукулак кармашкан. Жыйынтыгы оң болсо, үйлөнүүгө кийинки кадамдар жасалган. Үчүнчүсүндө кыздын үй-бүлөсүнүн макулдугу тууралуу маалыматтын келиши болсо, төртүнчү кадам катары кыздын үйүнө убаданы бекемдөө үчүн жиберилген баалуу тартуу менен аяктайт. Уул тараптан берилген белектер канчалык кымбат баалуу болсо, анын кадыр-баркы ошончо көтөрүлгөн. Бешинчисинде үйлөнүү тойдун күнү белгиленген. Ал эми, жыйынтыктоочу этап катары Кыз узатуу салтанаты болгон. Бул күнү жигит менен кыздын алгачкы жолугушуусу өткөн. Мурунку мезгилде, баш кошкон эки жаштын жашаган аймагы бир болуп, каада-салттарында өзгөчө айырмачылык деле болгон эмес. Ал эми азыр болсо, көп себептерден улам ар башка жерлердин жаштары үйлөнүп, тойлордо аймактык өзгөчөлүктөр көп жолугат.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии