Суусамырды баскан алтыгана: Кытайдан келген күтүүсүз жардам
Акыркы 10-15 жыл аралыгында медиа айдыңында байма-бай Суусамырдагы алтыгана бадалы тууралуу маселе козголуп турду. Бадал тикенектүү келип, ага мал даай алчу эмес. Маселени тикенектүү бутактары эмес, анын кенен кулач алып жайылып, өрөөндү шашпай ээлеп жатканы жаратты. Ишенген ири жайыттардын бири болгон Суусамыр өрөөнүндө чөп баскан аянттар азайып, тикенектүү алтыгана басымдуулук кылып кетүү чочулоосу пайда болду. Алгач бадалды оруп көрүштү. Майнап чыкпады. Себеби ордуна кайра өсүп чыга берди. Акыры химиялык заттарды чачканга чейин барышты. Ал бадалды уулап, өстүрбөй койгону менен топуракка коркунуч жаратты. Анын үстүнө, алтыгана бул экологиялык эмес, экономикалык көйгөй экенин табият коргоочулары айтып чыкты. Себеби тикенектин табиятка кыпындай зыяны жок экен. Көйгөй тууралуу кытай окумуштуулары билип калып, алар эч бир тарапка зыяны тийбей турган чечимди сунушташты.
Өрөөндөгү тактар
Суусамыр өрөөнү аркылуу Бишкек – Ош жолу өтүп, жолоочулар тоо боорлорунда жана тегиз жерлерде жаткан “көк тактарды” байкаган чыгаар. Дал ошол тактар алтыгана жыш өскөн аянттар.
Алтыгана кыска бойлуу, майда тикенектүү жана майда жалбырактары бар чакан бадал өсүмдүк. Бири-бирине жакын жана жыш өсүп, көк жайыктын ичинде орун алган аралча сыяктуу көрүнөт. Төөдөн башка бир дагы мал жолобойт. Жакшы шартта узундугу 2 метрге чейин жетет экен. Бирок, жанына басып келсен тизеден бийик өскөнү деле байкалбайт. Көз чаптырсаң алтыгана Суусамырдын батыш тарабында артыкчылык кылгандай. Илимпоздордун айтымында бадал суу жээктеринде, көлөкө менен нымдуулук артыкчылык кылган жерлерде жакшы өсөт экен.
Өрөөндө өткөн көчмө жыйында бул бадал канча аянтты басканы тууралуу так маалымат жок экен. Болжолдуу гана сандар айтылды.
Борбор Азиянын айлана-чөйрөсүн жана экологиясын илимий-изидөө борборунун тең-жетекчиси Саламат Абдыжапар уулунун айтуусу боюнча, баарын бириктирип кошкондо алтыгана болжол менен бүгүнкү күндө 38 миң гектар аянтты ээлейт.
Ал эми Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштетүү министрлигине караштуу Мал-чарбасын башкаруу жана ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаровдун маалыматы боюнча Суусамыр өрөөнүнүн жалпы аянты 472 миң гектарды түзүп, анын 28 мин гектар жерин алтыгана баскан.
Саламат Абдыжапар уулунун маалыматы боюнча алтыгана бул табият үчүн пайдалуу өсүмдүк.
-
Алтыгана көк чөптү шамалдан коргойт, жайыттарды эрозиядан сактайт, нымдуулукту сактап, топурак курамындагы азотту көбөйтүп аны байытат, — дейт окумуштуу.
Жаратылыш министрлигинин биоресурстарды башкаруу жана өзгөчө коргоого алынган аймактар башкармалыгынын жетекчиси Кумар Мамбеталиевдин айтуусу боюнча, маалында топурактын эрозиясы дал ушул бадалдардын таркашына алып келген.
— Алтыгана – бул биздин табиятка болгон туура эмес мамиленин кесепети. Жер арыктап жана өзүн-өзү коргоо үчүн алтыгананын өсүшүнө жол берип, мал үчүн жайыттардын аянтын кыскарта баштаган, — деп түшүндүрдү Кумар Мамбеталиев.
Илимпоз менен тикенектин күтүлбөгөн кездешүүсү
Саламат Абдыжапар уулу бир кызыктуу окуяна айтып берди. Ал өзүнүн кытай кесиптештери менен суу боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жүрүшкөн. Суусамыр өрөөнүндө анын кесиптешинин «көк тактарга» көзү түшөт. Ошондо, «Бул эмне деген өсүмдүк», — деп суроо салат.
Саламат биолог болбосо дагы, тикенек тууралуу көп угуп, билгенин айтып берет, нечен жылдан бери Айыл-чарба министрлиги аны менен майнапсыз күрөшүп келгенин дагы кошумчалайт.
Кытай кесиптештери интернетти чукулап отуруп, Кытайдын Ички Монголия провинциясында да алтыгананын бир түрү өсөөрүн, аны дагы мал жебегени тууралуу маалымат табышат.
Бирок, Кытайда бул тикенектин аянттарын кыскартууга аракет көргөндүн ордуна, тескерисинче – аны кайра атайын отургузаарын окушат. Көрсө, алтыганадан мал үчүн абдан сапаттуу жем өндүрсо болот экен. Тикенекти кургатып, майдалап, башка кошумчаларды кошуп жем гранулаларын өндүрүшөт экен.
Бул маалыматка Борбор Азиянын айлана-чөйрөсүн жана экологиясын изилдөө илимий Борборунда кызыгып калышат.
Убакытты созбой илимпоздор долбоор жазып, каржылоо алышат. Акча жагынан колдоону Кытай илимдер академиясынын Синьцзян филиалы көрсөтүп, окумуштуулар 2025-жылы илимий ишке баш оту менен киришет.
Суусамырдагы чакан өндүрүш
Илимпоздор өрөөндөгү Суусамыр айылында алтыганадан жем чыгаруучу чакан өндүрүштүк линияны орнотушту. Өндурүш ыкмысы татаал деле көрүнбөйт. Конвейер алдын-ала кургатылган тикенектерди ири центрифугага салат. Ал аны бир түстүү массага айлангычакты майдалап, андан соң аны конвейерге чыгарып, анан башка центрифугага кетет. Бул жерден зарыл болгон кошумчалар кошулуп, мисалы жүгөрү, аягында жашымтыл түстөгү даяр жем гранулары чыгат экен.
Саламат Абдыжапар уулу айтып бергендей, алтыганадан өндүрүлгөн жем – бул азырынча илимий эксперимент гана. Себеби, өндүрүлгөн жемди малга берип, аны байкаш керек. Мал бул жемдин жаңы түрүн канчалык деңгээлде аш кылат, жем канчалык зарыл болгон заттарды камтыйт деген суроолорго жооп алыш керек.
Илимпоздор алдында экинчи маселе дагы турат: эгер жыл сайын алтыгана тикенектерин оро берсе, ал аянттарды чөп басып, тикенек өскөн аянттар азаябы?
Бул жерде да илимпоздор табиятка аяр мамиле кылуу канчалык мааниге ээ экенин көрсөтүүдө. Алардын талабы боюнча, алтыгана күз мезгилинде гана орулушу зарыл. Себеп дегенде күзүндө тикенек уруктарын чачып, гүлдөп дагы бүтөт. Анткени гүлдөгөн маалда гүлүнө бал аарылары конот экен.
Илимпоздор Суусамыр өрөөнүдө бир гектар жерди изилдөөлөр үчүн аянтча катары алышкан. Орулган алтыганаларды канчалык деңгээлде чөп басканына байкоо жүргүзүп турушат. Биз барганда орулган тикенектин ордунда көк чөп дагы өсүп жатканын байкадык. Илимий аянтчада заманбап байкоо жабдыктары орнотулуп, байкоо иштери тынбай жүрүп турат экен.
Саламат Абдыжапар уулу айтып бергендей, илимпоздордун башкы максаты – Суусамыр өрөөнүндө экологиялык тең салмактуулукту сактап калуу. Бул алтыгана пайда алып келип, жайыттар дагы чөп баскан катмарын сактап калуу дегенди түшүндүрөт.
Сүйүн ШАМШЫ
Сүрөттөр WWW