6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойБез рубрикиЭлчи: элдер ортосундагы баарлашуунун маанилүү куралы-тил

Элчи: элдер ортосундагы баарлашуунун маанилүү куралы-тил

Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту 15 жылдык мааракесин белгиледи. Аталган окуу жайда кытай тилин үйрөнүп жаткан 500дөн ашуун студент билим алат. 15 жылдын ичинде миңдеген жаштар кытай тилин үйрөнүп, 20 миңге жакын адам кытай тилин билүү боюнча эл аралык тесттен өтүштү.

«Элдердин ортосундагы байланыштын маанилүү куралы тил болуп саналат. Өлкөнүн маданияты, тарыхы, дили, меймандостугу негизинен тил аркылуу билдирилет жана берилет. Ошондуктан Конфуций институттарынын дүйнөдөгү ролу абдан маанилүү. Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту жаш кыргызстандыктарга тил үйрөтүп, кытай маданиятын таанытууда өзгөчө озуйпаны аткарууда”. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь БМУнун алдындагы Конфуций институтунун 15 жылдык мааракесинде билдирди.

Анын айтымында, Кытай менен Кыргызстан кылымдар бою достукта жашап келишкен. Бүгүнкү күндө эки өлкө үчүн бардык тармактарда өз ара мамилени бекемдөө маанилүү. Элчи эки мамлекет стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жолунда экенин айтып, бул багытта маданий-гуманитардык кызматташуунун ордун бөлүп көрсөттү.

«Эгерде тилди жакшы билген, бири-бирин түшүнгөн, көп окуп, көптү үйрөнгөн жаштарыбыз өз ара кызматташууну каалашса, анда биздин өлкөлөрдү кең келечек күтөт. Анткени тил ортодогу баардык тоскоолдукту жоёт.  Ошондуктан Конфуций институту бир жагынан — билим берүү, илимий жана маданий борбор болсо, экинчи жагынан — биздин өлкөлөрдүн достугун бекемдеген тынчтыкты сактоочу борбор”,-деди Ду Дэвэнь.

«Конфуций институттарын түзүү — бул глобалдык долбоор. Учурда мындай билим берүү, тил үйрөтүү мекемеси дүйнөнүн 146 өлкөсүндө ачылган. Аларда 500дөн ашык Конфуций институттары жана эки миңге жакын Конфуций класстары түзүлгөн. Биздин университеттин алдындагы Конфуций институту Кыргызстанда биринчи болуп пайда болгонун сыймыктануу менен айта алам”,-деди Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев.

Анын айтымында, институттун миссиясы: кытай тилин жайылтуу жана үйрөтүү, байыркы чыгыш маданиятын таанытуу.

«Биздин институт бул миссияны татыктуу аткарып жатат. 15 жылдын ичинде он миңдеген жаштарыбыз кытай тилин үйрөнүү курстарынан өтүштү. 20 миңге жакын адам кытай тилин билүү боюнча эл аралык тестти тапшырышты. Кытай өлкөсүндө билим алууну каалагандар үчүн бул абдан маанилүү фактор. Анын аркасында он миңден ашуун жаштарыбыз Кытайдын алдыңкы окуу жайларына тапшырышты”,-деди ректор Мусаев.

БМУнун алдындагы Конфуций институту жемиштүү жана сапаттуу иши үчүн эки жолу (2016 жана 2023-жылдары) дүйнөдөгү эң мыкты институттардын бири деп табылган. Бүгүнкү күндө аталган институтта кытай тилин үйрөнүп жаткан 500дөн ашуун студент билим алат. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жана мектептер менен кызматташуунун алкагында Конфуций институту тарабынан 9 класс, 9 Конфуций борбору жана 2 кытай тилин үйрөнүү борбору түзүлгөн.

Кытай тилин сапаттуу үйрөнүү үчүн эл аралык бренд-«Кытай павильону»долбоору ачылган. Анда акыркы технология менен жабдылган заманбап китепкана, Кытай экономикасын, саясатын, маданиятын, коомун, экологиясын, илимин жана технологиясын чагылдырган аудиовизуалдык колдонмолор коюлган.

Конфуций институтунун мааракесине арналган иш-чарада Элчи Ду Дэвэнь айымга университеттин ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Келген меймандарга маданий иш-чара тартууланды.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии