ДомойАналитикаКарагаттын баасы кымбаттады   

Карагаттын баасы кымбаттады   

Ысык-Көл өрөөнүндө быйыл карагаттын түшүмү аз, баасы кымбат болууда. Өткөн жылы бир килограммы 160-180 сомдон сатылчу. Азыркы күндө дээрлик 210-220 сомдон түшпөй жатат.

    Түшүм жакшы болгон жылдары көлдүктөр аны Россияга, айрыкча Казакстанга ташып сатып, туристтерге сунуштап капчыгын кампайтышчу. Учурда Алматыга экспорттоодон ашпай калды.

       Карагаттын сортуна жараша республиканын түштүгүндөгү айрым райондордо, кышкы суукка чыдамдуусу Нарын, Чүй жана Таласта өстүрүлүп келет. Элибиз дыйканчылыктан жакшы каражат таап, тыӊ оокат кылуунун жолдорун үйрөнүп баратат. Мисалы, күнөстүү климатта өсө турган карагаттын «Капитан» сортунун 1 килограммы 320-350 сомго чейин жетет. Анын үстүнө, кулпунай менен малинага салыштырмалуу, алыска ташып жеткирүүгө чыдамдуулугу дыйкандарды катуу кабатырга салбайт. «Капитандын» бир көчөтүнөн 20 кг түшүм алууга болот. Багбандар анын көчөтүн сатуу менен да каражат табышат. Акыркы жылдары мөмөнүн ушул түрүн 3-4 гектарга айдап, тамчылатып сугаруу системасын орноткондор барган сайын көбөйүүдө. Айрым сорттору отургузгандан кийин экинчи жылы түшүм бере баштайт. Жаз күндөрү тирөөч орнотуп сабагын көтөрүп байлап койбосо, түшүмүн көтөрө албай мөмө коромжуга учурап калышы ыктымал. Айталы, 1,5 гектарга айдалган карагат жакшы бышкан учурда 10-11 тоннага чейин түшүм берет.

    — Карагаттын 12-13кө жакын сорту бар, — дейт, — жети өгүздүк Азамат Мажиков аттуу багбан.  — Карагат суукка чыдамдуу келгендиктен Нарын облусунун баардык райондоруна өстүрүүнү сунуштайм. Андан тышкары, сурагандар болсо, Алай, Чоӊ-Алай, Кара-Кулжа,Чаткал ж.б. тоолуу аймактарга да көчөттөрүн жиберебиз. Себеби, карагат талаасынын бир ыптасына питомник куруп, көчөт өстүрүп сатууну да практикалап келем.

       Бала кезимде мени бул ишке атам кызыктырган. Ошондуктан көп жылдан бери өстүрүп жүрөбүз. Мурда багбанчылыктан кабары жок, тажрыйбасыз адамга карагат эгүү кыйла түйшүктөрдү алып келген. Кээ бир жылдары короткон чыгымды жаппай, банкротко кептелген учурлар болчу. Айтайын дегеним, агрономдук кесиптен тышкары адам иш баштардын алдында окуп, дасыккан багбандардан барып сурап, керек болсо, ага жардам берип иштеп көнүгүшү кажет. Куру бекер эксперимент кылуудан бир-эки жылды коротуп, убара тартып калышы мүмкүн. Жети-Өгүздүн «Сары кыз» деп тергелген абрикосуна, карагатты кошуп Дубайга экспорттоо боюнча тажрыйбам бар.

       Мен Араб мамлекеттеринде болгонумда ал жактын мөмө-жемиштерин сатып алып жеп көргөм. Анткени, багбанчылык менен «ооруган» адам тышкы рынокту да изилдей жүрөт эмеспи. Мисалы, алардын өрүгүн татыганымда таптакыр даамы жок, супсак экенин көрүп алып, бул жакка кыргыздын мөмө-жемишин экспорттоо эӊ зарыл иш турбайбы дегем. Кыргызстандын кайсы аймагы болбосун, топурагы биологиялык элементтерге бай, суугат суусу таза, климаттык шарты абдан ыӊгайлуу болгондуктан бардык өсүмдүктөрү экологиялык талаптарга туура келет. Мөмө-жемиштерибиздин даамы ширин жана жыттуу болуп, бир татыган чет элдикти өзүнө тарат. Бирок, экспорттоого келгенде, бир топ кыйынчылыктарга туш болдум. Кээ бир документтер Кыргызстанда тастыкталып, Дубайга жөнөтүлөт. Сертификат алуу түйшүгү андан өтөт. Айтор, эки айга жакын кагаз чогултуу менен алектенет экенсиӊ, — дейт.

       Тажрыйбалуу багбандын айтымында, карагаттын сорттору жалпысынан эки түргө бөлүнөт. Биринчиси, дачага ылайыкталып, чакан аянтка отургузулат. Булардын тышы жумшак келип, көп мөмө байлайт. Бирок, дүӊүнөн механикалык жыйып-терүүгө чыдабай эзилип кетет. Экинчи сорттогулары атайын комбайндар менен чогултууга ылайыкталып, чоӊ аянттарга эгилет. Булар алыскы жолдо эзилип кетпей, ташып сатууга чыдамдуу болот.

      Кыргызстанда «Ядрёная», «Добрыня», «Белорусская сладкая» сорттору эӊ көп тараган. Акыркысы, советтик мезгилден бери элибизге таанымал. «Селеченская -2» сорту да башкалардан калышпаган жакшы сорт. Эскерте кетсек, карагатты абдан ысык аймакка отургузуунун кереги жок. Ал сууктан коркпойт, катуу ысыктан жабыркайт. Ушул өзгөчөлүктү сөзсүз эске алуу зарыл.

     Карагатты багуунун эӊ жөнөкөй эки эрежеси бар. Топуракка кыктын нымдуусу да, кургагы да жарайт. Көчөттүн түбү ар дайыма 60 пайыз нымдуулукту кармап турушу кажет. Аны билүү үчүн топуракты алаканга салып катуурак уучталган топурак колго жабышаак болуп туруусу талап этилет.

       Жыйынтыктап айтсак, багбандардын кеӊеши боюнча алганда, 10 сотых огороддон 200 000 сомго чейин таза киреше табууга болот. Бирок, карагатты баланы баккандай аздектеп кароо керек дешет. Азаматтын айтымында, 20 сотыхтан эле 500 000 сомдон, 1 млн. сомго чейин түшүм жыйнагандар бар экен.

        Биз карагатты кыям кайнатып, азык катары колдонсок, Түштүк Кореяда, Японияда, Араб өлкөлөрүндө дарыларды, косметикаларды жасап чыгарып, ден соолукка миӊдин бири катары кастарлап колдонушат. Ал түгүл жалбырагы да жерде калбайт дешет.

 Ыкчам баюунун ыкмасы

 Жайыт такырланбайт, кой баккан жакырланбайт

    Бишкектин түндүк тарабындагы Ак-Бата конушунун тургуну, кесиби боюнча зоотехник А.Абдырасулов бир нече жылдан бери кой чарбасы аркылуу чоӊ киреше таап, тез баюунун жолун өз тажрыйбасында далилдеп жаткан кези экен.

     Фермер бар болгону 15 сотыхтан турган өз короосунун чоӊ сарайына 400гө жакын кой багат. Койлорун интенсивдүү эттендирүү үчүн ага чоӊ жайыттардын кереги жок. Жүгөрү, буудай жана арпа аралашкан жемди майдалагыч аппараттан өткөрүп койлоруна берет. Мындай жагдайда чөп да абдан үнөмдөлөт. Адатта кой бүкүлү жемдин 55 пайызын араӊ сиӊирет, тез эттенбей фермерди чыгымга тартат. Ал эми майдаланып берилген жемдин аш болумдуулугу 95 пайызга чыгууда. Эгерде бүкүлү берилген жем койдун салмагын бир суткада 90-100 грамм өстүрө алса, майдаланган жем 130-140 граммга чейин жогорулатып жатат.

     Мындагы кой чарбасынын ийгиликтүү тажрыйбасы  беш жыл мурда Кепилдик фонду ААКсынын жетекчилигин абдан кызыктырып калган. Ушуга байланыштуу Кепилдик фонд «Кыргыз Республикасында кой чарбасын интенсивдүү өнүктүрүү программасын» иштеп чыгып, аны аймактарга жайылтуу боюнча алгачкы кадамды баштаган болчу.

       Кепилдик фонд фермердин жем майдалоочу заманбап аппаратка ээ болуусу үчүн банктан кредит алуу максатын колдоп, алгачкы жолу аталган программанын алкагында кепилдик берүү чечимин чыгарган. Бул тууралуу Кепилдик фонддун башкармалыгынын төрагасы М.Абакиров төмөнкүлөргө токтолду.

    — Бир фермердин 15 сотых жерине 500 кой багылып жаткан соӊ, мисалы, 30 млн. кой багуу үчүн 9000 гектар жер аянты талап кылынат. Ал эми өлкөдөгү жайыт жеринин аянты 1,9 млн. гектарды түзөт. Союз учурундагыдай мал туягынан жайыттар деградацияланды деген дооматтар болбойт. Өткөн жылдары мындагы бир койдун да баасын кардарлар17000-18000 сомдон түшүрбөй дүӊүнөн 100 койду сатып алып кетишкен. Ага фермер кайрадан Ат-Башы районунан козулардын орточо баасын 8000-9500 сомдон сатып алып келген. Майдаланган жем койду бат семиртет. Эти да экологиялык жактан таза келип, жемге химиялык кошулмалар жолотулбайт. Мындай жемди койлорго бир эле жолу түштөн кийин беришет экен.

      Романов тукумундагы койлор жылына экиден тууп, төрттөн козу берет

    Азыркы учурда фермердин алты жылдан берки кой чарбасы боюнча тажрыйбасын айрыкча Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын малчылары келишип, кызыгып көрүп жатышыптыр. Өткөн жылдын жыйынтыгынан алганда өлкөдө болжол менен 6 млн. 168 миӊге жакын кой бар экен. Мындагылардын пикирлерине караганда, жакынкы жылдары койдун төлүн 7,5 млн.го жеткирүүгө болот. Анткени, бүгүнкү күндө айрым фермерлер Россиядан койдун «Романов» асыл тукум породасын алып келип багып жатышат. «Романов» койлору жылына эки ирет тууп, ар биринде экиден козу берет. Анын орточо тирүү салмагы 40 кг.чейин жетүүдө. Муну менен өлкөдө эт багытындагы асыл тукум койдун төлүн көбөйүүнү колго алып, айыл аймактарын жумуш менен камсыздоого болоруна тажрыйбалуу фермер ишендирип жатат.

      «Жемди майдалоочу жабдууну башка өлкөдөн ташып келип убара тарткан жокмун. Бишкектин Чолпон-Ата – 2 көчөсүндө жайгашкан тажрыйба-эксперименталдык механикалык ишканасы жемди майдалоочу аппаратты чыгарып берип жатат. Мисалы, фермерлерге аппараттын сапаты, баасы туура келсе, сатып алышса болот.

        Малды интенсивдүү семиртип багуунун ушул ыкмасы мурдатан эле Европа мамлекеттеринде, Түркияда, Иранда, кээ бир КМШ өлкөлөрүндө бар.

Нарынкүл Назаралиева

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии