16.1 C
Бишкек
Суббота, 12 июля, 2025
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКурмангазы Азыкбаев: «Кызым экөөбүз 49 аспапта ойнодук»

Курмангазы Азыкбаев: «Кызым экөөбүз 49 аспапта ойнодук»

Улуттук музыкалык аспаптарды иликтеп, аларды кайра жасап, анан миӊ түрлүү күүгө келтирип, өзү аткарган адам өтө сейрек. Улуттук жана дүйнөлүк чыгармаларды европалык музыкалык аспаптарга айкалыштырып, ийине жеткире аткаруу, жайылтуу баардык эле чыгармачыл адамга энчилене бербесе керек. Мына ушундай өнөрдүн ээси, Кыргыз Республикасынын эл артисти, «Энесай» оркестринин жетекчиси Курмангазы Азыкбаев бизде мейманда.

— Курмангазы, элдик аспаптарды чыгаруунун артынан сая түшүп калышыӊа эмне түрткү болду?

— Улуттук музыкалык аспаптарды изилдеп таап, кайра калыбына келтирүүнү, даӊазалоону абдан көп ойлондум. Тарыхчыларга, жазуучуларга кайрылып көп сураштырдым. Күндөрдүн биринде Кыргыз Республикасынын эл акыны, акын агам Шайлообек Дүйшеевге жолугуп калдым. Ал мага элдик аспаптар тууралуу жакшы кеӊеш, ишенимдүү маалымат берип, жан дүйнөмдү дегдедип, ого бетер козгоп койду. Ал эми Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу жана аткаруучу Түгөлбай Казаков менен сүйлөшкөнүмдө ал мага: «Куке, өзүӊ ойногон аспаптарыӊды өзүӊ жасап үйрөн. Устаканадан чыгарылган комуз жалпы шаблонго салынып, сувенирдин калыбына түшүп калып жатат. Ал эми этномузыканы эл аралык деӊгээлге жеткирип жайылтам десеӊ, нукура элдик аспаптарды өзүӊдөн артык кылып эч ким жасай албайт», — деп жол көрсөттү. Анан элдик музыкалык аспаптарды эӊ мыкты жасап, өзү ойноп жүргөн композитор Нурлан Нышановдун чыгармачылык өнөрканасы менен жакшы тааныш элем. Иликтей келгенимде комуздун бир нече «бир туугандары» табылды. Кыргыздын комузу тогуз, жети, беш, төрт, үч жана эки кылдуу болуп бөлүнөт. Эл ичинде эки кылдуусун «чертмек» дейт. Чертмекке беренелерди жалгаштырып жасап койсок, казактын домбурасы чыгып калды. Ал эми үч кылдуу комузга берене жасалбайт. Азыркы күнгө чейин комуздун үч кылдуу түрү кеӊири тараган.

      Республикада жалпы эле музыкалык аспаптар боюнча көйгөй көп. Музыкалык окуу жайларда дээрлик совет доорунда сатып алынган эски пианинолор, роялдар турат. Райондордун маданият үйлөрүндө, айрыкча айылдык клубдарда кышкысын от жагылбайт. А пианино болсо белгилүү температурада сакталышы керек. Айлап-жылдап мупмуздак жерде турса күүгө келбей, жарабай калат. Бүгүнкү күндө аспаптарды күүгө келтирген (настройкалаган) адистер абдан тартыш.

     — Балдарыӊыздын баары музыкант болуп чыгышына өзүӊ түрткү бердиӊби же жеке тандоолору себеп болдубу?

 

   — Жаш кезибизде искусство институтунун жатаканасынын бир бөлмөсүндө 13 жыл жашадык. Студент кезимде эле үйлөнүп, балалуу болуп алгам. Үй-бүлөлүк тиричиликтин ачуу-таттуусун баштан өткөрдүк. Бир жылдары плотник болуп жумушка орношуп, андан тышкары аялыма жардам берип, пол жууп иштеп жүрдүм. Мени менен чогуу окуган кээ бир балдар: «Пол жууган аялдын иши, ушуну жөн эле койбойсуӊбу», — деп сынтагып калышчу. Эӊ башкысы, чыгармачылык изденүүдөн тайган жокмун. Адам көздөгөн максатынан, алган багытынан жазбай өжөрлөнүп изденүүдөн өз бактысын табат. Көксөгөнүнө жетет. Балдарым ошол бир бөлмөлүү жатаканада өсүп чоӊоюшту. Бешикте ымыркай уктап жатканына карабай, аспаптарымды ойной берчүмүн. Азыр улуу балам Нургазы 22 аспапта ойнойт. Ал эми Нурайым менен Нурсултан экөө 12 аспапта ойношот.

    — Бир жылдары «Түркмөнстандын ошол жылдардагы президенти Курмангазыны «Энесай» оркестри менен ээрчитип кетиптир», — деген сөз тараган. Ошондо ал жакка эмнеге кеттиӊер эле?

— Жайкысын театрлар, филармония узак эс алууга кетишет эмеспи. Өзгөчө ушундай учур болуп, жогорку деӊгээлдеги чет элдик расмий делегациялар келгенде «Энесай» оркестрин шашылыш чакырып калмай адат бар. Бир жолу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Бишкекке иш сапары менен келип калды. Биздин оркестрди мамлекеттик резиденцияга алып барышты. Кызым Нарайым түркмөн тилинде ырдады. Бир убакта Бердымухамедов тура калып, жанындагы коллегасынын колун кармап силкилдетип, рахмат айтып кирди. «Бул кыз менин чыгармамды эӊ сонун аткарды» деп ыраазы болду. Концерт кызуу уланып кетти. Кызым менен Бердымухамедов чогуу ырдашты. Ошол жерден ал: «Мен бул оркестрди өзүм менен кошо ала кетейин», — деп тамашалады.

      Ошондон көп өтпөй «Энесай» тобуна чакыруу келди. Адегенде Аваза шаарына алып барышып, абдан меймандостук менен тосуп алышты. Ноталарыбызды алдын ала жиберген болчубуз. Чыгармаларды аткарууга 40 музыкант кызды даярдап коюшуптур. Алар кыргыздын элдик музыкаларын ийине жеткире аткарышты. Ошол гастролдо 20 күндөн ашык жүрүп, жакшы эс алдык. Нурайымга Түркмөнстандын эмгек сиӊирген артисти наамын ыйгарышты. Бриллиант, долларын кошо беришти. Ага чейин Нурайым абройлуу эл аралык конкурстардан эки алтын медаль жеӊип келген болчу. Кызым мына ушул сыяктуу бир катар конкурстарга катышып, чет элдик сыйлыктарга жеткенден кийин Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти наамына ээ болду.

— Кээде коомчулукта фонограмма менен ырдоого каршы демилге көтөрүлө калып жүрөт. Ушул маселеге көз карашыӊ кандай?

    — Фонограмманын коштоосунда ырдоого тыюу салынса, «эмгек сиӊирген», «эл артисти» сыяктуу наам алгандардын теӊинен көбү өзүнөн өзү ырдап чыкпай калышат деп ойлойм. Атактуу жазуучубуз Султан Раев маданият министри болуп турганда жандуу үн менен гана ырдоого, фонограмманы чектөөгө аракет башталган. Аны белгилүү обончу, КРнын эл артисти Ибрагим Жунусуов баш болгон бир топ таланттар колдоп чыгышкан. Анткени, фонограмма ыйык сахнаны «телебелеп кетти».

      Бир жолу Москванын «Останкино» телестудиясына Нурак Абдыракманов, Дилшат Кангелдиева сыяктуу таланттар болуп бардык. Ошол жерден ойногонубузда аспаптарыбыз кадимкидей таза, тунук чыгып берди. Ар бир телестудияларда ошондой чакан аппаратуралар болушу керек.

     Азыркы учурда аспаптарымды патенттөөдөн өткөрө албай жүрөм. Чоочун көзгө көрсөтүүдөн да коркуп калдым. Анткени, көрүп алып, окшоштуруп жасап, автор болуп алып жатышат. Андан тышкары, «Энесайдын» чыгармаларын ресторандагы тойлордо ойношот. Эч уялбай уурдап алышып, мамлекеттик чоӊ иш-чараларда аткарып жатышат. Бирок, авторго эч кимиси акы төлөбөйт.

     Улуттук көөнөрбөс өнөрдү эл аралык алкакка даӊазалоого күчүмдү аябай жумшайм. Тилекке каршы, кээ бир ата-энелер эмгекти баалабайт. «Артист жыргаткан акча таба алмак беле. Бизнести үйрөнөсүӊ же айтишник болосуӊ», — деп баланын жөндөм-шыгына карабай кыйнагандар бар. Баарынан жаманы, музыкантты табына келтирип, талантын такшалтып койгонумда оркестрден чыгарып алып кетишет. Андан кийин баласы айтишник болуп жыргатпайт же музыкант болуп эл аралык алкакка чыга албай арабөк жолдо калып жатканы бар. Ата-бабадан бизге жеткен музыкалык улуу мурасты, профессионалдык искусствонун өнүккөн светтик түрлөрүн урпактарга аманат кылып калтырып кетсек дейм.

— Кызыктуу окуяларыӊдан айтып берсеӊ

— Бала кезимде абдан тентек болгондугум үчүн мени «кичинекей карышкыр» дешчү.

 Бир жолу Индияга гастролдоп барганда ошол шоктугум кармады. Мейманканадагы бир индус швейцарга англисче сүйлөп таанышып, чөнтөгүмдөгү касетаны белекке берип достошуп алдым. Ал индус ошол жердеги бассейнде дагы иштейт экен. Биз тогузунчу кабаттагы бөлмөдөн жердеги бассейинди көрүп алып түшкүбүз келди. Тиги индуска барып айтсам, ал: «Силерди каттабай эле коёюн. Каалашыӊарча акысыз түшө бергиле», — деп, эки-үчөөбүзгө уруксат берип койду. Сууга түшүп жатсак, бир режиссер аксакалыбыз өйдө жактан мага: «Эй, Куке, бассейнге төлөбөй түшө берсе болот бекен?» — деп кыйкырды. Мен аны тамашалап: «Болот экен. Келип түшө бериӊиз», — деп койгом.

      Бизди – музыканттарды Индиянын чакан шаарларына концерт бергени алып кетип жатышты. Режиссер аксакал көп учурда мейманканада калчу. Көрсө ал күнүгө бассейнден чыкпай түшө берчү экен. Бир күнү кечинде мейманканага келип, тигинин бассейнде бейкапар чөмүлүп түшүп жатканын көрүп алып алаканды шак койдум… Эртеси сапарыбыз аяктап аяктап, бөлмөлөрдү тапшырып кетээрде ага бассейн үчүн 5 миӊ доллар төлөйсүӊ», — деп дүмүрчөк карматып коюшту. Баягы байке эмне кылаарын билбей: «Курмангазыны тапкыла, ушул жерден өлтүрөм», — деп ыйлагысы келип жүрөт. Мен болсом ага көрүнбөй жашырынып жүрөм. Биз менен кыргыз ишкерлери да кошо барышкан. Оӊдой берди болуп, ошолор акча чогултуп беришип тигини зорго куткарып алышкан.

Бир жолу Нурайым экөөбүз дүйнө элдеринин этнографиялык музыкалык аспаптарынын конкурсуна катышуу үчүн Вашингтонго бардык. Ошол жылдары Замира Сыдыкова Кыргызстандын ал жактагы элчиси болчу. Элчи айым кызым экөөбүздү колдоп сүрөгөнү концертке келди. Ошондо мен 37, кызым 12 аспапты ойноо үчүн аспаптарды столдорго тизип коюп, өзүбүз көшөгөнүн артында турдук. Алып баруучу чакырганда кызым экөөбүз сахнага чыга келдик. Улам бир аспап менен музыканын ыргагын бузбай, токтобой ойнодук. Ошентип дүйнөнүн чар тарабынан келгендерди таӊ калтырдык. Мындай өнөрдү мурда көрө элек эл дуулдап көпкө чейин кол чаап, сахнадан кетирбей турушту.

Маегиӊе рахмат.

Нарынкүл Назаралиева

Сүрөт WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии