Асыл тукум жылкыларды багуу арзан иш эмес
Кыргызстандагы асыл тукум жылкылардын 90 пайызы ат спортунун эки түрүнө карап багылат. Биринчиси – улуттук ат чабыш оюндары, экинчиси – көкбөрү. Дүйнө мамлекеттери англиялык таза кандуу жылкыларды сатып алып турушат. Кыргызстандагы ат багуу чарбалары да англиялык жылкыларды импорттоп, топтоп ат оюндарына кошуу менен алектенет.
Күлүктөрдү алабармандатып чабууга болбойт
Кыргыз жылкыларынын генетикасын тереӊ изилдеп, импорттолгон жылкылар менен аргындаштырып, жаӊы тукум чыгаруу аракети көрүлүп келүүдө. Айрым адистердин айтуусуна караганда, таза кандуу кыргыз жылкыларынын тукуму1673-жылдан азыркы күнгө чейин үзүлбөй келе жатат. Ар бир саяпкер жылкынын бери дегенде 5-6 муун өткөн тукумун билет.
Союз урагандан кийин асыл тукум жылкыларды жеке чарбалар гана сактап калышты. Ошого карабай, өлкө эгемендүүлүк алган 90-жылдардын башында тамак-аш тартыш болуп, эл кыйналганда асыл тукум аттар кошо союлуп, касапка таратылган учурлар кездешти. Азыркы күндө мындай аттарды багууга жылына 100-120 миӊ сомго жакын каражат сарпталат. Ага чөп, жем жана витаминдүү азыктар керектелет. Өз учурунан калтырбай эмдөөгө, аргындаштырууга арбын каражат коротулат. Ошол эле учурда андай жылкынын наркы анын ата-энесинин тукумуна карата аныкталат.
Абалтадан кыргыз баласы күлүк аттарга өзгөчө аздектеп мамиле кылганы элдик эпостордо көп чагылдырылган. «Ат – адамдын канаты» деген кеп бекер жерден чыкпаса керек. Ошого карабай, айрым учурда эзелки эрежелерди бузуп, күлүктөрдү кыйнаган учурлар да жок эмес.
Мындан үч жыл мурда өлкөнүн эгемендүүлүк майрамына жана Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналып, мамлекет тарабынан өткөрүлгөн ат оюндарына маарага азыраак жете бербей бир ат жыгылып өлгөнү коомдо талкуу туудурган. Ошол иш чараны уюштуруучулар тобун «Көчмөндөр жүрүшү» федерациясынын аткаруучу директору, мал чарба илим изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Айнура Эргешова жетектеген. «Ал аламан байге же ат чабыш эмес, ат марафону болчу, — дейт Айнура айым, — Салыштырып айтсак, спортчу 100 метрге же 40 чакырымга чуркагандай эле айырмасы бар. Ат чабыш түз жерде өткөрүлөт. Марафондо Байтик айлынан Чуӊкурчакка чейинки 31 чакырым аралыкты чаап өтүү шарт болчу. Жайдын ысык күнүндө өткөрүлгөн марафондо аттар 3 ашуудан өтүп чабылды. Оюндун талабы боюнча атты 18 жаштан өйдө курактагы чабандес чабуусу керек эле. Анткени, өспүрүм балдар аттын оозун кармай албай жыгылып, жабыр тартып калышы ыктымал. Марафонго 85 чабандес катышкан. Биз, уюштуруучулар аттардын паспортун, чабандестин салмагын текшердик. Ошол марафондо эки ат өлдү. Биринчиси, 13 чакырым аралыктагы кыяга чыга бериште жүрөгү жарылып мерт кетти. Чабандес кайсы жерден катуу, кайсы жерден акырын чабуунун стратегиясын жакшы билүүсү керек. Бирок, эмнегедир стартка чыгардын алдында жаш баланын футболкасын, тумагын кийген чоӊ киши атты минип алганын көрүп, таӊ калып койгом. Бул жерде уюштуруучулардын көзүн жаздырган иш болгон. Жайдын ысыгында ат чабандестерди көтөрө албай калган.
Экинчи ат марага бир аз калганда жүрөгү жарылып жыгылып өлдү. Чабандеске төртүнчү орун ыйгарылып, акчалай сыйлык берилди. Ат марага бир аз жетпей өлсө жеӊишке жеткен болуп саналат. Мындай шарт эл аралык деӊгээлде кабыл алынган эмес. Бирок, кыргыздар менен казактардын салтында уруксат берилет. Ал англиялык тукумдагы таза кандуу ат болчу. Кыргыздардын асыл тукум аты болбогон соӊ, Европадан импорттолгон аттардын физиологиялык табияты башка болот.Бийик тоолордо, ашууларда ат катуу чапканды көтөрө албайт. Мен аттын ээсине бул тууралуу эскертип айткам».
Мындан бир нече жыл мурда Сокулук районунун Белек айылындагы ат чабышта 20дан ашык ат кырылып калган. Ошол иш чара дагы жайдын ысык күнүндө өткөрүлгөн. Ашуу-кырларды ашып чаап, аттарды катуу ылдамдыкта коё бергенде ушундай окуялар болуп турат. Тилекке каршы, аламан байгеге чабылган аттардын өлүшү кадыресе окуя. Андай учурда саяпкерлердин эмгеги текке кетип, чоӊ чыгымга кириптер болот.
Чабандестерди машыктыруу — сейрек кесип
Бүгүнкү күндө асыл тукум жылкы заводдору колдоого алынбай калды. Айталы, Ысык-Көлдөгү жылкы заводунда ат чабышка сала турган аттар дээрлик калган жок. Анткени, асыл кандуу англиялык таза кандуу жылкы болуп эсептелиши үчүн алардын ДНКсын текшерүүгө алып туруу керек.
Көп жылдардан бери жылкыларды асылдандыруу жумуштары дээрлик токтоп калгандыктан анын асыл тукум экенин далилдөө кыйын. Адистердин пикири боюнча, ал жердеги аттарды сатып, кайрадан англиялык таза кандуу жылкыларды алып келүү зарыл. Бирок, англиялык таза кандуу жылкылар менен кыргыздын асыл тукум жылкыларынын ортосунда айырма бар. Маселен, кыргыздын, Россиянын жылкылары төрт-беш ай бою жайытта жүрө беришет. Ал эми англиялык жылкылар тоолуу шарттарга көнө албагандыктан колдон чыгарылбай багылат. Ушуга байланыштуу мамлекет асыл тукум жылкыларды кармаган чарбалар үчүн жер аянттарын бөлүп, жаӊы тукумдагы айгырларды сатып алууга жеӊилдетилген насыяларды бериши керек.
«Жыл сайын айлы чарба министрлигине, Мал чарба департаментине кыргыздын асыл тукум жылкы чарбаларын өнүктүрүүнүн план перспективаларын, иподромдорду заманбап түргө келтирүү программасын сунуштап келе жатабыз. Үч жыл мурда сунушубузду колдогон парламенттин токтому чыккан. Ал боюнча улуттук жана эл аралык алкакта ат оюндары өткөрүлүп турушу керек эле. Бирок, аракетибизден эч жыйынтык чыга элек», — дешет ат чарба тармагын өкүлдөрү.
Жаш чабандестерди эл аралык деӊгээлдеги чеберчиликке даярдап келе жаткан өлкөдөгү төрт-беш машыктыруучунун бири К.Өмүралиевди кепке тарттык. «Жаш курагым 60ка жакындап калды. Совет жылдарынан бери топтогон тажрыйбабызды жаш балдарга мурастап кетишибиз керек. Кыргыз чабандестерин Европа өлкөлөрү чакырып кетип жатат. Мисалы, үч жыл мурда Польшага 30га жакын чабандестерибиз кетип калды. Казакстан, Россия, Араб эмираттары, Ирландия, Англия, ж.б. өлкөлөргө барып иштеп келип жатышат. Себеби, ал жакта эмгек акы абдан жогору. Мисалы, 2019-жылы Англияда өткөн ат чабыштын байге фондуна 1 млн. 200 миӊ доллар коюлган. Ага башкы саяпкер болуп катышкан М.Батыркуловго ошол байге фондунун 10 пайызы берилген. Бир топ өлкөлөрдө чабандестерди, саяпкерлерди спорттун баардык түрлөрү сыяктуу эле тынбай машыктырып окутушат», — дейт тажрыйбалуу машыктыруучу.
Азыркы күндө көкбөрү оюндары өнүгүп жатат. Мисалы, ага «Нооруз» майрамдарында мамлекет тарабынан чоӊ каражат бөлүнүп келет.
Жылкы багуу ишкерлиги
Өлкөдө асыл тукум жылкы чарбасын кармаган ишкерлер анча көп эмес. Бул багыттагы ишкерлер негизинен аттарды көкбөрү оюндарына катыштырып, аламан байгеге чаап байге алууга багытташат. Күлүктөр ээсине автомашиналарды, акчалай сыйлыктарды утуп берип кирешесин арттырат. Ушундай ишкерлердин бири, адистиги боюнча зоотехник Айбек Сатиев тууралуу эки ооз сөз кылалы. Жылкы чарбасынын башкы максаты – асыл тукум айгырлардан кулун алып, санын көбөйтүп, ат оюндарына чабылуучу күлүктөрдү жайылтуу менен алектенишет. Мында Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту менен бирге келишим түзүп, буден, донский, ганновер тукумундагы айгырларды Европадан, Россиядан сатып алып, жергиликтүү бээлерге аргындаштыруу менен эксперименттерди жүргүзүшөт. Андан кыргыз тукумундагы жылкыларды чыгаруу менен алектенип келе жатышат. Айтканга оӊой көрүнгөнү менен жылкы багуу оӊой жумуш эмес. Жыл өткөн сайын тоют кымбаттап баратат. Жылкы чарбасы жем-чөптү көп талап кылат. Ошого карабай, мындагы Акула, Алибаба, Ураган, Хан, Датка деген күлүктөр Кыргызстанда өткөн ат-оюндарынан бир кыйла байгелүү келип жатышат. Башкасын айтпаганда да, кошуна өлкөлөрдө өткөрүлгөн чоӊ жарыштарда үч автомашина, кырктан ашык торпок, төө, тай ж.б. утуп алышкан.
Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан «Агродиалог» форматтагы форумга катышып, ар кимиси мындагы тажрыйбалары менен бөлүшүп келе жатышат. Ишкердин айтымында, өлкөдөгү мал-жандыктардын баарын мамлекеттик катоого тургузуу өз натыйжасын берип келет. Анткени, катталган малдын санына карап, жер бөлүнүп берилип, суу ресурсуна да жеткиликтүү көңүл бурулат. Ал түгүл жеӊилдетилген кредиттер менен гранттар бөлүнүп берилет.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW