Назаралиев жан дүйнөнүн инженери болчу
Биз студент кезде азыркы М.Фрунзенин үй музейинин бир жак ыптасында кыргыз драма театрынын эски имараты болор эле. Сырткы шыбагы түшүп, кыштары көрүнүп калган театр али да көз алдымда турат. Ал жылдары бизге спектакль, кино көрүп, көркөм китептерди окуп туруу университеттин сабагынан кийинки эле милдеттей сезиле берчү. Ушул театрга барып, курсташтар менен спектаклдерди калтырбай көрүп бүткөндөн кийин, мен орус драма театрынын оюндарына кирүүгө келгенде жалгыз калчуумун. Бирок, эмнегедир орус актерлор кыйкырып сүйлөгөндөй көрүнүп, кайрадан кыргыз театры эле жакшы экен деген ойго келгем.
Бир жылдары кыргыз драма театрында драматург Бексултан Жакиевдин режиссер Жалил Абдыкадыров сахналаштырган «Атанын тагдыры» драмасын эң кеминде беш-алты жолу барып көрдүм окшойт. Ушул спектаклди көрүп отуруп, өзүмдү кармана албай ыйлай берчүүмүн. Бир күнү алдыңкы катарда отурган көрүүчү мага: «Эй карындаш, эмне эле мынчалык ыйлайсың, бул деген спектаклда», — деп эки-үч жолу айтты. Мен ошол көрүүчүгө: «Ишиңиз болбосун!», — деп тарс жооп берип алып, андан ары ыйлаганым эсимде. Ошол доордогу биздин муун театр дүйнөсүнүн ажайып ааламын ушунчалык сүйүп өскөн экенбиз. Ал учурда жаңы нерсени жан дилим менен кабыл алып, оттой күйүп турган жаштык дилгирлигим болсо керек.
Бул 1964-жыл болчу. Мен анда 3-курста окуп калгам. Бир күнү театрда Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести боюнча жаңы спектакль сахналаштырылганын угуп калдык. Ошондо биз 19-20 жаштагы студенттер элек. Сахнанын арткыраак жагында турган Жер эне менен Толгонайдын сүйлөшкөн эпизоду көрүүчүгө бир башкача сырдуу сезим калтыруу менен башталчу. Бир үйдөн төрт эркек фронтко кетип кайтпай калат. Андагы Толгонай менен Алимандын башына түшкөн кайгысы, азап-тозогу алаамат согушту жек көргөзүүнүн эталонуна айланган окуялар менен коштолчу. «Саманчынын жолу» жаңы көрсөтүлө баштаган күндөрдөн бери алтымыш жыл өтсө да андагы көрүнүштөр кудум азыркыдай көз алдымда. Бул оюнду эсибиз ооп, андагы окуяларды ээрчип ыйлап, таң калып отуруп көрдүк. Ал жолу Жер эненин ролун Сайрагүл Балкыбекова, Толгонайды Гүлшара Дулатова ойноду. Аны алгачкы жолу көргөнүбүздө «бул спектаклди сахнага ким даярдады болду экен?» деген ой келген.
Ал жылдары кыргыз мамлекеттик университетиндеги филфактын студенттерине кыргыз драма театрынын актеру Алмазбек Усупбеков деген агай келип, драма кружоктон сабак өтчү. Балким ал драма жанры боюнча жаштардын түшүнүгүн кеңейтип өнүктүрүү максатында аткарылган иш болсо керек. Биздин курстун бир бөлүгү адабият кружогуна, экинчи бөлүгү драма кружогуна катышчу. Мен адабий кружокко бөлүнгөн элем.
Алмазбек агай драма кружокко катышкан студенттер менен немец акыны жана драматургу Фридрих Шиллердин «Жүзү каралык жана сүйүү» пьесасын койду. Курсташтарыбыз ушул спектаклдин репетициясын кыргыз драма театрында өткөрүшкөн. Кээде кызыгуубуз артып, алардын ишин көргөнү театрга кошо барып жүрдүк. Биздин студенттер андагы актерлордун костюмдарын кийип алышып, кадимкидей роль ойноп, ал түгүл гастролго да чыгып келишкени эсимде. Спектаклдин башкы каарманы Луизанын ролун курсташыбыз Тилек Маткеримова ойноду. Ошондон кийин театр дүйнөсү көөдөнүмдөн кетпей, кызыгуум аябай күчөдү.
Ушул жагымдуу окуялар биз үчүн жомоктогудай сонун сезим калтыргандыктан студенттер чогулуп: «Бизге «Саманчынын жолун» койгон режиссер келсе жакшы болот эле», — деп жолугушууга чакырдык. Ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин, университетке атактуу режиссер Медербек Назаралиев келет экен деп дүң түшүп калдык. Бир убакта аудиторияга Алмазбек агай менен кошо жапалдаш бойлуу, чачы ошол мезгилдеги мода менен коюлган бир киши, дагы бир узун бойлуу агай болуп кирип келишти. Жапалдаш бойлуусу Назаралиев, узун бойлуусу драматург Бакы Өмүралиев экен.
Жолугушуу кечесинде агайларга суроолорду аябай жаадырып жаттык. Медербек агай Жер эненин образын кантип чыгарганын, Айтматовдун идеясын кандайча ишке ашырганын айтып берди. Андан кийин режиссердон бир нерсени туурап берүүнү өтүндүк. Медербек агай поездин жүрүшүн туурап берди. Ал адегенде поезд ордунан акырын жылганын, аз-аздап катуулатып отуруп, түт-түт-түт!, — деп, анан локомотивдин катуулап күш-күш этип баратканын бир сонун кылып көрсөттү. «Мына Жалал-Абад, мына Жалал-Абад, Жалал-Аба- аад! — деп, поезди жүрүшүн дал өзүндөй туурап барып, столду такылдатып койгулап жиберип жатты. Залкар актерлор эмгектенген театрдын ары кызыктуу, ары сырдуу турмуш элементтерин көз алдыбызга келтирип отурдук. Азыр ойлосом, балалык баёлуктан биротоло арыла элек кезибиз окшойт. Себеби, студенттер ага: «Сиз өзүңүз артист болбосоңуз, ушуларды кантип аткарасыз?», — деп сурап жатышпайбы. Анда Медербек агай: «Мен артисттерге ушинтип ойногула деп үйрөтөм да», — деп койду. Ошондо үч агайды студенттик жатаканага чакырып, нан, колбаса, бадыраң менен чай бергенибиз. Көрсө, алар деле бизден бир аз улуурак эле кишилер экен. Өзүбүзчө калганда, атактуу режиссер поездди «жүргүзгөнүн» кайталап туурап алып, көпкө чейин күлүп жүрдүк.
Ошентип окууну бүтүп кеттик. Жолон экөөбүз турмуш куруп, балалуу-чакалуу болуп, китептерим чыгып жазуучу болдум. Жылдар зымырап өтүп жаттты. Мен качан драматургия дүйнөсүнө кирет болдум экен?, — деген кыялым оюумдан кетчү эмес. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Даркүл Күйүкова, Гүлшара Дулатова сыяктуу улуу актерлорду көз алдыма келтирип пьеса жазууну пландап жүрдүм.
Алгачкы жолу окумуштуулардын турмушуна арналган пьеса жазып алып, өзүмө жакпай калган соң эч кимге көрсөтпөй айрып салдым. Андан соң «Наристеге арналган хризантема» деген пьесанын каармандарын Кыдыкеева менен Жумадыловду элестетип жаздым. Ошол учурда кырктын кырына келип, төрт баланын апасы болуп калгам. Кийин «Үй» аттуу драма жаздым.
Токсонунчу жылдардын башында улуу балам Улан Мамытов Кыргызстан театр ишмерлер союзунда иштечү. Ал жерден режиссерлор, актерлор менен жакындан кызматташ болуп калды. Бир күнү уулум мага: «Апа, бүгүн мен Ысык-Көл драма театрынын башкы режиссеру Медербек Назаралиев менен тааныштым. Сиздин пьесаңызды алып барып ага көрсөтөйүнбү?», — деп, залкар режиссерго жаңы чыгарманы алып кетти.
Эки-үч күн өткөндөн кийин Медербек агай «Үй» деген пьесамды окуп алып: «Оо, бул көзү өткөн атасынын үйүн бөлүшө албай чатакташкан бир туугандардын конфликтүү окуясы турбайбы. Ушуга кудум окшогон турмуштук бир окуя мага да жакшы тааныш. Муну театрга коюшум керек экен», — дептир.
Ошондон кийин уулум экөөбүз режиссерду үйгө чакырдык. Үчөөбүз чай ичип отуруп баягыны үч-төрт саат бою катуу талкууладык. Сөзүбүз аяктап баратканда мен Медербек агайга пьесанын аталышын «Кымгуут түшкөн бир кечте» деп өзгөртүп жатканымды айттым. Ал менен пикиримди колдоду. Анткени, мындагы конфликтүү окуя бир кечте башталып, ошол эле кечте аяктайт.
Медербек агай пьесаны алып кетти. Бирок, чыгарманын кайсы бир жерин өзгөртүп берүүгө же кеңешин айтууга бир жолу да мени чакырган жок. Өзүм деле түйшөлүп телефон чалууну туура көрбөдүм. Эки айга жетпеген убакыт өттү. 1993-жылдын жай айлары болчу. Мени Ысык-Көл театры спектаклдин премьерасына чакырды. Бишкектен Медербек агайдын кызы Нарынкүл: «атамдын жаңы спектаклин көрүшүм керек» деп мага кошулуп бармай болду. Ошол эле күнү машина жалдап алып, Караколго сапар тарттык.
Биз жетип барганда театрга көрүүчүлөр жык толуп отуруп калыптыр.
… Спектакль улгайган Аксаамай күйөөсүнүн кабырына барып, гүлдөргө суу куюп келген сцена менен башталат. Үйдүн ээси чоң кызматтарда иштеп жүрүп көзү өткөн. Алардын Таттыбала деген кызы министрдин аялы болот. Ал келиндер даярдап койгон дасторкондон башкалардын келишин күтпөй ичкилик иче баштайт. Таттыбала эпсиз эрке өскөн өзүмчүл аял. Бир туугандардын улуусу Кубат үйдү өз балдарына калтырууну көздөйт. Бирок, Таттыбала атадан калган беш бөлмөлүү үйдүн сыртына «Таттыбала» деп жазып алып, мейманкана ачып бизнес жасоону кыялданат. Кенже уулу Кайрат үйдү киностудияга айлантып, элге ак кызмат кылуу боюнча оюн айтат. Ошол кечте бир туугандар үйдү талашып, кымгуут түшкөн катуу чатак чыгат. Спектаклдин аягында Кубаттын уулу чоң атасынын портреттин тарттырып алып кирип келет. Көрсө, үйдүн ээси көзү тирүүсүндө үйүн ушул небересине мурастап калтырыптыр. Балдарынын чырдуу жоруктарына чыдабай калган Аксаамай кан басымы көтөрүлүп мерт кетет. Адам баласынын өзүмчүлдүгү, дүйнөкорлугу, ачкөздүгү алмуздактан бери ар кыл конфликтер менен коштолуп, айыпталып келе жаткан актуалдуу тема.
Спектаклдин премьерасы эки күн болду. Гастролго чыгарылганда көрүүчүлөр арасында да чоң кызыгуу тапкан болчу. Ошол жылы Замирбек Мукашев аттуу ишкер жигит ушул спектаклди театрдан көрүп алып абдан жактырып калат. Ал Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы маданият үйүнө спектаклдин труппасын чакырып барып, өз каражатына бир нече күн бою элге көрсөтүптүр. Бул тууралуу мага ушул спектаклди музыкалаштырган композитор Черикчи Бакасов айткан эле.
Медербек агай автордун идеясын терең түшүнүп, сахнанын табиятына тиешелүү көркөм боёкторду кылдат тарта билген фантазияга бай, чабыты кенен сейрек талант болчу. Жазуучу — адамдын ички дүйнөсүнүн инженери деген сөз бар. Ал режиссер катары мына ушуну туя билип, автордун айтайын дегенин күзгүдөн карагандай көрүп турчу экен. Муну менен мен режиссердун өзүн да жан дүйнөнүн инженери деп айтаар элем. Ушул пикиримди тактай кетейин. Маселен, Медербек агай койгон «Саманчынын жолу» спектаклин көргөн адам катары айтсам, бул чыгарманы башка театрлардан көрүп, мурдагыдай катуу таасирленүү алалган жокмун.
Ысык-Көл театрында «Кымгуут түшкөн бир кечте» коюлган жылдары драматургияга жаңыдан кадам таштап калган кезим эле. Ал эми бул жанрда тажрыйбам артылып, драматург катары жетилип калган учурда Назаралиев менен кайрадан кызматташа албай калганыма абдан арман кылам.
Залкар режиссер өз өмүрүндө 60тан ашык спектаклди сахналаштырып, улуттук театр искусствосуна кайталангыз эмгек сиңирип жүрүп өттү.
Меңди Мамазаирова
Кыргыз Республикасынын эл акыны, прозаик, драматург, 3-даражадагы Манас орденинин, «Даңк» медалынын ээси, бир нече эл аралык сыйлыктардын лауреаты, 20дан ашуун китептердин автору.
Автор: Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт авторго таандык