Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасын батыл киргизүү, дыйкандарга анын ыкмаларын жайылтуу иштери тынымсыз жүрүп жатат. Климаттын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу жыл сайын суунун тартыштыгы катуу сезиле баштагандыктан, дүйнө мамлекеттери сууну үнөмдөөнүн жаңы технологиясына өтүп жаткан чагы. Андан тышкары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун отургузуунун ролу да абдан олуттуу бойдон калууда. Ушуга байланыштуу адистердин пикирлерин билип көрдүк.
Тамчылатып сугаруу – учур талабы
Фермерлердин айтымында, маселен, Чүй өрөөнүндө мурда пияздын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50-70 тоннадан алынып келген болсо, ал эми тамчылатып сугарууга өткөн жерде 130 тоннадан алууга кепилдик бар. Муну менен суунун 70 пайызга жакыны үнөмдөлүп жатат. Тамчылатып сугаруу үчүн гектарына 1000 долларга жакын каражат сарпталганы менен чогултулган түшүм кеткен чыгымды бир же айрым учурда эки жылда кадыресе актоого болот. Борбор Азия республикаларында сууну үнөмдөөнүн жаңы технологиясын киргизүүгө олуттуу мамлиле жасала баштады. Маселен, Казакстанда тамчылатып сугаруу технологиясын колдонгон дыйкандарын чыгымынын 60 пайызы мамлекет тарабынан субсидиялап жатат.
Кыргызстанда да тамчылатып, жамгырлатып сугаруу боюнча программа иштелип чыгууда. Быйыл август айында темир түтүктөрдүн ордуна тамчылатып сугарууга керектүү болгон айнек- пластикалуу түтүктөрдү чыгаруучу заводду куруу боюнча түркиялык компания менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ортосунда меморандумга кол коюлуп, ал үчүн жер бөлүп берүү иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.
«Союз жылдарынан бери жер алдындагы суулардын 15 000ге жакын скважиналары бар болчу. Буга көп жылдан бери көңүл бурулбай келген. Бүгүнкү күндө биздин министрликтин алдында «Кыргызгидрогиология» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, ошол скважиналардын канчасы иштейт, нечесин кайра калыбына келтирүү керектиги боюнча инвентариязациялоо иштерин жүргүзүүчү жумуштар алып барылууда», — дейт аталган министрликтин суу ресурстары бөлүмүнүн башчысы Канатбек Туратбек уулу.
Көчөттөрдү тандоо жана отургузуу тажрыйбасы
Тажрыйбалуу багбан, Борбор Азия багбандар биримдигинин төрагасы А.Ташиев көчөт отургузуунун сырлары, жер иштетип көп каражат табуу тажрыйбасы тууралуу ойлору менен бөлүштү. «Бир нече жылдан бери Казакстандын Караганда облусуна, Алматы шаарына кара өрүк ташыдык. Эртең менен базар ачылганда кара өрүктү сата баштайбыз. 18-20 тонналык кара өрүк жүктөлгөн машиналарды алты-жети саатта бошотуп коюп жаттык. Ошондо эл: “Кара өрүк түгөнүп калдыбы, дагы качан алып келесиңер?”, — деп сурашат. Азыркы учурда бир өңчөй продукциянын ири көлөмүн камсыздоо эң чоң көйгөй. Маселен, Аксынын климаты абдан төп келгендиктен “Венгерка” сортундагы кара өрүгү абдан ширин, жыттуу келет. Эми Аксыга кара өрүктүн “Анжелино”, “Стенлей” деген эки сорту кошулду. Көчөттөр Польшаныкы. Мөмө бактардын көчөттөрүнүн жаңы түрлөрүн массалык көбөйтүп жайылтуу үчүн атайын заманбап лаборатория жана питомниктерди куруу керек. Көчөттөрдү молекулярдык клондоштуруу жолу менен чыгаруу ыкмасына өтпөсөк болбойт. Мындай ыкманы Италия, Польша, Түркия ж.б. өнүккөн өлкөлөр колдонушат. Көчөттү бүчүрү менен көбөйтүү ыкмасы артта калган иш. Молекулярдык клондоштуруу жолу менен бир күндө 10-20 млн. көчөт чыгарууга болот. Кайсы регионго кандай мөмө-жемиштерди, жашылчаларды эгүүнү иликтеп чыктык. Бул боюнча толук иштелген карта бар. Акыркы жылдары Кыргызстандын көп аймагын кыдырып келип, ондогон айыл өкмөттөрүндө семинарларды өткөрдүк. Беш жыл мурда Ак-Талаа районуна февралдын суук күндөрү семинар өктөрүүгө баргам. Кайсы жакта болбоюн, элдин короосун көргөнү кыдырып кетмей адатым бар. Мөмө бактардын жалбырагын, сөңгөгүн кармалап көрөм. Оорусу бар бак кыш күндөрү да сөңгөгүнөн билинет. Баетов айылынан көргөн карагаттардын көчөтү катуу суукка карабай, жылтырап абдан сонун сакталып туруптур. Иликтөөлөрдөн улам Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор райондорунун баарына карагат эгүү керек деген бүтүмгө келдик. Ал жакта карлик сортундагы алмалар катуу суукта тоңуп калат. Ал эми бадал тибиндеги өсүмдүктөр Сибирдин суугуна болсо да чыдамдуу. “Алтай чычырканагы” аталыштагы чычырканактын жаңы сорту чыгарылган. Аны Нарын жергесине жайылтса эл акчага тунат. Карагат баккандар жыл сайын айыл ичинде 1 килосун 100 сомдон сатабыз дешти. Карагаттын 1 гектарына 10000 көчөт батат жана андан 10 тонна түшүм алууга болот, ал 12-13 жыл бою “эс албай” түшүм берет.
Казакстанда карагаттын “Капитан” деген сортун 400 сомдон алышууда. Карап көрүңүз, 1 гектардан 4 млн. сом алууга кепилдик бар бекен?. Өзбекстандын калкы карагат сурап жанды койбой жатат. Бирок, ал жакка көлөмүн камсыздап жеткире албай койдук. Өзбекстанда биздин 1 литр карагаттын кыямы 700 сомдон 1000 сомго чейин чыгып, балдан да кымбат. Ал эми Россиянын “Газпром” компаниясынын көптөгөн соода түйүндөрүнө бул жактан жаңгак, бадам, мисте, карагат ж.б. жемиштерди жөнөтсөк эмнеге болбосун? Бул үчүн күчтүү менеджерлер керек. Өлкө аймагында 1,5 млн. гектар жайыт жери мал туягынан деградацияланып кетти. Аны жайыт комитеттеринен чыгарып, айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүп, дыйкандарга узак мөөнөткө ижарага бөлүп беришсин деп жатабыз. Эсеп боюнча ижара акысынан эле орточо алганда бир жылда 100 млн. доллар казынага түшөт. Өлкөнүн тоолуу аймактарына мөмө бактарды, ылдыйкы түздүк жерлерди мал үчүн дан өсүмдүктөрүнө калтырсак жакшы болот. Дүйнө жүзүндө бедеге окшош, бирок дандуу тоют чөптөр бар. Буларды азыр Европда көп колдонушат”, — дейт ал.
Эмдигиче мөмө бактардын көчөттөрүн отургузууну дыйкандардын баары эле биле бербейт. Адистердин кеңешине таянсак, чуңкурдун аянтын 1 чарчы метрден кем эмес тереңдикте казуу керек. Ал жерге чылапчын алып барып, чуңкурдун үстүнкү 15 см катмарын казып алып, чылапчынга салып, темир торчодон өткөрүп майда элеп, таштарын тазалалоо шарт. Көчөттүн түбүн 1 метр тереңдикте казып туруп, топурагын сыртка чыгарып салып, аны да электен өткөрүп, таштарын терип таштоо керек. Тактап айтсак, гүл отургуза турган чөйчөктүн топурагындай майдалоо кажет. Жерден 500 кг топурак чыкса ага 100 кг тоонун кара топурагын же 20 кг биогумус кошуп аралаштырабыз. Көчөттү отургузгандан кийин чылапчындагы эленген баштапкы кыртыштын топурагы эң үстүнө салынат. Акырында суу куябыз. Ушул эрежени унутпасак алмабыз абдан жакшы өсөт. Түшүмүн өз учурунан кечикпей берет. Мөмө бактардын бардык көчөттөрүнө ушул эрежени колдонбосо натыйжа болбойт. Тилекке каршы, көп эле адамдар көчөттүн тамырын өзү билген тереңдикте казып, эленип жумшартылбаган топуракты салып, үстүнөн тебелеп коюу менен чектелишет. Анан: “Менин алмаларым өспөй жатат”, — деп наалып, бир күнү кыркып салышат.
Республиканын түштүгүндөгү үч облуска жаңгак тибиндеги жемиштер жакшы өсөт. Алардын баасы да абдан кымбат. Аны экпесе эрте быша турган алма, киляз, өрүк сыяктуу бактардын аянтын кеңейтүү керек. Мисалы, майдын аягында Лейлекте, Кадамжайда мөмө жемиштер бышып калат. Июндун ортосунда Ош тарапта бышат. Тоолуу райондорго кышкы алманын сортун, курма, бадалдуу өсүмдүктөрдү жайылтуу зарыл. Ички рынокту өзүбүздүн дыйкандардын мөмө-жемиштерине, жашылчаларына толтурсак, Тажикстан, Өзбекстандан жана Европадан импорттобой калат экенбиз.
Жер, суу ресурсу толук пайдаланылбай жатат
Кыргызстанда айыл чарба азыктарынын экспортун көтөрүүгө аракет чоң. Бирок, ички рыноктун мөмө жемишке болгон талабын толук камсыздай элекпиз. Айрым аймактарда инжир менен анарды жеп көрбөгөн балдар бар экен. Калктын алмага болгон талабын араң 50-60 пайызга камсыздап калдык. Азыркы күндө багбандарга мисте, бадам, жаңгак, фундук, пикан жаңгагын өстүрүү ыңгайлуу. Эгер 2 млн. гектар жерге бак отургузсак, ошонун тең жарымы ушул бешөө болот. Калган тең жарымына малина, карагат, брусника ж.б. сыяктуу бадал өсүмдүктөрүн отургузуу керек. Булар Чоң-Алай, Алайкуу, Чаткал райондорунда, Ысык-Көл менен Нарын облустарынын суук жерлеринде жакшы өсөт. Адистин айтымында, өкмөт ушул идеяларды колдоп, субсидия берсе, мамлекет жана жеке өнөктөштүк программасынын алкагында иш алып барууга болот экен. А.Ташиев: “Биз питомникке көчөт өстүрүүдөн эле жылына мамлекетке 35 млн. доллар пайда келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Жети облуска бирден питомник курсак, жылына ар бир питомниктен 5-7 млн. даана көчөт өстүрүп сатууга болот. Эл жогорку маянага иштейт. Биз питомниктерде өстүрүп, баасын 1 доллардан сатабыз деп максат кылган көчөттөрдү азыркы күндө ишкерлер Түркиядан алып келип, бул жактан 4 доллардан соодалашууда. Алар 1 метрден бийик алма, алмурут, өрүк, мисте, жаңгак ж.б. өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн алып келишет. Ал жактан ар бир көчөттү 2,5 доллардан алып, жол киреге 0,5 доллар бөлүгүн сарптайт. Сапаты жок бул жактагы 150 сомдук көчөткө жылына эки ирет дары чачып акча кетирүүгө туура келет. Алар түшүм бериши үчүн он жыл күттүрөт. Ал эми сапаттуу көчөт эки жылдан кийин түшүм бере баштайт жана 18 жылга чейин картайбайт”, — деген кеңешин берди.