-8.9 C
Бишкек
Пятница, 27 декабря, 2024
ДомойВ КИТАЕДастан Карыпбаев – пассионарийлердин жаңы мууну 

Дастан Карыпбаев – пассионарийлердин жаңы мууну 

Ноябрь айынын баш ченинде “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин Инстаграмм баракчасында катардагы бир жаңылык өттү. Катардагы дегеним, көрүү анчейин болгон жок, ал эми комментарийлерде жаңылыктын каарманын тааныгандар гана куттуктоо сөздөрүн арнашкан. А кеп, келечекти кура турган жаш муундун өкүлү тууралуу болчу.

Күмүш байге

Алгач, “супсак жана кургак” маалымат бере кетсем. Чыдап окуп коюңуздар. Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрынан 3-ноябрга чейин Кытайдын Сиань шаарында жайгашкан Цзяотун университетинде “Чакырык кубогу” аталыштагы эл аралык стартаптардын сынагы өттү. Ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 200 университеттин студенттери катышкан.

Эми ушул 200 окуу жайдан келген “көз айнекчен, төрөлгөндө эле китепканага жөнөгөн” чилистендер арасынан Кыргызстандан барган эки “билимдүү тентек” күмүш байгеге татыган.

Алар кимдер десеңиздер, кадимки эле Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун студенттери. Үчүнчү курста окуган Дастан Карыпбаев жана магистратурада “илим кудугун ийне менен казып жаткан” Ху Цзяле. Ооба, бизде билим алып жаткан кытай кызы.

Алар өздөрүнүн стартап долбоорун «Keep pace with the time» же болбосо замандан артта калба деп аташкан. Эң кызыгы, сынак 2-3 күн аралыгында эмес, жада калса бир ай дагы эмес, — жарым жыл созулган. Бул аралыкта алар бир нече этаптарды өтүп, акыры финалга чыгышкан.

Таза аба менен “жашыл түстү” жактырган жаштар

Дастан менен Цзяле сынакка шамал энергетикасын комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгышкан.

— Долбоордун маңызы тууралуу кыскача айта кетсем, шамал энергиясы менен иштөөчү станцияны куруу долбоорун жасоону көздөп, жер тандоо, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жана каржылоо булактарын табуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүздүк, — дейт Дастан.

Маектешибиздин айтымында, долбоордун инновациялык аспекти катары Кыргызстандагы жер шартынын ылайыктыгы менен таза энергияга болгон талаптарды эске алуу менен жаңы технологияларды жайылтуу каралган.

Бирок, Дастан менен Цзяленин долбоорунун баш максаты – айлана-чөйрөгө зыян келтирбей электр энергиясын алуу ыкмасы, элге экологиялык таза жол менен электр тогун алуунун маанисин жеткирүү, айрыкча жаштарга жашыл энергия тууралуу айтып берүү, аларга инновациялык идеяларга кызыктыруу жана инвестиция тартуу.

«Долбоорду ишке ашыруунун арты менен өзүмө да зор тажрыйба топтодум, себеби улам пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн иштеп жатып көп нерсени үйрөндүм», — дейт жаш окумуштуу.

Жеңишке карай жолдо болгон дагы бир кыйынчылык, Дастандын өнөктөшү – Ху Цзяле Кыргызстанда окуп, ал эми каарманыбыз Кытайда окуп жаткадыгы үчүн экөө тынбай интернет менен гана байланышып турушкан.

Сынак, Дастанга күмүш байге менен бирге, дүйнө таанымын кеңейтүүгө да зор өбөлгө болгон. Дүйнөнүн төрт бурчунан келген катышуучулардын иштерин көрдү, алардын иштөө ыкмалары менен таанышты, дүйнөнүн ар тарабында ойлонуп чыккан инновациялык өнүмдөрдү көрүп, илимге болгон кызыгуусу мындан да артты.

Жөнөкөй жигит

Дастан тууралуу учкай айта кетсек, каарманыбыз Талас шаарында Эмилбек Айылчиев атындагы №7 орто мектепти аяктаган. Окуучу кезинде эле ар түрдүү сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетип жүргөн.

Мектеп уясынан чыгып, Бишкеке келип же медицина жаатына же маалыматтык технологиялар жаатына кетсеми деп, акыры IT-тармагын тандайт. Биринчи курста эле жаңы технологияларга, инновацияларга кызыгып баштайт.

«Экинчи курса окуп жүргөндө эжекебиз инновациялык технологиялар тууралуу эл аралык сынак тууралуу айтып берген. Дароо кызыгуу артып, өнөктөш таап, экөөбүз шамал энергиясын өнүктүрүү боюнча долбоор жасоону чечтик», — дейт каарманыбыз.

Учурда Дастан окуусун Кытайдын Сиань шаарында улантып жатат. Кайтып келсе, Кыргызстан үчүн баалуу адис болуп каларына терең ишенич бар.

Автор: Суйунбек ШАМШИЕВ

Сүрөт редакцияга таандык

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии