-10.9 C
Бишкек
Вторник, 20 января, 2026
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕ«Теңир-Тоону аралап Отелло жүрөт…» 

«Теңир-Тоону аралап Отелло жүрөт…» 

1973-жылы Нарын облустук музыкалуу драма театры Фрунзеге он күндүк декадага бармай болуп, катуу даярдык көрүлүп жаткан болчу. Режиссер М.Назаралиев У.Шекспирдин «Отеллосун» декадага карата сахналаштырмак болуп калды. Дездемонанын биринчи курамдагы ролун режиссер укмуштуудай сулуу, келбети мырзаларды гана эмес, аялзатын да өзүнө тартып каратып алган Зейнегүл Эсеналиева аттуу актриса эжеге берген. Мен анда бир-эки роль ойногонум болбосо, дүйнөлүк классикадан, болгондо да баш каарманды ойноо ал учурда оюма келчү жумуш эмес эле. Тилекке каршы, Зейнегүл эжебиз бир күнү ың-жыңсыз жоголуп кетти. Театр жетекчилери, актрисанын үй-бүлөсү болуп, укук коргоо органдары менен аймакты түрө кыдырып издегенден эч майнап чыкпай туруп алды. Зейнегүл эженин өмүрлүк жары Тукеш Мамбетов да театрда чогуу иштечү. Балалуу-чакалуу үй-бүлөлөрдөн эле. Дездемонанын ролун ойноого буйрук чыкканы менен тексти колуна кармай электе ажары айды караткан кайран эже дайынсыз кетти. Убакыт токтобой өтүп жатты. Союз учурунда борбордогу театр же аймактык театр дебей, жаңы пьеса сахналаштырса, отчёттук декадалар болгондо сөзсүз Маданият министрлигинен, Кыргызстан театрлар коомунан атайын комиссия келип, тыкыр карап баа берчү. Андыктан ишти алдыга жылдыруу милдет болуп калды.

 Чыйырды басып, чыңдалдым

  Чыгармада Дездемона 16 жаштагы аялзатынын жаш баладай баё, назик, ишенчээк ажайып дүйнөсү бар каарманы экенине байланыштуу агездеги он сегиз жаштан жаңы ашкан мага курагы туура келип калды. Ал учурда театрдагы Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Дүйшө Сариев сыяктуу тажрыйбалуу актерлордун жардамы менен сахнанын миң сырдуу чыгармачылык техникасын жаңыдан үйрөнө баштаган кезим. Режиссер болсо текст менен иштөөгө катуу талап коюп, бир аз урушса жаш баладай үн чыгарып үңүлдөп ыйлап жиберчүмүн. Режиссер: «Сен эртең менен мобуреки биринчи актыны жакшылап жаттап кел!», — деп катуу эскерткен.

   Кечкисин үйдөн Дездемонанын ролун жанталаша катуу-катуу үн чыгарып жаттап окуп, кайгылуу эпизоддорун шолоктоп ыйлап даярданып жатсам, апам: «Деги кызым эмне деген жумушка кирип алгансың. Минтип азап тартпай эле менин жанымда иштеп жардам берсеңчи», – деп убайым тартты. Апамдын жаш кезинен эле саймачылыгы, колунан көөрү төгүлгөн уздугу, тикмечилиги бар эле. Капар Медетбеков анда кырк беш жашка барып калган кези. Чыгармадагы Отелло да ошол куракта болуп, ролдорго ал киши экөөбүз табыгый окшош жактарыбыз төп келип жатпайбы. Медербек абам оюндун генералдык репетициясын өткөрүп жатканда мен Капар Медетбеков – Отеллого жанында жүрүп көнө түшкөндүктөн ыйлай турган эпизоддо ыйлабай койгон турбайымбы. Залкар режиссер ролду ийгиликтүү чыгаруу үчүн жан үрөгөнү, айрыкча бир турмуштук эпизоду эсимден кетпейт. Ал көрүүчүлөр залында иштеп жатып, кулисти айланып, артка акырын басып кеткенин байкап калгам. Менин ыйлабай койгонумду кечирет же өтө маани бербейт болушу керек деп ойлоптурмун. Ролго жан дүйнөмдү толук ачпай аянганымды дароо эле байкап, көшөгө артынан: «Эй кызым, бери кел деп сөөмөйү менен өзүн көздөй чакырды. «Сен эмне Капар абаңа көнүп алып, образды чыгарбай кыйшаңдата баштадыңбы ыя? Декадага барганда таскагыңды чыгара ойнойсуң, уктуңбу? — деп каруумдан катуу чымчып койду эле, мына ыйлабаганды көрүп ал. Шолоктодум. Ошондон кийин режиссер байкабай калат, майда-барат нерселерди жөнсалды аткарып коём деген сахнадагы жалкоолук менен түбөлүккө коштоштум.

  Устат режиссер менен менин атам бир кырдуу жашташ болгондугуна байланыштуу теңтуштук катыш жайы да бар эле. Анын үйү менен биздин там жолдун аркы өйүзүндө маңдайлаш жайгашкан. Ошол күндөрү Медербек абам биздикине келип калды. Анын келгенине бир чети сыймыктанып, кайра коркуп үстүлөрүнө кирбей жүрдүм. Алар тамак ичип отурганда Медербек агай атама минтип айтканын кулагым чалды: «Саке, тиги эрке кызыңдан актриса чыгарып киши кылам, же биротоло маселесин чечем», – деп сүйлөнүп жатат. Анда атам: «Кызымдан актриса чыгарып тарбиялай алсаң театрыңа алып кал, болбосо ары жакка кетирип жибер», — деп жаткандарын кулагым чалып калды. Аны уккандан кийин, «Эгерде начар актриса болсом театрдан чын эле кетирип жиберет турбайбы», — деп санаа чегип, чыгармачылык күчүмдү ого бетер бүлөп, кайрап иштөөгө туура келди.

 Ал кезде узун боюма капкара олоң чачым жарашып, тизеден ылдый түшүп турчу. Калың чачты өйдө жыйнап түйгөндө парикке батпаганы кыйнап койду. Анда париктер Москвадан алып келинчү. Акыры борбордогу Кыргыз академиялык драма театрынын тажрыйбалуу гримёру Адылбек Сманалиевден жардам суроого туура келди. Ал киши тиктирип берген парик башыма даңкайып оголе чоң көрүндү.

Декада

 Күз айларында Фрунзеге он күндүк декадага келдик. Анда беш спектакль көрсөтүлүп, аягында концерт коюлушу пландалган эле. «Отеллодон» тышкары драматург К.Жапаровдун «Намыскөйлөр» деген комедиясын коюп келдик. Ошондо устатым мага: «Дамира, эми Дездемонанын ролун абдан жакшы чыгарышың керек. Маданият министри Күлүйпа Кондучалова өзү катышып көрөт. Эгерде менин оюмдагыдай жеткире ойнобосоң сени Фрунзеге калтырып кетем», — деп эскертип, министр менен кошо абройлуу театр сынчылардын, көрүнүктүү адистердин бир тобунун ысымдарын атап жиберди. Мен баягы узун чачым менен биротоло кош айтышууну чечтим. Чач тарачка барып, кежигеден кестирип салдым. Ал жердеги кыздар: «химия жасап берелиби?», – деп сурашкан соң,  мен да «мейли» деп койгом. Чачым кургагандан кийин тармал козудай болуп өзгөрүлүп чыга келдим. Декадалык спектаклдерибиз кыргыз драма театрында көрсөтүлүп жаткан. Кечкурун убак болчу. Дездемонаны биринчи ирет фрунзелик көрүүчүлөргө ойноочу саат жакындап келатты. Кечигип жаткам. Артыман карышкыр куугандай шашып, чуркаган бойдон театрды көздөй бездим. Театрдын сыртында кыжы-кыйма элдин көптүгү мени ого бетер абдыратып салды. Театрдын эшигин тоскондор: «Баратбаева деген актрисанын чачы узун болчу», — деп кебетем өзгөрүлө түшкөнгө тааныбай жатып, жалынганымдан кийин ичкери киргизишти.

   Спектакль бийик деңгээлде ойнолуп, көрүүчүлөр үйүнө кайтайын деген ойдо жок, бир нече ирет көшөгө жабылып-ачылып турду. Гримденүүчү бөлмөдө раматылык Тамара Жумакаева эже экөөбүз бирге болчубуз. Кийим которунуп баштаганда эле, театрдын залкар артисттери Муратбек Рыскулов менен Бакен Кыдыкеева экөө кирип келсе болобу. «Алиги Дездемонаны ойногон кыз каякта айланайын, Медербек мындай кызды кайдан таап жүрөт?», — дешип, бетимден өөп куттуктап жатышса ушундай гениалдуу актерлордун көңүл буруусуна татыганым үчүн кубанычым койнума батпай турдум. Театр дүйнөсүнүн алчы-таасын жеген адистер ал күндөрү абдан бийик баасын берип жатышты. «Отелло» спектакли коюлат деген күндөрү элдин көптүгүнөн көрүүчүлөр театрдын каалгасын сындырып кете жаздашкан. Ошол күндөрү гезиттер жазып, телеси тартып дегендей…

 Ал жылдары өлкөнүн театралдык коомчулугу тарабынан «Теңир-Тоону аралап Отелло» жүрөт» — деген баа берилди. Оюн бүткөндөн кийин режиссерго: «Мени Рыскулов менен Кыдыкеева бетимден өөп куттукташты», — деп териме батпай сүйүнүп, жүгүрүп барып айтсам, ал: «Сен ошондой ойноого милдеттүү болчусуң, мындан ары андан да мыкты чыгарасың. Чачыңды бекер кырктырыпсың кызым, болоору болуптур, мейли эми», — деп олуттуу түр менен сүйлөп койду. Устатымдын ушул сөзүнөн, ошол минутадан баштап, мен өзүмдү али кесиптик билим ала элек он тогуздагы актриса эмес, тажрыйбалуу улуу муундун өкүлдөрүндөй эле чыгарган ролдорума жоопкерчиликтүү мамиле кылууга милдеттүү экенимди түшүндүм. Атүгүл анча-мынча селки кезимдеги кыялдарым да кала баштады.

 Мына ошол декада күндөрү дароо эле Капар Медетбековго Кыргыз ССРинин эл артисти деген наам берилип, мага Кыргызстан Ленин комсомолунун Ардак грамотасы ыйгарылды. Ошол жылкы декада абдан жемиштүү болуп, обондун пири Жумамүдүн Шералиев да Кыргыз ССРинин эл артисти, ал эми Тамара Жумакаева Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамдарга ээ болушкан. Андан тышкары, театрдын башкы режиссеру М.Назаралиевге «Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери» наамы берилген болчу. Дагы бир нече актерлор кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышкан. Албетте, анда мамлекеттик наамдардын кадыр-баркы абдан зор болуп турган кез эле.

   Андан кийин устатымдан бир нече ролдорду алдым, телчиктим, такшалдым. Бийик сахнанын сыймыктуу да, түйшүктүү да каалгасын ачып, нечен сырдуу, миң кырдуу лабиринттеринен адашпай келатканыма улуу режиссердун эмгеги чексиз. Менин актрисалык жемиштүү өмүрүмө анын салымы өтө зор экенин азыр ушул мүнөттө да Теңир-Тоону жаңырта кыйкырып, ыраазычылыгымды билдирсем аздык кылар. Улуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун «Ашырбайынан» Багдагүлдү, С.Хожониязовдун «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө» драмасынан Айсенемди ж.б. бир нече ролдорду ишеним артып берди.

         Сахнага таш ыргыткан көрүүчү

   …Бүгүнкү күндө «Отеллону» өзүбүздүн театрда ойноп жаткандагы турмуштук окуялар аргасыз эске келет. Бул спектакль катары менен коюлган күндөрү да жарым айлап эл тиреле келип, аншлаг болуп турчу. Бир эле көрүүчү кызыгып, көп жолу кайра келип көргөн учурлар абдан арбын болгон. Деңизбек Чалапинов Ягонун ролун абдан жеткире аткарган. Орто Азия боюнча «Отеллону» койгон театрлардан Ягону мындай ийине жеткирген актер боло элек дешчү театр адистери. Достуктун шертин карабеттик менен бузган, саткын, абийирсиз, өзүмчүл, чагымчыл Ягону көрармандардан «жакшы көргөн» эч ким жок болчу. Бир көрүүчү аял үчүнчү жолу спектаклди кайталап көрүп жатып, бир эпизодунан Ягону театрга ала кирген ташы менен коюп жиберсе болобу. Оюн аяктап үйүнө кетип бараткандардан Ягону каргап-шилебеген эч ким жок… Актер Деңизбек Чалапинов: «Башыма таш тийгенде көзүм ымыр-чымыр боло түштү, аз эле жерден калдым» — деп сахнадан чыкчу.

Эсим ооп, оозуман көбүк кетип…

     Ошол эле «Отеллодогу» дагы бир кызыктуу окуя мындай болгон. Кыргызстандын Борбордук Комитетинен жетекчилер келип көрүшөт экен деп чамынып калдык. Келишти. Капар абам Отеллонун образына берилип кирип кеткенде көздөрү кызарып, темпераментин кармай албай калчу. Дездемонаны муунткан сценадан мойнумду катуу басып, күрөө тамырымды кысып жибергенин сезбей калыптыр. Мен да катуу муунгандан көзүм аңтарылып, чынында эле эс-учумду жоготуп коюптурмун. Капар абам көзүмө көрүнүп-көрүнбөй эле «көшүлүп» баратканым эсимде… Бир убакта көзүмдү ачтым. Обкомдун аппаратында иштеген бир орус жетекчи бар эле, ошол киши мени көтөрүп туруптур. Бети-башым, Дездемонанын үлпүлдөк ич көйнөгүнүн баары денеме чапталышып шөмтүрөгөн суу болуптур. Көрсө, бетиме суу чачышыптыр. Спектаклдеги Эмилия «Өлдү!» — деп кыйкырып, оозумдан көбүк чыгып чынында абалым оорлошконун көрбөй, ак полотнойду бетиме жаап салат. Баарын жогору жактан байкап турган сценанын машинисти дароо көшөгөнү жаптырыптыр. Көрүүчүлөр али кетпей турушуптур. Атам менен апам да оюнга келишкен экен. Экөө эки жагымда ыйлап отурушат. Бир топтон кийин эс-учумду жыйдым. Отелло өзүн-өзү сайып салган спектаклдин акыркы эпизоду ошол күнү аткарылбай калды.

      Андан бери нечен жылдар өтүп, нечен суулар акты. Ал көз ирмемдерден бери тупа-туура отуз алты жыл өтүптүр. Бүгүнкү күнү минтип, элүүнүн кырынан өткөндүгүмө карабай, кайда барбайын Нарындын эли, чыгармачыл чөйрө мени Дездемона аташкандарын коё элек. Тойго барсам да, кудага барсам да Дездемона келатат дешет…

      Мектептин сабагынан качып, театрга барып оюн көрүп жүргөн кечээки секелек кезим өткөн-кеткен экен…Устат педагогум чыгармачылык өмүрүмө таасир этүүчү күч болуп, көркөм жан дүйнөмө жашыл жарык бербегенде мен бүгүн ким болмокмун, кайда жүрмөкмүн? Шамал учурган камгактай турмуштун аңтар-теңтеринен өзүмдүн ордумду таба албай калат белем, азыр айтуу кыйын. Анткени, актриса болуума үйдөгүлөрүм каршы чыгып, политехникалык институтка күчтөп киргизишпеди беле. Үчүнчү курсту аяктаганда, окуума кайра барам деп жалган айтып, театрга кирген бойдон биротоло калып калгам. Устатым бир жолу театрдагы жаштарды жыйып алып, минтип айтып жатыптыр: «Силерде табият берген бир аз эле талант, анан жоопкерчилик болсо мен баарыңарды көркөм дүйнөнүн не бир укмуш шаарларына алып барам». Ооба, улуу режиссердун аракети, ак дилден берген тарбиясы болбосо бир жылдай убакыт театрда чайналып, сахна табиятынан өз ордумду таба албай жүрүп, кетип калышым да мүмкүн болчу. Режиссер мен жана мендей нечен актер, актрисалардын театр сахнасындагы бактылуу тагдыр күтүшү үчүн ар бирибизге өзүнчө, ошол эле учурда баарыбызга бирдей зор салымын кошкон киши. Муну менен ал өзүнө да сахна өнөрүндөгү өлбөстүктүн эстелигин орнотуп кетти.

Ымыркайымды тобокелге салдым

    Тамара Жумакаева эже Медербек агайдан бир аз эле кичүү экенине карабай, өмүр бою «атам» деген сөздү оозунан түк түшүрбөй жүрүп көзү өтүп кетти. Чыгармачылык эргүүм улуулукка умтулат. Улуулукка баш ийем. Ошол эле учурда улуу кейип, ичимден Медербек агайдай режиссерго туш болбой, аркабыздан келаткан муундун өкүлдөрү мыкты ролдорду биринен сала экинчисин ойноп калбай гүлгүн курактары өтүп бараткандарына кейип калам. Аяп кетем. Баарыбыз чыгармачылыктын таттуу даамын таткыбыз, ошол жылдардай көрүүчүлөр бир эмес, эки-үч кайрылып келип көргүдөй каармандарды чыгаргыбыз келет. Арман дүйнө, азырынча андай устаттардын деңизи Арал суусундай тартылып турган учуру.

        Алгач театрга келип киргендеги окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде. Тажрыйбалуу аксакал актерлордон комиссия түзүп, сынак жүргүзүп туруп жумушка алчу. Мен да ошондой экзаменден өтөөр учурум келип калды. Анда улуу устатымды тааный элек кезим. Бойлору корто келген эки адам ээрчишип басып калышчу. Көрсө бири Рысбек Кемпирбаев деген режиссер, экинчиси Медербек абам экен. Сынакка кирчү кезегим жакындап калганда ал менин жаныма келип, боюн менин узун боюма теңештирип тура калып: «Мен өзүмдөн узун бойлуу кыздарды жумушка албайм», — деп койду. Ошондо ыйлаган бойдон үйүмө кеткем. Менден кийин Медербек агай: «Кечээки бою узун кыз кимдин кызы болду экен? Келбетине караганда, театрдан куусаң да чыкпай турган неме болот. Андайлар эртең эле кайра келет. Бирок бүгүн тапкыла» дептир. Эртеси түштө биздин үйгө Акмат Бердибаев, Дүйшө Сариев аксакалдар келиптир. Кийин устат атам аяш атам да болуп калды. Ошентип ал бир топ убакка чейин «ыйлаак» деп эркелетип жүрдү. Театрга ошентип ыйлап келип, ушу кезге чейин «ырдап» иштеп жүрөм.

      Театрдын кырк жылдык мааракесин «Отеллону» көрсөтүү  менен ачмай болдук. Ал кезде мен кош бойлуу элем. Шартыма карап бир аз кыйыктанганыма карабай директорубуз Ишенбай Төкөлдөшев: «Абдан маанилүү иш-чара өткөргөнү  жатсак, Дездемонаны сенден башка ийине жеткире ойногон актриса даярдалган жок. Эптеп абалдан чыгарышың керек», – деди. Ошондо корсетти кийип, сыдырманы катуу тартып сыдырып сахнага чыгып жаттым. Мен көшөгөнүн артына барар замат андагылар дароо сыдырманы ылдый тартып ичимди бошото чечип жардамдашып жиберип жатышты. Ошентип ымыркайымды тобокелге салып, Дездемонаны ойногон болчумун.

Нарынкүл Назаралиева,

Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии