14.1 C
Бишкек
Суббота, 19 октября, 2024
ДомойАналитикаКытайдын ИДПсы 17 триллион доллардан ашты

Кытайдын ИДПсы 17 триллион доллардан ашты

2023-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак-бир жол» аталыштагы масштабдуу демилгесинин жарыяланышына 10 жыл толгондугу дүйнө өлкөлөрүндө белгиленип, анын мезгил өткөн сайын кеңири колдоого алынып жаткандыгы көрүндү.  

     Ал эми быйыл Кыргызстандын жакын кошуна, стратегиялык негизги өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасынын – (КЭР) негизделишинин 75 жыл толгондугуна байланыштуу кыргыз коомчулугу бир нече иш-чараларды өткөрүштү. Ушундай иш чаранын биринде КРдин Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн державага айланган бул өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы орду, кыргыз-кытай ортосундагы алака-катыш маселеси тууралуу кеп салды.

  — Кытайдын иероглифтери биздин эрага чейинки экинчи миң жылдыкта табылган. Тарыхы нечендеген доорлордун тереңине кеткен кубаттуу мамлекеттин бир да жолу башка өлкөлөргө согуш ачып, бастырып кирген учуру катталбаптыр. Кытай цивилизациясы биздин күндөргө чейин сакталып жеткен дүйнөдөгү жалгыз цивилизация болуп калды. Азыркы Кытай мамлекети тынчтык жолунда өнүгүүнүн авангардына айланууда.

      Ири реформатор Дэн Сяопиндин жетекчилиги алдында социализмди Кытай өзгөчөлүгү аркылуу ийгиликтүү модернизацилоо жолун баса белгилеп кетким келет. Даңазалуу саясатчы социалисттик экономиканын рыноктук механизимдерин активдүү ишке ашырууга чоң салым кошкон.  Анын: «Ак мышыкпы же кара мышыкпы, айтор чычкан кармаса болду» деген белгилүү макалы бекер жеринен айтылган эмес. Ал Кытайды рынок шартында өнүктүрүү менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштирди. Анын реформалары өз өлкөсүн эң чоң экономикалык секирикке алып келип, 1,5 миллиард кытай элинин турмушун өйдөлөтүп өзгөрттү. Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, андан бери 850 млн. кытайлык жарандын жашоо шарты жакшыртылган. Кытай менен кандай гана өлкөлөр соода-сатык жүргүзбөсүн, бардыгы өз экономикасы үчүн утушка ээ болуп келе жатышканы чындык.

        Кытай 1978-жылдан берки жүргүзүлгөн реформа учурундагы кыйынчылыктарды биротоло артта калтырып, эбегейсиз ийгиликтерге жетти. Бүгүн биз да ушул элден тарыхтын жаманын калтырып, позитивдүү жактарын кабыл алып, алдыга жылууну үйрөнүүгө эмнеге болбосун?

      Акыркы үч жылдан бери экономикалык реформаларды жүргүзүүгө өткөн өлкөбүз Кытай лидери Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесине активдүү катышып, глобалдык өнүгүү, глобалдык коопсуздук жана глобалдык цивилизация жагдайын катуу колдоого алуудабыз.

        ИДПнын көлөмү 17,70 триллион доллардан ашкан бул мамлекет менен кызматташууга дүйнө өлкөлөрүнүн кызыкдар болушу мыйзамченемдүү көрүнүш. Кытайдын экономикасы акыркы 30 жылдан бери токтоосуз өсүп, дүйнө ИДПнын 18,50 пайызын, ал эми айрым маалыматтар боюнча 26 пайызын түзүп жатат. Айрыкча, акыркы үч жылдан бери кыргыз-кытай кызматташтыгы жаңыча деңгээлге көтөрүлдү деп так кесе айтсак болот. Баарынан мурда, эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосундагы жылуу мамиле өнүгүүгө карай жарык чачты. Ал эми Президент Садыр Жапаровдун өткөн жылдагы Кытайга болгон расмий иш сапарынын алкагында, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү тарыхый мааниге ээ болуп, анда жаңы доордогу стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлганын өзгөчө белгилегим келет.

       Азыркы учурда кытай капиталынын катышуусунда Кыргызстанда социалдык-экономикалык маанидеги бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор турмушка ашырылууга өттү. Бул жерден Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымдын эки өлкөгө бирдей керектүү долбоорлорду алдыга жылдырууда тынбаган аракети менен чоң салым кошуп жатканын айтпай коё албайбыз.

        Кытайдын бажы кызматынын билдиргени боюнча, 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүү көлөмү 20 млрд. долларга жетиптир. Ушундан улам «Торугарт», «Эркештам» көзөмөл өткөрүү бекеттеринин шарты жакшырып, ал жакта жаңы логистикалык борборлор, кампалар курулууда. Мындан тышкары, ушул айдын башында унаа логистикасынын коридору болуп, «Бедел» бекетинин ачылышы тарыхый окуя. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун макулдашуу документтери бүткөрүлүп, жакынкы арада курулушу башталар алдында турат.

          «Бир алкак бир жол» — 1 триллион доллар көлөмүндөгү долбоорлорду ишке ашырды

     «Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан социалдык-экономикалык жаңы өнүгүүлөргө жетип жатканына, биз жакын дос кошунасы катары чын дилден кубанабыз», — дейт Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь.

Жакында Кытай коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин ХХ чакырылышынын 3-пленумунунда мындан ары реформаларды ар тараптуу тереңдетүү боюнча чечим кабыл алынды. Кытай модернизациясы Кытайдын алдыга өнүгүшүн камсыздап эле жөн болбой, Кыргызстанга жана башка өлкөлөрдүн өнүгүшүнө да түрткү бере алат.

         Кытай 75 жылдан бери жакыр, алсыз өлкөдөн экономикасы гүлдөп өнүккөндүгү боюнча дүйнөдөгү экинчи орунга чыккан мамлекетке айланды. Өнөр жай товарларын өндүрүү жана соода көлөмүнүн масштабы боюнча дүйнөдө биринчи орунду туруктуу кармап келе жатат. Айталы, автоунааларды чыгаруу жана патенттөө, космосту багындыруу, Айды жана Марсты изилдөө, спутник навигациясын өнүктүрүү, ылдам жүрүүчү темир жолдорду куруу, ядердик энергетика технологиясы жана самолётторду чыгаруу ж.б. көптөгөн тармактар токтоосуз алдыга кетти.

         Кытай коомунда бакубатчылык толук орногону элдин орточо жашоо деңгээлинен көрүнүп турат. Кытайда калктын жан башына карата ИДПнын көлөмү 12 000 долларга жетти. Өлкөдө билим берүү, социалдык камсыздандыруу, саламаттык сактоо тармагы алдыга кетти. Муну 2023-жылдын эсебинен алсак, адамдын орточо жашоо узактыгы 78 жашка барганы далилдеди. Ал эми интернет тартылып барбаган айылдар жокко эсе жана дүйнөлүк маалымат торчосун колдонуучулардын саны 1 млрд. ашты.

        Айрыкча белгилеп коюучу жагдай, Кытай дүйнөдөгү энергетиканын кайра жаралуу булагынын жалпы көлөмүнүн тең жарымын өндүрүп келе жатат. Башкача айтканда, ар бир 3 кВт саат энергиянын 1 кВт сааты жашыл энергияны өндүрүп, анын кубаттуулугун арттырууга таандык. Ошондой эле дүйнөдөгү жалпы токой ресурсунун басымдуу бөлүгү Кытай калкынын тынымсыз аракети, жашылдандыруу саясатынын туруктуулугу аркылуу көбөйүп жатат.

       Азыркы учурда Кытай 183 мамлекет менен дипломатиялык кызматташтыкты орнотууга жетишти. Ал эми «Бир алкак-бир жол» демилгеси кулач жайган мезгилден бери көптөгөн өлкөлөр менен көлөмү 1 триллион доллар турган 3000дөн ашык биргелешкен долбоорлор турмушка ашырылган», — деп билдирди элчи айым.

       Эми сөз аягында айта кетсек, акыркы жылдары Кытай өкмөтүнүн гранттык колдоосу менен Бишкек шаарынын жолдору реконструкцияланды. Түштүк-түндүк альтернативдик жолунун курулушу ири мега долбоор болуп калууда.

       Жаңы долбоорлорго кайрылсак, кыргыз-кытай биргелешкен автоунаа заводунун курулушуна капсула салынды. Андан тышкары, Бишкекте катуу жана тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча экотехникалык ишкананы куруу долбоору ишке ашырылмакчы. Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 400 мегаватт болгон Күн электр станциясынын биринчи фазасынын курулушун баштоо да алдыда турат. Ошону менен катар «Орто-Токой» гидроэлектрстанциясы долбоору, Кара-Балтадагы «Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо ж.б. ар тармактуу долбоорлор кыргыз экономикасына ири киреше берип, социалдык-экономикалык өнүгүшүнө түрткү берээрине үмүт артылууда.

       «Баарын коюп, Манасты айт» дегендей, өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан бери Кытайдын товарларын баарынан мурда Россияга, Казакстанга реэкспорттоо аркылуу, «Дордой», «Кара-Суу» базарларынын иши жүрүшүп, миңдеген жумуш орундары түзүлүп, соода-сатык жаатындагы калк жашоо-турмушун оңдоп алды.Азыркы күндө да Кытай импорттук инвестиция жаатындагы ири өнөктөш бойдон калууда. Бул да болсо «Бир алкак- бир жол» демилгесинин ийгиликтүү уланышы болуп, эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгы мурдагыдан да тереңдеп бара жатканына жакшы күбө.

Автор: Нарынкүл Назаралиева,

Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

Сүрөттөр редакцияга таандык

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии