6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаКыргыз-Кытай достугун арттырган бир жыл

Кыргыз-Кытай достугун арттырган бир жыл

Былтыр

Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барды. Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян Бишкекке расмий визит менен келди. Бул эки окуя 2023-жылдагы кыргыз-кытай мамилесинин деңгээлин көрсөтүп турат.

1-февралда Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт өчүрүүчү заманбап техникаларды расмий түрдө тапшырды. Аталган техникалар Садыр Жапаров менен Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде грант түрүндө келген. Атайын өрт өчүрүүчү унаалардын курамында 5 тонна суу бата турган 75 унаа, 8 тонналык 10 унаа, авариялык куткаруучу 10 унаа, өрткө каршы үгүт иштерине колдонуучу 2 автобус, 50 метрлик 3 автошаты жана 10 куткаруу жаздыгы, 2-3,5 тонналык суу челеги бар.

18-майда, Сиань шаарында Кыргызстан Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

19-майда Кытайдын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды. Бул документке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Кытайдан Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.

Садыр Жапаров Кытайдын Цзинань шаарындагы автобус чыгарган заводго барды. Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле. Бул жерде Кыргызстан үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобустун салтанаттуу чыгарылуусу жана бет ачары болду.

Президент Садыр Жапаровдун 17-20-май күндөрү аралыгында Кытайга болгон биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду.

16-августта Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумуш сапары менен барды. СУАРдын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, эки тарапты кызыктырган бардык тармактар боюнча маселелерди талкуулады. “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПОнун ачылышына, кыргыз-кытай бизнес форумуна катышты. Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен жолугуп, Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барды.

24-сентябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы тапшырылды. Аларды кытай тарап эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде өткөрүп берген. Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаал аймактарында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт. “China Sinopharm International” фирмасынын мобилдик госпиталы атайын жол тандабас автоунаалардын базасында куралып, 19 түрлүү багыттагы унаалардан турат жана ар бир унаа өзүнчө функцияны камтыйт. Бир мобилдик госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алуу, 20 чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөлүү мүмкүнчүлүгү бар.

24-ноябрда Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Жолугушуу маалында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров:

“Үстүбүздөгү жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз абдан активдүү болду. Азыркы учурда Кыргызстан менен Кытай мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти”,-деди.

25-ноябрда Мамлекеттик Кеңештин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлду. Жалпы 12 документтин ичинде инвестициялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, шаарлар ортосундагы достукту орнотуу сындуу конкреттүү максаттар да камтылды.

Кыргыз-кытай мамилесиндеги бир жыл ичинде болгон негизги саясий окуяларды гана топтодук. 2023-жыл эки мамлекет үчүн абдан жемиштүү, эки тараптуу жолугушууларга жыш болду.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии