6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаАлтай сапарынан жол дептер

Алтай сапарынан жол дептер

Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан барган журналисттер бир апта бою Кытайдын Алтай аймагын кыдырып, жергиликтүү калктын жашоо-тиричилиги менен таанышып, кол өнөрчүлүгү, соодасын көрүп, улуттук даамдарын татып, боордош элдин меймандостугуна күбө болдук. Анда сөз башынан…

АЛТАЙГА АНЫКТАМА

Адатта Алтай десе акылыбызга дароо Айкөлдүн киндик каны тамган аймак келет эмеспи. Алдаганда эмне мен да ошентип ойлочумун. А көрсө андай эмес тура. Манас баштаган кыргыздар көчүп келген Алтайдан башка да аты уйкаш аймак бар экен.

Бишкектен төрт журналист алгач Үрүмчүгө учтук. Эки саатка жетпеген аралык бат эле артта калып, кыжы-кыйма жашоо, кабат-кабат асма жолдору бар, асманы биздегидей болуп ыштан анча көрүнбөгөн чоң калаанын чок ортосун аралап барып кондук. Орус, кыргыз, казагы баш болуп аэропортто келип конуп жатканынан, учуп кетип жатканы көп.

Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан келген жыйырмага жакын журналист Үрүмчүгө  бир түнөп, эртеси күнү Алтайга сапар алдык. Учак менен эки саатка жетпеген убакытта Алтайдын ак кар баскан аба жайына келип кондук. Кар бурганактап, кудум эле биздин Нарындагыдай суук экен. Жаратылышы, абасы, тоолору да биздин Теңир-Тоого түспөлдөшөт. Калаага жакындаган сайын баштагы оюмдан кайтып, кадимкидей чоң шаарга кирип келгенибизди көрдүм. “Алтай” деген шаар ушул дешти.

Алтай шаарында эки жүз миңден ашык калк жашайт. Негизги калкты жергиликтүү казак улутундагылар жана кытайлар түзөт. Калаада кадимкидей кабат-кабат үйлөр арбын түшкөн. Аймактык деңгээлдеги борбор деп айтканга таптакыр болбойт. Көчөлөрү таза, инфраструктурасы абдан өнүккөн.

АЛТАЙ-КЫШКЫ СПОРТТУН МЕКЕНИ

Алтайга барган күнү кечинде эле бизди шаардын четиндеги казак үй-бүлөсүнүн өнөрканасына алып барышты. Ал жерде ата-бала чеберлер кадимки териден чаңгы (лыжа) жасашат экен. Алгач жыгачты даярдап алып, сыртынан уйдун же жылкынын териси капталып жасалган чаңгылар кас-катар тизилип, музейдеги экспонатты элестетти. Бул өнөркана заттык эмес мурастардын тизмесине алынып, анда иштегендер же устачылыкты алып жүрүүчүлөр мамлекеттин камкордугуна кирген көрүнөт.

Аңгыча күүгүм да жакындап, күн батып баратты. Биз турган шаардын четинен бир чакырымдай ыраакта тоонун башынан жайнаган жарык жылт-жулт этип, көпчүлүктүн көңүлүн буруп турду. Бул эмне деген сурообузга “чаңгалак” деген жооп алдык. Алтайлыктар тоо-лыжа базасын дал ушинтип аташат тура. Бизде “чаңгы” деген сөз кездешип жүрөт, бирок чаңгы тепкен жерди тоо-лыжа базасы деп орусчадан түз оодарып колдонуп жүрөбүз.

Эртеси күнү таң эрте дал ушул “чаңгалакка” жөнөп калдык. Шаардан 30 мүнөт жол жүрүп эле жеттик. Калаанын ичиндеги тоо-лыжа базасы десе да болчудай. Таңкы суук көпчүлүктүн  бетин чымыратып турганда тоонун чокусунан кызыл-тазыл кийинген жергиликтүүлөр лыжа менен түшүп келбеспи. Кечээ өнөрканага барганда тери капталган лыжаларды көрүп, булар музейдин буюмуна айлангандай элес калтырган. Жок, дал ошол лыжаларды тепсе болот экен. Жергиликтүү эл кары-жашы дебей дале да болсо “ата мурасы” деп эски буюмду аздектеп, колдонуп келе жатышыптыр.

Табияттын берген мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, Алтай аймагы кышкы спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы байкалды. Кытай бийлиги да колдо бар шартты жакшыртып, ички туризм үчүн эң мыкты эс алуу зоналарын куруп берген. Кытайлар Европа стандартын алып, аны андан ары бышырып, өнүктүрүшкөн. Баары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулган. Тоонун этегинде лыжа дүкөндөрү, кофе ичип эс ала турган жайлар, кыдырып соода кылууга ылайыкташкан борборлор, меймканкалар түшкөн.

КӨРКӨМҮ КҮЧТҮҮ “КӨКТОКОЙ”

Сапар аяктап бара жатканда Алтайдан 4 саат аралыкка автобус менен жол жүрүп, Фуюнь уездине келдик. Бул аймакта “Көктокой” деп аталган ири лыжа базасы жайгашкан. Аталган жай – Кытайдын түндүк-батыш бөлүгүндө орун алган “5А” стандартына жооп берген жогорку категориядагы жападан жалгыз туристтик аймак.

Лыжа базасы карагай токойлорду аралап өтүп, 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Төмөндөн баштап, эң бийик чокуга чейин асма жол курулган. Жарым саатта үч жолу асма жолдун багытын алмаштырып, 3500 метр бийиктикке чыгып келдик. Тоонун чокусунда кар аралаш бурганак согуп, абанын температурасы 26 даражага чейин нөлдөн төмөн. Кургак суук дененин ачык жерлерин эле чымыратып үшүтпөсө, бетине чейин чүмбөттөп жамынган лыжа сүйүүчүлөр бороонго карабай зуулдатып лыжа тээп жүрүшөт.

Курорттун курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы биринчи туристтерин кабыл алган. Бир-эки жылдын ичинде кытайлар дүйнөлүк деңгээлдеги мейманканалардын жана курулуштардын тармагын салганга жетишти. Курорт ачылгандан бери 1 миллиондон ашык туристти тейлеген.

Бул жерде жалпысынан 80 лыжа трассасын куруу пландалууда, алардын үчтөн бири учурда курулган жана туристтер үчүн ачык. Ноябрь айынан баштап, жайдын башына чейин, дээрлик 200 күн бою эс алуучуларды тейлегенге мүмкүнчүлүк бар.

Кытайга болгон сапарыбыздын жүрүшундө мындан башка урунттуу учурлар арбын болду. Убактысы келгенде аларды да кагазга түшүрүп, сунуш кылам деген ниеттемин. Бул жолкусу жөн гана кышкы спортко арналган үзүндүлөр деп билиңиз.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии