-0.9 C
Бишкек
Суббота, 23 ноября, 2024
ДомойАналитикаОрто Азия изилдөө борбору ачылат

Орто Азия изилдөө борбору ачылат

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кытайга болгон сапарында Пекиндеги Борбордук улуттар университетинде болуп, окуу жайдын ректору Го Гуаншэн мырза менен кезикти.

Тараптар жолугушууда эки окуу жайдын базасында ачылган “Кыргыз-Кытай гуманитардык борборлорунун” ишмердүүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле  PhD докторанттарды алмашуу, илимий изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, студенттер үчүн электрондук китепканалардан колдонуу,  Орто Азия изилдөө борборун ачуу, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү жана исскуство жаатында алмашууларды ишке ашыруу талкууланды.

ОшМУ бул окуу жай менен 2019-жылдан бери кызматташып келет. Кызматташуунун алкагында эки окуу жайда “Кыргыз-Кытай гуманитардык борборлору” ачылып, ОшМУнун бир магистранты Пекинде окуп жатса, Борбордук улуттар университетинин студенти ОшМУнун искусство факультетинде магистратурада билим алууда.

Ошондой эле эл аралык QS рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү “Эң мыкты 400” университеттин  катарына кирген Кытайдын Сямэнь университети менен ОшМУ кызматташуу келишимине кол койду.

Анда ректор Кожобеков Сямэнь университетинин ректору Чжан Зун И менен жолугуп, студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздорунун биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу долбоорлорун  талкуулашты.

Сямэнь университетинин ректору Чжан Зун И  ОшМУ менен кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

Сямэнь университети Кытайдын жогорку окуу жайларынын ТОП 10  тизмесине кирген эң мыкты университеттердин бири. Окуу жай искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология,социалдык илимдер, табигый илимдер, коомдук илимдер боюнча дүйнө жүзүндө  алдыңкы орунда.

ДУ ДЭВЭНЬ ОшМУда ЛЕКЦИЯ ОКУДУзаголовок

Кыргызстан Кытайдын ынак коңшусу  жана  достук мамиледеги стратегиялык өнөктөшү катары, эки мамлекеттин ортосундагы мамиле тездик менен өнүгүүдө. Жакынкы жылдан бери, Кыргызстан “Бир алкак – бир жол” демилгесине активдүү катышууда жана Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда. Мындай пикирин Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь  ОшМУнун студенттерине жана окутуучуларына окуган “Бир алкак — бир жол” лекциясында айтты. Элчи айым эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоодо жогорку окуу жайлар ортосундагы байланыш дагы чоң роль ойноп жатканын билдирди.

Иш-чарада элчи Ду Дэвэнге ОшМУнун “Эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси ыйгарылды. Элчи айым баштаган делегация Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу  жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолукту.

ЧЭНДУ-БИШКЕК БАГЫТЫНДА АБА КАТТАМ ИШТЕП БАШТАДЫ заголовок

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жаңы каттам ачуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин аракети менен жүзөгө ашкан. Алгачкы каттам 12-декабрда Чэнду шаарынан Бишкек шаарына учуп келди.

Каттамдарды Loong Air авиакомпаниясы тейлейт. Учактар шейшемби күндөрү саат 9:05те Чэндудан чыгып, Бишкекке 12:50дө жетет. Ал эми Бишкектен ишемби күндөрү саат 13:50дө учуп, 20:35де Чэнду аэропортуна конот.

Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии