6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаЭл достугу мектептен башталат

Эл достугу мектептен башталат

Өткөн жумада, борбор калаанын №2 орто мектебинде кыргыз-кытай достугун чыңдоо максатында кезектеги фестиваль болуп өттү. Келген меймандардын алдында окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашып, фестиваль өзгөчө шаң менен өттү.

Айрыкча коноктордун купулана толгон жаш таланттар тартуулаган “Ажыдаар” бийи болду. Бул бийдин өзгөчөлүгү – бийчилердин ар бир кыймылынын топ ичиндегилер менен бир калыпта кыймылдоосу жана бири-бирин айттырбай түшүнүүсү.

Бий өнөрүнөн кийин, жаш муун кытай тилин дагы жогорку деңгээлде билерин тастыктай алышты. Ага күбө алп жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалырынан үзүндүлөрдү кытай тилинде айтып бергени болду.

Негизи эле, №2 мектеп кытай тилин өздөштүрүүдө мектептер арасында сап башында десек болчудай. Анткени, 7-класстын окуучусу Назима Ибраимова кытай тили боюнча республикалык кароо-сынактан жеңип чыгып, Кытай мамлекетине жолдомо алган.

Баарынан дагы таң калтырганы – окуучулардын кытай тилинде Манас айтканы болду.

Жыйынтыгында, зирек балдар менен кыздар тил үйрөнүү дарамети абдан күчтүү экенин өнөр аркылуу тартуулап, келген коноктор абдан ыраазы болуп кетишти.

Автор: Суйунбек ШАМШИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии