ДомойАналитикаОшМУ:  Конфуций институтуна 10 жыл

ОшМУ:  Конфуций институтуна 10 жыл

Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Кытай факультетинин, Конфуций институтунун 10 жылдыгына арналган иш-чара 30-ноябрда Ош шаарындагы Бабур театрында белгиленди.

Салтанатка Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь айым, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Кытайдагы, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан  келген коноктор, мекеме-ишканалардын жетекчилери, факультеттин жамааты, ата-энелер, студенттер катышты.

Салтанаттуу аземде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков 10 жыл аралыгында ОшМУнун Конфуций институту өзгөчө ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

“2015-жылы институт “Конфуций моделдик институтун” куруу боюнча глобалдык долбоордун жеңүүчүсү болду. 2017-жылы институт “HSK кытай тилин билүү сынагынын мыкты тест борбору” наамын алды. 2019-жылы Конфуций институтунун окутуучусу Марат Абдыкуловго “Конфуций институтунун алдыңкы кызматкери” наамы ыйгарылса, 2022-жылы Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев Кытайда “Тяньшань сыйлыгы” менен сыйланды. Ушул эле жылы Токтосун Айтикеевге Пекин шаарындагы Конфуций институттарынын штаб квартирасы тарабынан Конфуций институтунун “10 жылдык юбилейи” медалы тартууланды. Бүгүнкү күндө ОшМУнун Конфуций институту студенттерге жана магистранттарга адистиктер боюнча илимий даражаларды ыйгаруу укугуна ээ болгон Борбордук Азиядагы жалгыз Конфуций институту болуп саналат”,-деди ректор.

Бул жетишкендиктер Конфуций институтунун бардык окутуучуларынын аракетинин, ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жемиштүү кызматташуунун натыйжасы экендигин билдирди.

Мааракеде сөз сүйлөгөн Элчи Ду Дэвэнь Евразиядагы алгачкы үлгүлүү Конфуций институту ОшМУда экендигин белгиледи. Эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууга барандуу салым кошконун кошумчалады.

“Бир алкак-бир жол” демилгесин жана башка көп тармактуу кызматташууну ишке ашырууда кытай-кыргыз достугу дүркүрөп өнүгүү жолуна түштү. Экономика, соода, маданият баштаган бардык салаларда динамикалуу өсүү байкалууда. Быйыл май айындагы өлкө башчылардын жолугушуусу ортодогу дипломатияга жаңы дем берди”,-деди элчи айым.

Аземдин жүрүшүндө коноктор Кыргыз-Кытай факультетинин 10 жылдык мааракесине арналган куттуктоо сөздөрүн айтып, факультеттин окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту.

Кыргыз-Кытай факультети кытай таануу, лингвистика жана филология адистиктерин даярдайт. Учурда факультеттин 28 сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дубайда, 20 бүтүрүүчү Орусияда, бир бүтүрүүчү Америкада, үч бүтүрүүчү Кытайда эмгектенип жатышат. Андан сырткары окууну мыкты аяктап, билимин жогорулатып келген 10 бүтүрүүчү ОшМУда эмгектенүүдө.

ОшМУ Кытайдын 40тан ашуун ЖОЖдору менен байланышып, анын ичинде 20дан ашуун университеттер  менен кызматташуу келишимдерине кол койгон.

ОН БАЛА БАКЧА ҮЧҮН МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ заголовок

Кытай элчилиги Билим берүү жана илим министрлигине Бишкек шаарындагы 10 бала бакча үчүн материалдык жардамдарды өткөрүп берди.

Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь менен Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуу багыттары талкууланды.

Элчи Ду Дэвэнь буга чейин билим берүүнүн бардык деңгээлине жардам берилгенин айтып, бул жолу бала бакчаларга керектүү материалдык жардамдар алынганына токтолду.

“Кытай элчилиги бул ирет бала бакчалар үчүн 10 даана компьютер, 10 даана принтер, 10 даана сыналгы жана 130 даана балдардын образдуу элестетүүсүн өнүктүрүүчү оюнчуктарды тапшырды. Кыргызстанда бала бакча тартыштыгы тууралуу маалыматым бар. Бул багытта кызматташуу дагы да уланат деп ишенем”,-деди элчи.

Министр Догдуркүл Кендирбаева мамлекеттик саясат балдарды эрте куракта өнүктүрүүгө багытталып жатканын айтып, бул жааттагы Кытайдын тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошону менен бирге Кытай тараптын билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары тыгыз кызматташтык уланарына ишеним артарын билдирди.

КЫТАЙ ИШКАНАСЫ  КЫРГЫЗСТАНДА ГЭС КУРАТ заголовок

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Улуттук электр инженердик компаниясынын (CNEEC) жогорку жетекчилиги, анын ичинде Директорлор кеңешинин төрагасы У Гуйшэн менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ГЭС куруу жаатында кызматташуунун келечеги жана алдыдагы долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо талкууланды.

Тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотууга даяр экендиктерин белгилешти.

Талкуунун негизги темасы республика үчүн таза энергиянын маанилүү булагы боло ала турган ГЭСти куруу маселеси болду. Тараптар бул долбоорго эки тараптын тең кызыкчылыгын билдиришти, анткени ал экономикалык жактан пайдалуу ишкана гана болбостон, аймактагы экологиялык таза энергия булагын өнүктүрүүгө салымын кошот.

У Гуйшэн CNEEC Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган ГЭСтин курулушуна олуттуу инвестиция салууга даяр экенин белгиледи.

Тараптар ошондой эле жакында эле Дубайда өткөн COP28 конференциясында көтөрүлгөн жашыл энергетикага жана туруктуу өнүгүүгө өтүүнүн маанилүү аспектилерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга жана таза энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди толук колдоорун билдирди. Эки тарап тең климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык аракеттерге салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

У Гуйшэн CNEEC экологиялык туруктуулук маселелерин артыкчылыктуу деп эсептей турганын жана Кыргызстанда долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн таза энергетика тармагындагы алдыңкы технологияларды жана тажрыйбаны бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии