-0.9 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойАналитика“ЮКЦ” цемент заводунун марттыгына чек жок 

“ЮКЦ” цемент заводунун марттыгына чек жок 

“Южно-Кыргызский цемент” ЖАК Кыргызстанда ири цемент өндүрүүчүлөрдүн бири. Мындан туура 4 жыл мурун, 2019-жылдын декабрь айында ишкана жүз жылдык тарыхы бар кытайдын Huaxin корпорациясы менен бириккен.  Анын арты менен, акыркы жылдары завод жогорку технологиялуу өндүрүштү ишке салып, мактоого арзыган сапатка жетишкен. Мындай жетишкендик республикалык жана жергиликтүү бюджетке чегерилчү салык жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүнүн өсүшүнө алып келген. Ошону менен эле бирге, Ош облусундагы Ноокат районунун акиминин орун басары Мамажунус Абилов менен болгон маекте, ишкана дайыма жергиликтүү элге да олуттуу колдоо көрсөтүп келери белгилүү болду.

Кызмат адамынын айтымында, “Южно-Кыргызский цемент” ЖАК Кыргызстандагы ири цемент өндүрүүчүлөрдүн бири гана эмес, Ноокат районунун негизги өнөктөштөрүнөн.

“Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы бул ишкана менен кызматташтык тууралуу Меморандум түзүп, тыгыз кызматташтыкта. Меморандумдун алкагында “Южно-Кыргызский цемент” ЖАК” биздин районго ар тармакта болушунча колдоо көрсөтүп келет. Анын ичинде инфратүзүмдү өнүктүрүүгө кошкон салымы да зор. Мисалы, завод жыл сайын Ноокат районуна бекер 120 тонна цемент берип турат. Цемент болсо айыл аймактарына тегиз бөлүнүп, айыл тургундарынын муктаждыктарына жумшалат. Ошол эле бала-бакчаларды салуу, жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, ирригация маселелерин чечүүгө колдоо көрсөтүп келе жатат. Андан сырткары, ишкана ар бир өтүнүчүбүздү кулак сыртында калтырбайт. Мисалы, былтыр тууну ортонууга эле 25 тонна цемент бөлүп берген. Жакында эле, тагыраагы 3-декабрда пенсионерлер менен муктаж үй-бүлөлөргө ар бирине 50 миң сомдон берген, — дейт Мамажунус Абилов.

Ишкана Кызыл-Кыя шаарынын тургундарына да олуттуу жардам берип келет. Калаа башчысы Асилбек Мааткалыковдун айтымында, цемент завод зарыл учурда дайыма жардам колун сунуп турат.

“Алыс барбай эле жакында болгон мисалды келтирейин. Жакында шаарыбыздын 125-жылдыгын белгиледик. Ошого карата бир нече объектилерди курууну жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү мерчемдеген элек. Ошол эле стадион, аллеялар, бакчалар жана башкалар. Заводдун жетекчилигине кайрылганыбызда, алар бизге бекер 70 тонна цемент бөлүп беришти. Андан сырткары, завод бизге шаарды тазалоо маселесинде да колдоо көрсөттү. Бул багытта алар дайыма грейдерлерди, бульдозерлерди жана суу чачып туруучу унааларды берип турат. Ага биз абдан ыраазыбыз.

Калаа башчы кызматын аркалаганыма 2,5 жылдын жүзү болду. Ушул убак ичинде заводдун жетекчилиги бир дагы кайрылуубузбу четке каккан жок. Шаар тургундарына да мамиле ушундай, жада калса заводдо иштебегендерге да жардам колун сунуп келет. Эске сала кетсем, кыргыз-тажик жаңжалы болгондо да ишкана үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон жарандарыбызга азык-түлүк жагынан жардам берген”, — деп айтып берди калаа башчысы.

Комментарий алуу үчүн кайрылганыбызда Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын башчысы Аманилла Абдылдаев да “ЮКЦ” ЖАКнан түшкөн жардамдарды тизмектеп берди.

“2022-жылы биз завод менен 4 миллион 600 миң сом чегинде кызматташтык боюнча Меморандумга кол койгонбуз, ал эми кийинки жылы бул сумма   4 миллион 700 миң сомго жетет. Келерки жылдарга да ушинтип жогорулап кете берет.

Бүгүнкү күндө завод эки бала-бакчабыздын курулушун каржылап берди. Ар бир бакча 75 балага ылайыкталган. Тургундарбызга бул эбегейсиз чоң колдоо, ошого алар кытай компаниясына абдан ыраазы. Ишкана мектеп окуучуларын да унутпайт.Аларга атайын жайкы лагерлерде эс алуусуна акча бөлүп берген.

“ЮКЦ” биздеги спорткомплекстин курулушун да каржылап берди. Курулуш али жүрүп жатат. Жалпы жонунан 44 миллион сом бөлүп беришкен. Ишкана жол куруу жана аларды оңдоо боюнча да жардам берип келет. Жада калса атайын техниканы да берип турат.

Жалпысынан, 2023-жылы биз 200 тонна цемент алдык. Анын 100 тоннасы муктаж үй-бүлөлөргө кетип, ошончо эле көлөм социалдык объектилерди курууга жумшалды”, — дейт Аманилла Абдылдаев.

 Завод менен болгон достук мамиле зор пайда алып келип жатканын Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын төрагасы Адылбек Эшматов да кеп куруп берди. Анын айтымында, кытай компаниясы келгенден бери алар мурда болуп көрбөгөндөй жардам алышкан.

“Биринчи эле жылы бизге 45 тонна цементти бекер беришти. Ага биз 100 балага ылайыктуу бала-бакчанын курулушун баштап, эмдиги жылы кудай кааласа ачылышы болот деп күтүп жаткан убагыбыз. Экинчи жылы болсо спорткомплекстин курулушуна деп 50 тонна цемент жана башка курулуш материалдарын алдык. Бардыгын завод өзү каржылап берди: фундаменттен баштап чатырдын жабылышына чейин. Ал эми үчүнчү жылы 70 тонна цемент алып, аны бала-бакчадагы бассейнди курууга жана арыктарга бетон лотокторду ортонууга жумшадык. Быйыл суу аз жыл болгондуктан сугат көйгөйүн чечүү зор мааниге ээ болду. Ошол себептен арыктар үчүн завод жетекчилигине өзгөчө алкыш.

     Негизи эле “ЮКЦ” заводу бизге бардык жактан колдоо көрсөтүп келет. Муктаж үй-бүлөлөр там салууга бекер курулуш материалдарын алып турат, соцобъектилер менен арыктарды салып келебиз алардын жардамы аркылуу, жакында келишим боюнча Өзбекстандан бизге өткөн аймакка жаңы жол салганы турабыз.

Ошол себептен, дагы бир жолу өз атымдан жана жалпы Төөлөс айыл аймагынын атынан “ЮКЦ” ЖАКынын жетекчилигине ыраазычылык билдирем.

Оюмда, завод мындан ары да биздин күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүдө кол кабыш кылып турат. Чоң рахмат айтам! — деп ыраазычылыгын билдирди Адылбек Эшматов.

Автор: Суйунбек Шамшиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии