6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойБез рубрикиКыргыз элинин улуу мурасы “Манас” эпосу 7 дубан элин бир арага чогултту

Кыргыз элинин улуу мурасы “Манас” эпосу 7 дубан элин бир арага чогултту

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Манас” эпосу күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, бул иш-чара мамлекеттик деңгээлде белгиленип, ага Кыргызстан боюнча манасчылар, жалпы коомчулук жана мектеп окуучулары чогулду.

Салтанаттуу иш-чарада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов куттуктоо сөзүн айтып, мамлекет бүгүнкү күндө өз милдетин аткарып, “Манас” эпосун сактоо, жайылтуу жана даңазалоого багытталган программа, концепцияларды кабыл алганын,  республикалык, эл аралык  деңгээлде ири иш-чаралар жана  долбоорлор ишке ашырылып, спектаклдер коюлуп, китептер жазылып, которулуп, илимий изилдөөлөр жасалып жатканына токтолду.

Залда чогулган 1000 окуучу манасчылар менен бирге “Манас” айтышты. Келген меймандарга “Төлгө” спектаклинен үзүндү, ыр-бийден турган концерттик программа тартууланды.

Муну менен катар эле Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө “Манасчылар” даректүү тасмасынын бет ачары өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Баатырлары Миталип Мамытов, Алиясбек Алымкулов, академик Абдылдажан Акматалиев, Азиз Биймырза уулу жетектеген Кыргыз улуттук “Манас” театрынын эмгек жамааты,  акындар, маданият өкүлдөрү катышты.

“Манасчылар” даректүү тасмасын Кинематография департаменти, Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы жана Кыргыз улуттук “Манас” театры биргеликте тартышкан.

Тасмада манасчылыктын касиети, түшкөн аяндар жана манасчылардын дастан айтып жаткандагы абалы сүрөттөлөт.

Тасмага  Назаркул Сейдрахманов, Рыспай Исаков сындуу бир катар белгилүү манасчылар тартылган. Тасманын режиссеру —  Токтобек Үсөнов. Ал буга чейин кыска метраждуу бир катар тасмаларды тартып келгени менен белгилүү.

“Манас”  эпосу күнүнүн урматына жумалык жарыяланып, анын алкагында өлкө боюнча бир катар иш-чаралар болуп өттү. Мисалы, Улуттук тарых музейинде 7 дубандан келген көптөгөн жаш манасчылар 7 саат бою тынбай “Манас” айтышты.  Жер-жерлерде кароо-сынак, тегерек стол жана конференциялар өткөрүлдү.

“Манас” эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпос 3 бөлүктөн турат – “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек”, орто эсеп менен жарым миллиондой ыр саптан турат.

Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак ж.б. тилдерине которулган.

“Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде Маданият министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн максаты — Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү болуп саналат.

2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында “Манас” эпосунун үчилтиги  ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине катталган. Ошол күндөн тарта дүйнө эли кыргыз элинин “Манас” үчилтигин  адамзаттын руханий мурастарынын бири катары расмий тааныды.

2021-жылы Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлүп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. Андан бери театр алгылыктуу бир топ иштерди жасап келе жатат. Учурда театр кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулууда.

Темирбек Токтогазиевдин “Манастан алган беш китеп”  китебинин бет ачары өттү (подзаголовок)

2-декабрь күнү А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында белгилүү Манас изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин “Манастан алган беш китеп” аталышындагы китебинин бет ачар аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Миталип Мамытов, Алиясбек Алымкулов,  коомдук ишмерлер Дастан Сарыгулов, Карганбек Самаков, Турусбек Мамашев тарыхчылар, манасчылар, ж.б. илимий, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага катышкан Чыңгыз Эсенгул уулу  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун атынан куттуктоо сөзүн айтып, «Манас» эпосун илимий жактан изилдеп, жайылтууда Темирбек Токтогазиевдин эмгеги зор экендигине токтолду.

“ “Манас” эпосун изилдөө, жайылтуу жана даңазалоо иштерине салым кошуп,  илимий чөйрөгө далилдеп келе жатканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз, “Манас” эпосунун бир канча варианттарын иликтеп, Кыргыз, Алтай, Хакас, Тажик, Казак, Кытай мамлекеттеринин кыйла жерлеринде болуп, чет жердеги бир канча Манас изилдөөчү окумуштуулар менен жолугушуп, буга чейин “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген китебиңизди жарыкка чыгарган элеңиз. Кытай жергесинде да болуп,  бир топ өзгөчө маалыматтарды топтоп жүрөсүз. Ал тарыхый материалдар жана сүрөт топтомдору дагы да болсо далай тарыхый маалыматтар бар экендигин, нечен сырлар ачылбай жатканын, өзүбүздү тааныш үчүн көп эмгек, узак убакыттар сарпталаарын далилдеп турат.

Сиздин чыгарган китептериңиз окурмандардын сүйүктүү чыгармасына айланып, келечек ээлеринин Манаска болгон кызыгуусун арттырат деп терең ишенем”, – деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Белгилесек, Темирбек Токтогазиев бир канча жылдан бери “Манас” эпосун иликтөө менен алектенип келет. Буга чейин “Манас” жаңырыгы телеканалы аркылуу Манас тууралуу көрсөтүүлөрдү, баяндоолорду көрөрмандарга тартуулаган.

Борбор шаарда “Жаш манасчы – 2023” сынагы өткөрүлдү (бокс врезка)

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата Сагымбай Орозбаков атындагы китепкананын имаратында “Жаш манасчы – 2023” шаардык сынагын өткөрдү.

Шаардык сынакка райондук деңгээлдеги сынактардан алдыңкы орундарга ээ болгон борбор шаардагы жалпы билим берүү уюмдарынын 5-11-класстарынын окуучулары катышты.

Калыстар тобунда манасчы Назаркул Сейдракманов, Шайлообек Рашов, Улуттук “Манас” академиясынын кызматкери Римма Элеманова, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын кызматкерлери жана англис тили мугалими Гүлнара Тезекбаева болушту.

Шаардык сынактын жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинде “Манас” эпосунан үзүндү айткандардын арасынан Садыбакашова Асел Баш байгеге (№80 ОМ), Рахатбекова Айназик 1-орунга (№ 86 ОМ), Абдибаитова Калбүбү 2-орунга (№ 86 ОМ), Аскербекова Таңсулуу 3-орунга (№ 43 ОМ) ээ болушту жана кыргыз-англис тилинде “Манас” эпосунан үзүндү айткандардын арасынан Асанканова Раяна Баш байгеге (№38 ОМ), Болотбекова Аяна1-орунга (№ 80 ОМ), Касымалиев Нурислам 2-орунга (№ 86 ОМ), Алымжанова Каныкей 3-орунга (№ 38 ОМ) татыктуу болушту.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии