6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаКытай премьери Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары

Кытай премьери Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапар менен 24-октябрда келди. Визиттин алкагында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту. Президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Үч күндүк визит жемиштүү жыйынтыкталды.

Жылуу тосуп алуу менен башталган визит

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарын Министрлер Кабинети жогорку деңгээлде уюштурганга аракет кылды. Ардактуу конок келерден күн мурда эле “Манас” аэропортунун сыйлуу меймандарды тосчу бөлүгүндө камылга иштери жүрүп жатканын Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси социалдык баракчасына жарыялады.

Премьер Ли Цянды ташыган учак аба жайга 24-октябрь күнү кечке маал конду. Аны траптан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Дипломатиялык эрежелерге ылайык, расмий визит болгондуктан аэропорттун чоң залына эки өлкөнүн желектери илинип, Улуттук Гвардиянын ардак кароол аскерлери тизилди. Мамлекеттик гимндер жаңырып, ротанын командиринин рапортунан кийин тараптар тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү. Расмий делегация мүчөлөрүн тааныштыруу жөрөлгөсү орун алды.

Ушул эле күнү өкмөт башчылар эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Акылбек Жапаров ардактуу конокту жылуу тосуп алып, аны менен жолукканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи.

“Үстүбүздөгү жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз үчүн абдан активдүү болду. Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары ортодогу байланышты жаңы баскычка чыгарды. Азыркы учурда эки мамлекеттин ортосундагы алака буга дейре болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти”, – деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Премьер Ли Цян жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул расмий жумуш сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана коңшулук мамилени бекемдейт деген ишенимин айтты.

Кызматташуунун бардык багытын камтыган сүйлөшүү

Акылбек Жапаров менен Ли Цяндын кеңейтилген форматтагы жолугушуусу 25-октябрда орун алды. Эски аянттагы Өкмөт үйүнүн алдында Акылбек Жапаров коллегасын күтүп алып, кеңири курамдагы сүйлөшүүлөргө киришти. Анын жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетикалык, каржылык, транспорт-транзиттик, айыл чарба, билим берүү жана илим тармактарындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Эки мамлекеттин башчыларынын күч-аракети менен эки тараптуу мамилелер “жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү”. Бул тууралуу Акылбек Жапаров сөзүн баштап жатып билдирди. Анткени Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында дал ушундай мазмундагы документке кол коюлган.

Кытай Кыргызстандын негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айткан Министрлер Кабинетинин төрагасы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

“Темир жолдун курулушу “Бир алкак – бир жол” демилгесин ишке ашырууда маанилүү байланыш болот. Аны Кыргызстан биринчилерден болуп колдогон”, — деди А. Жапаров

Ал айыл чарба продукцияларын Кытай базарына экспорттоону көбөйтүү максатында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ачууну сунуштады.

           Өз кезегинде Мамлекеттик Кеңештин Премьери Кыргызстан Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү экенин айтты. “Биз миң жылдык достук жана жалпы чек ара бириктирген жакын коңшу гана эмес, биз биринчи кезекте бир тууганбыз жана өнөктөшпүз”, – деди Ли Цян.Мындан тышкары, ал соода-экономикалык кызматташтык багытында тарыхый максимумга жетишүүгө умтула турганын белгиледи. Айыл чарба тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиги да айтылды. Органикалык таза продукцияны импорттоого кызыкдар экенин билдирип, айыл чарба жарманкелери, ЭКСПО жана башка ушул сыяктуу аянтчалар аркылуу ата мекендик продукцияны элге таанытууну сунуштады.

Ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча кытай тараптын позициясын айтып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгонун, учурда каржы моделин макулдашуу жүрүп жатканын белгиледи. Акылбек Жапаров менен Ли Цяндын сүйлөшүүлөрүнүн соңунда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү тарабынан бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюлду.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

  1. Министрлер Кабинети жана Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;

  2. Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

  3. Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;

  4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;

  5. Улуттук банк менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

  6. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;

  7. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Томирис-Кен” ЖЧКсынын ортосундагы “Сүлүктү талаа-11” көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

  8. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation” кытай компаниясынын ортосундагы “Торугарт 1” көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

  9. Ош облусунун Алай районунда жайгашкан “Эркечтам” кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

  10. Энергетика министрлиги менен “Goldwind Science and Technology Co., Ltd” компаниясы ортосундагы кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;

  11. Энергетика министрлиги менен “Molin Energy Company Limited” компаниясы ортосундагы күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;

  12. Инвестициялар боюнча Улуттук агенттик жана “Delong Steel Group Co., LTD” ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Кыргыз-кытай мамилелеринин активдешүүсү байкалууда

Акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелеринин активдешүүсү байкалып жатат. Ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлардын динамикасы буга далил. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цянды кабыл алуу маалында билдирди. Бул нерсе өлкөлөр ортосундагы ынак коңшулук, достук, кызматташтыкты ого бетер бекемдегенин белгиледи. Өз ара саясий ишенимдин жогорку деңгээли соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана арттыруу үчүн жакшы шарт түзө турганын айтты. Ал соода-экономикалык байланышка өзгөчө басым жасады. Кытай көп жылдар бою кыргыз тарап үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келгенин жана ошонусун улантып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Ли Цян Садыр Жапаровго кытай делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул расмий сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин айтты.

          Садыр Жапаровдун Кытайга болгон акыркы сапарынын алкагында эки өлкө лидерлеринин жолугушуусуна, анын натыйжасында эки тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө токтолду.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии