11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойБИШКЕКБорбордо Кытайдан келген автобустар каттамга чыкты

Борбордо Кытайдан келген автобустар каттамга чыкты

Сентябрь айынын башынан тарта Бишкек шаарында Кытайдан келген автобустар жүрүп жатат. Каттамга чыккан алгачкы эки күндө алар жүргүнчүлөрдү бекер ташыды. Шаар бийлиги аталган автобустар кичи маршруттук таксилердин ордун алмаштыра турганын билдирүүдө. Алдыда маселеге кенен токтолобуз.

Бишкек шаары үчүн 1000 автобус алынган.

Ушул жылдын май айында Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында «Zhongtong bus Holding Co., LTD» автобус чыгаруучу заводуна барган. Былтыр болсо бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ менен жүргөн 120 даана автобус алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы миңди сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү тууралуу макулдашылган. Кыргызстандын Президентине автобустардын бирин атайын салтанат менен көрсөтүп да беришкен. Быйыл беш жүздү, кийинки жылы калган жарымын жеткирип берүү пландалган. Август айында быйылкы жылдын эсебинен келчү 500 автобустун 200 даанасы келип каттамга чыкты.

Маршруттук таксилердин ордуна автобустар бөлүндү.

Бишкек мэриясы алгачкы болуп келген 200 автобусту шаар ичиндеги маршруттарга бөлүштүрдү. Алар Эгемендик жана Билим күндөрүнө карата эки күн бою жүргүнчүлөрдү бекер ташыды. Мэриянын транспорт департаментинин билдирүүсү боюнча  шаарда жүрүүчү автобустардын жаңы үч каттамы ачылды. Ошондой эле маршруттук кичи автобустар тейлеп келген беш каттам жаңы автобустарга алмашты. Бирок, бир апта өткөн соң бул беш каттамдан алынган маршруттук кичи автобустар кайрадан каттамга чыкты. Анткени тургундар жаңы автобустар жетишсиз болуп, интерваль алыс экенин айтып, нааразы болушканын вице-мэрдин милдетин аткаруучуМаксатбек Сазыкулов билдирди. Ал убагы келгенде алар толук алына турганын да айтты.

Жаңы автобустардын өзгөчүлүгү.

Былтыр жана быйыл Кытай өлкөсүнөн алынган автобустардын бардыгы тең газ менен жүрөт. Бишкек мэриясы шаардын экологиялык көйгөйүн эске алуу менен ушундай автобустарды алуу максатка ылайык экенин айткан. Андан тышкары автобустардын сыйымдуулугу да жогору. Майыптар үчүн ыңгайлашып, жүргүнчүлөр кирип чыккан босогосу төмөндөтүлгөн. Айдоочулар үчүн ыңгайлуулугу автоматтык которуу механизми менен жүргөндүгүндө.

Кытайдан келген автобустар шаардын транспорт көйгөйүн чечеби?

Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус тартыш болгондуктан жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияга зыян келтирип, унаа тыгынын жаратып, айдоочулары эрежени сактабай, жол коопсуздугуна коркунуч келтирген учурлар арбын. Маршруттук кичи автобустар катышкан жол кырсыктары да көбөйдү. Бишкек мэриясынын жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Кытайдан алынган миң автобус толук келсе, жеке менчик кичи автобустар шаардын борбордук бөлүгүнөн толук алына тургандыгын айтууда. Андан тышкары эл аралык каржы уюмдарынан алынган насыяга электр менен жүргөн автобустар да алынат деп жатышат. Ошондо жалпылап эсептегенде Бишкек шаарында 1500дүн айланасындагы автобус болот. Андан тышкары троллейбустар да бар. Мынча сандагы коомдук транспорт шаардын көйгөйүн чечет деп мэрия ишендирүүдө.

Борбордун инфратүзүмү мынча сандагы коомдук транспортту тейлей алабы?

Арбын сандагы автобустар алынды, маршруттук кичи автобустар шаардан чыгарылды деп кубанганыбыз менен шаардын жолдору, аялдамалары мынча автобусту тейлей алабы деген маселе бар. Анткени бир автобустун узундугу 10 метрден ашат. Аялдамага бир убакта үч автобус келип токтоп калса кандай абал болот? Ошондой эле шаардын ичинде унаалар көп. Аларга дагы 1500 автобус келип кошулса унаа тыгыны азайбай эле көбөйөт дегендер да бар. “Мэриянын мынча техниканы токтото турган жайы, аларга газ куя турган станциялары барбы? Эгер электробустар келсе аларды күн сайын кубаттай турган орун камдалды беле?” деген суроолор турат. Калаа бийлиги азыркы учурда миңден ашык автобусту токтото турган жай даярдалып жатканын билдирди. Ал эми электробустар үчүн Троллейбус башкармалыгына караган эки депону электробус кубаттагыч кылып ыңгайлаштыруу маселеси каралып жатканын маалымдады. Ал эми шаардын ичиндеги жолдорго коомдук транспорт жүрө турган атайын тилкелер бөлүнөт.

Мынча автобусту ким айдайт?

Бишкек мэриясы муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын жарыя кылып чыгарды. Мекеменин маалыматына караганда, алардын айлык маянасы 50 миң сомдон болот. «D» категориясындагы айдоочулар дароо жумушка алынат. Ал эми «ВС» категориясы бар айдоочулар үчүн «Д» категориясына акысыз окутуу жана практика каралган.

Белгилей кетсек шаар бийлиги 20-августтан тарта коомдук транспорттогу төлөмдү накталай эмес түргө өткөрдү. Автобус жана троллейбустун жол киреси мындан ары “Тулпар” картасы менен гана төлөнөт. Бул система эки жыл ичинде ишке киргизилди. Долбоорду 2020-жылдан бери швейцариялык BPC KG компаниясы ишке ашырууда.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии