ДомойБИШКЕККурулуш көргөзмөсүндө “Бай-Таш Групп” заманбап технологияларын көрсөттү

Курулуш көргөзмөсүндө “Бай-Таш Групп” заманбап технологияларын көрсөттү

Бишкек шаарында 11-ноябрда “Борбордук Азия – Кытай” курулуш министрлеринин экинчи конференциясы ишин баштады. Конференция алкагында “Ак-Кеме” мейманканасынын аймагында Кыргызстандагы курулуш компанияларынын көргөзмөсү өтүүдө.
Көргөзмө иши менен «Борбордук Азия – Кытай» конферцения катышуучулары, тактап айтсак «Борбордук Азия – Кытай» форматынын катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун, Кытай Эл Республикасынын турак жай, шаардык жана айыл-чарба курулуш министри Ни Хун, Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Низом Юсуфи Мирзозода, Түркмөнстандын курулуш жана архитектура министри Абдулла Гелдиев жана Өзбекстан Республикасынын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятовдор таанышты.
Көргөзмөдө “Бай-Таш Групп” компаниясы Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу имаратын тургузууда жер астына узундугу 28 метрден терең 154 свайды колдонгонун, М600 маркасындагы бетондорду колдоноорун айтып беришти.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии