ДомойБИШКЕКГүлзат Исаматова: Кытай жергесинде көптөгөн кыргызстандык студенттер билим алып жатышат
Гүлзат Исаматова: Кытай жергесинде көптөгөн кыргызстандык студенттер билим алып жатышат
Улуу кытай ойчулу Конфуций: «Ар бир адам билим алууга укуктуу», — демекчи, агартуу менен илим гана элди өнүгүүнүн жаңы тепкичине чыгарып, улуу максаттарга жетүүнүн пайдубалын түптөйт. Биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илим менен билим — чоң жардамчы.
Бул жаатта Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу, биргелешкен билим жана илим боюнча долбоорлор, мындан ары эки өлкө ортосундагы кызматташууну кеңейтүү тууралуу биздин басылмага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова айтып берди.
— Гүлзат айым, сиздин көз карашыӊыз боюнча билим берүү жаатында кыргыз-кытай мамилеси кандай өнүгүүдө?
— Учурда билим берүү жаатында кыргыз-кытай мамилеси сандан сапатка өтүп жатат. Эгер мурда негизинен алмашуу түрүндө болсо, азыр кадрларды даярдоого жана билим түзүмүнө таасир этүүчү өнөктөштүктүн терең модели калыптанып калды. Карым-катнаштын башаты 1990-жылдардын башына — өлкөбүздүн эгемендиги калыптанып жаткан доорго туш келип, ошондон бери уланып келет. Моюнга алыш керек, академиялык мобилдүүлүктүн бирден-бир маанилүү багыты — Кытай. Бүгүнкү күнү 2500дөн ашуун кыргызстандык студент мамлекеттик квоталар жана кошумча стипендиялык программалар аркылуу Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алып жатышат. Ошону менен бирге эле Кыргызстанда институционалдык база калыптанган, тактап айтканда, өлкөдөгү алдыңкы университеттердин базасында кыргыз-кытай билим берүү түзүмдөрү ачылган.
Жогоруда айткандай, билим алуу мен үчүн биринчи кезекте — курал, дипломдордун топтому эмес. Бүгүнкү күндө билим берүү адамдык капитал үчүн глобалдык атаандаштыктын аренасына айланууда. Биз үчүн эл аралык кызматташтыкта кадрлардын сыртка кетүүсү эмес, алардын кайтып келүүсү жана өлкө үчүн кызмат кылуусуна жакшы шарт түзүү — башкы максат. Узак мөөнөттүү өнөктөштүк, биринчи кезекте, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана интеллектуалдык эгемендүүлүгүн бекемдөөгө багытталышы керек.
-Эки өлкөнүн университеттеринин өз ара пайдалуу кызматташтыгынын кандайдыр бир программалары, кызыктуу долбоорлору ишке ашырылып жатабы, ошондой эле окутуунун жаңы формалары сунушталабы?
— Ооба, бүгүнкү күндө бул — айрым демилгелердин жыйындысы эмес, биринчи кезекте мазмунга жана практикалык натыйжага басым жасалган, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнүн бүтүндөй системасы деп айтсак болот. Бул жерде тилдик даярдык жөнүндө гана эмес, биргелешкен факультеттер, изилдөө борборлору жана лабораториялар түзүлгөн, кош дипломдор жана академиялык мобилдүүлүк программалары ишке ашырылып жаткан билим берүү жана илимий инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө да сөз болуп жатат. Мисалы, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин же Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Конфуций институттары жана адистештирилген изилдөө аянтчалары иштейт, ал эми И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде инженердик кадрларды даярдоого багытталган «Лу Бань устаканасы» сыяктуу практикалык форматтар ишке ашырылып жатат.
Ал эми биз негизги басымды колдонмо компонентине – экономиканын реалдуу милдеттери үчүн адистерди даярдоого жасайбыз. Анын ичинде инфратүзүмдүк долбоорлор, энергетика жана жаңы технологиялар бар. Мындай форматтар алдыңкы жана аймактык жогорку окуу жайларына жайылууда, бул алардын туруктуулугун жана практикалык кайтарымын жогорулатат.
—Бир кезде сиз БМУнун алдындагы Конфуций институтун жетектегенсиз. Бул институттар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү жана илимий кызматташтык чөйрөсүндө кандай роль ойнойт? Мындай институттардын тармагын кеңейтүүгө объективдүү зарылчылык барбы?
— Туура, мен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтун жетектегем. Ошондуктан мен алардын ролун абдан жакшы түшүнөм. Бул биринчи кезекте, тилдик жана маданий базаны түзгөн, ошону менен академиялык жана илимий өз ара аракеттенүүнүн татаал форматтарына жол ачкан колдонмо курал болгон. Мындай институттар, чындыгында, улуттук билим берүү саясатын алмаштырбайт, тескерисинче, аны толуктайт. Алардын натыйжалуулугу адистерди даярдоого канчалык реалдуу киргизилгени жана илимий кызматташтыкты колдогону менен аныкталат. Ошондуктан кеңейтүү маселеси өзүнөн өзү максат катары эмес, билим берүү системасы жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн реалдуу муктаждыктын жана практикалык кайтарымдын призмасы аркылуу каралышы керек.
Белгилүү болгондой, биздин өлкөдө кытай тили биринчи же экинчи чет тили катары окутулган жогорку окуу жайларынын саны өсүүдө. Өлкөдө ар кандай тармактарда Кытай менен алакаларды кеңейтүү үчүн кытай таануучу кадрларды даярдоого басым жасалууда деп айтууга болобу? Баса, биздин университеттерде Кытайдан келген студенттер кайсы адистиктер боюнча билим алышат?
Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуунун өсүшү – бул экономикалык жана гуманитардык байланыштардын кеңейишин, ошондой эле заманбап адистерге болгон талаптардын өзгөрүшүн чагылдырган объективдүү тенденция. Ошол эле учурда, бул процессти кытай таануучуларды даярдоого чейин гана кыскартууга болбойт. Анткени, кеп эл аралык чөйрөдө иштөөгө, өнөктөштөрдү түшүнүүгө жана кесиптик байланышты түзүүгө мүмкүндүк берген кеңири компетенцияларды калыптандыруу жөнүндө болуп жатат. Ал эми бул контекстте кытай тили күчтүү куралдардын бири катары каралууда.
Бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында 2500дөн ашык кыргызстандык студент, ал эми Кыргызстандын университеттеринде Кытайдан келген 1500дөн ашык студент билим алууда, нтаыйжада бул академиялык алмашуунун жандуу чөйрөсүн түзөт. Биз бул динамиканы колдойбуз, бирок кадрларды даярдоо тең салмактуу болуп, биринчи кезекте өлкөнүн өнүгүү милдеттерине жооп бериши керек.
— Кытай университеттери менен өнөктөштүк жөнүндө айтып бересизби? Алардын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
— Кытай университеттери менен өнөктөштүк бүгүнкү күндө стратегиялык мүнөзгө ээ. Биздин өнөктөштөрдүн арасында Пекин университети, Цинхуа университети, Шанхай Цзяо Тун университети, Элдик университет, Пекин чет тилдер университети, Улуттар борбордук университети, Түштүк-чыгыш педагогикалык университети, ошондой эле Синьцзян университети, Түндүк-батыш университети, Түндүк-батыш саясий илимдер жана укук университети, Тяньцзинь педагогикалык университети сыяктуу адистештирилген жана аймактык университеттер бар. Иш жүзүндө бул академиялык мобилдүүлүктү жана биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүүдө. Биринчи кезекте 2+2 жана 1+1 форматтары студенттерге окуунун ийкемдүү траекторияларын түзүүгө, анын ичинде окууну жана тилдик даярдыкты колдогон стипендиялык механизмдердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, академиялык байланыштар өлкөнүн потенциалын дагы да жакшы деӊгээлде ачып берет.
— Илимий-технологиялык кызматташтык кандай болуп жатат?
— Илимий-технологиялык кызматташтык бүгүнкү күндө институционалдык форматта курулуп, бара-бара системалуу мүнөзгө ээ болууда. 2023-жылы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын тиешелүү министрликтеринин ортосунда өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөн. Ал өз ара аракеттенүү күн тартибин түзүп, координациялайт. Анын ичинде агротехнологиялар жана транспорттон баштап биомедицина, «жашыл» экономика жана сейсмологияга чейин артыкчылыктуу багыттар бар. Акыркы тандоонун жыйынтыгы боюнча 117 биргелешкен долбоор берилди, алардын ичинен ар бирине 1,5 миллион юанга чейин каржылоо менен эң жакшы иштелип чыккандарын колдоо пландаштырылууда. Ошол эле учурда жогорку окуу жайлары, ошондой эле илимий институттар, анын ичинде Улуттук илимдер академиясынын түзүмдөрү үчүн катышуу ачык.
Муну менен эле катар, учурда изилдөөчү кадрларды даярдоо линиясы өнүгүүдө. 2025-жылы макулдашуулардын алкагында конкреттүү артыкчылыктар боюнча тандалып алынган жаш окумуштуулар стажировкага жөнөтүлдү, алар кайтып келгенден кийин практикалык натыйжаларды көрсөтүү талабы коюлган. Кошумчалай кетсек, көп тараптуу форматтар, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун аянтчалары колдонулууда, анда илимий-техникалык инновациялар, жогорку жана кесиптик билим берүү боюнча биргелешкен борборлор түзүлүүдө, ошондой эле жасалма интеллектке негизделген инструменттерди кошо алганда, заманбап технологиялык чечимдер киргизилип жатат. Жалпысынан алганда, биз эпизоддук байланыштардан практикалык натыйжага жана технологиялык өнүгүүгө багытталган кызматташтыктын жаӊы моделине өтүп жатабыз.
— «Лу Бань устаканасы» долбоору Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кесиптик билим берүү тармагындагы улуттук алмашуу жана кызматташуунун алтын көпүрөсүнө айланды, анткени ал квалификациялуу адистерди даярдоого жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы билим берүү байланыштарын чыңдоого көмөктөшөт. Кесиптик билим берүү тармагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн келечеги барбы?
— Менин оюмча, «Лу Бань устаканасы» — бул билим берүү теориясы болуудан токтоп, «кол менен» иштей баштаган учур. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында студент лекцияларды жөн эле укпастан, энергетикадан жана машина куруудан баштап жасалма интеллекттин элементтерине чейин реалдуу технологиялык процесстерге дароо аралаша турган чөйрө түзүлдү. Бул жерде лабораториялардын же жабдуулардын саны эмес, практика аркылуу, тапшырма аркылуу, конкреттүү инженердик кейстерди чечүү аркылуу окутуу маанилүү. Дал ушундай форматтар бүгүнкү күндө «дипломдон кийин» эмес окуу процессинде эле иштөөгө даяр адистерди калыптандырат. Бул багыттын келечеги бар. Бирок мындай долбоорлорду биринчи кезекте экономиканын реалдуу талабына жооп берүү үчүн сапат жагынан кеңейтүү керек.
— Атайын убакыт бөлүп, маек бергениңиз үчүн ыракмат!
— Сиздердин гезитке дагы ийгиликтерди каалайм!
Суйунбек ШАМШИЕВ
Сүрөт WWW