ДомойБИШКЕКАйбек Мусаев: биз үчүн кытай кесиптештер менен практика жүзүндө кызматташуу маанилүү  

Айбек Мусаев: биз үчүн кытай кесиптештер менен практика жүзүндө кызматташуу маанилүү  

Августун аягындагы Бишкектеги Си Цзиньпин менен Садыр Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыганда кол коюлган 32 документтин арасында стандарт маселелери боюнча да эки тараптуу келишимге кол коюлган. Тагыраагы, КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен КЭРдин Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясынын ортосунда стандартташтыруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026-2028-жылдарга карата иш-аракеттер планы болчу. Бул документ эки тарапка кандай пайда алып келери тууралуу “Жибек жолу.Маданий өнүгүү” гезити “Кыргызстандарттын” жетекчиси Айбек Мусаев менен маек курду.

Жакында Кыргызстан менен Кытай ортосунда Иш-аракеттер жөнүндө планына кол коюлду. Бул эмне документ жана анын мааниси тууралуу айтып берсеңиз?

2026-2028-жылдарга карата Иш-аракеттер планы стандартташтыруу жаатындагы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы олуттуу практикалык кадам десек болот. Бул документ 2019-жылы Кыргызстандарт менен Кытай тарап ортосунда кол коюлган. Өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун негизинде иштелип чыккан. План жакынкы үч жылдагы кызматташуунун негизги багыттарын көрсөтүп, буга чейин жетишкен келишимдерди практикалык өңүткө өткөрөт.

Пландын негизги багыттарын айта кетсеңиз?

Көңүл негизинен улуттук стандарттар боюнча маалымат менен алмашууга, эки тарапка тең кызыкчылык жараткан стандарттарга салыштырмалуу талдоо жүргүзүүгө жана ошондой эле семинарларды уюштурууга, стандарттарды колдонуу жана гармонизациялоо боюнча кеңеш берүү маселелерине бөлүнөт. Адистер ортосунда тажрыйба алмашуу каралган. Ошол эле учурда, тараптар тийиштүү иштерди өз өлкөсүнүн мыйзамдарына жана ыйгарым укуктарына ылайык алып барышат.

Практика жүзүндө Кыргызстан кандай пайда көрүшү мүмкүн?

Биринчи кезекте, кыргыз адистери үчүн Кытайдагы стандартташтыруу маселелери тууралуу маалыматка кенен жол ачылат. Өз кезегинде кытай адистери дагы Кыргызстандын улуттук стандартташтыруу системасын жакшы түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк алышат. Биз үчүн кызматташуу практика жүзүндө болгону зор мааниге ээ. Маалымат жана тажрыйба алмашуу стандарттарды мындан да натыйжалуу колдонууга, ченемдик базанын сапатын жогорулатууга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген тараптарга түшүнүктүү болгон шарттарды түзөт. Андан тышкары, өнөктөш өлкөлөр менен кызматташуу улуттук стандартташтыруу системасын жакшыртканда эл аларык тажрыйбаны да эске алганга мүмкүндүк ачат.

Кыргызстан менен Кытай стандарттарын өз ара таануу тууралуу айтсак болобу?

Иш-аракеттер планында автоматтык түрдө улуттук стандарттарды өз ара таануу каралган эмес. Кайсы бир стандарттарды колдонуу маселеси ар бир өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Пландын башкы милдети – тынымсыз маалымат менен алмашып туруу механизимин түзүү, салыштырмалуу талдоолорду жүргүзүп туруу жана тийиштүү мекемелердин кесиптик карым-катнашы.

Эмне үчүн бул жаатта Кытай Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш?

Кытай Кыргызстандын бирден-бир маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү. Ошол себептен эки тараптуу экономикалык мамилелер үчүн стандартташтыруу жаатындагы кызматташуу практикалык мааниге ээ. Эки өлкөнүн адистери стандарттар жаатындагы талаптарды канчалык жакшы билсе, өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр жана рыноктун башка катышуучуларынын ортосунда катым-катнаш ошончолук натыйжалуу болушу мүмкүн. Ушул өңүттөн карасак, стандартташтыруу бул тек гана техникалык маселе эмес, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн бирден-бир куралы десек болчудай.

Сиз өзүңүз ушул Планга кол коюнуунун маанисине кандай мүнөздөмө бересиз?

Бул Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташууну бекемдегенге багытталган кезектеги кадам. Кыргызстандарт үчүн Иш-аракет планында эки тараптуу кызматташтык боюнча так аныкталган багыттар белгиленгени маанилүү. Кесиптик диалог үчүн негиз түзүлөт. Иш-аракет планы тажрыйба алмашып турууга, стандартташтыруу жаатында болуп жаткан эң акыркы жаңылыктарды алып турууга жана эки мекеме ортосунда кызматташтык бекемделип туруусуна өбөлгө түзөт.

Сүйүнбек ШАМШИЕВ

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии