Режиссер – драматургдун насаатчысы
Атам экөөбүз театрдан жаӊы спектаклдерди көрчүүбүз. 1980-жылы белгилүү режиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Мелис Шаршенбаев Т.Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында грузин жазуучусу Нодар Думбадзенин «Мен күндү көрүп турам» романы боюнча спектаклди сахналаштырды. Премьерадан бир күн мурда атам: «Эртеӊ театрда жаӊы спектаклдин премьерасы болот, анда Жамила эжеӊ башкы ролду ойнойт, жүрү барып көрүп келели», – деген болчу. Бүткүл өмүрүн сахна өнөрүнө, киного арнап келе жаткан таланттуу актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамила Сыдыкбаева анда кызы, белгилүү актер жолдошу Имаш Эшимбеков болуп, бизге эшиктеш кошуна жашашчу.
Кыргыз драма театрынын залы премьерага келген элге жык толуптур. Окуя Грузиянын бир кыштагында өтөт. Кыргындуу согуштан жакындары кайтпай калып, азапка баткан элдин жашоосу, туташ үзүмчүлүк тууралуу оюн экен. Анда Жамила эже он алты жаштагы азиз кыз Хатианын ролун жогорку чеберчиликте аткарганы эсимде. Жаш улан Нодарды Асылбек Өзүбеков ойноп, ушул эки персонаж спектаклдин ырааттуу өнүгүшүн баштан-аяк коштоп жүрүп отурду.
Үйгө келгенде атам спектакль тууралуу муну айтып бир аз кобураган болчу. «Жамила Ош театрында иштеп, тажрыйба топтоп келди. Ал эми береги жаш баланы карабайсыӊбы, мына, роль берсе жаштар ушинтип өсөт да», – деп Өзүбековдун ролуна да ыраазы болгон. Оюн жакшы таасир калтырганы үчүнбү, айтор: «Дагы ушундай спектаклдер болсо мага да айтып коюп туруӊуз ээ?» – дегем.
Кийинки жылы Токтоболот Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт» драмасын атам экинчи жолу сахналаштырганда аны да барып көрдүм. Бул спектаклдин экинчи жолкусу он жылдан ашык репертуардан түшкөн эмес. Назаралиев койгон оюндардын арасынан «Абийир кечирбейт» этаптуу спектакль болгонун театр сынчылары, айрыкча Авас Сырымбетов «Абдумомунов жана театр» китебинде кеӊири талдап жазды.
Жакшы спектакль көргөнүмдө ал көпкө чейин жадымдан чыкпай калчу болгон. Ошондон эки жыл өткөн соӊ, Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектаклинин премьерасына барганыбыз эсимде. Мында да аншлаг болду. Карама-каршылыктуу курч окуяларга жык толгон эпостун сюжетин чакандатып, эки жарым саатка батыруу оӊой иш эмес. Анын үстүнө, «Манастын» кыргыз баласы үчүн ыйык, сакралдуу жагы да бар. Маанилүү окуяларын үзбөй, түшүрбөй ырааты менен камтуу жоопкерчилиги дагы өтө чоӊ. Манас баатыр каза болгондон кийин анын жакындарынан ырк кетип, так талаш күчөйт. Ошондой кырдаалда Семетей Букарадагы тайларына качырылып, 12 жашында жери Талас, атасы Манас экенин ага Сарытаз айтат. Кыскасы, Каныкей эжеси эмес өз энеси экенин билип, туулган жерге кайта турган күн келип жетет. Ошондогу Каныкейдин айтып турган монологу ойгонбогон сезимди да ойготуп отурду.
Биз ошол кечте Мираида Далбаеванын Каныкейин көрдүк. Мираида эже Каныкейдин монологун асман-жерди силкилдеткендей күчтүү пафос менен аткарды. Дегеле, «Манастын уулу Семетейди» ушул өзөктүү монологсуз элестетүү да кыйын.
«…Кечилдин ханы Коӊурбай,
Аркасынан жетиптир,
Кыр арканын сүбөгө
Найза сайып кетиптир.
Атаӊдын көрү дүйнө ай,
Катын болбой эр болсом,
Кароолчусу атаӊдын
Ажыбай болбой мен болсом,
Чийбейт белем сызыкты,
Кечилдин ханы Коӊурга,
Кулунум ай, мен
Көрсөтпөйт белем кызыкты,
Кагылайын кулунум,
Найзага сайган желегим,
Айкөлдөн калган белегим
Балам! Балам!..» –
деген жерине келгенде жан-дүйнөм бир башкача боло түшүп, көздөн жаш чыгып кетти. Сөздүн чынын айтсак, бул спектаклди көрүп отуруп, Ата Журтка болгон мекенчил сезимталдыгы бар ар бир адам жашыбай койбосо керек.
Кеп оролун Ж.Садыков менен М.Назаралиевдин чыгармачылык достугу туурасындагы жагдайга бургум келет.
Ошол эле жылдары Алматыдагы М.Ауэзов атындагы казак академиялык драма театры Фрунзеге келип, ал эми азыркы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драма театры ал жакка барып, гастролдору менен алмашып оюн көрсөтүшкөнү азыр деле эсте турат. Анда «Манастын уулу Семетей» спектаклин Казакстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-секретары Динмухаммед Кунаев политбюросу менен келип көрүптүр. Кунаев кыргыз актерлору менен учурашып, «Манастын уулу Семетейди» «кыргыз элинин гимни турбайбы» деген эӊ жогору баасын берген. Ал эми казак актерлору курубекер айхайлагандан көтөрүлө албай жатканын айтыптыр. Бул спектаклдин негизин адегенде Бообек Ибраев даярдап, андан кийин Жалил Абдыкадыров улантып бүтүргөн окуя театр чөйрөсүнө белгилүү. Ушул чыгарма автордун зоболосун бийик көтөрүп, Ж.Садыков менен кошо жети адам Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болушкан. Андан кийин аралыгы бир нече жылдан болуп, «Сейтек», «Айкөл Манас» спектаклдери коюлду.
Атам менен Жалил байке өмүр бою жаны бирге дос болушкан десем жаӊылбайм го. Атам досунун ар бир чыгармачылык ийгилигине төбөсү көккө жетип кубанчу. Алматыдагы ушул гастроль тууралуу кудум жаш балача жан дили менен сүйүнүп айтып келгени күнү бүгүнкүдөй көз алдымда тартылуу. Бир жылдары досуна мамлекет үй бергенин айтып келип: «Жакем төрт баласы менен кенен үйгө кирип жыргап калышат турбайбы», – деп, ошол күндөрү үйдү өзү алгандай кудуӊдап жүрдү.
Бир жылдары Жалил Садыков Маданият министрлигине караштуу репертуардык редакциялык коллегиянын – (РРК) башкы редактору кызматында иштеп калды. Атам анда РРКнын коомдук башталыштагы мүчөсү болчу. Ошондо ал ар бир жолу «дело» тиркегичке салынган эки-үч пьесаны үйгө ала келчү. Кээде аларды көпкө чейин ордунан жылбай отуруп окуйт. Айрым пьесалардын алгачкы бетинен 5-6 бетке чейин жаратпай чийип салчу. Барактын оӊ-сол жагына сүйлөмдөрдү кошуп оӊдоп жатканы көрүнүп турчу. Пьесанын авторлоруна рецензия жазчу болсо керек. Ал жылдары элге компьютер келе элек кези, а атам болсо машинка басып үйрөнбөй жүрүп кеткен киши эле. Ошол жылдары драма жанрына кызыккандар көп болчубу, айтор, аял-эркеги дебей үйгө келип турушчу. Атам авторлорго чыгармадагы өсүшү менен кемчиликтерин оозеки айтып берип жатканын көп көрдүм.
Бир жолу Жалил аба менен профессор Бектурсун Алымов биздин үйгө меймандап келип калышты. Ал учурда Алымов Аалы Токомбаевдин «Күүнүн сыры» аӊгемесин инсценировкалап пьеса жазып жүргөн. Ошол учурдагы Жалил абанын айтып отурганын тагыраак эстегенге аракеттенип көрөйүн.
– Режиссердун иши оӊой эмес, – деп залкар драматург, лирик акын сөзүн баштаган. – Айрыкча жаӊыдан жазып жүргөн автордун пьесасы колуна тийсе, бул (бул деп атамды айтып жатат – Н.Н.) быт-чытын чыгарып оӊдойт. Кээ бирде 50 пайызын жаратпай чийип коёт. Андай учурда авторду чакырып алып, көп сөздүүлүктөн качып, драманы конфликтер коштогон кыймыл-аракеттүү, окуялуу кылып кайра жазып чыгууга кеӊеш берет. Автордун томуктай идеясын бул тоодой бийик идеяга жеткирип делебесин козгоп сүйлөйт. Болбосо, чыгарманы ошол бойдон колуна карматып койсо, тиги жаш автор драма жанрына экинчи кайрылгыз болуп кетмек. Медекем, пьеса жазган адамдын биротоло көӊүлүн калтырып: «сенден драматург чыкпайт» дегендей артка кайтарганын көрө элекмин. Дээрлик режиссердун бардыгы авторлор менен дыкат иштейт дечи. Бирок, Медекем жок жерден бир көркөм табылга таап, жаӊы боёкторду кошуп, автордун жан дүйнөсүн байытып жиберген жери бар. Бир нече пьесасы сахнага коюлуп калган драматургдар деле режиссерлордун сунуштарына, оӊдоолоруна кабылган учурлар аз эмес.
Театр тармагында «режиссер-педагог» деген сөз режиссер актерлорду сахнада такшалтуусуна карата айтылган түшүнүк болуп жүрөт. А чынында, жакшы режиссерлор – драматургдардын эӊ жакын насаатчысы, педагогу экенин кантип тана алабыз? Ооба, режиссердун кийлигишүүсүнө анчалык муктаж болбой, өз арабасын өзү тартып кеткен драматургдардын пьесалары деле сахналаштыра келгенде режиссердун трактовкасына, алымча-кошумчасына көз каранды. Ошого карабай, режиссерлордун драматургдарга карата насаатчылык эмгеги эч жерде өз баасын албай, көшөгөнүн артында калып келатат. Режиссерлук кесиптин табияты ушундай экен.
Тээ алтымышынчы жылдардын башында Нарынга жаш жазуучулардын кеӊешчиси болуп иштегени бардым. Андагы Нарын театрынан чыгармачылык пикирлештерди таптып. Ошондой болсо да, баарынан мурда Медекем драматургия жанрында калем сынап көрүшүмө чоӊ түрткү берген. Ошол театрда бул менин «Жыпар атасын күтөт» деген пьесамды койду. Андан бери деле пьесаларымды коюп келе жатат. Мына, азыр деле жаӊы чыгармаӊдын идеясын айта койсоӊ, бул бир «балээни» ойлоп таап, кайрап-бүлөп жибермейи бар. Айтаарым, ушул татаал жанрга бизден кийинки талпынган жаштарга жан дили менен жардам берип, телчиктире турган режиссерлордун жаӊы мууну келээр бекен дейм», – деп отурду.
Жалил аба ошол РРКда драмалык чыгармаларды талдап, кабыл алып, чогуу иштеп жаткан жылдары режиссердун ишин ого бетер түшүнүп, ушул пикирин мурдагыдан да кеӊейтсе керек деп ойлойм.
Атам К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук дарама театрында түрк жазуучусу А.Несиндин «Жүрү бери» драмасын коюуга даярданып жаткан кез. Ошондогу анын бир сөзү кылт этип эсиме түшө калып жатат. Анда ал: «Бул чыгарма абдан көлөмдүү экен, кыскартып, оӊдоп чыгууга бир топ убакыт кетти. Карл Маркс «Капиталды» жазып бүткөнчө тарткан тамекисине корогон акчасы ушул эмгегинин гонорары менен тете болуптур. Мен да «Жүрү берини» сахнага ылайыктап бүткөнчө бир айлык маянамды чегип жибердим», – деп образдуу салыштырып күбүрөп алган.
Союз мезгилинде жер-жерлердеги элдик театрлар активдүү иштеп турган. Бир жылдары атам Маданият министрлигине караштуу илимий методикалык борбору деген түзүмдө бөлүм башчы болуп эмгектенип калды. Ошол жылдары жана андан кийин деле элдик театрларга устаттык озуйпасын аткарып келди. Айта кетсек, Токтогул, Алай жана Кочкор элдик театрларына чакырылып, спектакль коюп, жергиликтүү өнөрпоздордун кесиптик тажрыйбасын арттырууга салым кошкон. Эсимде, 1980-жылы Токтогул элдик театрынын 30 жылдыгына карата Токтоболот Абдумомуновдун «Жарыктык карыларым» комедиясын коюп, бул спектакль менен Фрунзеге келип, ал кыргыз драма театрында көрсөтүлгөн болчу.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW