Августтагы окуя альпинизмге көӊүл бурдурду
Непалдагы деӊиз деӊгээлинен 8848 метрди түзгөн Эверест чокусу жер жүзүндөгү эӊ бийик чоку. Бир кызыгы, ага караганда, альпинисттердин өмүрүн алгандыгы боюнча дүйнөдөгү жети миӊдик чокулар кыйла коркунучтуу экен. Маселен, бүгүнкү күнгө чейин Эвересттин кылда чокусун 9000ге жакын альпинист багындырган.
Анда каза болгондордун болжолдуу эсеби 1 пайызды түзүп, анын кооптуулугу баардык чокулардан сегизинчи орунда турат. Дүйнөдөгү адам өмүрүн эӊ көп алган коркунучтуу чоку болуп Непалдагы 8091 метрлик Аннапурна тоосу эсептелинет. Эверестке караганда, аны ушул кезге чейин болгону 191 альпинист багындырып, алардын ар бир төртүнчүсү кайра кайтпай калып жатат. Экинчи орунда – бийиктиги 8126 метрди түзгөн Пакистандагы Нанга-Парбат чокусунда альпинисттердин 25 пайызы түбөлүк жай табат. Бул чокуга болгону 170 альпинист чыгууга бел байлаган. Ал эми Кыргызстандагы 7439 метрлик Жеӊиш чокусунда канча адам түбөлүк жай тапкан деген суроо туулат?
2025-жылдын август айындагы россиялык альпинист Наталья Наговицинанын аскада жалгыз калып каза тапкан трагедиялык ачуу тагдыры кыргыз бийлигин да, коомчулукту да селт эттирди. Чын-чынына келгенде, ушул окуяга чейин кыргыз тоолоруна канча альпинист келип-кетип, каза болуп жатканы боюнча расмий маалымат таратууга көӊүл бурулган эмес. Дегеле өлкөнүн туризм тармагындагы альпинизмдин орду, экономикага карата салымы тууралуу ачык булактарда сан-эсеби байкала элек.
Маркум аял тууралуу бир аз хронологияга кайрылууга туура келет. 47 жаштагы альпинист Наталья Наговицина тогуз жылдан бери альпинизм менен алектенип жүргөн. Анын күйөөсү Сергей да альпинист болгон. 2021-жылы жубайлар 7010 метрлик Хан-Теӊири чокусуна чыгуу учурунда Сергей Наговицин чокунун 6900 метрине келгенде инсульт болуп каза болуптур. Аялы экспедициядагы куткаруучулардын: «Аба-ырайы катуулап келди. Өзүӊ ылдый түш, өзүӊдүн өмүрүӊө коркунуч туулуп жатат», — деген кеӊешине көнбөй, күйөөсүн кылда чокуга таштап кетүүдөн баш тарткан. Бирок, кийинки жылы Наталья жубайы калган аскага жетип, анын аты-жөнү жазылган тактайча орнотуп кайткан болчу.
Наталья Тянь-Шань тоо кыркаларында жайгашкан Жеӊиш чокусуна чыгып,12-августта кайра түшүп келе жатканда бутун сындырып алган. Аны менен чогуу жүргөн альпинисттер алгачкы жардамды көрсөтүп, асканын коопсуз жерине алып барышкан. Алар төмөнтөн жардам чакыруу үчүн лагерге кетишкен. 13-августта Лука Синигалья аттуу италиялык жана германиялык эки альпинист аялга уктоочу баштык, газ баллон, тамак-аш жеткирип беришиптир. Бирок, кар учурган ызгаар уруп, аба ырайы кескин курчуп туруп алды. Мындайда Натальяны лагерге алып түшүү мүмкүн эмес эле. Ага жетүүгө болгон аракет ордунан чыкпай, жардамчылар артка кайтууга аргасыз болушкан. Лагерге түшүп келе жатып, Лука кычкылтектин аздыгынан мээсине күч келип, 15-августта асканын 6900 метр жеринен көз жумду. 16-август күнү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы каза болгон, жаракат алган альпинисттерге учуп барган кезде аскадагы аба ырайынын катаалдыгы тик учактын ийгиликтүү конуусуна мүмкүндүк берген эмес. Тик учак катуу конууга мажбур болуп, кырсыкка туш болгон. Анын ичиндеги эки адам катуу жаракат алды. 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы Каркырадагы альпинисттердин базасында 2 күн туруп, Жеӊиш чокусундагы аба-ырайы кыйындап, учууга тоскоолдук келтиргендиктен андагы чет элдиктерди ташып, Чүй облусуна кайткан. Аскада калган Наталья тамак-ашы, ичерге суусу жок калып, бир кулач чатырда жатып, ажал менен күн-түнү күрөштү. Аялдын сынган буту жанын сактоо үчүн аракеттенүүгө кымындай да мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал жактагы катаал аба ырайы эч кимди аябайт. Андыктан куткаруучуларды жиберип, алардын өмүрүн тобокелге салууга болмок эмес. Дрондор ал жаткан аскага учуп барып, анын биринде Наталья чатырдан колун чыгарып дронго булгалаган эпизод тартылып калды. Ал күндөрү аялдын жакындары, айрыкча уулу Михаил Кыргызстандын, алтүгүл Россиянын бийлигине чейин өтүнүп, канчалык кайрылбасын апасын каардуу аска өз кучагынан чыгарбады. Эки апта бою жасалган аракет текке кетип, аял курман болду деп эсептелинип, куткаруу иштери токтотулду. Анткени, Жеӊиш чокусуна чыгуунун мезгили аягына чыгып бараткандыктан альпинисттер өз мекенине кайтып кетишкен. Эми анын сөөгү 2026-жылдын август айында, чокуга чыгуунун убактысы келгенде кайра изделиши ыктымал.
Быйылкы жылы Хан-Теӊири, Жеӊиш чокулары болуп, жалпысынан 6 альпинист каза таап, ирандык 2 жаран дайынсыз жоголду. Жеӊиш чокусу альпинисттердин каза болуу коэффициенти боюнча дүйнөдөгү жети миӊдиктердин ичинен эӊ кооптуусу болуп эсептелинет. Альпинизмди иликтөөчүлөрдүн статистикасы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Жеӊиш чокусунан каза тапкандардын жалпы саны 100дөн ашкан. Андан тышкары, экспедициянын мүчөлөрү толугу менен дайынсыз жоголгон бир нече окуялар катталыптыр. Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана спорттук альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Жеӊиш чокусу эӊ татаал, абдан кооптуу болгон дүйнөдөгү беш чокунун бири экенин айтат. «Кыргызстандагы Жеӊиш чокусу К2 категориясына кирген Аннапурна, Нанга-Парбат, Канченджанга чокуларынан кийинки эле коркунучтуулугу боюнча алдыӊкы катардагы чоку. Үч адам бир чиркегичте баратып, бирөөсү тереӊ муздун жаракасына түшүп кетсе, андан эч ким тирүү калбайт. Муздун тереӊдиги 3 чакырымга чейин жеткен жерлер бар. Андай кырдаалда эч кимди куткарып калуу да мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу кырдаалды түшүнбөгөн айрым адамдар: «Альпинисттер эмне мынча мерез, карамүртөз, өзүмчүл келишет? Тоо кыркаларында жаткан альпинисттердин сөөгүн төмөнгө ала келишпейби?», — деген айыптоолорду көп угабыз. Убакыттан уттурбас үчүн чокуларга күндүз да, түн ичинде да чыгып түшөбүз. Кычкылтек жетпеген жерден адам өз жанын араӊ аман алып калууга күч үрөйт. Үстүдөгү кийим аябагандай оор сезилип, ар бир кадамды аяр таштап жүрүп отурасыӊ. Чынын айтсам, альпинисттер экспедицияга чыгарда: «Балким үй-бүлөмдү кайра көрбөй калышым ыктымал», — деген ойдо болот. Наталья экинчи категориядагы альпинист болчу. Бирок, андан кыйла тажрыйбалуу альпинист деле кылда чокуну түбөлүк жердеп калышы мүмкүн… Бул – тагдыр. Мен Наговицинанын жагдайын сурагандардын баарына ал жактагы абал тууралуу айтып берип жатам»
Россиялык аялдын аянычтуу өлүмү социалдык тармактарда талаштуу талкууга жем таштады. Алардын кээ бири: «Ак илбирс» титулун алам деп, атак-даӊктын артынан кууп, өзүмчүлдүгүн көрсөтүп, өмүрүн тобокелге салган альпинист үчүн тик учак кырсыктады. Мамлекеттин каражатына сатып алынган тик учакты ким төлөйт? Андагы оор жаракат алган эки куткаруучунун убалы кимге? Италиялык Лука да ага жардам бергени барып каза тапты. Адреналин алууну көздөп өмүрүн тикелей сайгандар үчүн эч ким милдеткер эмес. Триумфту эӊсеген альпинист-миллионерлер кылымдап жаткан мөӊгүлөрдү кабырга, тоо-ташты таштандыга айлантып жиберишти», — сыяктуу пикирлер айтылды.
Мындан он жыл мурда канадалык Шрие Шах-Клорфин аттуу 34 жаштагы ишкер айым Эвересттин чокусуна чыгып, өлүмгө учураганы да коомдо чоӊ талкуу болгон. Ал бала чагындагы кыял-мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн күйөөсүнүн каршы болгонуна карабай, кылда чокулардын сырын билбей, даярдыгы аз туруп Эверестке чыгуу үчүн 100 000 доллар каражат жумшаган. Непал тоолоруна альпинисттерди уюштуруу ондогон компаниялардын коммерциялык уюгуна айланып, баардыгын акча чечип калган. Капчыгы калыӊ кардарды колдон чыгарбас үчүн альпинисттик компаниялардын бири аялга жергиликтүү эки шерпаны кошуп берип, калетсиз өлүмгө дуушар кылышкан. Непалдын өкмөтү үчүн альпинизм бюджеттик кирешенин орчундуу бөлүгүнө айланып калган. Эверестке чыгууга берилүүчү пермит (уруксат кагазы) үчүн альпинисттер 11 000 доллар төлөйт. Непал бийлиги жыл сайын жүздөгөн альпинистке пермит берип келет. Бирок, альпинист-кардар орточо алганда, 100 000 долларга жакын каражат сарптайт. Мындан жүздөгөн жергиликтүү шерпалар (альпинисттин жүгүн чокуга ташып, коштоп жүрүүчү жалданган жумушчу) эмгек акы таап, үй-бүлөсүн багат. Дүйнөнүн чар тарабынан келген альпинисттер непалдыктардын продукцияларын сатып алышып, көптөгөн тейлөө иштеринен колдонушат. Айтор, бул альпинисттик туризм аркылуу тартылган эбегейсиз чоӊ инвестиция экени талашсыз.
Бүгүнкү күндө бизнесин өркүндөтүп, акчасын батыра албаган бай адамдар абдан көбөйгөнү дурус деӊизчи. Элибизде: «Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы?», — демекчи, алар ааламдын ак кар баскан кылда чокусунда туруп, өзүнүн бул өмүрдөгү баардык жетишкендигин далилдөөдөн адреналин алгысы келгендер. Дегинкиси, альпинисттердин арасында өз мүдөөсүн ушундай мүнөздөгөндөрү бар. Акыркы 5 жылдын ичинде ушул процесс Кыргызстанда катуу өнүгүү өӊүтүнө көтөрүлдү. Өлкөнүн альпинизм тарыхына учкай көз жүгүртсөк, алгачкы жолу Эверестти 1997-жылы мекендешибиз Дмитрий Греков багындырган. Бирок, ал Казакстандын альпинистеринин командасы менен барган. Ал эми 2021-жылы бизнесмен, менеджер, алтын казуучу жана дипломат Эдуард Кубатов, 2023-жылы жеке ишкер Кадыр Сейдилкан, 2024-жылы КТРКнын экс-президенти, ишкер, блогер Илим Карыпбеков мырзалар Эвересттин кылда чокусунан кыргыздын туусун желбиретип келишкен. Ал эми 2025-жылдын май айында 54 жаштагы кесиби бухгалтер, үч баланын энеси Асель Байбагышева Эверестке чыккан алгачкы кыргыз айымы болуп тарыхты жаӊылады. Асель айымдын чыгымдарын Кадыр Сейдилкан кесиптеши каржылап берди. Асель экспедицияга жол тарткан ошол күндөрү мекендеш эжесинин Эверестке чыгуу эрдигин айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү «Бай элим» компаниясынын директору, атактуу ишкер, 5 баланын апасы 47 жаштагы Рысгүл Акимжанова кайталады. Рыскүл Жогорку Кеӊештин VII чакырылышын депутаты Эмиль Токтошевдин жубайы. Рысгүл айымдын өмүрлүк жарын сөзгө кыстаруубуздун жөнү бар.
Жогорку Кеӊештин депутаттары 4-сентябрда «Альпинизм жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Депутаттардын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө альпинизм, тоо туризми активдүү өнүгүп жатканына карабастан, бул тармак мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Жаӊы мыйзам альпинисттердин коопсуздугун камсыздоого, тоо инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеӊейтүүгө жол ачат. Альпинисттер 6000 метрден жогорку тоолорго чыгуу үчүн пермит алууга милдеттүү болушат. Гиддер менен инструкторлор сертификациялоодон өтүүгө тийиш. Бул тууралуу мыйзамдын башкы демилгечиси депутат Эмиль Токтошев мындай дейт: «Россиялык альпинист аялдын кечээки трагедиялуу тагдыры тоо туризмине олуттуу мамиле кылууга түрткү болду. Небактан бери дүйнө альпинисттеринин кыргыз тоолоруна кызыгуусу күчөгөндөн-күчөп баратат. Көрүнүп тургандай, акыркы жылдары Кыргызстандан тажрыйбалуу альпинисттер чыгып, Эвересттен аман-эсен кайтып келип жатканы бул иштин олуттуулугун айкындап койду. Биз пермит берүү системасын киргизсек, андан түшкөн каражат альпинисттердин лагерлери жактагы жалгыз аяк жолдор, байланыш тутумдары жакшыртылып, куткаруу операциялары каржыланат. Андан тышкары, республикалык жана жергиликтүү бюджетке каражат түшүп, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Тоолордун экосистемасына катуу көӊүл бурбасак болбойт. Тактап айтсак, альпинисттер көп жылдардан бери аскаларда топтолгон таштандыларды утилизациялоо үчүн өздөрү менен кошо ала түшүүлөрү да милдеттендирилет».
Бирок, эл өкүлдөрү пермиттин тарифи тууралуу эч нерсе айта алышкан жок. Өзүн-өзү таратып, шайлоого кеткен парламент демилгелеген мыйзам долбоорунун кийинки тагдыры кандай болорун алдыда көрө жатарбыз.
Ушул маселеде эксперттик пикирин билүү үчүн Мерцбахер атындагы экологиялык-коомдук «Мөӊгү» фондусунун төрагасы Үрүстөм Кабылбековду кепке тарттык. «Мөӊгү» фондусу 2006-жылы түптөлгөндөн бери кыргыз тоолорундагы көйгөйлөрдү көтөрүп, бирде үнүбүз жетип, бирде жетпей иштеп келе жатабыз, — дейт Кабылбеков. – Мезгил өткөн сайын аска-зоолордогу мөӊгүлөр эрип, жукарып калгандыктан дайынсыз жоголду делген альпинисттердин сөөктөрү ачыкка чыгып жатат. Аска-тоолордун ылдыйкы тарабындагы кар азайган жерлерде алардын сөөктөрүн кузгун-куштар чокуп жеп кеткендери бар. Эгерде буюм-тайымдары калган болсо, сөөктү идентификациялап ким экенин, кайсы жылдары мында келгенин таанууга болот деп ойлойм. Кыргыздын чокуларында кимдер гана жок. Анда орус, француз, немис, япон ж.б. улуттагы альпинисттер каза болушкан.
Бишкекте 2008-жылы «Мөӊгү» фондусу чоӊ иш чара өткөрүп, ага белгилүү саясатчылар, маданият ишмерлери, экологдор, аялдар жана жаштар уюмдары катышкан. Агездеги бийликтин көӊүлүн бурдуруу үчүн жөө жүрүш уюштурганбыз. Биздин максат, эл аралык кадастрлар менен байланышып, кандай экспедициялар келип, кыргыз тоолорунан кайра кайтпай калгандарын толуктап, каза тапкандарын тактагандан кийин, орус православ чиркөөсүнө, Ватиканга, Будда храмына жана Сауд Арабиясына кат жөнөтүү болчу. Себеби, ар бир дин уюмдары өз өлүктөрүн өздөрү жерге берүүлөрү керек. Чокуларга чыгуу оӊой-олтоӊ иш эмес. Биз кыргыз тоолорундагы мөӊгүлөрдүн баарын чабыттап, сөөктөрдү ташып чыгып жерге берүү менен Кыргызстанда эл аралык боордоштор бейитин түзүшүбүз керек. Улуу жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун көзү тирүү кезинде экөөбүз бир нече жолу сүйлөшүп, бул маселени талдадык. Биздин тоолордо 5000 метрден өйдөкү 14 чоку бар. Борбор Азияны мекендеп турган өлкөлөрдүн, КМШ президенттеринин ысымдарын ушул чокуларга ыйгарууну сунуштагам. Анткени, мөӊгүлөрдүн «Тынчтык аллеясын» түзөлү дегем. Чыкем мага: «Үрүстөм, президенттер келет-кетет. Андан көрө адамзатка ири эмгек өтөгөн дүйнөдөгү 14 инсандын ысымын ыйгаруу керек», — деп айткан. Мен акыркысын туура көрдүм. Кийин Чоӊ-Алай районундагы Ленин чокусуна караштуу альпинисттердин жатак лагери жактан 1 гектар жер бөлүнгөн болчу. Ошол жерде алгачкы «Тынчтык аллеясын» негиздеп, мөӊгүлөрдү таштандыдан арылтып, сөөктөрдү ташып чыгаруу боюнча иштер башталмак. «Мөӊгүлөр Борбор Азиядагы нымдуулуктун, ден соолуктун, электр кубаттуулуктун жана саясий туруктуулуктун башаты» аттуу долбоорду башташыбыз керек эле. Бирок, биздин эл аралык маанидеги керектүү долбоорду колдоп кетүүчүлөр болбой калды. Ошого карабай, кыргыз аска-зоосун таза кармап, кийинки муундарга мурастоо биздин милдетибиз деп эсептейм. Альпинисттик туризм токтоосуз өнүгүп жаткан азыркы учурда, ушул максаттарды ийгиликтүү ишке ашырууга колдоо көрсөткөн өнөктөштөр үчүн эшигибиз ачык».
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөттөр WWW