Аймактык туризмдин ооматы
— 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда туризм тармагынын дүӊ салымына кошкон үлүшү 30,1 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда, 29 пайызга көтөрүлдү. Аталган тармакка салынган инвестициянын көлөмү 2,7 эсе өсүп, 11,3 млрд. сомго жетти. Салыштырсак, 2024-жылдын ушул мезгилинде туризм тармагындагы инвестициянын катышы болгону 4,2 млрд. сомду түзгөн.
Үстүбүздөгү жылы бир нече эл аралык уюмдар Кыргызстандын туризм тармагын жогору баалап, рейтинги көтөрүлгөнү үчүн бир катар сыйлыктарга жетишти. Мисалы, абройлуу болуп эсептелген Financial Times басылмасынын билдиргени боюнча республикабыз туризм багытыда дүйнөдөгү алдыӊкы 50 өлкөнүн катарына кошулду. Быйыл жайкы туризмдин мезгилин абдан ийгиликтүү аяктадык, эми кышкы мезгилге даярдыктар башталды, — деп, өткөн аптадагы аппараттын жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Кылымдарды карыткан тарыхый жайлар
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 13-сентябрь күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Кой жаратылыш паркына кетүүчү жаӊы курулган жолдун жагдайын барып көрдү. Ал жерде Кара-Койду өнүктүрүүнүн концепциясынын бет ачары болду. Келерки жылы Кара-Кой туристтик базасын куруу иштери башталат. Ошону менен бирге 28 чакырым болгон Тельман — Кара-Кой унаажолун реконструкциялоо жумуштары республикалык бюджеттин эсебинен толук бүткөрүлдү.
Жыл башынан бери республикада 41 туристтик объект курулуп ишке берилди. Жыл айгына чейин дагы жаӊы 22 объектинин ачылышы күтүлүп жатат. Мындан тышкары, 40 районго 40 туристтик объектини куруу улуттук долбоорлорун турмушка ашыруу улантылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Булардын ичинде туристтер үчүн маалымат борборлору, кемпингдер, кароол аянтчалары, музейлер жана эс алуу жайлары бар. «Кыргызстандын баардык аймактарында туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү иштери токтоосуз жүрүп жатат. Муну менен жаӊы жумуш орундары түзүлүп, чакан жана орто бизнести колдоо күчөтүлөт. Маданий жана жаратылыш мурастарын коргоого алуу жана туристтик тармакка инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет», — деп билдирди аталган министрлик.
Кыргызстандын аймактык туризми жөнүндө сөз болгондо Ош шаарындагы Сулайман тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси көз алдыга келе түшөт. Бул жалпы Борбор Азия регионундагы кайталангыз уникалдуу жай катары эсептелинип, 2009-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын тарыхый-маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Башка музейлерден айырмасы ал – үӊкүр түрүндө сакталып калгандыгында. Үӊкүргө киргениӊде төбөсүнөн табигый туздар люстра сыяктуу илинип турат. Музейде жаныбарлардын сөлөкөтү туш тараптан тосуп алат. Анда быйыркы адамдардын колу менен жасалган ар кыл кустардык буюмдар, живопись, скульптуралар, графикалар орун алган. Андан ары аралай жүрсөӊ, байыркы замандагы ушул аймакты жердеген эл колдонгон археологиялык табылгаларды көрүп, алардын жашоо-турмушун кадимкидей көз алдыга келтирип, жан дүйнөнү козгогон кооздукка туш болосуӊ.
Бүгүнкү күндө Сулайман тоонун кылда чокусундагы Бабурдун мавзолейине алып барчу тоо боорундагы бир аяк жолго бетондон тепкич жасалып, эл үчүн ыӊгайлуу болуп калган. Ал эми 1997-жылдын жай айында барганыбызда, колу-бутту таш-тикенге алдырып, типтике ичке жол менен экстремалдык абалда чыккан күн азыр да эсимде. Адатта Бабурдун мавзолейинде куран окуган молдо отурат. Ал жерден адамдар өзүнүн сакралдуу ой-тилегинин, максат-мүдөөсүнүн орундалуусун тилеп, медитацияланып, кадыресе эс алып чыгат. Бул жердеги панорамадан бүтүндөй Ош шаарынын айланасы көрүнүп турат. Калаанын түнкү оттору жанган убакта айрыкча кооз болуп, көркүнө чыгат.
Кыргызстанда тарыхый архитектуралык жайларга кызыккандар үчүн кылымдарды карыткан руханий байлыктар аз эмес. Өзгөндөгү мунара жана мавзолей, Чүйдөгү Бурана маданий комплекси, Нарындагы Таш Рабат, Таластагы Манас бабанын күмбөзү ж.б. кызыктуу жайлар бар. Мунун баары кыргыздын байыркы эл экенин тастыктаган түбөлүктүү асыл мурас.
Жакында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында жайгашкан «Шах-Вазил» мамлекеттик тарыхый музейинин административдик имаратынын ачылышы болду. Курулуш 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен 27 млн. сом бөлүнгөн. «Шах-Вазилдеги» күмбөздөр 11-12-кылымдардагы Караханиддер заманында курулуп, өз доорунун архитектуралык, искусстволук өнөрүн чагылдырган ыйык жай бойдон сакталып келет. Мавзолейди көрүүгө келген туристтер мындагы кооздукка суктанып кайтышат. Ал эми «Шах-Вазил» мавзолейинин өзү 2026-жылы толук реконструкциялоодон өткөрүлмөй болду.
Көз тайгылткан көлдөр ай!
Туризм тармагын жылдын төрт мезгилинде бир калыпта тынбай иштеп тургудай деӊгээлге жеткирүү максатталууда. «Туризм бул – түтүнсүз завод», — деп айтылган сөз калетсиз ишке ашчуудай. Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов: «Кыргызстанда тоо туризмине тиешелүү баардык долбоорлор артыкчылыктуу болуп эсептелинет. Мамлекеттин колдоосуна ээ болгон ири долбоордун көч башында «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа комплекси турат. Заманбап тибинде курулуп баштаган масштабдуу объект жыл сайын 850 000ге жакын туристти кабыл алууга ылайыкташат. Мындан түшкөн каражат «Кумтөрдүн» бюджетке берген үлүшүнө барабар болууга тийиш. Андан тышкары, Чүй облусундагы «Байтик Резорт», Жалал-Абад облусундагы «Чаткал Резорт» мисалындагы бир катар ири курортторду куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Ушул долбоорлор аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, калктын жумуш менен камсыздалуусуна, ден соолугун чыӊдап эс алуусуна түрткү болот», — дейт.
Кыргызстандын алыскы тоолору чоӊ-кичине табигый көлдөргө өтө бай болгону менен көп жылдар бою аларга чет элдик туристтер анча тартылчу эмес. Тилекке жараша, акыркы эки-үч жылда Сары-Челек, Чатыр-Көл, Соӊ-Көл, Ала-Көл, Кара-Камыш, Көл-Төр ж.б. көлдөргө кызыгуу кескин күчөдү. Туристтер, белгилүү блогерлер бир барып көргөн соӊ, бийик тоолордун арасында «жашынган» көлдөргө көзү тойбой суктанып, тамшанып, таӊ калып бүтпөй кайтып жатышкан чагы. Тоолук эл жыл өткөн сайын алыс-жакынкы меймандарды тосуп алууга тажрыйбалуу болуп бараткан кези. Дасторконго улуттук тамак-аштын түрүн жайнатып, ээр токумдуу аттарды дайындап, чет тилди билген жаштары гиддин милдетин аткарып, айтор, каражат таап, капчыкты кампайтууга ыӊгайлашып баратканы ийги иш.
Ошондой болсо да алыскы тоолордун арасындагы көлдөргө кетчү жолдор бир нече саат убакытты алып, жеткенче суй жыгылтып чарчатат. Ал жака «внедорожник» автоунаалар же ат гана жетпесе, машиналардын баары эле чыдай бербейт. Айрым жерлери саздак келип унаа тыгылат. Кээ бир учурда көпүрөлөрдүн жоктугу чоӊ көйгөйгө туш кылат. Себеби, совет жылдары курулган алыскы жайлоолорго, көлдөргө кетчү жол инфраструктурасы каралбай, дайыны чыкпай калган. Анын үстүнө, аба-ырайы кескин алмашып тургандыгы да кыргыз тоолоруна мүнөздүү көрүнүш. Ага карабай, туристтер көксөп барган көлгө жеткен соӊ, азаптуу жол түйшүгү дароо унутулуп, чатыр тигип, шишкебек бышырып чер жазышат. Мындан улам чет элдик меймандар үчүн жергиликтүү гиддердин ролу абдан чоӊ. Туристтердин ушул контингенти кыргыз тоолорун интернет желесине таратып, тоо туризмин жарнамалоого салым кошуп жатканы да ырас.
Албетте, «Москва бир күндө курулбайт» демекчи, көч бара-бара түзөлөт. Элет жерлериндеги алыскы көлдөрдө кайыкта сүзүүнүн коопсуздугу да камсыз болушу керек. Жергиликтүүлөр моторлуу кайык, үйлөп толтурулган желим кайыктарды сунушташат. Бирок, эс алуучуларды коопсуздук кемселдери менен баары эле камсыздай албайт. Мындай ишкерчилик менен алектенгендер эс алуучулардын өмүрүнө милдеткер боло алышабы? Кеп ошондо. «Жапайы» туристтер эле жеткен алыскы көлдөрдүн тегерегиндеги тазалыкты, өрт коопсуздугун сактоо да абдан маанилүү иш.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөттөр WWW