Бас үндүү бала Балкашта төрөлгөн
Талгарбектин атасы Керим Жакшылыковдун «Жолугабыз аз күндө» аттуу обону эӊ көп ырдалган чыгармаларга кирет. Керим ага аз болсо да саз обондорду жазган. Мергенчилик өнөрдү аркалап, тоо-ташта конуп-түнөп, жаратылышка киндиктеш жашоо образын тандап алган адам эле. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын эл артисти, А.Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын лауреаты, өтө сейрек бас үндүү атактуу уулу Талгарбектин жарык дүйнөгө келиши да романтикалуу болуптур.
Жер кепедеги жыландар, Балкаш көлүндүгү балалык
Талгардын атасы эле эмес, апасы да мылтык атканды жакшы көрчү. Советтик доор жылдары мергенчилердин атайын коому болор эле. Мылтык, ок-дары, калкандар менен куралданган мергенчилер узак мезгил ууга чыгышчу. Мергенчи аталар кээ учурда балдарын да тоолорго ала кетишчү экен. Анда келечектеги ырчынын төрт-беш жаштагы бала кези болчу. Ал тоодо мергенчилер жасап алган жер кепеде ойноп отурчу. Казакстандын Алматы облусундагы Балкаш районуна караштуу Балкаш көлүндөгү ошол «үй» деп аталып, кум эшилип түшүп турган кепенин боорун жапайы өскөн камыштан кыркып келишип, «дубал» кылып тосуп коюшкан. Жер кепенин үстүнөн жыландар чубалып кулап турган күндөр баланын эсинен кетпес болуп калган. Улам бир жыландын камыштардын арасына сойлоп кирип баратканы кечкисин келип анда уктагандар үчүн кадыресе көнүмүшкө айланган.
Бул окуя 1964-жылдын күз айлары эле. Керим мергенчи ай-күнүнө жетип калган жубайын, балдарын Балкашка өзү менен кошо ала келген. Көлдүн ортосундагы аралчада мергенчилердин түнөгүнө айланып калган ошол камыш үйдө бир орус кемпир мергенчилерге тамак бышырып иштечү экен. Союз мезгилинде мергенчилер өкмөткө тери өткөрүп, салык төлөп турушуптур. Андай жерде төрөткана кайдан болсун? Толгоосу чукул кармап калган Керим жубайын кайыкка салып алып, жээктен аралды көздөй ошол орус кемпирге алып барбаска аргасы жок эле. Кепенин ичинде мергенчилер ичкиликтен «сеп этип» алышып, алагүү болушуп, ар кимиси бир күндүк атып алган олжосуна эрдемсинип сүйлөп, эс алып отурушуптур. Орус кемпир аялдын толгоосу бышып калганын көрүп, эркектерди кепеден айдап чыгат. Ошондо Талгар жарык дүйнөгө келип, алгачкы жолу «аа-а» деп, «ырдап» түшкөндө, тиги кемпир сырттагыларга: «Эй жигиттер, бул жарык дүйнөгө дагы бир адам келди. Уул төрөлдү!», — деп сүйүнчүлөптүр. Ошондо дуулдаган мергенчилер асманга ок атып, ураалап кыйкырышат. Көзгө атаар мергенчилер учуп бара жаткан жапайы өрдөктөрдү атып түшүрүп, Талгардын төрөлүшүн майрамга айлантып жиберишкен. Кийин Талгар эр жетип, атагы чыга баштаганда апасын аман-эсен төрөтүп, өзүнө киндик эне болгон ошол орус кемпирди издөөгө аракеттенди. Бирок, союз ыдырап кеткенде киндик энесин таппай калганын ырчы айтып калар эле.
Ал кичинесинде раматылык чоӊ энеси уулу Керимдин капканын алып, андан баланын бутуна чактап, «коньки» жасап, жип менен таӊып берчү. Чоӊ энеси баланы жетелеп алып, жылгаяк тептирчү.
Италиядан тапкан Аньеза апасы
1995-жылы Талгар Жакшылыков Таластагы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык чоӊ майрамда ырдады. Ал кездеги Президент Аскар Акаев ошол тойго байланышкан расмий жыйында: «Талгардай таланттуу жаштарыбызды Италиянын дүйнөгө белгилүү вокалдык академиясына жиберишибиз керек», — деп айтып калды. Талгар ошол жерден Акаевге: «Сиздин сөзүӊүздү жерде калтырышпаса эле болду», — деп айта салбаспы. Ошол окуя Кыргыз Республикасынын эл артисти Эльвира Асанкулова (колоратуралык сопрано) экөөнүн Италияга окуп калышына чоӊ түрткү болгон. Ал эми башында Талгардын вокалдык искусствого багыт алышына ата-энесинин салымы чоӊ болуптур. Анда анын улуу эжеси Шайыргүл Супатаева Ысык-Көл облустук драма театрында иштечү. Андан кийинки эжеси Гүлбарчын Жакшылыкова дрижёрдук кесипти тандап алган болчу.
Ошентип, Талгар Жакшылыков Италиянын Кальи шаарында жашап калды. Анда дүйнөгө белгилүү баритон, вокалдык искусство боюнча улуу педагог Марио Меланиден сабак алып, Марево Дель Монако академиясынан окуду. Ал жерде окуган эки жылдын ичинде италиялыктардын маданиятынын бийиктигине таӊ калып бүтө албай келген.
Ал Кальиде 60 жаштагы Аньеза кожейкенин үйүнүн бир бөлмөсүн ижарага алып жашады. Анын бир уул, бир кызы бар эле. Бул үй-бүлө италиялыктардын орто деӊгээлде жашагандарына кирчү.
Аньеза айым короосунда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерден банкелерге толтуруп, кышкыга салат даярдаганды жакшы көрчү. Өзү жасаган тамактардын ырыскысы, берекеси көп болот деп эсептечү. Камыр жууруп жатканда жакшы ойлорду ойлоп, балдарына бакыт, ийгиликтерди тилеп жасарын айтып калчу. Аньеза алатоолук кыргыз студентти тез эле өз уулундай көрүп, энесиндей жакын ымалада болуп кетишти. Аларда адамга карата гумандуулук, чын дилден мамиле жасоо маданияты өтө бийик экенин ырчы жигит дароо байкады.
Мисалы, жергиликтүү калк кийим-кечени жылдап кийип жүрө беришпейт экен. Жаӊыраак кезинде таптаза жууп, үлпүлдөтүп үтүктөп, өз баласына берчүдөй бапестеп, баштыктарга салып көчөгө чыгарып коюшат. Ошол кийимдерди ар апта сайын кыдырып, чогултуп кетүүчү атайын кызмат иштейт. Айрым учурда ал кийимдерди эмигранттар же башка муктаж болгон адамдар алып, өзүнө туура келген керектүүсүн кийип алышат. Калганын баштыктарга кылдат бүктөп кайра салып кете беришет. Италияда четки калаанын калкынын маданияты ушуга жеткен.
Аньеза Талгардын байпагына чейин жууп, көйнөк-кечесин үтүктөп, таптап кайра ордуна салып койчу. Ырчы бир күнү ага кийүүгө үлгүрө элек таза көйнөгүн эмнеге жууп салганын сураса, үйдүн кожейкеси: «Сен керебетиӊе ыргытып кеткендигиӊден улам жууш керек экен деп ойлодум», — деп жооп берди.
Бир жолу Аньеза өзүндөй эки аял менен мопед минип алышып, токойго козукарын терүүгө кетишкен. Эртеси таӊ эрте ал Талгардын бөлмөсүн тыкылдатып: «Кечирип кой уулум, мен кечээки козу карындан пицца жасап, сага бир-эки кесимин калтырып койдум эле. Кечинде берейин десем уктап калыптырсыӊ», — деп, мээримдүү жылмайып турду. Ушундан уламбы айтор, атактуу ырчы өзүнүн маектеринде италиялыктардын адамга жасалма мамиле жасаганын кезиктирбегенин, бул элдин жашоо образындагы чынчылдыгын үйрөнүү керектигин айтып калчу.
Тоону кордобо, жерге түкүрбө
Анда Талгар Жакшылыковдун көзү тирүү кези. Бир жолу Кыргызстандагы шайлоо компанияларынын алдында тоолордун бооруна агитациялык лозунгдарды жазуу адаты катуу орун алып кетти. Ошондо ырчы республикалык гезиттердин бирине маек берип, мындай көрүнүштөрдү вандализм деп айыптап чыккан. Ошол жылдары ал коомдук жайлардагы адеп-ахлак маселесин көтөргөн. Бекеринен элибизде: «Суу ичкен кудугуӊа түкүрбө, эл биригип сага түкүрсө, ал көлгө айланып чөгүп кетесиӊ», — деп салыштырган болчу. Маданияттуу өлкөлөрдүн жарандары рюкзакты аркасына асынган бойдон коомдук унаалрга кирбейт. Эреже боюнча рюкзакты чечип, курсагы тушуна көтөрүп алууга тийиш. Коомдук унааларда далыдан өйдө жүк көтөрүп турууга уруксат жок. Сыртка чыкканда гана кайра далысына асынып алууга болорун мисалдатып айтып калчу.
Мурасты сактоо азыркы муундун парызы
Карап көрсөк, Кыргызстандын вокалдык искусствосун континенттер аралык алкакка тааныткан бас үндүү солисттер беш манжа менен санагандай аз. Эмнегедир алар узак өмүр сүрө алышкан эмес. Маселен, СССРдин эл артисти, сейрек кездешчү кайталангыс талант Болот Миӊжылкиев 57 жашында, СССРдин эл артисти, А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрына бүтүндөй өмүрүн арнаган Хусейин Мухтаров 62 жашында дүйнө салган. Булардын вокалдык мурасын уланткан кийинки муундун көрүнүктүү өкүлү Талгар Жакшылыков 2024-жылдын март айында 60 жашында өмүрдөн өтүп кете берди. Ал аталган театрда көп жылдар бою эмгектенүүдөн тышкары, бир эле учурда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу болуп иштеген. Ырчы кыргыздын жана чет элдик композиторлордун 40тан ашык операларынан түрдүү партияларды аткарган.
Талгар менен жолугушуп сүйлөшө калганда, ал опера театрындагы айрым көйгөйлөрдү айтып калчу эле. «Айчүрөк» операсы 1939-жылы алгачкы ирет В.Власов, А.Малдыбаев жана В.Фере тарабынан коюлган. Мына ошол жылдары «Айчүрөк» операсына тигилген костюмдар биздин күндөргө чейин сакталбай калганына өкүнчү. Бул улуттук театр искусствосунун көөнөргүс тарыхы, баштапкы мөлтүр булагы эмес беле. Ошондогу кийимдер таза баркыттан тигилип, кездемелери абдан сапаттуу болчу. Актрисалардын көйнөгүнө кол менен кынапталып тигилген шурулар, акак таштар менен накта берметтерден бүгүн дайын жок. Ала-Тоодой заӊкайган элечектер, кундуз жакалуу кийимдер көз жоосун алчу. Бакай бабабыздын таза кайыштан күмүш чегерилип жасалган кемер куру азыр кайда экенин эч ким билбейт. Аларды келечек муундарга мурастап, керээздеп калтыруунун ордуна улуттук искусствону баалоого даремети жетпеген директорлор алардын баркын билбегендиктен, баары жок болду. Кыргыздын Европа үлгүсүндөгү алгачкы театр искусствосу жаатындагы көөнө тарыхы болгон улуу актерлор кийген кийимдердин, спектаклдердин декорацияларынын орду-түбү калбады. Эми биздин ушул жоругубузга Москванын Большой театрындагы көрүнүштү салыштыралы. Мисалы, 1938-жылы дүйнөдөн өткөн орустун улуу ырчысы, СССРдин эл артисти Фёдор Шаляпиндин кийген кийимдери көздүн карегиндей бапестелип сакталып коюлган.
Ошентсе да залкарлардын чыгармачылык портреттери профессионал театр таануучулардын китептеринде, гезит-журналдар сакталган тарых барактарында, теле-радиодогу спектаклдердин алтын фондунда жазылып калтырылды. Раматылык Талгар ушуларга каниеттенип кеп кылып калар эле.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW