Кыргызстанда жыл өткөн сайын бөйрөк дарты «жашарып», өсүп баратканы кооптуу болуп жатат. Ушуга байланыштуу 2023-жылы Президент С.Жапаров өлкөдө бөйрөктү трансплантациялоого республикалык бюджеттен каражат бөлүүгө тапшырма берген. Бул боюнча мамлекет гемодиализге байланган ар бир бейтап үчүн жылына 1,5 млн. сом бөлүп турат. Ушул каражат жалпы гемодиализ алуучулар үчүн жылына 2 млрд. сомду түзүп келген болсо, 2025-жылга карата 2,5 млрд. сом каралды.
Кыргызстанда бөйрөгүн алмаштырган 600гө жакын адам бар. Булардын басымдуу бөлүгү Түркия, Россия, Индия жана Белоруссиядан операция жасатып келгендер. Анын ичинен 45и Кыргызстанда операция жасалган. Чет мамлекеттерде бөйрөк алмаштыруу 25-50 миӊ долларга чейин жетет. Бирок, азыркы күндө бөйрөк алмаштыруу рыногунда атаандаштык күчөгөндүктөн операциялар арзандай баштаганы айтылууда. Кыргызстандын бейтаптары ал жакта убактылуу батирде жашап, коштоп барган жакындары менен бирге көп чыгым тартышат. Чет өлкөлөргө баруу үчүн каражат табуунун жолдору да ар түрдүү. Кээ бири үй-жайын сатып, айрымдары коомчулуктан кайрымдуулук кылууну өтүнүшөт. Кээ бир бейтаптар бирөөлөрдүн айтуусу менен ал жактагы адистер жасаган операцияга кепилдик бар деп эсептешет. Ал эми акыркы жылдары биздин дарыгерлердин тажрыйбасы жакшырып бараткандыктан атамекендик хирургдарга бөйрөк жетишсиздигине кабылгандардын ишеними арта баштады.
2021-жылы Белоруссиядан келген хирургдардын жардамы менен бөйрөктү алмаштыруу операциялары жасалган. 2023-жылы мындай операциянын сегизи ийгиликтүү өткөн. Адистердин пикири боюнча бул өтө эле аз. Мисалы, Түркиянын бөйрөк трансплантациялоо борборлорунда жыл сайын 350дөн ашык бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалып жүрөт. Ал эми Президенттин демилгеси менен бюджеттин каражатына бөйрөк алмаштыруу алгачкы жолу эки жыл мурда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ишке ашырылууга өткөн.
Ар бир бейтап аптасына үч жолу гемодиализ алууга муктаж. Өлкөнүн гемодиализ борборлоруна күн сайын элүүгө жакын адам каттап турат. Өлкө аймагында мындай 35ке жакын борбор бар. Алар бөйрөктүн өнөкөт дарты 4-5-стадияга жеткендер.
Бөйрөк өз кызматын аткара албай калган учурда андагы зыяндуу заттар канга кошулуп, кан менен зааранын айырмасы болбой аралашып калат. Бөйрөк толук бузулганда гемодиализге өткөрүүгө туура келип, ал андан соӊ трансплантациялоого муктаж болот. Эӊ жаманы, бейтаптардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзүп, арасында өспүрүмдөр да көбөйүп бара жатканы өкүндүрөт.
Ал эми бөйрөк алмаштырылса, бир жагынан, бейтаптын жашоо сапаты жакшырып, экинчи жагынан, мамлекеттин гемодиализге кетчү каражаты үнөмдөлүп, андан арткан каражат башка бейтапка операция жасоого багытталат. Карап көрсөк, жумасына 3-4 жолу 4 саат бою гемодиализге байланып, кыйналып аппаратта жаткан бейтап алыс жактарга бара албайт. Ал эми буга чейин бейтаптар өлкөдө бөйрөктү алмаштырууга 700 000 сом төлөп келишкен. Бүгүнкү күндө ушул каражатты мамлекет төлөп берип жаткан кези.
«Оорулууну операцияга чейинки даярдоо этабы өтө жоопкерчиликтүү иш, — дейт, медицина илимдеринин доктору, хирург Шайирбек Сулайманов. — Бейтап донорду өзү таап келиши керек. Мисалы, бир тууганы донор болом десе, экөөнүн клеткаларынын түзүлүшү окшошуп, шайкеш келсе анын бөйрөгүн бейтапка которууга болот. Эгерде ыӊгайлуу келбесе, анын организми кабыл албай, бөйрөк кайра эле иштеп чыгып калышы ыктымал. Ушуга байланыштуу, экөөнүн генетикалык жагдайын изилдөө этабы абдан кыйын. Себеби, бир тууган экенине карабай, ар бир адам башкага окшобогон өз-өзүнчө өзгөчөлүккө ээ.
Кыргызстандын бөйрөк трансплантациялоо боюнча мыйзамына ылайык, донор адам бейтаптын ата-энеси же бир туугандарынын бирөөсү болушу гана керек. Ал эми 2024-жылдын январында кабыл алынган жаӊы мыйзам боюнча чоӊ ата, чоӊ энеси же экинчи катардагы туугандары да донор болууга укуктуу болуп калды. Дүйнөдө трансплантациялоонун башка түрү да практикаланып жүрөт. Мисалы, Англиядагы бөйрөктү алмаштыруу боюнча кезекте турган бейтапка Испаниядагы бир адамдын бөйрөгү туура келип калса алмаштырууга уруксат берилет.
Президент С. Жапаров жакынкы келечекте мындай операцияларды өз жарандарыбыздан тышкары чет өлкөлүк жарандарга да жасоону практикалоо, ал үчүн медициналык мекеме жайгашкан жерге жаӊы имарат куруп, бейтаптарды көбүрөөк кабыл алуу менен бул тармакты өнүктүрүүнү тапшырган.
Мындан тышкары, боорду жана сөөк чучугун трансплантациялоо боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин программасы бар. Мамлекет башчы ошол иштерди алдыга жылдыруу боюнча жаӊы стратегия керек экенин айткан. Боорду алмаштыруу боюнча улуттук хирургия борборунун дарыгерлери Түркиядан окуп келип жатышат. Анткени, буга чейинки боор алмаштыруу операцияларынын бир-экөөсүн айтпаганда, дээрлик баардыгы жакшы жыйынтык берген эмес.
Хирургдардын окуусуна Кыргызстан тараптан чыгым кетпейт. Жашаган жери, тамак-ашы жана билим алуу чыгымдарын Түркия тарап каржылайт. Андан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жыл сайын онкологиялык дартка чалдыккан 250дөн ашык бала дарыланат. Анын ичинен 180ге жакын баладан рак оорусу жаӊы табылып жатканы өтө кооптуу болууда. Азыркы учурда дартты аныктоо жакшырып калгандыгына байланыштуу бул көрсөткүч дагы өсүүсү күтүлүп жатат. Тилекке каршы, бейтаптардын бир бөлүгүндө оору кайра кайталанып, кээ бирөөсүнүн организми дартка каршы туруштук берүүсү начар. Ошондуктан оорунун түрүнө жараша дарылоонун натыйжалуулугу 40-50 пайыздан 90-95 пайызды түзүп жатат.
Бөйрөк жетишсиздигине кайрылсак, бул дарттын алдын алуучу кеӊештерди бере кетейин. Баланын тиши кариес боло баштаганын көргөндө дароо стоматологго алып баруу керек. Кулак ириӊдеп, суюктук чыгып же мурундан суу куюлган учурда дагы кайдыгер мамиле жасабоого чакырам. Анткени, ушунун баардыгы микробдорду топтоп, канга сиӊип, инфекциянын очогуна айланып бөйрөктү, жүрөктү жабыркатып жатат. Анын үстүнө, бейтаптар оору башталганда кенебей жүрө беришип, өтүшүп кеткенде келишет. Адам жылына эки ирет дарыгердин кароосунан өтүп турууну адатка айландыруусу кажет. Бирок, бейтаптардын көпчүлүгү дарыгер жазып берген дарылоо курсунун жарымын да аткарышпайт. Андан тышкары, ар кандай канцерогендик заттар, боёктор кошулган суусундуктар бөйрөктү жабыркатып жаткандыгын ар дайыма коӊгуроо кагып айтып келебиз», — дейт Сулайманов.
Тажрыйбалуу дарыгерлердин айтуусуна караганда, жогорудагый дарттардын көбөйгөндүгүнүн себеби – энергетикалык суусундуктарды калк көп ичип жаткандыгы. Эске сала кетсек, 2023-жылы Экономика министрлиги энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган буйрук чыгарган. Ал жүрөк ооруларга, ал эми импорттолгон сапаты шектүү суусундуктар бөйрөк дартына алып келүүдө. Ак халатчандар менен пикирлешкенибизде, атамекендик өндүрүштөн чыгарылган улуттук суусундуктарды ичүүнү сунуштап жатышат. Өзгөчө мүнөздөп тамактанып, уктаардын алдында оор тамактарды чектөө ички органдардын эс алуусу үчүн зарыл. Бейтаптар үчүн мамлекет ири каражаттарды бөлүп, зыяндуу суусундуктарды, шектүү тамак-аштарды колдонууга каршы эрежелерди кабыл алып жатканына карабай, өз ден соолугуна кайдыгер болгон жарандар али көп экен. Айрыкча тез татым түйүндөрүнө үймөлөктөшкөн жаштардын катары азайып кеткен жок. Бир эле мисалды айталы. Саламаттык сактоо министрлиги Таластагы «Казан шаурма» тез татым жайында үстүбүздөгү жылдын 29-май күнү 9 адам ууланып бейтапканага түшкөнүн кабарлаган. Анын ээсине айып пул салынып, тез татым жайы убактылуу жаптырылган. Бирок, 14-июнда ушул эле жерден ар түрдүү деӊгээлде ууланган 14 адам ооруканага түшүп, тез татым түйүнү экинчи ирет жабылды.
Бир жагынан импорттолгон азык-түлүктөрдүн сапаты текшерилбей, мамлекеттик стандартка шайкештиги тыкыр көзөмөлгө алынбай келатат. Андан тышкары, коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы, персоналдардын медициналык кароодон өтүүсү дээрлик колго алынбайт. «Медалдын эки тарабы бар» демекчи, аталган көйгөйлөр ишкерлерди ыксыз текшерүүгө тыюу салынгандан келип чыккан иш. Дарыгерлердин айтымында, жарандардын басымдуу бөлүгү кооздолуп оролгон азык-түлүктөрдүн курамын окуп, мөөнөтүн карап сатып алууну көӊүл сыртынан калтырып жатышат. Ушундан улам бөйрөк, боор, өт, ичеги карын, тери оорулары чоӊдордо да, балдар арасында да көбөйүп жаткан кези.
«Акыркы эки жылдан беркини алсак, 30га жакын адамга мамлекеттин каражатына бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Азыркы учурда өлкөнүн муниципалдык жана жеке менчик бейтапканаларында 4000ден ашык жаран гемодиализ алып жатат. Булардын баары бөйрөк алмаштырууга муктаж. Бирок, кант диабети бар улгайган адамдарга бөйрөк алмаштыруу өтө кооптуу. Мурда республикалык бюджеттен каржыланган гемодиализге өтүү үчүн бейтаптар кезекке жазылышчу. Азыркы күндө кезекке туруу жоюлду. Себеби, ар аптанын шаршемби күнү бөйрөк дартына чалдыккандардын арызын атайын комиссия карап, гемодиализ алууга өткөрүшөт. Тактап айтсак, жыл сайын 300гө жакын адам гемодиализ алууга уруксат берилет. Мындай жарандардын катары калыӊдап баратканы өтө өкүнүчтүү», — дейт, «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармектер саясаты бөлүмүнүн башчысы Нүргүл Ибраева.
Акырында айтчу кеп, эмгек мигранттардын арасында бөйрөгүн кыштын аяздуу суугуна алдыргандар да бар. Алар көбүнчө Россиянын кышы катуу түшкөн региондорундагы курулушта, балык чарбалары менен жүк ташуу ж.б. тармактарында иштеп келгендер экен. Каражат табуу үчүн өз ден соолугун тобокелге салган жаштар тууралуу дарыгерлер айтып жатышат.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW
