ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕУлуу Алыкул Аспектин бактысын ачкан 

Улуу Алыкул Аспектин бактысын ачкан 

Кыргыз сүрөт искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Аспек Бейшеевдин көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка чыкмак. Аспек ага дээрлик чейрек кылымга жакын «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу»), андан кийинки бир топ жылдар бою «Чүй баяны» гезиттеринде эмгектенген. Аспек Бейшеев живопись өнөрү менен гезитти тариздөө ишин бирдей алып жүргөн таланттуу кесиптешибиз болчу. Анын көркөм сүрөт дүйнөсүнө келиши улутубуздун улуу акыны Алыкул Осмоновдун ысымы менен тыгыз байланыштуу болгон.

 Атасы сабаганда элесин таанып калбаптыр

Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй-музейиндеги экспонаттар улуу акындын ар жылдардагы өмүр таржымалынан, мухиттей чалкыган поэзиясынан кабар берип турат. Кыл калемдин чебери Аспек Бейшеев ошол музейге Алыкулдун адабий мурасына карата чексиз урматын билдирип, бир топ картиналарын белекке берген. «Булар Алыкулга арналган эмгегимдин кичинекей эле үзүмү. Мен залкар акынга өмүр бою эмгегим менен карызмын», — деп, Аспек ага көп айтып калчу. Көрсө Алыкулдун улуулугу анын чыгармачылыгында эле эмес экен. Акын бул өмүрдөн өткөнчө чыныгы адам атын алып жүргөн боорукер, жардыга кабатырланып, колунан келишинче жардам берген асыл инсан болгондугун жетим Аспекке жасаган мисалынан келтирсек болчудай. Алыкул андагы өспүрүм бала Аспектин табият берген сүрөтчүлүк өнөрүнүн өсүшүнө, ага чыгармачылык бакыт кушу конушуна таасири чоӊ болду. Бул окуя тээ жарым кылымдан ашык мезгилге барып такалат. Эмесе сөз башынан болсун.

Аспек өз атасы Жанузакты көз алдына жакшы келтире албай калды. Энеси Таты көп бала төрөгөн. Бирок, алардын баары токтобой чарчап калгандыктан, «аз болсо да өмүрү бек болсун» деген ойдо кенжесинин ысымын Аспек коюшат. Жанузак аскер кызматындагы жооптуу жумушта иштечү. Бир күнү тапанчасын бөлмөнүн өйдө жагына илип койсо, аны эки жашар уулу алып ойномок болуп, тырмышып жатып, кулап кетет. Бала чакадагы сууга жыгылып, андагы суунун баарын төгүп алат. Ошондо атасы аны көчүккө катуу чаап, төпөштөгөнү элдир-селдир эсинде калган.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш чыгып, андан үч ай өткөндөн кийин Жанузак кан майданган чакыртылат. Аспек эс тартып, жетимдиктин уу тагдырына туш болгондо: «Чакадагы сууну төгүп сабалганда атамдын өӊү-түсүн жакшылап карап калсам болмок экен», — деп, кийин орду толгус арманда калды.

Айылдагы Орозаалы деген киши менен улуу акындын атасы Осмон бир тууган экен. Жанузактын эжеси Орозаалынын апасы болгон. Ал эми Каптал-Арыктагы Алыкул Осмоновдун үйүнө Аспектин ата-энесинин үйү катарлаш жайгашкан. Жанузак согуштан келбей калып, Таты уулу Аспек экөө гана жашашчу. Адамзаттын башына түшкөн кыргындуу согуш аяктаган жылдары буту-колунан ажыраган мунжулар көп кайтып келгени бала Аспектин эсинде. Көчөлөрдө эки бутунан тумтак айрылып, чыгырык менен жер боортоктоп баскандар көрүнүп калчу. Балдак таянып илкигендер да кадам сайын кездешээлер эле. Кичинекей Аспек: «Ушулардын ичинде атам болуп, мени таанып калар бекен», — деген үмүттө алардын алдынан чуркап чыгып, карап туруп калчу. Акыры тиги чыгырыкчан киши аны тааныбай койгонуна көзү жеткенде бала ыйлап артка кайтчу.

Аспек өспүрүм кезинен сүрөт тартууга шыктуу болуп өстү. Ал доордо азыркыдай батман кагаздар кайда? Географиялык картанын артына же алакандай кагаз аттуунун баарына чиймелей берчү. Ал жылдары Алыкулдун китептери колдон түшпөй окулуп калган кези эле. Грузин акыны Шота Руставелинин «Жолбор терисин жамынган баатыр» поэмасын Алыкул которбой эле, өзү жазып чыккандай элге тереӊ таасир берип жаткан жылдар болчу.

 Аспектин алгачкы шыгын Алыкул байкаган

Айрым учурда апасы Аспекке: «Жүрү, Орозаалы жездеӊдин бир тууганы Алыкул шаардан келиптир. Чоӊ акынды барып көрүп келели», -дечү. Оо анда Алыкулдун үйүндө козу союлуп, шаардан набат, жаӊгак, мейиз, анар сыяктуу ошол доордогу сейрек кездешчү оокаттар келип турчу. Аспек жаӊгакты биринчи жолу Алыкулдукунан алып келип жегени эсинде. Ал жылдары улуу акын Алыкул учук дартына чалдыкканы үчүн күчтүү тамак ичүүнү адатка айландырса керек. Согуштан кийинки каатчылык жылдары айылдагылардын бирин-экиси эле эт жечү. Алыкулдун үйүнөн болсо эл үзүлбөй, майрамдык шаӊ сезилип турчу. Агезде жакшы кийинип, үстү-башын кызматчыдай жаӊырыткан киши болсо эле, аларды элет жеринде «өкмөт экен» деп аташчу. Алыкул боз түстөгү «Победа» машинасы менен «өкмөттөй» болуп Фрунзеден келчү.

Ошондой күндөрү Алыкул кызылчада иштеген Гүлбара, Сагыйпа, Токон деген кыз-келиндерге чейин айланасына чогултуп алып ырдатчу. Калк ичинен элдик оозэки жомокторду айттырып укчу тура. Ошондо Аспек: «Алыкул ушундай атактуу акын болуп туруп, айылдыктардын куплеттерин угуп эмне кылат?», — деп ойлочу. Көрсө, улуу акын элдик чыгармаларды жыйнап, жазып алып, аларды кайра элге тартуулап жүргөнүн өспүрүм Аспек кийин эр жеткенде түшүнгөн. Кээде ал атактуу акындыкына барып калганда андан сүрдөгөнүнө карабай, жанына отуруп жакындагысы келчү. Ошондо Алыкул баланы кайра артка отургузуп, обочо жерди көрсөтүп койчу. Анткени, балага учук жугуп калбасын деп ошентчү. Атүгүл өзү урунган идиш-аяктарды күл менен таптаза жуудуртуп, алысыраак жыйнатып, марли менен жаптырып койчу. Акын Жанузактын жетиминен: «Кана, сүрөттөрүӊдү көрсөтчү, кандай кинолорду көрдүӊ?», — деген суроолорду берип, баланын дүйнө таанымына кызыгаар эле.

Ал жылдары чанда бирөө тамды камыш менен жаппаса, көбүн эсе жалпагынан жабылган үйлөрдө жашашкан. Аспектин үйүнөн болжол менен кырк метр аралыкта базар бар эле. Анын апасы бир чака эгинге бир чака акиташты алмаштырып келип, жыл сайын там актачу. Ушундай бир күндөрдө кызык окуя болду.

Апасы Таты талаастанга кызылча чабыкка кеткен. Баланын сүрөт тарткысы келип туруп алгандыктан, ага эч нерсе таппай кыжаалаттанды. Аргасы кетип, сырттагы кемегенин алдынан жыгач көсөөнү алып кирип, аппак болуп акталган дубалга сүрөт тартып кирбеспи. Агезде «Манас» деген тамеки чыгарылчу. Тамекинин кутучасында Аккуласын алкынткан Манас баатырдын сүрөтү бар эле. Ошону карап тарткан сайын образдар көз алдыга келе түшкөнсүдү. Тамдын боорун карала кылып, канчага чейин шыктанат эле ким билет, айтор, өзүнүн артында бир караан турганын сезди. Бала жалт карай салса Алыкул экен. Ал Аспек тарткан сүрөттөрдү ойлуу карап туруптур. Өспүрүм бир аз жалтаӊдай түштү: «Апаӊдын эмгегин баалабайт турбайсыӊбы, бул эмне кылганыӊ?», — деп, акын урушат деп коркуп, колдору бир аз калтырап, көздөрү алаӊдап кетти. Алыкул аны урушкандын ордуна мактап, «Оо, сен азамат турбайсыӊбы? Келечекте чоӊ сүрөтчү болосуӊ. Сүрөт дептериӊди алып келчи көрөйүн», — деп сурады. Бир катар атактуу сүрөтчүлөр тууралуу айтып берип, кудум чоӊ киши менен аӊгемелешкендей живопись дүйнөсүнөн кеп кылган.

Аспек: «Алыкул акын мени мактап кетти», — деп, айтуу үчүн чыдамсыздык менен апасын күттү. Ал күнү короону шыбак шыпыргы менен таза шыпырып, суу ташып келип өзүнчө дегдей берди. Андайда же апасы тез келе койбойт… Мектептин директору окуучуларды аралыкка чуркатып, кимде-ким алдыда келсе, бирден түстүү карандашты «байгеге» берчү. Ушундай чуркоолорду Аспек жанындай жакшы көрө турган. Маселен, сары түстөгү карандаш тийдиби, көӊүлү абдан көтөрүлүп, күндүн, гүлдөрдүн сүрөтүн тартып жатып калчу.

Ошондой күндөрдүн биринде Алыкул Татыны чакырып алып: «Уулуӊду борбор калаадагы Көркөм сүрөт окуу жайына жибер. Ал жакта кийим, тамакты бекер берип, жатакана менен камсыздап окутат», — деп кеӊеш берди. Эне жалгыз уулун алыскы Фрунзеге жибергиси келген жок. Согуштан кийин ар кандай кылмыштуу топтор, безген-тоскондор шаарда аз эмес экенин угуп калышчу. Эне байкуш ошондон коркту.

Бир күнү Алыкул ал кезде сүрөтчү катары ысымы кыйлага таанылып калган Гапар Айтиевге тил кат жазып, Аспекке өзүнүн фото сүрөтүн кошуп белекке берди. Акындын Болотбек аттуу жээни ошол аманат катты Айтиевге алып барып бермек.

Сүрөт өнөрүнө кадам, көздөн учкан пряник…

Алыкулдун ден соолугу күндөн күнгө начарлай берди. Айылда Апенди аттуу молдо киши бар эле. Ошол молдо Алыкулга аюунун этин жегенге кеӊеш берди. Жакынкы-алыскы тоолорду түрө кыдырып, аӊ уулаган мергенчилердин бирөөсү да аюуну табышкан эмес. Ал жылдары Каптал-Арыктын тоолорунан аюу кетип калса керек деп болжолдошту.

Улуу акын 1950-жылы оо дүйнө салды. Андан үч жылдай мезгил өткөндөн кийин 43 жашында Аспектин апасы каза болду. Апасы ооруканада жатып калганда, көзү өтүп кетээрин сездиби, айтор, курбуларына: «Мен ары карап кетсем, жетимиме нан берип койгонду унутпагыла», — деп жакшы эле тапшырган болчу. Бирок, согуштан кийинки каатчылык заман залакасын тийгиздиби же адамдардын пейилинде кездешчү эки жүздүүлүк жеӊип кеттиби, айтор, энеси кайтып кеткенден кийин томолой жетим Аспекке эч ким жардам берүүнү ойлогон эмес.

Он экидеги бала түндөсү коркконунан бүрүшүп, үйдө жалгыз жатып жүрдү. Каалгага узун аркан жипти байлап, бери жакка чейин тарттырып алат. Балтаны жанына алып жатат. Ачкачылыктан көзү тунарган өспүрүм менен эч кимдин иши болбоду. Үч ай бою ошенткен абалда жашоо кечирди. Бир гана айылдагы орус кемпир каралашып, бирдеме бергени эсинде. Баса, ал учурда ошол чөлкөмдө орустар көп жашашчу. Аспек орус балдар менен ойногондуктан орусча жакшы сүйлөөнү үйрөнгөн.

Аспек Митя аттуу теӊтушу экөө учкучтун окуусуна өткөнү шаарда жашаган Токон аттуу айылдаш эжесиникине келишкен эле. Экөө ден соолукту ырастаган кагаз алуу үчүн дарыгерге көрүнүп жүрүшкөн. Бир күнү Токондукуна Алыкулдун жээни Болотбек келип калбаспы. Ал жерден Аспекти көрүп: «Алыкул сага сүрөтчүлөр окуу жайына кир деп айтпады беле. Мына анын Гапар Айтиев досуна жазган тил катын алып, азыр эле сени сүрөтчүлөрдүн окуусуна алып барам», — деп калат. Колдоосу же акыл айта турган эч кимиси жок учурда баланы бул сөз алтын тапкандай кубандырды. Адегенде сүрөтчүлөр кошунуна келишип, Айтиевди издешсе ал Москвага кетип калган экен. Ошондо Болотбек жетим Аспекти колдон алып, түз эле Көркөм сүрөт окуу жайына алып барып, Алыкулдун тил катын Керимбаев аттуу директоруна көрсөттү. Директор да улуу акынды таанып, сыйлаган адам болуп чыкты. Ошентип, кирүү сынагынын мөөнөтү өтүп кеткенине карабай, Аспекке сүрөт тарттырып көрүшүп, шыктуулугуна карап окууга кабыл алышкан. Жатак окуу жайындагы балдарга айылдан бирөөлөрү келип, тамак-аш жеткирген учурда эч кимиси жок Аспекке абдан кыйын болчу. Ал жылдары аппак болгон пряниктер сатылчу. Туугандуу балдардын колунан пряник көргөндө шилекейин ары тартып алчу. Көзүнүн жашын кылгырткан Аспек: «Көрөсүӊөр, чоӊойгондо мен да ушунчалык көп пряник сатып алып жейм», — деп, ойлоп максат кылып жатып уктачу.

Нарынкүл Назаралиева 

Сүрөт WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии