Өткөн аптада Бишкекте «Кытай — Борбор Азия форматындагы кызматташуу» аталыштагы тегерек стол жыйыны өттү. Ага КРнын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин катышып, өлкөдөгү түрдүү тармактардын белгилүү эксперттери, саясатчылары региондогу кызматташуунун перспективдүү багыттары боюнча зарыл позицияларын билдиришти.
Гезитибиз жыйында айтылган айрым пикирлерди чагылдырууну туура көрдү.
— Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эӊ алгачкылардан болуп, Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек арасын расмий тактап, тиешелүү келишимдерди тариздеп алып, ар тармактуу кызматташууга бет алган, -деп билдирди М.Иманкулов. — Кыргыз элинин: «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген макалынын мааниси абдан тереӊ. Мындай кадам түбөлүк кошуна өлкөлөрдүн бири-бирине ишенимин арттыра турганы анык. Кыргызстан Өзбекстан менен да чек арасын аныктаган. Ал эми Тажикстан менен чек ара тилкелерин тактап алынганына аз убакыт болду, — деди ал.
Мамлекеттик катчы өз сөзүндө эл аралык терроризмге, баӊги заттардын мыйзамсыз ташылуусуна каршы күрөшүүнүн зарылдыгына токтолду. Жакынкы Чыгыштагы жана Афганистандагы курч саясий абалдын жагдайы, региондо биргелешип тынчтыкты коргоо маселеси тууралуу оюн билдирди.
Лю Цзянпин, КЭРдин Кыргызстандагы элчиси:
«Достук кызматташтыктын жаӊы доору ачылды»
— Дипломатиялык мамилелерди орноткон жылдардан бери Кытай менен Борбор Азия республикаларынын ортосундагы соода көлөмү 306 млн. доллардан, 95 млрд. долларга чейин өсүп, дээрлик 200 эсеге көтөрүлдү, — дейт элчи айым. — Борбор Азия региону биринчилерден болуп, Си Цзиньпиндин «Бир алкак — бир жол» демилгесин колдоого алышып, бул жаатында кызматташуу боюнча эл аралык аренада авангарддык орунду ээледи. Анткени, Кытай –Европа багытындагы жүк ташуучу поездердин 80 пайызы аталган региондун аймактары аркылуу өтөт. Анын ичинде газ, мунай, түтүктөрү, автожолдор сыяктуу бир нече инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылган. Мындан тышкары, кытайлык курулушчулар Өзбекстандагы 200 чакырымга созулган «Ангрен-Пап» тоннелинин курулушун 90 күндүн ичинде ийгиликтүү бүтүрүп берген. Совет жылдары мындагы жергиликтүү калк Ташкентке 4 күндө барып жүрүшкөн болсо, «Ангрен-Пап» тоннели курулгандан кийин 4 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу активдүү түргө өтүүдө. Бул ишке ашырылса, региондун экономикасынын өнүгүшүнө, калктын турмушун жакшыртууга таасири абдан чоӊ болот. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында тоннелдин алгачкы курулушу башталды. Курулуучу баардык тоннелдердин узундугу 100 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара авиа каттамдары кадыресе өсүүнүн үстүндө.
Кытай элинин Борбор Азия калкы менен байыркы замандардан берки маданий-гуманитардык алака-катышы тарых барактарында жазылып калган. Азыркы учурда ошол байланыштар туризм, жаштар саясаты, саламаттык сактоо, маданият, архиология, спорт ж.б. тармактарга алмашып, эӊ жогорку деӊгээлге чыккан кези. Ал эми Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда провинциялардын, шаарлардын өз ара тыгыз кызматташтыгы түзүлүп, алардын саны жалпысынан 87ге жетти. Тараптардын тажрыйба алмашуу алакасы жыл өткөн сайын эселеп өскөндүн үстүндө. Региондо жалпысынан 10дон ашык Конфуций институту иштейт. Алгачкы жолу Кыргызстанда Кытайдын маданий борбору ачылып, ал азыркы учурда ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп коёлу. Ошондой эле Кытайдын регион өлкөлөрү менен студенттерди алмашып окутуу тажрыйбасы масштабдуу түргө өсүп, ал токтоосуз өнүгүү менен коштолууда.
Беш жыл мурда тарыхый тенденциянын нугуна, замандын актуалдуу талабына карап, тараптар «Кытай – Борбор Азия» аталыштагы жаӊы форматты түзүшкөн. Ал эми 2023-жылы май айында Сиань шаарында анын алгачкы саммити өткөрүлгөн болчу. Аталган формат барган сайын мамлекет жетекчилеринин деӊгээлине көтөрүлүп, достук, кошуналык ишенимдүү кызматташтыктын жаӊы доору ачылганы анык. Анда «Сиань деклорациясы» кабыл алынып, Си Цзиньпин Кытайдын Борбор Азия менен ар тармактуу кызматташтыгынын эӊ мерчемдүү сегиз багытын сунуштаган. Бул Борбор Азия мамлекет башчыларына резонанстуу болуп, ар түрдүү тармактар боюнча 100дөн ашык макулдашууларга кол коюлуп, анда Кытай аталган региондун өлкөлөрүнө 26 млрд. юань көлөмүндө каржылык колдоо көрсөтө турганын жар салган. Кытайдын берилген жардамдары соода жүргүзүү, өнөр жай инвестициясы, айыл чарба, транспорт, бажы, жашыл экономика сыяктуу бир катар тармактарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп келет.
Жогоруда Кытай менен Борбор Азия регионунун жалпы товар жүгүртүүсү 95 млрд. долларды түзгөнүн айттык. Анын ичинен Кытай менен Кыргызстандын соода көлөмү 23 млрд. долларга жетип, дээрлик жалпы региондун соода көлөмүнүн төрттөн бирине жакынын түзүп жатат. Алмазбек Акматалиев, КРнын президентине караштуу Башкаруу академиясынын ректору:
«Бишкекте Кыргыз-Кытай университетин түптөлсө дейм»
— Кытайдын билим берүү системасы, илимий ачылыштары, токтоосуз өсүп жаткан жаӊы технологиялары анын экономикасынын өнүгүшүнө түздөн-түз себеп болууда. Кытайдын окуу жайларында 45 млн. ашык студент окуйт. Андан тышкары, ал жакка жыл сайын 500 000ден ашык чет элдик студент окуганы барып жатышат. Кытай өкмөтү агартуу тармагына жылына 900 млрд. доллардан ашык каражат бөлүп келет. Жаштары 1300 университет, 12000 кесиптик орто окуу жайларынан билим алып жатышкан чагы. Ушундан улам Кытай заманбап технологиялар жаатында эч кимге көз каранды эмес. Дүйнө экономикасынын динамикалык өнүгүшүнөн алып караганда, технологиялык көз карандысыздык, инновациялык өз алдынчалык кайсы өлкөгө болбосун өнүгүүнүн номер биринчи фактору болуп саналат. Учурда 5000ден ашык уул-кыздарыбыз Кытай шаарларындагы университеттерден билим алып жатышат. Өткөн жылга чейин Кытай өкмөтү кыргызстандык 300дөн ашык студентке стипендия берип окутту. Былтыртан баштап СУАРдын окуу жайларындагы кыргызстандык студенттерге да стипендиялар бөлүнө баштады.
Ошондой болсо да өнөктөштөрүбүзгө сунуштарды берейин деп келдим. Бишкекте АУЦА, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, «Ала-Тоо» университети, Кувейт өлкөсүнүн Кыргыз-Кувейт университети, Россиянын Кыргыз Славян университети, андан тышкары Кыргыз-Өзбек университети бар. Бирок, Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгы күн санап өсүп жатканына карабай, бизде алигүнчө Кыргыз-Кытай— университети жок. Келгиле, биз улуу Кытай кошунабыз менен бирдикте Бишкекте жогорку окуу жайын түптөйлү. Өткөн жылы Кытайда өткөн илимий конференцияга катышканымда, андагы жаштар орус тилин үйрөнгүлөрү келишкенин айтышты. Кытайда орусча сүйлөгөндөр аз эмес экен. Ошондуктан Кытайдын жогорку окуу жайларында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тилдерин окута турган кафедраларды ачуу керек деп ойлойм.
Байкап көрсөм, Кытайдагы кесиптик орто окуу жайлардын билим берүү сапаты абдан жогору экен. Ал эми бизде эки-үч диплому бар жаштар базарларда соода кылып отурганы кейитет. Эгерде кесиптик окуу жайлардын потенциалын көтөрсөк, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошоруна шек жок. Мына дал ушул жерде экономиканын реалдуу өнүгүүсүнө салым кошо турган перспективалар бар.
Бүгүнкү күндө КРнын президентине караштуу Башкаруу академиясы менен Шанхайдагы Кытайдын Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосунда туруктуу байланыш түзүлүп калды.
Султанбек Саипбаев, системдүү аналитик:
«Экологияны коргоонун кытай тажрыйбасы зарыл»
— Дүйнөдө табияттын биоартүрдүүлүгү жок болуп, кыскарып кризистик абалга жетти. Калктын технопатогендик ишмердүүлүгүнөн айлана чөйрө булганып, глобалдык климаттын өзгөрүшү күчөдү. Тилекке каршы, региондо табигый токойлор мезгил өткөн сайын кыскарып бара жатат.
Арал деӊизинин соолушунан улам дүйнө эӊ чоӊ экологиялык катастрофага учурады. Жыл сайын Аралдын кургап калган жээктеринен болжол менен 75 млн. тонна кум жана чаӊ, 65 млн. тонна зыяндуу туздар, пестициддер, гербициддер менен кошулуп абага көтөрүлүп, миӊдеген чакырым аралыкка учуп жетүүнүн үстүндө. Аны менен кошо кыргыз тоолорундагы көп жылдык мөӊгүлөр да жабыркады. Бул жагы биздин Алай, Тянь-Шань тоолорунан тартып, тигил жагы Тибеттин мөӊгүлөрүнө чейин эритип, жок болуу коркунучуна кептеди. Биздин региондогу эӊ чоӊ көйгөй –мөӊгүлөрдүн деградацияланып, кыскарып жок болуп баратканы. Ал эми Аралды жээктей конгон калктын ден соолугуна тийгизген залалдын кесепети тууралуу сөз кылсак, бир күндүк убакыт жетпейт. Андагы калктын өлүмгө кабылган учурлары кадыресе көрүнүш. Айрыкча, аялдардын, жаш балдардын онкологиялык дартка чалдыккандары, дем алуу органдары, тери оорулары арбыган.
Мөӊгүлөрдүн эрип кыскаруусу тууралуу ар түрдүү маалыматтар айтылып келет. Акыркы жарым кылымдан берки мезгил ичинде көп жылдык тоӊдун алдында жаткан мөӊгүлөрдүн 40 пайызга жакыны эрип жок болууга учураптыр. Андан Борбор Азия регионунда ар жыл сайын дарыялар менен өзөн сууларынын тартылып, азайуусу күч алууда. Биз ар качандан бир качан регион гидроэлектр энергиясына бай экенин айтып келебиз. Бирок, азыркы абал көрсөтүп тургандай, абага учкан химиялык уулуу заттардан мөӊгүлөрдүн кыскаруусу суу ресурсунун азайышына кириптер кылып, бул процесс 35-40 жылдан кийин гидроэлектр станцияларынын иштөөсүн кыйындатат.
Региондо жер ресурсунун рационалдуу колдонулбай келе жатканы дагы бир чоӊ көйгөйдү туудуруп калды. Борбор Азиядагы пайдалуу жерлердин болжол менен 25 пайызы деградацияга учураган. Климаты кургак болгондугуна байланыштуу акыркы 30 жылдын аралыгында региондо сел, жер көчкү, суунун тартыштыгы сыяктуу табигый кырсыктар көп болууда. Ал эми Синьцзян уйгур автономиялык районунда дагы ушул сыяктуу проблемалар болуп келген. Себеби, Кытай өкмөтү алдын алуучу программалар аркылуу көйгөйдү четтетүүгө жетише алгандыктан бизге караганда абал туруктуу. Анткени, Кытайда токойлордун аянтын кеӊейтүү максатында жыл сайын миллиондогон көчөттөр отургузулуп келет. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө сууну рационалдуу пайдалануу системасын орнотуп, инновациялык заманбап технологияны турмушка ашырып алышкан. Ошондуктан кытайлык досторубуздун тажрыйбасын жайылтууну колго алганыбыз оӊ.
СУАРда айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө тамчылатып сугаруу технологиясын, гидропониканы колдонуу чоӊ натыйжа берип калды. Эл аралык уюмдардын берген баасына караганда, азырынча өлкөбүздө суунун кору жетишип жатат. Бирок, сууну айыл чарбасына колдонуу арыктан сугаруу деӊгээлинде калып, үнөмсүз агып жатат.
Кыргызстанда ХIХ кылымдын аягында, ХХ кылымдын башында биоартүрдүүлүктүн 20дан ашык класстагы нукура экосистемасы бар болчу. Ал эми ХХI кылымдын башында алардын 12 экосистемасы сакталып калса, бүгүнкү күндө болгону бешөөсү коргоого алынып турат. Жетөөсү деградациялануу көйгөйүнө туш болууда. Жалпы региондогу абал да ушуга окшош. Мисалы, бир кылым мурда өлкөбүздө жолборстор бар болчу. Бүгүнкү күндө анын тукуму курут болуп кетти. Табияттын теӊ салмактуулугун сактаган жапайы жырткыч жаныбарлардын түрлөрү да жок болууда. Айталы, ак илбирсти коргоого алып жатканыбыз менен тукуму өскөн эмес. Жейрендин, аркардын тукуму биротоло жок болуп кетүү этабында турат.
Акыркы 30 жылда Борбор Азия регионунда 500дөн ашык жер титирөөлөр, селдер болуп, 25 млн. ашык калк жабыр тарткан. Андан келтирилген чыгымдар 80 млрд. долларга жеткен. Региондогу эӊ көп кайталанган жаратылыш көйгөйү – кургакчылык. Мындан дээрлик беш республика бирдей жабыр тартып жатат. Жаратылыштын деградациялануу процессин төмөндөтүүгө, табияттын теӊ салмактуулугун сактап калууга көп жылдык мөӊгүлөр жаткан бийик тоолорго, тоо этектерине ийне жалбырактуу бактарды массалык отургузуудан өткөн алгылыктуу чара жок. Баса, бир топ жылдардан бери бул иш Синьцзянда, Өзбекстанда жана Казакстанда активдүү ишке ашырылып келе жатат. Токойлордун аянтын кеӊейтүүгө кытайлык, өзбекстандык жана казакстандык досторубуздун жардамы керек.
Региондо климаттын токтоосуз ысышы жыл өткөн сайын ыкчамдоонун үстүндө. Дүйнөдө абанын ысуу тенденциясы 1,5 градуска көтөрүлүп бараткан болсо, биздин региондо 2 градуска жогорулоо коркунучу бар. Жайкысын Түркмөнстанда, Өзбекстанда аба 50 градуска көтөрүлүп келе жатат. Ал эми 2050-жылга карата Борбор Азияда абанын ысышы дагы 1 градуска жогорулай турганы болжолдонду. Ушул көйгөйлөрдүн кесепеттерин кыскартууну алты мамлекет чогуу чечүүсү керек.
Региондо калктын саны он эсе өсүүдө. Советтер союзу тараганда энергетикалык бирдиктүү шакекчеге кирген республикаларда 34 жылдан бери түрдүү көйгөйлөр чыкты. Борбор Азияда күн, шамал энергиясын өндүрүүчү табигый шарттар жетиштүү. Ал эми Кытай мамлекети жашыл энергетиканы өндүрүп чыгарууда дүйнөдө лидерлик позицияны ээлегени талашсыз. Мындай алгылыктуу иштерди айрыкча Синьцзяндын мисалынан көрүп жатабыз. Ушул жагдайдан алганда, региондогу республикалардын кытайлык достордон үйрөнө турганы абдан арбын.
Феликс Кулов, экс премьер-министр, милициянын генерал-майору:
«Жаштардын коомдук парламентин түзүү керек»
Мен ушул жыйындагы сунуштарды ишке ашыруу үчүн убактылуу жумушчу топ түзүлүп, практикалык иш чаралар менен коштолуп, конкреттүү план болуп ишке ашырылса дейм.
Акыркы жылдардагы тарыхчылардын тереӊ изилдөөлөрү көрсөткөндөй, кылымдардан бери канатташ, ирегелеш болуп жашаган Кытай менен кыргыздардын ортосунда абдан жакшы мамиле өкүм сүрүп келген. Кытай менен бир да жолу конфликт болгон эмес. Бүгүнкү күндө биз нечен кылымдык достук байланыштарды, тыгыз кызматташтык менен айкалышкан ысык мамилелер темасын башкы планга алып чыгуубуз керек. Ушул маселени конкреттүү фильмдер, илимий изилдөөлөр, көркөм чыгармалар аркылуу жайылтуу зарыл. Мен жакында бир жаш жигит менен пикир алышып отурсам, ал мага жакшы сунуш айтты. «Сиздер, улуу муундун өкүлдөрү чогулуп, кытайлык достор менен ар түрдүү деӊгээлде жолугушуп жүрөсүздөр. Ал жакта Кытай менен бир туугандык мамилелерди талкуулайсыздар. Бирок, жаштар андан дээрлик кабарсыз калып жатат. Активдүү Кыргыз-Кытай жаштарынан коомдук парламент түзүлүп, жолугушууларды уюштуруп, маанилүү маселелерди талкуулаган жыйындардан кеӊири маалымат берилсе ынтымагыбыз дагы бекемделет. Анткени, жаштар мамлекеттин саясий келечегин аныктайт», — деди. Мен ушул пикирди колдодум. Эгерде жаштардын коомдук парламенти түзүлсө эки элдин бири-бирине болгон ишенимин тереӊдетип, ортодогу ымала бекемделет. Ал эми алдыда боло турган «Кытай – Борбор Азия» форуму мындан аркы ишенимдүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттырып, тынчтыкты камсыздоого өбөлгө түзөрүнө ишенем, — деп билдирди Кулов.
Жыйындын аягында элчи Лю Цзянпин эксперттердин сунуштары менен суроолоруна жооп берип жатып: «Биздин лидерлер Кыргызстанда Кыргыз -Кытай университетин ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү», — деп билдирди. Элчи айымдын айтымында бул тууралуу компетенттүү органдар аракеттенип жатышыптыр.
«Биз «Кытай- Борбор Азия» форматынын механизмдерин колдонуп, жердин климаттык деградациялануусуна каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү борбор ачууну пландап жатабыз. Бул борборду бүтүндөй Кытайдын каражатына курууга даярбыз. Ушул багытта досторубузга тажрыйбаларыбыз менен бөлүшөбүз. Ал эми абанын булганышы көйгөйүнө келсек, Бишкекте кытай компаниясы тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү долбоорду ишке ашырганы турат. Бул 100 пайыз жашыл экономика болуп эсептелинет, — деп сөзүн аяктады.