ШКУ глобалдык чакырыктарга даярбы?
Дүйнөнүн саясий-экономикалык процесстери токтоосуз өзгөрүлүп, акыркы үч жылдан бери ири соода оюнчулардын санкциялык тирешүүлөрү болуп көрбөгөндөй күчөгөн. Ушул жылдын апрелинде АКШнын президенти Д.Трамптын администрациясы кызматташкан дээрлик баардык мамлекеттердин импорттук товарларына жаӊы бажы пошлиналарды киргизүүсү абалды оголе оордотуп, системалуу экономикалык байланыштарга бүдөмүк туудуруп, башаламандыкты пайда кылды. Мындан улам Бүткүл дүйнөлүк соода уюумунун эрежелери алсызданды. Мамлекеттер аралык жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин ишке ашырылуусу татаалданды. Болжолдоого кыйын, кыйчалыш учурда Шанхай кызматташтык уюму – ШКУ менен Борбор Азия республикаларынын ортосундагы өз ара аракети тууралуу Бишкектеги «Ой ордо» талдоочулардын демилгелери борборунда эксперттер жеке көз караштарын ортого салышты.
Кубат Умурзаков, Борбор Азия регионалдык, экономикалык кызматташуу институтунун экс-директору, экономика илимдеринин доктору:
«Борбор Азия – Кытай» алакасы институтционалдык деӊгээлге көтөрүлүүдө»
Акыркы үч-төрт жылдан бери Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасы глобалдык деӊгээлдеги чукул өзгөрүүлөргө кабылып, бир катар сырткы шоктордун натыйжасында төмөндөгүдөй жагдайлар түзүлүп калды, — дейт эксперт.
Биринчиден, дүйнө экономикасы фрагментацияланып, (чачырап, жарылып) геосаясий блокторго бөлүнүүсү күчөдү. Дос мамлекеттер жана дос эмес мамлекеттер деген түшүнүктөр тереӊдеп, катуу ажырым пайда болду. Башкача айтсак, глобализациялануу эӊ бийик деӊгээлге жетип барып, кайра төмөндөөгө кетти. Эл аралык валюта фондусу мындай дейт: «75 жылдан бери эл аралык экономикалык мамилелерди иретке салып, дүйнө калкынын турмуш деӊгээлин көтөрүүнү камсыздап келе жаткан эрежелердин системасына дүйнө фрагментациясы чоӊ чакырык салды.
Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн жашоо деӊгээли төмөндөөнүн үстүндө. Мындай тенденция Европа өлкөлөрүндө, АКШда ж.б. мамлекеттерде байкала калып жатат. Маселен Түштүк Чыгыш Азия калкынын жашоо турмушу көтөрүлгөнү менен, жалпы кырдаалы начарлады. Экинчиден, субрегиондордун калыптануусу жүрүп, ошондой эле регионалдык соода блокторунун ролу өсүүдө. Үчүнчүдөн, геосаясий конфликтер токтобой жатат. Кызыл деӊизде абал кыйын. Өзүӊүздөр билгендей, хуситтер Израилдин Хайфа калаасынын портун блоктошорун билдиришти. Балтика деӊизи блоктолуп, танкерлерди тосуп токтотуп жатышат. Мындай окуялардын аягы көрүнбөчүдөй болуп турат. Төртүнчүдөн, кайда карабайлы, протекционизм жайылып баратат. Тарифтик согуштар, эл аралык санкциялар көбөйгөндүн үстүндө. Мисалы, Европа союзу санкциялардын жыйырмага жакын пакетин кабыл алып, АКШ Кытайга каршы санкцияларды киргизсе, Кытай да ага санкциялар менен жооп кайтарууда.
АКШнын финансы рыногунун кулай баштоосу башка терс факторлорго коштолуп, дүйнөлүк соода жүгүртүүнү кескин кыскартып, ири мамлекеттердин өндүрүш көлөмүн кулатышы ыктымал. Ушул жагдай дүйнөнү каптаган экономикалык кризисти курчутуу стадиясына алпарып такашы мүмкүн. Масштабдуу кризистин жүрүшү 1930-жылдагы Улуу депрессиядан ашып түшөт деп болжолдоого болот.
Ал эми Кыргызстандын, Борбор Азиянын кызыкчылыгына келсек, абдан иликтенип, туура ойлонулуп негизделген ички-тышкы саясатты камсыздоо үчүн кырдаалдын начарлоосун, негативдүү сценарийлерди эске алуу аркылуу глобалдык жана регионалдык кырдаалга такай талдоо жүргүзүп туруубуз зарыл. Ал үчүн Россия, Кытай, Батыш өлкөлөрү, Түркия, Иран, араб дүйнөсү болуп, өнөктөш өлкөлөр менен такай байланышып, консультацияларды жүргүзүүгө өткөнүбүз оӊ. Албетте, Борбор Азия республикалары, анын ичинде Кыргызстан дагы бул үчүн белгилүү даражада бир катар чараларды көрүп, иш жүргүзүлүп жатат. Бирок, дүйнө кризиси мындан ары курчуу ыктымалдыгына туш келип, хаус өкүм сүрүп турган чакта кырдаалды такай талдап, алдын алуучу пландуу иш болушу кажет.
Кыргызстандын экономикалык абалы негизинен туруктуу болуп турат. Бир жагынан алганда, Украина конфлиги экономикабызга дурус жагынан таасир тийгизди. Мындай пикирди Министрлер Кабинетинин экс-төрагасы Акылбек Жапаров да айтып жатат. Себеби, Россияга каршы салынган санкциялар реэкспорттун көлөмүн эселеп көтөрүүгө, товарлардын айрым түрлөрүнө жана продукциялардын компоненттерин чыгаруучу өндүрүшкө инвестиция тартууга, товарларды Россияга, Казакстанга ж.б. өлкөлөргө ташууга өбөлгө түздү. Ошондой болсо да, экономикабызга оӊдой берди болгон мындай ыӊгайлуу шарттын такай сакталып калуусуна ишенүү кыйын.
Борбор Азия республикалары менен Кытайдын кызматташтыгынын перспективаларына келсек, достук мамилелердин системасы аныкталып, бирдиктүү калыпка салына баштады десек болот.
Менин пикиримче, 2023-жылы өткөрүлгөн «Борбор Азия – Кытай» биринчи саммитинен кийин бул процесс институтционалдуу деӊгээлге көтөрүлүп, соода-экономикалык, өндүрүш жана инвестиция, айыл чарбасы, транспорт, бажы, коомдук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу ж.б. тармактарда бирдиктүү механизм түзүлүп, ал азыр да уланып жатат. Биргелешкен демилгелерди алдыга жылдыруу маселеси саммиттерде талкууланып, «Борбор Азия – Кытай» форматындагы секретариаты түзүлүүдө. Бир караганда, «Бир алкак – бир жол» демилгеси глобализациянын бир көрүнүшү сыяктанганы менен, бизге баарынан мурда ич ара геосаясий блоктун калыптанып баратканы кызыкчылык туудурууда. Саммиттердин чечимдеринде Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук стратегиялык өнүгүүлөрүнүн «Бир алкак – бир жол» демилгесине кошулуп гармонизациялоону күчтөндүрүү маселеси коюлууда. Анда продукциялардын зарыл түрлөрүн тоскоолдуксуз ташып жеткирүү максатында эл аралык унаа логистикалык каттамдарды өнүктүрүү чараларынын маанилүүлүгү баса белгиленип келе жатат.
Кыргызстанда Кытай менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү күчтөндүрүүчү тренд байкалууда. Алып айтсак, энергетика, жол инфраструктурасы, соода-сатык, билим берүү, илим изилдөө, маданий-гуманитардык ж.б. такай алака-катышты жайылтуунун зарылчылыгы баса белгиленүүдө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруп баштоо – кызматташтыктын тарыхый фактору болуп жатканын айтып кетүүбүз жөн. Себеби, биз үчүн бул долбоор өлкө экономикасын кыйла көтөрүп, ички аймактар менен болгон каттамдарды жакшыртып, калктын кирешесин жогорулатууга өбөлгө болору бышык.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Казакстанада өтө турган «Кытай – Борбор Азия» саммити өзгөчө кызыгууну туудурушу ыктымал. Анткени, ал алдыдагы жылдары баарыбызды кандай жагдай күтүп турганын жакшы түшүнүүгө мүмкүндүк бериши кажет. Эӊ башкысы, мындай саммиттер биринчи кезекте Борбор Азия республикаларынын ортосундагы регионалдык ички байланыштарын бир кыйла артыкчылыктуу жолго салып, аныктоого жетишүүлөрү керек.
Игорь Шестаков, «Ой ордо» талдоочулар демилгелери борборунун директору:
«ШКУ — инвестициялык, регионалдык хаб катары кадыры өсүүдө»
Эл аралык эксперттер Шанхай кызматташтык уюмунун глобалдык аренадагы өсүп бараткан статусун бекер жеринен белгилеп айтып жатышпаса керек. Уюмдун мамлекеттер аралык алака-катышы боюнча масштабы конкреттүү региондун алкагынан эбак эле жогорулаганын анын трансрегионалдык жана глобалдык позициясын көрсөтүп турат. ШКУга мүчө мамлекеттер суу энергетикалык ич ара көйгөйлөрүн жөнгө салып чечүүлөрүнө Кытай жашыл энергетика тармагын өнүктүрүү менен активдүү катышууда.
Азыркы күндө ШКУнун инвестициялык жана регионалдык хаб катары кадыр-баркы өсүп бара жатат. Уюмдун масштабдуу долбоорунун бири катары Самарканд саммитинде кабыл алынган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталганын белгилеп кеткибиз келет. Башкасын айтпасак да, бул темир жол аркылуу жылына 15 млн. тоннадан ашык жүк ташылуусу максатталып жатат.
Американын президенти Д.Трамптын дүйнө өлкөлөрүнө бажы тарифин кескин өзгөрткөнү учурдун эӊ талылуу болуп, талкуу чыгарган темасына айланды. Менин оюмча, Вашингтонго Кытайдын ири соода державага айланып, глобалдык алкакта жаӊы экономикалык байланыштарды түзүп, таасири жайылып жатканы жакпай калды көрүнөт. Айрыкча Кытайдын пандемиядан кийинки жылдары соода-эконономикалык мейкиндиктеги өнөктөштүк таасири өсө баштады. Тагдырдын тамашасын караӊыз, аталган процессте америкалык алдыӊкы ишкерлер чөйрөсү жана корпорациялары активдүү катышып, Кытайга жеткиликтүү продукцияларын өндүрүп чыгара баштаган.
Бирок, Трамп Кытайга карата соода-экономикалык согушун токтотуп коёт деп ойлобойм. Ушул жагдайдан алганда, албетте, ШКУга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык байланыштарында чоӊ артыкчылыктары бар жана Трамптын администрациясынын тариф согушу Евразиялык экономикалык союзга мүчө өлкө катары Кыргызстан үчүн жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, андан максималдуу колдонуу жолдорун таба алат.
Д.Трамп Евросоюз мамлекеттерине 20, Японияга 24, Индияга 26, Түштүк Африкага 30, Тайванга 32, Кытайга 34, Вьетнамга 46, Камбоджиге 49 пайыз бажы пошлинасын ж.б. өлкөлөргө киргизди. Трамп менен анын пошлина саясатын жактоочулар мындай чаралар Американын өндүрүшүн көтөрүп, жаӊы жумуш орундарын камсыздайт деп ишендиришүүгө аракеттенип жатышат. Бирок, көптөгөн экономисттер менен талдоочулар Ак үйдүн мындай кадамы эл аралык соода айдыӊында катуу чыӊалуунун туудуруп эле жөн болбой, өлкө ичинде баалардын кескин көтөрүлүшүнө алып келип, америкалык керектөөчүлөрдүн капчыгына күч келтире турганы боюнча божомол келтиришкен. Айткандай эле, жаӊы тарифтер жарыялангандан бир аз күндөн кийин Американын демократиялык партиясынын демилгеси менен президенттин саясатына каршы акциялар өткөрүлдү. Митингдердин чоӊ толкуну ири шаарларды каптаганы бекеринен эмес.
Эл аралык талдоочулардын билдирүүлөрүнө караганда, америкалыктардын каршылык акцияларга чыгуулары тарифтерди көтөрүүнү токтотуп турууга түрткү болду. Ошондой эле эл аралык эксперттер дүйнө экономикасын глобалдык кризис каптоосу боюнча тобокелчиликтер арбын экенин билдиришип, доллардын кескин төмөндөшү, фондолук индекстин жана мунай баасынын кулашы байкалганын мисал келтирип жатышат.
Гурас Жапаров, Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана каржы контролу кафедрасынын жетекчиси:
«Борбор Азия республикалары бир уюмга биригүүлөрү керек»
Американын тариф саясатынан чыккан дүйнө экономикасындагы башаламандык абал оор бойдон калып, алдыда белгисиздик кесепети орун алды. Ушундан улам ири мамлекеттер бир нече топко бөлүнүп жатышкан чагы. Эл аралык алкактагы чоӊ саясатчылар банопартизм жолун тандашып, саясий-экономикалык, аскердик планда «ким күчтүү?» деген деген тенденция пайда болууда.
Туруктуу калыпта системалуулукту сактап ишмердүүлүк жүргүзгөн дүйнө экономикасы чачырады. Алтүгүл Бреттон-Вуд келишими жана Ямай системасы да алсызданып иштебей калды. (1944-жылы АКШнын Нью-Гэмпшир штатындагы Бреттон-Вуд курортунда өткөн конференцияда «алтын стандартынан» баш тартып, акча мамилелери жана соода эсептеринин эл аралык стандарты кабыл алынган. Ал өз кезегинде Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкы менен Эл аралык валюта фондунун түптөлүшүнө жол ачкан. Ал эми 1971-1978-ж.ж. Бреттон-Вуд системасы эл аралык соода жүргүзүүнүн валюталарды эркин конвертациялоо системасы менен коштолгон)
Дүйнөлүк соода экономикасынын азыркы абалы ушундай жагдайга кептелген соӊ, глобалдык алкакта жаӊы келишимдерди иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл болчу. Тилекке каршы, учурдагы түзүлгөн кырдаалды жумшартууга Бүткүл дүйнөлүк соода уюумунун да кубаты жетпей турат.
Ал эми Борбор Азияга маселесине келсек, азыркы учурда аталган регион саясий, социалдык-экономикалык мамилердин бирдиктүү субъектисине айланышы керек деп ойлойм. Анткени, Кытай – Борбор Азия, Евробиримдик – Борбор Азия, АКШ – Борбор Азия, Россия плюс Борбор Азия ж.б. болуп, дүйнө коомчулугу биздин регионду бир бүтүндүк катары кароого көнүп алышканы байкалып келатат.
Жалпысынан 80 млн. ашык калкы бар регион мунай, газ, мөӊгү суулар, алтын, көмүр, токой ресурстары ж.б. табигый байлыктарга ээ. Эӊ башкысы, Борбор Азия мамлекеттери биригип, өзүнүн ваютасын чыгарып, бирдиктүү бажы кодексин кабыл алышы керек. Бирок, Шанхай кызматташтык уюмунун жана региондун республикалары мүчө болгон башка эл аралык уюмдардын келишимдерине туура келген документтер кабыл алынса деген тилек. Менин оюмча, Борбор Азия республикалары Евросоюз мисалындагы бирдиктүү кошунга айлануунун укуктук маселелерин иштеп чыгуудан иш баштоолору кажет.
Нарынкүл Назаралиева,
Сүрөттөр редакцияга тиешелүү