Бишкекте: «Дүйнө экономикасынын туруктуулугуна коркунуч туулган жагдайда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүсү» аталыштагы тегерек стол жыйыны өттү. Ага КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев катышып, кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.
— Улан мырза, балким жыйында айтууга үлгүрбөй калган пикирлериӊиз болсо кеӊири бөлүшө кетсеӊиз.
— Дүйнөдө куралдуу кагылышуулар менен бирге тарифтердин, түрдүү масштабдагы санкциялардын каршылаштыгы күчөп, кечээки ири соода өнөктөштөр азыр экономикалык приоритетин өзгөртүүгө өтүштү. Бүгүнкү көргөн эртеӊ жок дегендей, глобалдык алкактагы абал тынчыбай, окуялар өтө тездик менен өнүгүп баратат. Азыркы учурда кулач жая баштаган криптовалюталар, блокчейндер глобалдык финансы рыногун ээлеп келатат. Ушундай жагдайда Кыргызстан өзүнүн электрондук сомун киризүүгө өтүп жатканы абдан жакшы чечим болду.
Дүйнөдө бир эле валютанын үстөмдүгү глобалдык экономикага ири масштабда кедерги тийгизерин, анын кесепеттери эмнеге алып келээрин жакшы түшүнгөндөй болдук. Мына быйыл ШКУнун уюушулганына 25 жыл болду. Бул абдан көп убакыт. ШКУга мүчө мамлекеттер бирдиктүү электрондук валютасын чыгарып, жүгүртүүгө киргизсе долларга болгон көз карандылык кыскарышы керек. Америка соода өнөктөштөрүнө карата салган санкцияларын көп мезгилге чейин кайтарып албайт. Мисалы, Иранга көп позициялар боюнча санкцияларды киргизген. Бирок, бул өлкө бир да санкцияны кайтарып алдыра албай жатат. Ушундан алганда, биз башкы соода-инвестициялык өнөктөштөрүбүз, айрыкча Кытай, Россия мамлекеттери менен кызматташтыкты эселеп арттырганыбыз оӊ.
Мен кино адиси болгон соӊ, уюмдун алкагындагы чыгармачылык кызматташтыктын идеологиялык биримдүүлүк маселесин да козгой кетейин дегем.
— Сиз кыргыз фильмдери киноиндустрия деӊгээлине келип, Борбор Азия регионунда лидерликке чыгып жатканын айткан жайыӊыз бар. Ушул оюуӊузду негиздеп берсеӊиз.
— Бүгүнкү күндө биз ондон ашык өлкөгө жаӊы фильмдерди экспорттоого өтүп жатабыз. Биздин департаменттин планы боюнча 2025-жылдын аягында бүтүндөй Чыгыш Азия өлкөлөрүнө фильмдерди экспортко чыгара баштайбыз. Азыркы учурда Өзбекстан менен Казакстан биз аркылуу фильмдерин тышкы рыноктун прокатына чыгаруу аракетинде. Себеби, аларда менчик кино компаниялардын айрым фильмдери эле тышкы рынокко чыгууда. Ал эми Кыргызстан мамлекеттик деӊгээлде өз ара келишим түзүп, фильмдерди системалуу экспорттоого өттү. Өзүӊүздөр жакшы билгендей, өлкө эгемендүүлүк алган 90-жылдары колунда камерасы барлардын баары кино тарта баштаган. Союз урагандан кийин жумушсуздук күчөп, турмуш начарлап турганда калктын маанайын көтөрүү үчүн комедиялык жанрдагы фильмдерди тартуу актуалдуу эле. Ал жылдары өлкөбүзгө сөз эркиндиги, демократиялык процесстер батыл кирип келгендиктен кино тартуу эркиндиги пайда болгон. Андан бери режиссерлордун, операторлордун, котормочулардын ж.б. чыгармачылык жана техникалык адистердин үчүнчү мууну пайда болду. Алардын дээрлик баары чет мамлекеттерден билим алып такшалды. Ушундан улам жогорку профессионалдуу кадрлардын династиясы өстү. Анын натыйжасында ийгиликтүү иштеген 70тен ашык менчик кино студиялар жылына ондогон тасмаларды тартышса, мамлекеттик киностудия 4-5 фильм тартат. Мен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институнда окуп жүргөн жылдары кино өндүрүшү факультетинде бир режиссер, бир оператор жана бир актер эле окуганбыз. Ал эми азыркы учурда анда 250 студент билим алууда. Мындан тышкары, эки ири университеттин ар биринде 200дөн ашык студент окуйт. Менчик окуу жайлар да жаш кадрларды даярдап жаткандыгын эске алсак, жылына 1000ден ашык кино тармагынын адистери чыгарылат. Биздин өлкөдө жыл сайын 12 эл аралык кинофестиваль өткөрүлүп жатат. Жылыга кыргыз кинолору жүздөгөн эл аралык кино фестивалдарга катышып келишүүдө. Ушунун баары киноиндустрия деӊгээлине жетүүбүзгө өбөлгө түзүүдө. Мамлекет быйыл кино тартууга 500 млн. сом карады.
— Азыркы учурда кайсы фильмдер экспортко чыгып жатат?
— Кыздардын хоккей командасы тууралуу «Муз үстүндөгү гүлдөр» аттуу көркөм фильм мамлекеттин каражатына тартылып, экспортко чыгарылуу астында турат. Андан тышкары, «Күрөш», «Кыргыздар Марста», «Кызыл көйнөк», «Бейиш эненин таманында» ж.б. кинолор тышкы рынокко чыгарылууда. Планыбыз боюнча жылына чет өлкөлөргө 36 көркөм фильмди чыгарышыбыз керек. Кыргыз режиссерлорунун азыркыдан алда канча көп фильмдерди тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, кино театрлар тартыш болгондуктан, кино компанияларыбыз жаӊы фильмдерин элге көрсөтүүгө айлап кезек ке туруп калышты. Ушул себептүү мамлекет өлкө аймагында 15 кинотеатр курууну долбоорлоп жатат. Мисалы, Россия, Белоруссия, Өзбекстан, Казакстан, Иран, Пакистан ж.б. өлкөлөр менен көркөм фильмдерди пракатка чыгаруу боюнча макулдашууларга жетишип, башталган иш практикалык мүнөзгө өттү. Бул алгачкы жолу ишке ашырылып жаткандыктан авторлордун укугун коргоо, котормону дубляждоо, түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү сыяктуу айрым алгоритмдерди чогуу иштеп чыгуудабыз.
— Кытай коллегаларыӊыз менен кино жаатындагы кызматташтык кандай болот?
— Келерки айда Кытайда чоӊ кинофорум өтөт. Ал жакка биздин депаратменттин делегациясы барат. Форумда Кытайдын рыногуна кыргыз фильмдерин чыгаруу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Мен департаменттин жетекчиси катары, ШКУнун алкагындагы кино рыногунун бирдиктүү платформасын түзүүнү сунуштар элем. Анткени, ШКУга мүчө мамлекеттер бири-бирине эӊ ийгиликтүү тартылган фильмдери менен алмашып, кеӊири жайылтуусу керек. Айтайын дегеним, кыргыз-кытай кызматташтыгы дипломатиялык алака катыш, соода жүргүзүү, ири инвестициялар, билим берүү, логистика ж.б. тармактарда ири ийгиликтерге жетишкени менен эмнегедир ушул кезге чейин кино жаатындагы байланыштар масштабуулугун көрсөтө албай келатат. ШКУ уюушулган мезгилден бери адегенде эки тараптуу, андан соӊ жалпы эле уюмдун алкагында фильмдерди жайылтуучу иштер жасалуусу керек эле. Бир караганда, кыргыз киносундагы жетишкендиктер Кытайдын көз кыйырсыз чоӊ кино рыногун өзүнө тартуусу кыйынга тургандай көрүнүшү мүмкүн. Ал эми алардын кино рыногу биз үчүн кыйла кызыктуу. Кытайдын кино рыногуна чыгуунун бир жолу – алардын кинематографистери менен биргелешкен фильмдерди тартып чыгаруубуз керек. Азыркы күндө кытайлык коллегаларыбыз менен бир нече кино долбоорду алдыга жылдырууга аракет көрүүдөбүз. Анда Кытай тарапты да кызыктыра турган идеялар бар. Анын биринде кыргыз-кытай фильмдери эле эмес, долбоорго төрт өлкө катыша турган болууда. Биргелешкен ишибиз финишке чыкканда бул тууралуу кеӊири маалымат беребиз.
— Абалтан берки кошуна жашаган калктардын бүгүнкү турмушунан алынган, идеясы идиректүү көркөм картиналар тартылат деп түшүнсөк болобу?
— Кино — коомдун көз карашын күзгүдөй чагылдырган күчтүү инструмент экени талашсыз. Көркөм идеология кинолорго мүнөздүү нерсе. Биз «Кыргызстан – баатырлардын өлкөсү» деген консепцияны жетектөөгө алдык. Маселен, кышкы ызгаарда белден кар кечип, төрт-беш чакырым жол басып мектепке каттаган айылдык мугалим, өмүр бою оорулуунун дарты менен күрөшкөн дарыгер, жайдын аптабында асфальт төшөп иштеген жол куруучу ж.б. кадыресе баатырлардын коомго өтөгөн эмгеги даӊазаланат.
Өлкөнүн түштүгү тараптагы реалдуу турмуштан алынган окуяны айтайын. Бир абышка-кемпир жыл сайын жаз келгенде чек араны кыркалай теректерди отургузууну өз милдетине айландырып алышыптыр. Экөөнүн көп жылдардан берки ошол эрдиги чек ара сызыгын белгилей келгенде тараптар үчүн кадимкидей пайдасы тийген. Азыр да жубайлар айылды жашылдандырууга жан үрөп, теректерди тигүүнү улантып жатышат.
Ушундай аспектиден алганда, фильмдин коомго тийгизген башкы баалуулугу, кайсы эпизоду элдин эсинде сакталып калганы, таасирдүү мотивациясы, кыргызстандык көрүүчүнү өзүнө тарткан көркөм каражаттар башка өлкөдө кандай кабыл алынары? ж.б. сыяктуу критерийлерге туура келген кинолор сырткы прокатка чыгарылат. Адамзат үчүн идеологиялык баалуулуктарды өз ичине камтыган, көркөм каражаттарга бай чыгарма мамлекеттик департаменттин колдоосуна ээ болот. Идеология – бул эл менен бирге түзүлгөн жалпы баалуулуктардын системасы. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгу жол аталыштагы программалуу жарлыгы ата-бабалардан калган руханий асыл байлыктын өзөгүн түзүп турат.
Ал эми зордук-зомбулукту, порнографиялык эпизодорду таратып, акчага туйтунгусу келген кунарсыз фильмдердин «сапары» узак болбойт.
— Айтсаӊыз, эл аралык алкакта зор резонанс жаратып жаткан «Бейиш эненин таманында» фильми кыргыздын экспорттук фильмдеринин ичинен лидерлик ролду аткарып жатсак керек?
— Ооба, бүгүнкү күндө бул фильм көп миллиондогон көрүүчүлөрдүн көӊүлүн өзүнө буруп жаткан чагы. Мисалы, өзбекстандык кесиптештерибиздин айтымында, көрүүчүлөр кино театрларга дээрлик барбай калышыптыр. Ага караганда, концерттерге агылып барышат экен. Ал эми Өзбекстандын шаарларында «Бейиш эненин таманында» фильми көрсөтүлө баштаганда кино театрларга эл батпай, сыртта калган учурлар болуп жатат. Ошондуктан өзекстандык досторубуз: «Бизге кыргыздар кино театрга баруучу жолду көрсөттү», — деп образдуу салыштырып айтып жатышат. Белгилүү болгондой, бул фильм Казакстандан төрт-беш күндүн ичинде 1 млн. доллар таза киреше тапты. Мындай фильмдерден түшкөн каражат келечекте өлкө экономикасына чоӊ киреше алып келишине көз жетет. Биз өз алдыбызга амбициялдуу план коюп жатабыз. 2030-жылга карата кыргыздын кино индустриясынын экономикага кошкон салымы «Кумтөр» берген кирешеден ашып түшөт деген ойдобуз. Эгерде ири завод курулса ал өзүн 10 жылда актап бүтүшү мүмкүн. Ал эми кино тартып, ага кеткен каражатты кайра акташ үчүн бир жыл жетиштүү. Экинчи жылы ал таза киреше түшүрө баштайт.
Автор: Нарынкүл Назаралиева