Кулпунай багып миллионер бол
Айыл чарба министрлигинин статистикасына таянсак, кыргызстандык фермерлер 2024-жылы Казакстан менен Россияга 6236,3 тонна мөмө-жемиштерди экспорттогон. Бул 2023-жылга салыштырмалуу, 37 эсе көп. Мындан кулпунай 4616,6 тонна, малина 1470 тоннаны түзгөн. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинде өткөн жыйында кулпунай өстүрүүчү фермерлер 2025-жылы мөмөнүн бул түрүнөн 1 гектарына 20 тоннадан түшүм жыйноо боюнча алдыга план коюп жатышканын айтышты. Ал эми Кыргызстандын мөмө—жемиштер ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев мөмө— жемиштердин экспортун 2030-жылга карата 1 млрд. доллар көлөмүнө жеткирүү максатталып жатканын билдирди.
Чынында эле 1 млрд. сомго эмес, 1 млрд. долларга жеткирүү пландалып жатыптыр. Мөмө экспортунун динамикасынан алганда, бул ойдон чыгарылбаган, жетишүүгө боло турган реалдуу эле иш. Акыркы жылдары кулпунай бизнеси өлкөдө катуу чабыт алды. Айталы, 2-3 жыл мурда 5000-7000 тонна кулпунай алгандар элди таӊ калтырчу. Ал эми өткөн жылы Жети-Өгүздүк фермер Нурбек Өтөгөнов 1 гектар жерден 37 тонна кулпунайдын түшүмүн жыйнап рекорд койду. Бул да кимдир бирөөгө жомоктогудай көрүнүшү мүмкүн. Айталы, АКШнын Калифорния штатында 1 гектардан 70 тонна кулпунай алгандар четтен чыгат. Ушуну көрүп, эми бизде мурда жүгөрү, картошка, пияз ж.б. жашылчаларды өстүргөндөр биротоло кулпунайга жапырт өтүп жатышкан кези. Кулпунай баккан багбан тез байып, алардын алды жылына 10-15 млн. сомдук таза киреше тапканы катардагы көрүнүшкө айланып баратат. Акыйкатын айтсак, үч жылда эки кабаттуу там салып, машинанын кымбатын мингендер да кулпунай эккендер. Россияда айына 70-80 миӊ рублга иштеп, азап чегип бала-чакадан алыс жүрбөй, бул жактан кулпунай эксеӊ, эки-үч жылда турмуш шартыӊды кыйла көтөрүп алууга ишенсең болот. Министрлер Кабинети ушул тенденцияны көрүп-билип байкаган соӊ, мөмө баккан фермерлерге жер аянтын арттырууну, мөмөлөрдү сактоочу кампаларды курууну, «Айыл банк» менен «РСК банктан» жеткиликтүү насыяларды берүүнү колдоого ала баштады.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сегментинен алганда, мөмө-жемиштердин баасы эӊ кымбат. Ал эми мөмөлөрдү кургатып, экспорттосок орточо алганда, 1 килограммы 40-50 долларга чейин жетип жатат. Кымбат болгондугу үчүн учак менен экспорттосо да логистикалык чыгымы минималдуу болот.
Мурда Европадан көчөттөрдү ортомчулар 40-50 сомдон алып келишчү. Ал эми мөмөчүлөрдүн ассоциациясы түзүлгөн үч жылдан бери алдыӊкы фермерлер февраль айында барышып, көчөттөрдү ортомчу компанияларсыз 25 сомдон алып келүүгө өтүшкөн. Бир гектарга 5000 көчөт отургузула турганын эске алсак, мурда фермердин 1 гектарына кулпунайдын көчөтү үчүн эӊ аз дегенде 2 млн. сом коротулса, Италиянын питомниктери менен келишим түзүлгөндөн кийин ар бир фермерден 750 000 сом үнөмдөлүп чөнтөктө калууда.
Мексикада мөмө жемиштердин аянты 65 000 гектарга жетип, Талас облусунун буурчак аянтына барабар экен. Бирок, түшүмдүүлүгү биздин фермерлердикинен 6-7 эсе жогору. Буурчактын баасы 100 сомдон көтөрүлсө кубанып калабыз. Ал эми кулпунайдын ички-сырткы рыногу болуп, 1 килограммы 280-450 сомго чейин жетип жатпайбы. Өлкөбүздө мөмөлөрдү Баткенден баштап, Нарын облусунун Ат-Башы районуна чейинки бардык климаттык шартта өстүрсөк болот.
2024-жылы Кыргызстандын алтын, текстиль, бал, жер-жемиш, эт ж.б. бардык товарларынын экспортун бириктиргенде, болжол менен 3,8 млрд. долларды түзүп, мурдагы жылдагыга караганда 13,1 пайызга өскөн. Бирок, импорт да токтоп калган жок, ал 2,4 пайызга көтөрүлүп, жалпысынан 12 млрд. долларды түзүп турат. Өлкө экономикасынын мындай дисбалансына, туруктуулугунун бузулушуна чара көрүүнү мамлекет экспорт багытындагы товарларды колдоодон башташы керек. Кыргызстандын мөмөчүлөр ассоциациясынын маалыматында караганда, 2023-жылы мөмө экспорту 60 млн. долларга жеткен. Бул жаман көрсөткүч эмес. Бирок, Кыргызстандын жагдайында айыл чарба товарларынын экспортун интенсивдүү жолго коюуга мүмкүнчүлүк жетиштүү. Т.Токтогазиев мындай мисал келтирет: “Бир көлдүк таксист жигиттин чарбасына былтыркы жылы октябрь айында бардык. Ал биринчи жылы эле коркпой-үркпөй туруп, кулпунайды 3 гектар жерге айдап салыптыр. Албетте, алгачкы иш дароо эле идеалдуу болуп кетпейт. Ошого карабай, кетирген чыгымын толук жаап, андан тышкары, 60 000 доллар таза киреше тапканын айтып берди. Көрүп турасыӊар, ал алгачкы түшүмүн экспортко тикелей кошуп берди. Кыргыз фермерлеринин мөмө экспортунун 20 пайызы Казакстанга, 70 пайызы Россияга кетип жатат”.
Сублимациялоо – дүйнөлүк тажрыйба
Кыргызстандын айыл чарба секторунун саясаты калк кеӊири колдонуучу товарлардын, социалдык азык-түлүктөрдүн коопсуздугун камсыздоодон өйдө көтөрүлбөй калган. Өлкө экономикасынын бир нече артыкчылыктуу багыттары: балык чарбасы, дары чөптөрдү өстүрүү, этти кайра иштетүүнү экспорттоону жолго коюу азыркы мезгил талабы болуп эсептелет. Ал эми мөмөлөрдүн түрлөрүн өстүрүп экспорттоо ошол багыттардын көч башында турат. Мындан ары көчөттү отургузуудан баштап, мөмөлөрдү сублимациялоого чейинки баардык процессти экспорттоонун учуру келди. Дүйнөдө сублимациялоо – айыл чарба продукцияларын суусуз таза кургатып, вакуумдук абалда чийки түрүндө же кайра иштетип сактоо трендге айланды. Мисалы, сублимациялоо технологиясын негиздеген Швейцариянын Nestle компаниясы жыл сайын 100 млрд. доллар көлөмүндө продукция чыгарып сатат.
“Кулпунайды вакуумдап кургатуучу Чүйдөгү “ОСКО” ишканасы жылына 1000 тонна кубаттуулукта иштөөгө өткөн. 2024-жылы биринчи жолу Европага анын кургатылган кулпунайын экспорттоо башталды. Германиянын Гамбург шаарындагы “Биола” компаниясына продукциябыз ийгиликтүү жетип, даамдуулугу, экологиялык сапаты европалыктарды таӊ калтырып да, тамшантып да жатат. Ал жерден Франция, Польша, Англия ж.б. өлкөлөргө кыргыз бренди менен таратыла баштады”, — дейт Токтогазиев.
Азыркы учурда дүйнөдө мөмө-жемиштерди өстүрүүдө Испания, Мексика жана Америка лидер бойдон келе жатышат. Кыргыз фермерлери глобалдык мөмө экспортунун биржасында 5-7 пайызды ээлесе, ири жетишкендик болору айтылууда. 2021-жылы 9-февралда Министрлер Кабинетине айыл чарба продукцияларын сублимациялоого өткөрүп экспорттоо сунушталган. Бул айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдөгү эӊ жаӊы технология. Сублимациялоо аркылуу продукция тоӊдурулуп, эки жылга жакын даамын, көлөмүн жоготпой сакталат.
Кыргызстанда мөмө-жемиштердин — кулпунай, малина, карагат, чычырканак, алча, голубика, бүлдүркөн сыяктуу түрлөрү ички-сырткы рынокко чыгарылып келет. Болгону, баштапкы экөөнөн башкасынын көлөмүн көтөрө албай жатабыз. Бирок, бүгүнкү күндө бир кызык тенденция жүрүп жатат. Ал эмне десеӊиз, голубиканын (көк кат) баасы тынымсыз көтөрүлүп жаткан чагы. Эки жыл мурда казакстандык бир фермер 50 гектарга голубика айдаганы боюнча кабар бар. Айтор, кошуна республикаларда голубикага кызыккандар четтен чыгып жатыптыр… Муну биз кыргыз фермерлери мөмөлөрдүн эл аралык биржасында өз ордун тапса экен деген ниетте айтып жатабыз.
Эки жыл мурда Алматыда 150 млн. долларга инвестиция тартылып, айыл чарба өсүмдүктөрүн сублимациялоочу “Fruit Art» заводу курулуп ишке берилген. Азыркы күндө бул завод кыргыз фермерлеринин кулпунайы, малинасы, карагаты болуп, 50000 тонна мөмө жемиштерине таӊсык экен. Чынында, бул заводго региондогу эӊ көп мөмөнүн көлөмүн камсыз кыла турган – Кыргызстан болуп жатат. Былтыр Берлинде өткөн мөмө-жемиштердин дүйнөлүк рыногундагы жарманкеге барган кыргызстандык ири фермерлер кооперативге биригүү зарыл экенин биринчи жолу катуу сезишти. Мисалы, “Fruit Art» заводуна фермерлердин ар кимиси өз алдынча барышса, кулпунайдын баасын түшүрүп алышы мүмкүн. Ал эми ирилешкен уюмдун сырьёсуна казактар келишим түзүп, такай өнөктөш болууга кызыкдар.
Дүйнө рыногунда голубика мөмөсү хит болуп турган чагы. Азырынча муну өстүргөндөр аз, ал эми Кыргызстандын базарларында анын 100 граммы 300 сомдон сатылып жатат. Анын ден соолукка эӊ пайдалуу витаминдерге бай болгондугу ага болгон Борбор Азияда, Европада суроо-талап кескин өсүп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Демек, голубика мөмөсү экспорттоого артыкчылыктуу касиетке ээ. Мунун көчөттөрүн социалдык тармактардан сунуштагандар да чыга калып жатат. Анын үстүнө, Кыргызстандын климатына ыӊгайлуу болуп, 40 градус суукка да чыдамдуу экен. Карап көрсөк, чынында эле 1 килограммы 3000 сомго жеткен кайсы өсүмдүк бар? Голубиканын эл аралык биржадагы баасы азыркысындай сакталса, анда биз сөз кылган алматылык казак фермер акчага көмүлүптүр да.
Мөмө багытындагы фермерлердин дымактуу демилгесин колдоо иретинде болсо керек, Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Минкаб мөмөлөрдүн жогорку продуктивдүү сортторун көбөйтүп, муздаткыч жабдууларды орнотууну жолго коё турган болууда. “Азыркы учурда мөмө-жемиштерди кайра иштетүү 5 пайызды, ал эми сактоо 10 пайыздан азыраагын эле түзүп турат. Биз 2030-жылга чейин кайра иштетүү менен сактоо мүмкүнчүлүгүн 34 пайызга жеткиребиз”, — деп билдирди ал.
Жерди арыктатпоонун аргасы
Сокулук районундагы Октябрь айылынын фермери Эрланбек мырза мындай дейт: «Глобалдык алакта мөмө экспортунун атаандаштыгына туруштук бере албай калабыз деп коркуунун эч кереги жок. Элде мал көбөйүп, малдын кыгын ташып түгөтө албай жаткан фермерлер толтура. Кыктан компост ачытып алууга болот. Мындан тышкары, Кыргызстанда биогумус — калифорниялык сөөлжан багып саткандар андан арбыды. Эч болбоду дегенде, айыл өкмөттөрү менен келишим түзүп, аларга караган тоо-тектирлерден табигый түрдө байыган кара топурактарды ташып төгүп, жер кыртышын байытуучу жолдор бар. Ушинтип, сырткы рынокто органикалык мөмөлөрдү өстүрүүнү да брендге айлантууга болот.
Кулпунай бизнеси менен 2014-жылдан бери алектенген кеминдик Э.Мырзаев кыздарын Европа, Россиядан окутуп, чет мамлекеттерден квартираларды алып байыганын айткан. «Он бир жылдан бери көчөттөрдү улам бир жөөк-жөөккө которуп тигип, кулпунайды эгип келатабыз. Андан бери 3,8 гектар жерим абдан арыктап кетти. Быйыл биринчи жолу жерди «отпускага» чыгарып, укроб, салат жалбырагы сыяктуу топурактын майын сорбогон чөп-чар эксем дейм. Ал эми август-сентябрь айларында Россиянын токойлорунан торф тартып келип, жерди байытам. Чындаса, убара болбой, жер кыртышын биогумус менен калыбына келтирсем деле болмок. Бирок, жер мени багып жатат, мен да жерден эч нерсени аябашым керек», — дейт.
Мен биринчи жылы 2,2 гектар жерге «Альбион» сортундагы кулпунай эгип, 700 000 сом сарптадым, — дейт, Асылбек Жунушалиев. — Ушул каражатка жер аянтын тостум, көчөттөрдү, тамчылатып сугаруучу жабдууну, пленкаларды, түтүктөрдү сатып алып бассейин курдум. Түшүмдөн алган таза кирешем 1,8 млн. сом болду. Анын үстүнө жумушчуларды жалдабай үй-бүлөбүз менен иштедик. Жакшы жагы, келээрки жылы көчөттөн башкага мынча чыгым тартпайм. Эрежеси менен баксаӊ, кулпунайдан реалдуу түрдө таза кирешеге чыгасыӊ. Мындан тышкары, көчөттөрдү өндүрүп, дыйкандарга сатып, кирешенин экинчи булагын кошо ала жүрүүгө болот. Кыргызстандын кулпунайынын даамы укмуш таттуу. Россияда «Альбион» кулпунайы 500-600 рублдан сатылып жатат. Ал эми орустар бир аз сорттоп алып, андан ары 1000 рублдан сатып жүрүшөт. Ушул сорттогу кулпунайды муздаткычта 15 күн сактоого болот. Экспортко чыгарууга кулпунайдын: клери, альба, федерико, альбион, мурано – аттуу беш түрү ылайыктуу жана булар транспортировкаланууга ыӊгайлуу келишет».
Жер аянты Кыргызстандан 5 эсе кичине болгон Голландия өлкөсү жылына 100 млрд. доллар көлөмүндө айыл чарба продукциясын экспорттойт экен. Өлкөбүз суу ресурсуна абдан бай, географиялык табигый шарты, күндүн узактыгы айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө ыӊгайлуу болуп туруп, эмне үчүн экспортту көтөрө албай жатабыз? Балким, мөмө өндүрүүчүлөр экономикадагы өтө айырмалуу ушул дисбалансты теӊдөөгө чыйыр салышаар…
Автор Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА
Сүрөттөр WWW